Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери И.Раззаковдун үй-музейине барып келишти

0

2022-жылдын 7-октябрында математика жана информатика факультетинин Мб-2-22 тобунун студенттери Исхак Раззаковдун үй-музейине барып, кызыктуу жана баалуу маалыматтар менен таанышып келишти. Бул экскурсия кыргыз тилчи Г.Элтузерованын уюштуруусу менен окуу программасына ылайык, кыргыз элинин өнүгүүсүнө өз салымын кошкон инсандардын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында өткөрүлдү. Студенттер музей кызматкеринин баяндамасынан улуу инсандын кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө кошкон салымы, күжүрмөн эмгекчилдиги тууралуу кеңири маалыматка ээ болуп, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

 

КУУда окумуштуу, акын-жазуучу, доцент Сууракан Амановна Конгайтиеванын 70 жылдыгы белгиленди

00

2022-жылдын 7-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти, п.и.к., окумуштуу, акын-жазуучу Сууракан Амановна Конгайтиеванын 70 жылдыгына арналган “Устат жана калемгер” аттуу иш чара өттү. Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, педагогика факультететинин деканы Рахат Сулайманова “Сууракан  Конгайтиеванын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү”, ал эми Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Меңди Мамазаирова “Тереңдеги бермет” аттуу баяндамаларды жасашты.

 

География, экология жана туризм факультетинин студенттери Мугалимдер күнүнө карата иш чара өткөрүштү

002022-жылдын 5-октябрь күнү география, экология жана туризм факультетинин студенттери 6-окуу имаратынын 211-дарсканасында мугалимдердин кесиптик майрамына карата чакан концерттик иш чара өткөрүштү. Концерттин жүрүшүндө факультет деканы Рыскүл Токторова жана анын тарбия иштери боюнча орун басары Махабат Байсеитова сөз сүйлөштү. Майрам жагымдуу ырлар, бийлер, студенттер тарабынан уюштурулган оюндар менен коштолду жана жеӊүүчүлөргө чакан белектер тапшырылды. Иш чаранын соңунда кафедра башчылары куттуктоо сөздөрүн айтып, студенттерге ыраазычылыктарын билдиришти.

 

МжМБ факультетинин студенттери "Мугалим билим ачкычы" аттуу майрамдык концерт өткөрүштү

00

2022-жылдын 5-октябрь күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери башкы имараттагы кичи жыйындар залында Мугалимдердин эл аралык күнүнө карата "Мугалим билим ачкычы" аттуу майрамдык концерт өткөрүштү. Иш чара жагымдуу ырлар, бийлер, көркөм окуулар, студенттер тарабынан коюлган сценкалар, кызыктуу оюндар менен коштолуп, жеңүүчүлөргө чакан белектер тапшырылды. Концерттин аягында факультет деканы Кундуз Базакеева, экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын башчысы Издевалды Искаков, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кафедрасынын башчысы Гүлсайра Асанова сөз сүйлөп, ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын жамааты 1-курс студенттери менен таанышты

00

2022-жылдын 5-октябрында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын жамааты педагогика жана психология багытында билим алып жаткан 1-курс студенттери менен таанышуу кечесин өткөрдү. Куттуктоолордон соң кафедра жамааты менен студенттердин ортосунда жандуу баарлашуу болуп, актуалдуу маселелер талкууланды. Бул иш чарага утурлай кафедрада Мугалимдер күнүнө арналган иш чара да өткөрүлдү.

 

Башкаруу жана бизнес факультетинде Мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу концерт өткөрүлдү

00

2022-жылдын 5-октябрында башкаруу жана бизнес факультетинде Мугалимдердин эл аралык күнүнө арналган майрамдык куттуктоо концерти болуп өттүү. Студенттик сенат жана жалпы студенттер уюштурган салтанаттуу иш чара Кыргызстандын гимни менен башталып, ар түрдүү оюн-зоок, ыр, бий менен коштолуп, кафдедра башчыларынын, декандын орун басарынын каалоо-тилек жана студенттерге болгон ыраазычылык сөздөрү менен аяктады.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы карылар үйүнө барышты

00

2022-жылдын 5-октябрында кыргыз филологиясы факультетинин  студенттери Бишкек шаарындагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-интернатына барып, имараттын аймагында ишембилик өткөрүштү жана жашоочулар менен баарлашуу өткөрүштү. Интернаттын жетекчиси Эркингүл Абдылдаева менен орун басары Эридиана Раимбекова студенттерди жылуу тосуп алып, мекеме жөнүндө айтып беришти. Алардын айтымында, социалдык мекемеде учурда 18 жаштан 95 жашка чейинки 221 адам жашайт. Анын ичинен 94ү - кыргыз улутундагы, ал эми 96сы - ден соолук жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, 60ы төшөктө жаткандар.

 

Педагогика факультетинде «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» аттуу маданий оюн-зоок иш чарасы өткөрүлдү

002022-жылдын 5-октябрында Мугалимдердин эл аралык күнүнө карата педагогика факультетинде «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» аттуу маданий оюн-зоок иш чарасы өткөрүлдү. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Максат Сейталиев, жаштар уюму жана студенттер тарабынан уюштурулган кече факультет деканы Рахат Сулайманованын куттуктоо сөзү менен башаталып, ар кандай маданий оюн-зоок программасы менен коштолду.

 

КУУда “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү

002022-жылдын 5-октябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан ачты. Ал бүгүнкү иш чара кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу кечирээк өткөрүлүп жатканын белгилеп, конференцияга келген меймандарды тааныштырды жана КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго сөз берди. Ректор жыйындын катышуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, 5 университетке өзгөчө статус берүү жөнүндөгү мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 18-июлундагы жарлыгын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин токтому, андан кийин министрликтин жоболору иштелип чыкса, Улуттук университет жетекчиликтен  тартып катардагы окутуучу, кызматкерлерине чейин бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялап, аталган документтерди аткарууга киришээрин билдирди.

 

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде “Көп маданияттуу билим берүү” окуу китебинин бет ачаары болду

002022-жылдын 4-октябрында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын окутуучулары: п.и.д., профессор Н.А.Асипова, п.и.д., профессор Г.Т.Карабалаева жана ага окутуучу Д.Т.Калибекова тарабынан даярдалган “Көп маданияттуу билим берүү” окуу китебинин бет ачаар иш чарасы болуп өттү. Жыйынга КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, профессорлор Э.М.Мамбетакунов, А.Т.Калдыбаева, профессор Р.Т.Сулайманова ж.б. көптөгөн коноктор, факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, аспиранттары, магистранттары жана студенттери катышты.

 

Профсоюз бирлиги мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктайт!

00

Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары, биздин сүйүктүү мугалимдер! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, кетпеген бакыт, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз. Мугалим жоопкерчиликтүү, түйшүктүү, бирок ошол эле учурда сыймыктуу жана ардактуу кесип! Ар бирибиздин адам катары калыптанышыбыз, башат тамырыбыз, инсандык сапаттарыбыз, рухий байлыгыбыз сиздерден башталат. Ошондуктан ар бирибизге илим билим өрөөнүн сээп, жаркын келечекке жол ачкан сиздерге терең урматтоо менен алкыш айтабыз.

 

География, экология жана туризм факультетинин 1-курс студенттери Улуттук китепкана менен таанышып келишти

00

2022-жылдын 4-октябрында география, экология жана туризм факультетинин 1-курс студенттери окутуучу Айжан Каролованын демилгеси менен бир кылымга жакын тарыхы бар Борбор Азиядагы эң чоң китепканалардын бири болгон Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага саякат жасап келишти. Студенттер китепканага ысымы берилген залкар жазуучубуз Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы, тагдыры, басып өткөн жолу чагылдырылган музейи менен таанышып, китепкандагы заманбап окуу куралдары, илимий булактар, санариптик технологиялар менен камсыздалган китеп борборлорунан көптөгөн маалымат алууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенине ынанып келишти.

 

КУУнун окумуштуулары Ташкент шаарында өткөн Түрк коомчулугунун X симпозиумуна катышышты

002022-жылдын 27-30-сентябрында Ташкент Чыгыш таануу университетинде “Тамак аш жана тамак-аш маданияты” деген темада Түрк коомчулугунун X симпозуму болуп өттү. Иш чарага Кыргызстандан барган окумуштуулар да катышты. 27-сентябрда симпозиумдун ачылышы болуп, аталган университеттин жетекчилиги, Түрк коомчулугунун симпозиумунун төрагасы Илхан Шахин куттуктоо сөз сүйлөштү. Андан соң симпозиумга келген конокторго, делегация өкүлдөрүнө сөз берилди. Профессор Гүлжамал Жаманкулова Кыргызстандан барган окумуштуулардын атынан куттуктоо сөз сүйлөп, белектерди тапшырды.

 

Математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери М.В.Фрунзенин үй-музейи менен таанышып келишти

00

2022-жылдын 4-октябрында математика жана информатика факультетинин ПМиИб-2-22 тобунун студенттери шаар жана анын имараттары менен жакындан таанышуу,  кыргыз элине, жерине, шаарга өз эмгеги менен салым кошкон улуу инсандарын өмүр жолу, эмгек таржымалы, ишмердиги тууралуу кеңири маалыматка ээ болуу максатында М.В.Фрунзенин мемориалдык үй -музейине барып келишти. Кыргыз үчүн атанын уулу болуу эмес, элдин уулу, мекендин атуулу болуу парз, сыймык! Ар бир студент бул милдетти  акылына салып, мекенчилдикке багыт алып, келечекте эл-жерине каруусун казык кылып какканга азыртан даярданышы абзел.

 

Тилдерди изилдөөгө арналган конференциянын материалдары "КУУнун Жарчысынын" атайын санына басылып чыкты

00

Улуттук университеттин 90 жылдык мааракесине карата 2022-жылдын 29-апрелинде өткөрүлгөн “Тилдерди изилдөө жана тил дисциплиналарын көп тилдүү шарттарда окутуу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары "КУУнун Жарчысынын" атайын санына басылып чыкты. Бул жыйнак жогорку окуу жайлардын окутуучуларына, студенттерине, о.э. көп тилдүү шарттарда мамлекеттик тилди, расмий тилди жана чет тилдерди изилдөө жана окутуу маселелерине кызыккан жалпы окурмандарга арналат. Материалдар КУУнун  ректораты жана окууу методикалык комиссиясы тарабынан колдоого алынып, илимге кызыккан окутуучулардын ишине көмөк көрсөтүү максатында жарык көрдү.

 

Чуваш мамлекеттик маданият жана искусство институтунун профессору КУУнун студенттерине лекция окуду

00

2022-жылдын 3-октябырында Эл аралык коомдук палатанын мүчөсү, маданият таануу илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, Чуваш мамлекеттик маданият жана искусство институтунун профессору, даректүү тасмалардын автору, публицист, Чуваш Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Владимир Васильев тарых жана чөлкөм таануу факультетинде "Кыргыз- Чуваш байланыштары аттуу конок лекциясын  өткөрдү. Сабакка тарых жана чөлкөм таануу жана журналистика факультеттеринин студенттери менен окутуучулары катышты. Лекция КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановдун колдоосу менен өткөрүлдү.

 

Математика жана информатика факультетинин студенттери "Төлгө" спектаклине барып келишти

00

2022-жылдын 1-октябрында математика жана информатика факультетинин 1-курсунун студенттери кыргыз тил окутуучусу Гүлзина Элтузерованын жетекчилиги менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына барып, эс алуу күнүн жогорку маанайда өткөрүп келишти. "Кыргыз элинин руханий байлыктарынын туу чокусу - улуу "Манас" эпосу экени баарыбызга маалым. "Манастын уулу Семетей" дал ушул үчилтиктин эң көлөмдүү бөлүгү. Кыргыз эл акыны Жалил Садыков аны театрдын астанасына алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде сахналаштырылган "Төлгө" спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашаары чагылдырылат.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

00

2022-жылдын 30-сентябрында кыргыз филологиясы факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата  «Тил – улуттун күзгүсү» деген аталышта 1-курс студенттери ортосунда конкурс уюштурулуп, концерттик программа тартууланды. Салтанаттуу кече факультет деканы Б.А.Жайлообаевдин куттуктоо сөзү менен башталды. Ал уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирип, конкурсанттарга ийгилик каалады. Оюнга “Датка”, “Нур” , “Ак шумкар”, “Кырк кыз”, “Биримдик” аттуу топтор катышып, көркөм окуу, мыкты дубал гезит, кыргыз улуттук даамдары жана улуттук өнөр боюнча өнөрлөрүн тартуулашты. Калыстар тобу чыгарган жыйынтыктын негизинде жеңүүчүлөр диплом жана грамоталар менен сыйланышты.

 

География, экология жана туризм факультетинде кичи-футбол боюнча курстар аралык турнир болуп өттү

00

География, экология жана туризм факультетинде 2022-жылдын 29-сентябрь күнү студенттердин достугу менен ынтымагын  бекемдөө жана биримдигин арттыруу максатында балдар арасында кичи-футбол боюнча курстар аралык турнир болуп өттү. Мелдешке студенттер активдүү катышып, I-орунга 4-курстун, II-орунга 1-курс жана III-орунга 2-курстун студенттери ээ болушту. Турнирдин ӊ мыкты чабуулчусу" болуп Тилеков Марлен, ал эми "Эӊ мыкты дарбазачысы" болуп Кожали уулу Муратали аталды.

 

Министрликтин бөлүм башчысы Жылдызбек Жакшылыков илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме өткөрдү

02022-жылдын 29-сентябрь күнү ректораттын жыйындар залында илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме болуп, иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Жылдызбек Жакшылыков, проректорлор жана декандар катышты. Жыйынды ачып жатып, ректор Улуттук университеттин Өнүгүү стратегиясы, окуу жайдын бюджети, инновациялык проекттер, илим менен өндүрүштүн байланышы тууралуу айтып, ар бир проректордун алдында "мозговой центр" түзүп, креативдүү идеясы бар жаштарды колдоо зарыл экендигин белгиледи. Министрликтин бөлүм башчысы техникалык эле эмес, гуманитардык илимдер боюнча да коомго пайдалуу проекттерди иштеп чыкса болоорун белгилеп, мисалдарды келтирди.

 

Матфактын студенттери Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасы менен таанышып келишти

002022-жылдын 29-сентябрында матфактын 1-курс студенттери кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчүсү жана киноактёру Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасында болуп, анын эмгек жолу, өмүр таржымалы тууралуу кеңири маалымат алып, тарткан сүрөттөрү менен таанышып келишти. С.Чокморовдун дүйнөдөн кайтканына 26-сентябрь күнү 30 жыл болду. Кылымда бир жаралчу көп кырдуу өнөрдүн ээсинин элеси кылымдан кылымга өчпөй сактала берет. Бул тууралуу Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай .Эралиевдин “Сүймөнкулга” деген ырында “Элеси бул кылымдын калды эсинде, Алкынтып бара жаткан асый атын” деп таамай айтылган, ал эми белгилүү акын Жолон Мамытовдун “…Элестелип бүт дүйнөгө таркады, Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” аттуу саптары эл оозунда унутулбай түбөлүк сакталып келет.

 

«Болочок мугалим» долбоорунун жетекчиси кыргыз филологиясы факультетинин студенттери менен жолугушту

002022-жылдын 28-сентябрь күнү «Чырак» коомдук фондунун мүчөсү, «Болочок мугалим» долбоорунун жетекчиси Темиров Эрмек кыргыз филологиясы факультетинин студенттери менен жолугушуп, аталган фонд жана долбоор менен тааныштырды. Анын айтымында, «Болочок мугалим» долбоорунун башкы максаты - мугалимдик кесипти мыкты өздөштүрүп, мектептерде сабак берем деген студенттерге колдоо көрсөтүү жана алардын ар тараптуу, кесипкөй адис болушуна салым кошуу. Эрмек Темиров о.э. долбоордун  стипендиялык программасына кандидаттарды кабыл алуу этаптары жана мөөнөтү жөнүндө айтып берди.

 

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

00

2022-жылдын 23-сентябрында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган "Тил - элдин казынасы, байлыгы" темасында майрамдык иш чара болуп өттү. Иш-чарада кыргыз ырлары ырдалып, байыртадан кылым карыткан кыргыз элинин салттары көрсөтүлүп, акыйнек айтышып, кыргыз элинин салттуу саркеч кийим сынагы өткөрүлүп, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрү аткарылды. Аталган темада гимназиянын окуучулары эссе жазышып, мыктылары байгелүү орундарга ээ болушту.

 

КУУнун студенттик кеңешинин мүчөлөрү дайындалды (толукталды)

 002022-жылдын 23-сентябрь күнү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан Улуттук университеттин студенттик кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Жыйындын жүрүшүндө аталган кеңештин төрагасы болуп Күмүшбек Баатырбаев дайындалып, проректор жаштар иштери жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн мүчөлөрү менен биргеликте студенттик кеңештин жетекчилеринин иштерине ийгилик каалап, күбөлүктөрүн тапшырды.

 

Страница 23 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 159 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары