Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кыргызстан менен Казакстандын белгилүү акындары КУУнун студенттери менен жолугушту

0Жакында башкы имараттагы кичи жыйындар залында белгилүү акын, бир нече сыйлыктардын ээси Атантай Акбаров, акын, котормочу Өктөм Калыева жана көрүнүктүү казак акыны, “Серпер” сыйлыгынын лауреаты Алибек Шегебай, акын жана котормочу, Казакстан Республикасынын маданият тармагынын отличниги, маалымат тармагынын отличниги Саят Камшыгер, ырчы, мугалим Шынар Бектургановалар менен КУУнун студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахандын куттуктоо сөзүнөн кийин келген коноктор ар кыл темадагы ырларын окуп беришти.

 

Университеттин жетекчилиги окуу жайдын ботаникалык багына (технопаркына) барышты

002022-жылдын 14-майында ректор Канат Садыков баш болгон университеттин жетекчилиги окуу жайдын ботаникалык багына (технопаркына) барышты. Бул жерде жасалып жаткан иштер тууралуу аталган түзүмдүн башчысы Улугбек Невераев, университеттин башкы инженери Адылбек Маматов жана Корея Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча Кыргызстандагы координатору Аркадий Кан айтып беришти. Гидропоника менен жабдылган кышкы жана жазгы күнөсканаларды, тажрыйбалык участокко отургузулуучу жашылчалардын бир канча сортторунун көчөттөрүн өстүрүү технологиялары тууралуу маалымат беришти.

 

Кесиптик колледждин студенттери фрилансер-котормочу болуунун жана улуттук колориттеги тексттерди которуунун жолдорун үйрөнүштү

002022-жылдын 13-май күнү кесиптик колледждин “Котормо иши” бөлүмүнүн англис тили мугалимдери Гүлжахан Жалилова жана Асель Саадаева «Кyrgyzprofs тилчилери» котормо компаниясынын жетекчиси А.Султанов менен биргеликте “Фрилансер-котормочу болуунун жолдору” жана “Улуттук колориттеги тексттерди которуу” темасында семинар-тренинг өтүштү. Сабактын жүрүшүндө азыркы котормо платформалары, интернет айдыңында жеке ишкер-котормочу катары жумуш издөө тууралуу баяндалып, студенттер менен иш жүзүндө тажрыйба өткөрүлдү. Студенттер улуттук өзгөчөлүктөгү тексттерди которуу жолдорун кызыгуу менен угушуп, кызуу талкууга катышышты.

 

Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча курс өткөрүлдү

00

2022-жылдын 12–13-май күндөрү мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан факультеттердин менеджерлери үчүн 18 саат көлөмүндөгү "Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү" боюнча курс өткөрүлдү. Сабактарды мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара  Мырзагулова, факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Кадыржан Жусупкелдиев, Гулзина Элтузерова, Динара Курманкожоева жана кыргыз-европа факультетинин ага окутуучусу Чынара Эсентурова өтүштү. Жыйынтыгында курстун катышуучуларына тастыктамалар тапшырылды.

 

Тарых факультети тарабынан “Кыргызстан ШКУ алкагындагы коопсуздук маселелеринин системасында” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

0

2022-жылдын 13-майында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы тарабынан “Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы коопсуздук маселелеринин системасында” деп аталган студенттик тегерек стол өткөрүлдү. Отурумду факультет деканы Туратбек Сырдыбаев  менен аталган кафедранын башчысы Жамикат Омурова ачышты. Алар ШКУнун коопсуздук багытындагы ролун, уюмдун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чараларды белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалашты.

 

Ректор Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып келди

00Май айынын башында КУУнун ректору Канат Садыков Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жетектеген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана көз карандысыз эскперттердин делегациясынын курамында Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып келди. Билим берүү тармагынын жетекчилери АКШнын жогорку билим берүү тармагына инновацияларды жана стартаптарды киргизүү тажрыйбасы менен таанышты. Делегация мүөлөрү стартап долбоорлорго жана Plug and Play Ventures фондуна, Стэнфорд, Чикаго жана Сэмюэль Хьюстон университеттерине, Остин коомдук колледжинин Accelerator жана Capital Factory бөлүмдөрүнө, DevXSchool жеке менчик мектебине, Чикагодогу Кыргыз коомдук борборуна, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигине барып, алардын жетекчилери жана илимпоздор менен жолугушту.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери акын Махабат Молдолиева менен жолугушту

00

2022-жылдын 12-май күнү кыргыз филологиясы факультетинин студенттери менен кыргыздын белгилүү акыны Махабат Молдолиеванын жолугушуу кечеси болуп өттү. Жыйында студенттер акындын ырларын көркөм окушуп, обондуу ырларын аткарышып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды. Кечени кыргыз адабияты  кафедрасынын башчысы К.Абакиров алып барып, жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Б.Баймырзаев, доцент С.Исаевалар сөз сүйлөштү. 

 

Педагогика факультетинин студенттери Кыргыз-Казак университетинде өткөн конференцияда ийгиликтерге жетишти

00

2022-жылдын 12-майында Кыргыз-Казак университетинин лингвистика жана педагогика бөлүмүндө жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш чарада педагогика факультетинин ФОи-1-18 тайпасынын студенти Туратбекова Адина "Билбегенден уялба, окубагандан уял"" аттуу доклад менен чыгып сүйлөп, 1-даражадагы диплом жана сертификат менен сыйланды. Ал эми Фои-1-20 тайпасынын студенти Элуубек кызы Айжан «Онлайн окуудагы проблемалар жана офлайн окуудагы окуунун сапатын жакшыртуу» деген доклад менен катышып, сертификатка татыктуу болду.

 

Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы майрамдык эс алуулардан кийин жигердүү ишке киришти

002022-жылдын 10-май күнү социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы  майрамдык эс алуулардан кийин жигердүү ишке киришти. Сынактык документтерди кафедранын отурумунда активдүү кароо менен катар келип түшкөн кандидаттык диссертациялык иштерди алдын ала талкуулоо жүргүзүлдү. Илимий кандидаттык ишти жактоо абдан талкууга алынып, көптөгөн кеңештер берилип, пикирлер айтылды. Жуматаева Асылгүл менен Айдаров Азаматка ийгиликтерди каалоо менен бирге изилдөө иштерин жыйынтыктап, бышырып, илим жолунда көптөгөн ийгиликтерди жаратууну каалашты. 

 

Университеттин жетекчилиги менен профсоюз комитети тылдын ардагерлерин куттукташты

00

2022-жылдын 7-майында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан менен профсоюз комитетинин кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы тылдын катышуучулары Сатар Узбеков, Шаршен Керимбаев, Акун Бугубаев жана Клавдия Ефимованын үйлөрүнө барып, ардагерлерди Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгы менен куттукташты жана 5 миң сомдон акчалай сыйлыктарды, гуманитардык азык-түүлүк баштыктарын тапшырышты. Ардагерлер өз өмүрүндөгү орчундуу окуяларды, Университеттеги үзүрлүү эмгек жылдарын жакшы маанай, жакшы элестер менен эстешип, эң башкысы - элибиздин тынчтыгы, мамлекеттеги сталбилдүүлүк экенин айтышып, КУУнун жалпы жамаатына ийгилик, эсенчилик каалап, ыраазычылык билдиришти.

 

Профсоюз комитетинин студенттик профактив үчүн жазгы мектеби старт алды

00

2022-жылдын 4-май күнү профсоюз комитетинин студенттик профактивинин жазгы мектеби старт алды. Эрте менен саат 9.00дө профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков башкы имараттын алдында студенттерди жолдо жүрүү, коопсуздук эрежеси жана семинардын программасы менен тааныштырган соң, чогулган топ Бурана тарыхый комплесине сапар тартышты. Ал жерде «Окуу менен катар иштеген студенттердин эмгек мамилелерин жөнгө салуунун укуктук аспектилери» атуу билим берүүчүлүк семинар болуп өттү. Иш чарага жигердүү, коомдук иштерде жана окууда ийгиликтерге жетишкен 50 студент катышты. 

 

Матфактын жетекчилиги КУУнун жамаатын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайт!

00

Урматтуу Улуттук университетинин окутуучу-профессорлору, кызматкерлери жана студенттери! Сиздерди математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты Улуу Жениш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жеңиш күнү – совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы, жакшылыктын – жамандыкты, жарыкчылыктын – карангылыкты жеңиши! Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жеңиш! Бул кун – Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германиянын үстунөн жеңишке жеткен күн. Биздин университеттин жамааты Бишкек шаарында жыл сайын Жеңиш күнүнө карата өтүп келе жаткан “Өлбөс полк” жөө жүруш акциясына  активдүү катышып келет. Быйылкы өтө турган акцияга да биздин кызматкерлердин кызуу катышышына ишенебиз.

 

Профессор Асылбек Асакеевич Чекеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

00

2022-жылдын 1-май күнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору,  КР Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Асылбек Асакеевич (Асанакун уулу) Чекеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан алып барган аза күтүү митингинде КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, университеттин окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров, аксакал математиктердин атынан Кумарбай Ишмахаммедов,  Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору Исмет Алтынташ, профессор Султан Карабаев, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Павел Сергеевич Панков, туугандарынын атынан Жеңиш байкелер сүйлөшүп, Асылбек Асакеевичтин окумуштуу-педагогдук өмүр жолу, илимий жетишкендиги, акылгөй насаатчы, зирек илимпоз, камкор ата, боорукер ага экендигин муңкануу менен эскеришти. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, кадырлуу Асылбек Асакеевич. Жараткан бейишинен жай берсин. Сиз түбөлүккө биздин жүрөгүбүздөсүз...

 

Матфакта Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Тарыхты танганың - тамырсыз калганың!" аттуу адабий кече өткөрүлдү

00

2022-жылдын 30-апрелинде математика жана информатика факультетинде кыргыз тилчи Тажикан Чыманованын жетекчилиги астында "Кыргыз тили жана адабияты" дисциплинасы боюнча жыл ичинде өтүлгөн материалдарды кайталоо, студенттердин алган билимдерин жыйынтыктоо жана бышыктоо максатында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Тарыхты танганың - тамырсыз калганың!" аттуу адабий кече болуп өттү. Студенттер "Улут болсоң, баркыңды бил, унутпай ата салтыңды бил!" деген чакырык менен кыргыз элинин тарыхын, салтын, үрп-адатын, маданий жана руханий баалуулуктарын даңктаган ырлардан - өзгөчө өздөрү жактырган акындардын ырларынан - көркөм окушуп, жазуучулардын чыгармаларынан алынган үзүндүлөрдүн негизинде чакан сахналаштырылган сценкаларды коюшуп, адабий кече мазмундуу, жемиштүү жана таасирдүү болду.

 

КУУда “Тилдерди изилдөө жана тил дисциплиналарын көп тилдүү шарттарда окутуу” аттуу эл аралык ИПК болуп өттү

00

2022-жылдын 29-апрель күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук университеттин 90 жылдыгына арналган “Тилдерди изилдөө жана тил дисциплиналарын көп тилдүү шарттарда окутуу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жыйынга Билим берүү академиясынын илимий кызматкерлери, Караганда техникалык университетинин профессор-окутуучулары, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук жамааттары катышты. Конференцияны факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы  Г.К.Осмоналиева ачып, куттуктоо сөздү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан айтты.

 

Улуттук университетте "Ачык эшиктер күнү" өткөрүлдү

02022-жылдын 29-апрелинде Улуттук университетте орто мектепти быйыл бүтүрүп жаткан окуучулар үчүн "Ачык эшиктер күнү" өткөрүлдү. Иш чара башкы имараттын алдындагы аянтчада башталып, КУУнун ректору Канат Садыков бүтүрүүүлөргө кайрылуу жасады. Ал болочок абитуриенттерге окуу жайдын тарыхы, структурасы, шарттары жана эл аралык байланыштары тууралуу айтып берген соң, "Окууӊарды ийигиликтүү бүтүрүп, жалпы республикалык тестти жакшы деӊгээлде тапшырып, ѳзүӊѳр тандаган окууга ийгиликтүү ѳтүп алгыла. Жолуӊар ийгиликтүү жана ачык болсун. Келгениӊиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин университеттин эшиги силер үчүн дайым ачык", - деп сөзүн жыйынтыктады.

 

Улуу Жеңиш күнүнө карата кыргыз филологиясынын студенттери дубал гезит чыгарышты

002022-жылдын 28-апрель күнү кыргыз филологиясы факультетинин ЛТ(к)-1-19 жана КТА(к)-1-20 группасынын студенттери 9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата дубал гезит чыгарышты. Анда алар 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргыз филологиясы факультетинде иштеген кыргыздын чыгаан окумуштууларынын сүрөттөрүн чагылдырышып, согуш тематикасына арнап, өздөрү чыгарган автордук ырларын да кошо камтышкан.

 

Социологиялык изилдөө борборунун жамааты KOICA тарабынан уюштурулаган семинарга катышты

002022-жылдын 27-апрелинде социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин алдындагы А.Табалдиев атындагы социологиялык изилдөө борбордун жамааты, социология жана социалдык иштер кафедрасынын мүчөлөрү жана студенттери Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан уюштурулуп, Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында өткөн семинарга катышты. Иш чара академиянын ректору Алмазбек Акматалиевдин, проректору Урмат Аманалиевдин, Кыргызстандагы KOICA программаларынын координатору Киен Ким жана Кыргызстандагы KOICA Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Жанара Иманалиеванын саламдашуу сөздөрү менен башталды.  

 

Матфакта Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Чыңгыз менен Алыкулдун ааламы" аттуу адабий кече өткөрүлдү

00

2022-жылдын 28-апрель күнү математика жана информатика факультетинде факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу, кыргыз тилчи Мээрим Думанаева 1-курс студенттери менен Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Чыңгыз менен Алыкулдун ааламы" аттуу адабий кече өткөрдү. Иш чарада аалам алпы, доор жарчысы Чыңгыз Айтматов менен жаңычыл, залкар акын Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча студенттер тарабынан даярдалган видео слайддар көрсөтүлүп,  көркөм ырлар окулуп, залкарлардын калемине таандык обондуу ырлар жандуу аткарылды.

 

КУУнун студенттери “Нурсулуунун өмүрүн сактайлы” аттуу кайрымдуулук акциясына катышты

02022-жылдын 26-апрелинде КУУнун студенттери тарбия иштери боюнча бөлүмдүн координаторлору Азимова Гүлнура жана Абдыбекова Айжан менен биргеликте Бишкек шаарындагы Жеңиш жана Ынтымак 2 сейил бактарында болуп өткөн “Нурсулуунун өмүрүн сактайлы” аттуу кайрымдуулук акциясына ыктыярчы катары катышып, Жалал-Абад шаарынын жаңы төрөлгөн тургуну Нурсулуу Жыргалбекованын жүрөк оорусун жоюу операциясына керектүү каражатты чогултуу максатында концертке келген адамдарга ар кандай суусундуктарды, таттууларды, булочкаларды ж.б. сатуу менен бирге маанай көтөргөн ыр-күүлөрдү тартуулашты.

 

Ата Мекенди коргоо - ыйык милдет!

00

2022-жылдын 26-апрель күнү социалдык гуманитардык илимдер факультетинде 9-май - Жеңиш майрамына карата иш чара өткөрүлдү. Факультеттин окутуучулары менен студенттери үчүн Жеңиш күнү жөнүндө кыскача баяндама жасалган соң, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасынын орун басары Аман Азимов билим  берүүгө салым кошкондугу үчүн тарых факультетинин доценти Алымбек Кушубековго, юридика факультетинин доценти Азамат Кадыровго, окутуучусу, запастагы полковник Низахун Алахуновго, журналистика факультетинин доценти Милан Мырзагуловго, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинен деканы Камчыбек уулу Мырзабекке, доценттери Каныбек Турукманов менен Абдикайым Жусубалиевге, ага окутуучулары Сүйүн Гапаров, Тайирбек Мусакулов, Болот Матиев жана Медер Кубатбековго аталган коомдун төш белгиси менен сыйлыктарын тапшырды.

 

Журфактын деканы ЖОЖдор аралык универсиадада дзюдо-самбо боюнча 3-орунду ээлеген Зияпова Айкөлдү жеңиши менен куттуктады

00

2022-жылдын 26-апрелинде журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк 14-15-апрель күндөрү Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өткөн ЖОЖдор аралык универсиаданын дзюдо-самбо боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдештерине  80 кг. ашык салмакта катышып, байгелүү 3-орунду ээлеген ТЖ-1-21 тайпасынын студенти Зияпова Айкөлдү жеңиши менен куттуктады. Белгилей кетсек, Айкөл буга чейин спорттук самбо боюнча Ысык-Көл областында болуп өткөн жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпионатында 88 кг салмак категориясында 1-орунду багындырып, май айында Ливанда боло турган Азия чемпионатына жолдомо алган.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова «Тил илиминин маселелери» аттуу илимий эмгектин бет ачарына катышты

00

2022-жылдын 25-апрелинде Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда «Тил илиминин маселелери» аттуу илимий эмгектин бет ачары болуп өттү. Жыйнакта Гүлжамал Жаманкулованын «Кыргыз тилиндеги айкындооч мүчөлөр» аттуу көлөмдүү макаласы (173-211 бб.) жарык көрдү. Аталган эмгек "Жалпы тил илими жана түркология маселелери", "Азыркы кыргыз тилинин теориялык маселелери", "Социолингвистика маселелери", "Тилдерди окутуу жана котормо маселелери" деген төрт бөлүктөн турат. Мындан тышкары, институттун кызматкерлери Баткен областында, Токмок шаарында жүргүзүлгөн социологиялык илимий экспедицияларынын  жыйынтыктары тууралуу отчет беришти.

 

КУУда көрүнүктүү окумуштуу, академик Кайып Оторбаевдин 100 жылдыгы белгиленди

02022-жылдын 26-апрель күнү Улуттук университетте көрүнүктүү окумуштуу, академик, география илимдеринин доктору, профессор, СССРдин география коомунун ардактуу мүчөсү, атамекендик спорттун ардагери, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, мамлекеттик жана коомдук ишмер Кайып Оторбаевдин 100 жылдыгына арналган «Борбордук Азиядагы өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүү жана жайгаштыруу көйгөйлөрү» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция жана мини-футбол боюнча турнирдин финалдык оюндары болуп өттү. Илимий конференциянын ишин КУУнун ректору Канат Садыков ачып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин 1987-жылкы бүтүрүүчүсү Сүйүнбек Касмамбетовго сөз берди.

 

Страница 28 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 158 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары