Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде спорттук мелдештерде жеңишке жетишкен студенттер сыйланды

00

2022-жылдын 14-апрель күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева баштаган мугалимдер жамааты, факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов жана ага окутуучу Альбина Джамбаева факультеттин Жогорку окуу жайлар аралык универсиадага, факультеттер аралык спартакиадага жана башка мелдештерге активдүү катышып, ийгиликтерге жетишкен спортсмен студенттерин куттуктап, белектерин тапшырышты. Иш чаранын жүрүшүндө спорттогу ийгиликтер жөнүндө слайд да көрсөтүлдү.

 

Балыкчы шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү Улуттук университет менен таанышып кетишти

002022-жылдын 14-апрелинде Улуттук университетке Балыкчы шаарындагы мектептердин 115 бүтүрүүчүсү келип, окуу жай менен жакындан таанышып кетишти. Болочок абитуриенттерге Улуттук университеттин тарыхы,  факультеттери, жетишкендиктери жана студенттердин жашоосу тууралуу  окуу иштери боюнча  проректор Бекжан Темиров, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усөнөв айтып беришти. Бүтүрүүчүлөр Улуттук университет тууралуу көп уккандыктарын, кызыгышкандыгын жана КУУнун студенти болгусу келгенин билдиришти.

 

Матфактын студенттери Улуттук тарых музейине жана М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейине барып келишти

002022-жылдын 14-апрель күнү математика жана информатика факультетинин ПМиИб-1-21 тайпасынын студенттери факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу Мээрим Думанаева менен бирдикте Улуттук тарых музейине жана М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейине барып, ал жердеги тарыхый экспонаттар менен таанышып, археологиялык жана антиквариат буюмдардан пайдалуу, кызыктуу чоң сабак алып келишти. Музейлерге баруунун максаты - 1926-жылдан эгемендүүлүк алганга чейин борбор щаарыбыз ысымын алып жүргөн советтик кол башчы М.В.Фрунзе тууралуу маалымат алуу, мемориалдык үй-музейи менен жакындан таанышуу болду. 

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери депутат Марлен Маматалиев менен жолугушту

00

2022-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 2-курс студенттери ага окутуучу Жолдубай кызы Назгуль менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барып, депутат Марлен Маматалиев менен жолугушту. Депутат студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берүү менен бирге өлкөбүздөгү жаштардын орду өзгөчө экендигин, билим алуудан эч качан жалыкпоо керек экендигин баса белгилеп, бир катар окуучу, студенттерди чет өлкөгө окууга жөнөтүп жаткандыгын айтты. Жолугушуудан кийин студенттер Жогорку кеңештин кезектеги отурумуна күбө болушту.

 

Физика жана электроника факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты

002022-жылдын 13-апрель күнү физика жана электроника факультетинин 1-курс студенттери Улуттук университеттин аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2022-жылдын 5-апрелинде административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев кол койгон №01-11/24 буйрукту аткаруу масатында  ишембиликке чыгып, №6-окуу имаратынын айланасындагы факультетке бөлүнгөн аймакта тазалоо иштерин жүргүзүп, таштандыларды чыгарып, бак-дарактарды курт-кумурскалардан коргоо максатында түптөрүн акташып, айлананы көрктөндүрүштү.

 

Физика жана электроника факультетинде "Физиктер күнү" белгиленди

02022-жылдын 12-апрелинде физика жана электроника факультетинде "Физиктер күнү" белгиленди. Салтанатуу азем гимн менен башталып, декан Самат Токтогонов жана кафедра башчылары жалпы  физиктерди майрамы менен куттукташты. Профессор Эсенбек Мамбетакунов физика илими жөнүндө кыскача баяндама жасады. Андан кийин, эң жакшы окуган 20дан ашуун студентке профессор Т.Карашев жана профессор М.Койчуманов атындагы стипендиялар аталган инсандардын уул-кыздары тарабынан тапшырылды. Факультет деканы Самат Токтогонов менен кафедра башчысы Гульмира Бейшекеева да өздөрүнүн атынан алдыңкы студенттерге стипендияларды беришти.

 

Матфактын студенттери "Төлгө" спектаклин көрүп келишти

00

2022-жылдын 8-апрелинде математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери кыргыз тилчи Гүлзина Элтузерова менен спектаклге барып келишти. Үч жылдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры көрүүчүлөргө эшигин ачып, эки айлык репертуарын жарыялады. Жаңы сезон Ж.Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектаклинин негизинде заманбап технологиялар менен кошумчаланып, жаңыртылган "Төлгө" спектакли менен ачылды. Студенттер 5-ирет коюлуп жаткан спектаклди көрүшүп, чыгармачыл инсандардын жогорку чеберчиликтерине суктанышып, көңүлдүү эс алып келишти.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты

00

Улуттук университеттин аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2022-жылдын 5-апрелинде административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев кол койгон №01-11/24 буйрукту аткаруу масатында 8-апрель күнү кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты. Коомдук пайдалуу иш чара учурунда алар факультетке бөлүнгөн аймакта тазалоо иштерин жүргүзүшүп, таштандыларды чыгарышты.

 

Матфактын студенттери Апрель окуясынын баатырларын эскеришти

00

2022-жылдын 7-апрель күнү математика жана информатика факультетинин студенттери "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, cталиндик репрессияда, Апрель окуясында каза болгон баатырлардын жана Чыӊгыз Айтматовдун арбагына куран окутуп келишти. Мындан 12 жыл мурда болгон окуяда Улуттук университеттин МжИ факультетинин ага окутуучусу М.Жумаев менен СжГИ факультетинин ага окутуучусу Ж.Кудайбергенов курман болгон. Аталган комплекстин экскурсоводу 1937-жылы Сталиндик репрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясы тууралуу айтып берди. КУУ менен ОшМУнун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде математика жана информатика факультетинде академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу программасы боюнча Оштон келип окуп жаткан студенттер бүгүнкү саякат аябай пайдалуу болгонун жана мындан аркы боло турган экскурсияларга да активдүү катышаарын билдиришти.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышты ♫

00

2022-жылдын 6-апрелинде 8-окуу имаратынын 12-дарсканасында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Кадыр уулу Алмаз 1-2-3-курс студенттери үчүн Апрель революциясы боюнча ачык сабак өттү. Иш чаранын жүрүшүндө көрүүчүнү ойго салган "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси тууралуу кыскача документалдуу фильм көрсөтүлдү. Андан соң, студенттер декандын орун басарлары Искакова Эльвира жана Кадыр уулу Алмаз, доцент Сыдыкбаев Чолпонбек, ага окутуучу Жолдубай кызы Назгуль, менеджер Искендерова Айтурган менен биргеликте аталган комплекске барып, сталиндик репрессиянын курмандыгы жана Апрель революциясы учурунда каза болгон адамдарга багыштап куран окуп, музейге кирип, экскурсия кылып келишти.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин “Аруузат” командасынын мүчөлөрүнө ыраазычылык каттар тапшырылды

00

2022-жылдын 6-апрель күнү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан 2-март күнү Аялдардын эл аралык майрамына карата өткөрүлгөн университеттер аралык “Кана эмесе, кыздар!” интелектуалдык оюнунда экинчи орунду багындырып келген тарых жана чөлкөм таануу факультетинин “Аруузат” командасынын мүчөлөрү Аккошоева Айгеримге (РКб-1-18), Айбек кызы Айтурганга (РКб-1-18), Рыскул кызы Айгеримге (Иб-1-18), Сырдыбаева Сезимге (РКб-2-20) жана Султанова Сайкалга (РКб-2-20) окуу жайдын жетекчилигинин ыраазычылык катын тапшырды.

 

КУУнун студенттери “Жашыл ай" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган конкурста сыйлыкка ээ болушту

00

“Жашыл ай” коомдук бирикмеси тарабынан 25-март күнү Каржы министрлигинин китепканасында студенттер арасында өткөрүлгөн «Зыяндуу адаттардын кесепеттери» деген аталыштагы плакат-карикатура конкурсунун жыйынтыгы 2022-жылдын 5-апрелинде чыгарылып, сынакка катышкан химия жана химиялык технология факультетинин студенти Муратбеков Кабыл менен социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин студенти Вахитова Альбинага аталган сынактын сертификаты жана кызыктыруучу сыйлыгы тапшырылды.

 

Улуттук университетте Апрель баатырларын эскерүүгө арналган иш чаралар өткөрүлдү

0

2022-жылдын 5-апрель күнү Улуттук университетте 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда окко учкан окуу жайдын окутуучулары Жолдошбек Кудайбергенов менен Мырзабек Жумаевди эскерүүгө арналган иш чаралар өткөрүлдү. Алардын биринчиси №5-окуу имаратында болуп, азаттык үчүн элдик күрөштө окко учкан социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин окутуучусу, философ Жолдош Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган "Эскерүү тактасына" гүлчамбар коюлду. Эскерүү жыйынында Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору Жаныбек Жакыпбеков жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев чыгып сүйлөштү.

 

Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы улуттук оюндарды жандандыруу максатында иш чара өткөрдү

00

2022-жылдын 4-апрелинде Эркиндик бульварында факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана унутта калган улуттук оюндарды жандандыруу максатында "Пирамида" медиа-холдингинин колдоосу менен Улуттук университеттин Х-1-21, ПИ-1-21, ЭК-1-21 жана ЕВ-1-21 тайпаларынын студенттери үчүн атайын иш-чара өткөрдү. Студенттер аталган кафедранын улук окутуучулары Чолпон Тюменбаева, Рита Абылкасымова жана Динара Курманкожоева менен биргеликте "Ак чөлмөк", "Жоолук таштамай", "Ак терек - көк терек", "Кызыл туу - көк туу" оюндарын ойношту.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студент кыздарын ийгилиги менен куттуктайбыз!

00

2022-жылдын 1-2-апрелинде ЖОЖдор аралык универсиаданын күрөш боюнча жогорку лигасында кыргыз филологиясы факультетинин 2-курс студенти Сансызбаева Айжаркын 55 кг салмакта 2-орунду, 2-курс студенти Эргешбаева Жибек 57 кг салмакта 3-орунду жана 1-курс студенти Курманова Райкан 59 кг салмакта 2-орунду ээлешти. Урматтуу кыргыз филологиясы факультетинин студенттери, силерди республикалык мелдеште байгелүү орундарды алышыңар менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, окууларыңарга ийгилик каалайбыз! Мындан ары да ушундай ийгиликтерди багындыра бергиле!

 

Матфактын студенти ЖОЖдор аралык универсиадада самбо боюнча вице-чемпион болду

00

2022-жылдын 30-31-март күндөрү жогорку окуу жайлар аралык универсиаданын алкагында самбо боюнча мелдеш өтүп, мелдешке математика жана информатика факультетинин 1-курс студенти Нусубалиев Аман 58кг салмакта катышты. Жыйынтыгында, ал 2-орунду ээлеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментинин 2-даражадагы диплому жана күмүш медаль менен сыйланды. Факультеттин жетекчилиги өз студентин бул ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

МжИТ факультетинде “Декандын кубогу” үчүн студенттер арасында кичи-футбол боюнча турнир өткөрүлдү

0

2022-жылдын 1-апрель күнү №6-окуу имаратындагы футбол талаасында маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин “Деканынын кубогу” үчүн 1-4 курс студенттери арасында кичи-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Оюнга 10 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду ИТ-20 тайпасы, 2-орунду ПИ-19 тайпасы, 3-орунду БИ-20 тайпасы ээледи. Жеңүүчүлөргө тиешелүү түрдө 2000, 1500 жана 1000 сом, ал эми турнирдин «Мыкты чабуулчусу» деп табылган Бактыбек уулу Бакболотко (ПИ-19 тайпасы), "Мыкты коргоочусу" Кубанычбек уулу Улукбекке (БИ-20), "Мыкты дарбазачысы" Капаров Нурсултанга (ИТ-20) 500 сом өлчөмүндө акчалай сылыктар тапшырылды.

 

Кыргыз филологиясы факультетининин студенттери котормо маселелери боюнча семинарга катышып келишти

00

2022-жылдын 31-март күнү кыргыз филологиясы факультетининин ККТ-1-19, ККТ-1-17, ФТК-1-19 группаларынын студенттери түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучусу А.Идаева менен биргеликте Кыргыз-Түрк Манас университетинин синхрондук котормо бөлүмүнун бөлүм башчысы, профессор Екрем Арыкоглу, ага окутуучу Рахат Аскарова тарабынан уюштурулган синхрондук котормо процессинде кездешкен маселелер боюнча семинарга катышып келишти. Кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде оозеки жана жазуу түрүндө которуу боюнча тажрыйба алмашуу жана бул кесипте кездешүүчү маселелерди чечүүнүн жолдорун үйрөнүү болочок котормочулар үчүн абдан пайдалуу болду.

 

КУУнун студенттери депозит, аны сактоо жана өлкөдөгү банк системасы тууралуу маалымат алышты

00

2022-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Улуттук банктын өкүлдөрү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк акча күнүнө карата Кыргыз улуттук университетинин студенттери үчүн "Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоо системасы" темасында лекция өтүштү. Профсоюз комитети жана жаштар комитети тарабынан уюштурулган сабактын жүрүшүндө студенттер депозиттер, аны сактоо жана өлкөдөгү банк системасы тууралуу абдан керектүү маалыматтарды алышты. Кызыктуу суроо берген студенттерге сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

 

Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин студенттерии «Саманчынын жолу» спектаклин көрүп келишти

0

2022-жылдын 31-март күнү маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин ИСТ-21 жана ИБ-21 топторунун студенттери кыргыз тили жана адабияты сабагынын ага окутуучусу Данияр Кулбачаев менен биргеликте Токтоболот Абдымомунов атындагы  Кыргыз улуттук академиялык драма театрына барып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде коюлуп жаткан спектаклди көрүп келишти. Бул иш чаранын максаты - факультет жаштарын "Бала болуп башына түк чыкканы театрдын астанасын аттай элек"  дедирбей, кыргыздын улуттук рухий дөөлөттөрүн денесине сиңирип, жан дүйнөсүн байыткан жаштардын катарына кошуу болду.

 

Кесиптик колледждин кыргыз-кытай бөлүмүнүн студенттери кайрымдуулук иш чара өткөрүштү

002022-жылдын 31-мартында кесиптик колледждин кыргыз-кытай бөлүмүнүн ПД-4-19, ПД-2-20, ПДоК-3-20 жана ПДоК-5-21 группаларынын студенттери кураторлору менен биргеликте кайрымдуулук иш чара өткөрүштү. Алар Кой-Таш айылында жайгашкан «Светлый путь» балдар үйүнө барып, тарбиялануучуларга кийим-кече, оюнчук, тамак-аш жеткиришти жана балдар менен биргеликте оюн куруп, көӊүл ачышты. Балдар үйүнүн жетекчиси Эрик Бердыбаев КУУнун студенттерине тарбиялануучулар жасаган жыгач оюнчук, брелокторду көрсөтүп, алардын жашоо шарттары менен тааныштырды.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова көрүнүктүү тилчи Карбоз Дыйкановдун 100 жылдыгына арналган тегерек столдо доклад жасады

00

2022-жылдын 30-мартында кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында окумуштуу, профессор Карбоз Дыйкановдун 100 жылдыгына арналган тегерек столго катышып, “Профессор К.Дыйкановдун илимий ишмердүүлүгү” деген темада доклад жасады. Жыйында көрүнүктүү тилчи Карбоз Дыйкановдун өмүрү, чыгармачылыгы жана кыргыз тил илимине кошкон салымы туурасында кеңири баарлашуу болду. Тегерек столду аталган китепкананын директору Нуржан Иманкулова ачып, филология илимдеринин доктору, профессор С.Ибрагимов алып барды. 

 

7-апрель КУУнун кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп жарыяланды

00

2022-жылдын 29-март күнү кол коюлган №95-буйрукка ылайык 7-апрель - Апрель элдик революциясынын күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп жарыяланды. Аталган буйрук Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин негизинде чыгарылып, административдик-чарба иштери боюнча проректорго майрам күнүндө университеттин өрт коопсуздугун, мүлкүн жана материалдык баалуулуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн атайын кызматтардын нөөмөт жүгүртмөсүн бекитүү тапшырьлды.

 

Улуттук университетте "Инсандык өнүгүү" студенттик клубунун филиалы ачылды

002022-жылдын 29-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында "Инсандык өнүгүү" студенттик клубунун Улуттук университеттеги филиалынын ачылыш аземи болду. Иш чаранын жүрүшүндө педагогика факультетинин 3-курс студенти Доорон Кубатбеков аталган филиалдын төрагасы болуп шайланып, о.э. анын орун басары жана жардамчысы бекитилди. Андан кийин, адамдардын жан-дүйнөсүн толтуруу максатын көздөгөн семинар өткөрүлүп, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков менен "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков катышты.

 

Страница 30 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 144 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары