Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Матфактын студенттеринен түзүлгөн каттоочулар командасы Эл каттоо иш чарасына активдүү катышууда

00

Математика жана информатика факультетинин студенттеринен түзүлгөн каттоочулар командасы Улуттук статистика комитети тарабынан өткөрүлүп жаткан элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасына активдүү катышууда. Активист студенттер сурамжылоо эч кандай документтерди көрсөтпөстөн, электрондук вариантта өтүп жаткан ары татаал жана ары кызыктуу ишке катышуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө аз болсо да өз салымдарын кошуп жаткандарына ыраазы экендигин билдиришти. Урматтуу мамлекетибиздин тургундары! Келиңиздер, баарыбыз биргеликте граждандык активдүүлүгүбүздү көрсөтүп, эл каттоочуларга керектүү маалыматтарды өз убагында берип, өлкөбүздүн мындан ары чыңалышына өз салымдарыбызды кошолу.

 

МжМБ факультетинин 3-курс студенти Тендиков Бекзат эркин күрөш боюнча жаштар чемпионатында 1-орунду ээледи

00

2022- жылдын 26-март күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 3-курс студенти Тендиков Бекзат Талас шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөн Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча жаштар арасында чемпионатына 92 кг салмакта катышып, 1-орунду ээледи. Эми ал Бахрейнде өтүүчү жаштар арасындагы Азия чемпионатына барат. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин жамааты Бекзатты бул ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, Бахрейнде болчу мелдеште чоӊ спорттук ийгиликтерди каалайт.

 

Матфакта кургак учук менен күрөшүү темасында иш-чара өттү

00

2022-жылдан 29-март күнү математика жана информатика факультетинде "Кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө" карата "Кургак учук айыгат!" аттуу иш чара болуп, анын биринчи бөлүмүндө "Кургак учукту бирге жеңебиз" деген видео-ролик көрсөтүлсө, экинчи бөлүмүндө КУУнун студенттик бейтапканасынын врач-терапевти Надежда Грязнова "Кургак учуктун дартын аныктоо жана дарылоо" деген темада студенттерге лекция окуду. Ал аталган ооруга кабылган адамды коомдон четтетип, чектөө койбостон, дарылоого болоорун баса белгилди. Иш чаранын жүрүшүндө, мындай ооруга чалдыкпас үчүн туура тамактануу, спорт менен машыгуу, санитардык гигиенаны сактоо жана оорукчал адамдарды коомдон четтетүү, аларды бөлүп жаруу психикалык атакага алып келиши тууралуу кызуу талкуу жүрдү.

 

КУУда жазуучу, публицист жана журналист Абдиламит Матисаковдун "Баткан күндү аяймын...” аттуу китебинин бет ачары болду

002022-жылдын 29-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында жазуучу, публицист жана журналист, «Даңк» медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КУУнун ардактуу профессору Матисаков Абдиламит Мурзаевичтин 65 жылдык юбилейине карата анын "Баткан күндү аяймын...” аттуу китебинин жана публицист Мундузбек Тентимишевдин  Матисаков тууралуу “Жүрөгүндө күн жашайт” аттуу китебинин бет ачар аземи болду. Жыйында Абдиламит Матисаковдун өмүр таржымалы, чыгармалары, публицистикалык макалалары жана бет ачары болуп жаткан чыгармалар жыйнагынын өзгөчөлүктөрү, автордун чыгармаларындагы образдар тууралуу сөз болду.

 

СГИФ студенти Абдуразак уулу Омурбек эл аралык илимий-практикалык конференцияда 1-даражадагы дипломго татыктуу болду

0

2022-жылдын 25-март күнү Кыргызстандын эл аралык университетинде «Билим берүү системасындагы санариптештирүү студенттердин көз карашы менен» деген эл аралык илимий-практикалык конференция болуп, иш чарага социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин социалдык иштер багытынын студенттери Абдуразак уулу Омурбек, Жунусов Сыймык (жетекчиси - доцент Сайкал Жунушова), Орозалиева Мээрим, Мамбетова Жанара (жетекчиси - доцент Айнура Усубалиева) катышты. Эксперттик комиссия тарабынан Абдуразак уулу Омурбектин «Кыргызстандагы социалдык тармакты санариптештирүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги» деген доклады 32 катышуучунун ичинен мыкты деп табылып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

 

Болочок түркологдор онлайн конференцияга катышты

002022-жылдын 26-мартында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Ф.Н.Курамаева студенттер М.Успекова, Өмурзак кызы Кенжегүл жана А.Жураева менен “Илимдеги жаңы ыкмалар жана изилдөөлөр" аттуу эл аралык онлайн конференцияга тил жана адабият маселелери боюнча катышып, кызыктуу докладдарды жасашты. Студенттер “Ч.Айтматов жана балдар дүйнөсү”, "Махмуд Кашкаринин ДЛТ сөздүгундөгү тууганчылык терминдер” жана “Түрк тилинин диалектилери жана диалектолгиялык сөздүктөр” темасындагы изилдөөлөрүн баяндап, кыргыз тили, Ч.Айтматов жана Махмуд Кашкаринин сөздүгүндө кездешкен, азыркы кыргыз тилинде да колдонулуп келе жаткан туугандыкты билдирген сөздөр боюнча суроолорго жооп беришти.

 

География, экология жана туризм факультетинин ага окутуучусу Кенжебек уулу Асанбек “Мыкты лекция" сынагына катышты

00

2022-жылдын 24-мартында география, экология жана туризм факультетинин ага окутуучусу Кенжебек уулу Асанбек Кыргыз улуттук университетинин окутуучу-профессорлорунун арасында өткөрүлүп жаткан мамлекттик тилде окулган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагынын алкагында “Тоо туризминин техникасы жана тактикасы" темасында лекция окуду. Бул сабакка мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Мырзагулова Динара жана атайын сынакка түзүлгөн комиссия мүчөлөрү катышты.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москва шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык тегерек столго катышты

00

2022-жылдын 24-мартында кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Евразия элдеринин ассамблеясы, В.М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка элдеринин институту, Россия гуманитардык мамлекеттик университетинин "Дорджиев этногеосат" илимий-студенттик бирикмеси тарабынан өткөрүлгөн "Роль коренных малочисленных народов Евразии в общественной дипломатии" аттуу эл аралык илимий-практикалык тегерек столго катышып, "Этнос аралык коммуникация жана этностор аралык мамилени жакшыртууда тилдин ролу" деген темада билдирүү жасады. 

 

Журналистика факультетинин студенттери USAID тарабынан уюштурулган пресс-кафеге барып келишти

00

2022-жылдын 24-март күнү теле-радиожурналистика кафедрасынын башчысы Зарыл Алымбаева баштаган журналистика факультетинин 2-курс студенттери Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Американын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID) тарабынан Бишкектеги "Европа" мейманканасында уюштурулган пресс-кафеге барып келишти. Иш чарада журналисттер жана эксперттер ортосунда аталган оорунун алдын алуу, дарылоо жана профилактикалоо тууралуу маалымат алмашуу болду. Пресс-кафеде студенттер теориялык алган билимин бекемдеп, журналисттер менен биргеликте  эксперттерге кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты Б.А.Жайлообаевди куттуктайт

00Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн доценти Бактыбек Алманбетович Жайлообаевди 2022-жылдын 18-мартында  кыргыз филологиясы факультетинин деканы кызмат ордуна экинчи ирет шайланышы менен чын дилибизден куттуктайбыз! Бактыбек Алманбетовичке чың ден соолук, үй-бүлөсүнө бакубат жашоо, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Факультетти ар тараптан өнүктүрүп, көптөгөн жетишкендиктерди жаратат деген ишеничтебиз. Дагы бир жолу кызмат ордуңуз кут болсун, факультетибизде ынтымак, биримдик болуп, алдыга карай өнүгө берсин!

 

Журналистика факультетинин студенттери эл аралык видеороликтер сынагында жеңүүчү аталышты

00

2022-жылдын 23-мартында башкы имараттагы кичи жыйындар залында журналистика фаультетинин деканы Ширин Костюк Санкт-Петербург мамлекеттик кино жана телевидение институту менен ханзаада П.Г.Ольденбургский атындагы Санкт-Петербург адам укуктары институту тарабынан уюштурулган "Адам укуктары биздин көзүбүз менен" аттуу видеороликтердин эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүнө атайын дипломдор жана белектерди тапшырды. Белгилей кетсек, жогорку окуу жайлар арасындагы сынакта журналистика факультетинин теле-радиожурналистика кафедрасынын окутуучусу Н.Сыдыгалиевдин жетекчилиги астында ТВ-1-20 тайпасынын студенти Н.Турдубекова даярдаган видеоролик 2-орунду ээлесе, ага окутуучу Н.Тилекееванын жетекчилиги астында даярдалган ТВ-2-20 тайпасынын студенттеринин видеоролиги 3-орунга татыган.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2022-жылдын 23-март күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "2021-жылдагы каржы-чарба иштеринин жыйынтыгы", “Ардактуу профессор” наамын ыйгаруу", олдонмо информатика багытын программалык окууга өткөрүү" жөнүндө" жана башка маселелер каралды. Онлайн жана оффлайн режимде өткөн жыйындын башында ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин ага окутуучусу Шаршенбек кызы Айпери “Мыкты практикалык сабак” сынагына катышты

002022-жылдын 22-мартында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу Шаршенбек кызы Айпери мамлекеттик тилде даярдалган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагынын алкагында “Чөлкөм таануу” багытындагы 2-курс студенттерине “Изилденип жаткан чөлкөмдүн маданиятынын, адабиятынын, дининин тарыхы” боюнча “Япониянын орто кылымдагы маданияты” аталышында ачык практикалык сабак өттү. Иш чарага мамлекеттик тил жана тарбмя иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова, факультет деканы Турат Сырдыбаев, академиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн адиси Фарида Төлөбаева жана чөлкөм таануу кафедрасынын башчысы Омурова Жамикат катышты.

 

КУУнун кыздары менен КМУнун жигиттери "Сармерден" оюнун өткөрүштү

00

"Кылымга аты дал келген, Кызыктуу оюн Сармерден. Жашоого аты дал келген, Жаштардын оюну Сармерден" демекчи, 2022-жылдын 17-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун концерттик залында аталган окуу жайдын тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин жигиттери жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин кымчабел сулуу кыздарынын катышуусу менен көөнөргүс салттардын бири болгон “Сармерден” оюну өткөрүлдү. Салттуу оюн саламдашуу менен башталып, кыз-жигиттерди сахнага чакырып алуу менен бирге, КМУнун тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин деканы Курбанова Н.У. сөз сүйлөдү. Ал "Сармерден" оюну жөн эле көңүл ачуучу оюн эмес, абалкы салтты азыркы күндө улап келе жаткан бирден бир салттуу оюн экенин билдирди.

 

КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи

00

2022-жылдын 21-мартында 9-жатакананын алдындагы аянтчада КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи. Бир жумадан  бери бүркөлүп турган күн дагы майрамдык салтанат алдында жарк этип ачылып, чогулган элге майрамдык маанай тартуулады. Умай эне аянтта чогулган жамаатты арча түтөтүп,_аластагандан кийин, ректор Канат Садыков менен профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков Улуттук университеттин окутуучу, кызматкер жана студенттерин Нооруз майрамы менен кызуу куттукташтыАндан кийин аянтка КУУнун таланттуу окутуучулары менен студенттери, о.э. кызматкерлердин балдары чыгып, ыр-бийлерди аткарышты.

 

Матфактын жетекчилиги Улуттук университеттин жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктайт!

00Урматтуу Улуттук университеттин кызматкерлери жана студенттери! Cиздерди математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты тазалыктын, аруулуктун, жаңылануунун майрамы болгон, жаз алып келген Нооруз - "Жаңы күн“ майрамы менен кызуу куттуктайт. Ушул токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун. Бул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин. Дайыма жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын! 

 

Нооруз майрамында кандай эс алабыз?

00

2022-жылдын 18-март күнү ректор Канат Садыков кол койгон №81-буйрукка ылайык 21-март - Нооруз күнү - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп жарыяланды. Аталган буйрук Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин негизинде чыгарылды. Административдик-чарба иштери боюнча проректорго жана түзүм жетекчилерине майрам күнү университетте өрт коопсуздугун, окуу жайдын мүлкүн жана материалдык баалуулуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн атайын кызматтардын нөөмөт жүгүртмөсүн бекитүү тапшырылды.

 

Улуттук университетте 18 факультеттин декандары шайланды

 02022-жылдын 18-мартында саат 9:00дө Улуттук университеттин 18 факультетинин декандарын шайлоо башталды. Түшкө чейин шайлоолор 9 факультетте өтүп, жыйынтыктар төмөндөгүдөй болду: Кыргыз-Европа факультетинде талапкер Нурбек Мукамбаев шайлоого катышуудан баш тартып, тизмеде Анара Камалова гана калды. Жыйынга 48 шайлоочунун 36сы катышып, алардын баары Анара Камаловага добуш беришти. Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетиндеги жыйынга 51 шайлоочунун 47си катышып, алардын 29у Бактыгүл Баратовага, 15и Таалайбек Каракеевге, бирөөсү Жылдызбек Какишовго добуш берди. Эки бюллетень жараксыз деп табылды.

 

Улуттук статистика комитетинин бөлүм башчысы 2022-жылдагы Эл каттоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди

00

2022-жылдын 17-мартында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук статистика комитетинин окуу процесстерин уюштуруу жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Раимжанов менен башкы адиси Чынара Рысбекова КУУнун кызматкерлерине 25-марттан 3-апрелге чейин өткөрүлүүчү Эл каттоо боюнча маалымат беришти. Бөлүм башчы бул күндөрү эл менен кошо турак жай фондун каттоо да жүргүзүлөөрүн, сурамжылоо эч кандай документтерди көрсөтпөстөн өткөрүлөөрүн белгилеп, каттоо баракчасындагы суроолор менен тааныштырды жана 2022-жылдагы Эл каттоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

 

КУУнун сыйлык берүү комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

02022-жылдын 17-март күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлеринин окуу, илимий жана эмгектеги ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу жана баалоо масатында түзүлгөн КУУнун сыйлык берүү комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын  төрагасы, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахандын төрагалыгы астында өткөн жыйында комиссия мүчөлөрү окуу жайдын түзүмдөрүнөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына келип түшкөн сунуштарды тыкыр карап чыгып, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

 

Тилдерди үйрөнүү борборунда Нооруз майрамына карата "Ыр десте" өткөрүлдү

002022-жылдын 16-мартында КУУнун тилдерди үйрөнүү борборунда Нооруз майрамына карата мугалимдер жана чет элдик угуучулар тарабынан уюштурулган "Ыр десте" өткөрүлдү. Иш чара аталган борбордун башчысы Симонович Тамара Ивановнанын куттуктоосу менен башталып, Умай эненин арча түтөтүп, аластоосу менен коштолду. Угуучулар "Нооруз" майрамына карата кыргызча ырларды, бийлерди аткарып, макал-лакаптарды айтып, аркан тартыш, кол күрөш, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндарды ойношту. Алар о.э. улуттук тамак аштарды (сүмөлөк, боорсок, жарма, курут, талкан, каттама) даярдап келишти. Сынактын жеңүүчулөрунө белектер тапшырылды. 

 

КУУнун ректору Йемен Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисин кабыл алды

002022-жылдын 16-мартында КУУнун ректору Канат Садыков Йемен Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мухаммед Мотахар Алашаби мырзаны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Йемен элчилиги менен Кыргыз улуттук университетинин ортосунда билим берүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланды. Канат Садыков кечээ эле Президент Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырган Түштүк-Батыш Азия өлкөсүнүн жогорку деңгээлдеги дипломатиялык өкүлүн Кыргызстандагы элчилик кызматын баштоосу менен кызуу куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында “Smart Edu технологиясы” боюнча семинар өткөрүлдү

00

2022-жылдын 15-март күнү cоциалдык–гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында педагогикалык дисциплиналарды окутуу процессинде жаңы технологияларды колдонуу боюнча методикалык семинар өткөрүлүп, кафедранын доценти Майрам Сатыбекова “Smart Edu технологиясы” жөнүндө  баяндама жасады. Анын айтымында, Smart-технологиялар биздин жашообузга, ишмердүүлүгүбүзгө өтө тездик менен кирип, Smart-коомду жаратат. Ал маалымат ресурстары, коммуникация каражаттары ачык жеткиликтүү өнүккөндө гана ишке ашырылат. Майрам Сатыбекова о.э. Smart–коом интернет технология менен тыгыз байланышта өнүгөөрүн, “Smart” – акылдуу, интеллектуалдуу, ал эми “Smart Edu” – бул акылдуу билим берүү дегенди түшүндүрөөрүн айтты.

 

Окуу имараттарынын айланасына арча, карагай, ак кайыңдын көчөттөрү отургузулду

002022-жылдын 14-мартында административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев баштаган окуу жайдын чарба башкармалыгынын кызматкерлери окуу имараттарынын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында башкы имарат менен 7-окуу имаратынын аймагындагы жер тилкелерине 250 түп арча, 50 түп карагай, 50 түп ак кайың жана 50 түп катальпанын көчөттөрүн отургузушту. Ботаникалык бактын башчысы Улукбек Невераевдин айтымында, мындан ары жашылдандыруу иштери улантылып, аталган аймактарга дагы 10 миң түптөн ашуун "жашыл тосмо" өсүмдүктөрү отургузулмакчы. 

 

Страница 31 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 344 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары