Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Бабыржан Төлбаев Улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы болуп шайланды

002022-жылдын 21-январь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда министрликтин буйругу менен түзүлгөн Улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Жыйында уюштуруу маселелери каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган кеңештин төрагасы болуп "М Булак" микрокредиттик холдингинин башкы директору Төлбаев Бабыржан Лотиханович шайланды, ал эми кеңештин катчысы милдетин Эл аралык республикалык институттун Кыргыз Республикасындагы өкулчүлүгүнүн программалык координатору Бактыбек уулу Айдин аткармай болду.

 

"КУУнун сыйлыктары жөнүндөгү жобонун" жаңы редакциясы иштелип чыкты

00"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы №1514/1–буйругу менен бекитилген "Ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобонун" жаңы редакциясынын талаптарына ылайык "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин сыйлыктары жөнүндөгү жобого" да айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы пайда болду", - деп айтылат КУУнун кызматкерлерине сыйлык берүү боюнча комиссиянын сунуштамасында.

 

Матфак - теннис, волейбол, стритбол жана тогуз коргоол боюнча Улуттук университеттин чемпиону!

0Факультеттер аралык ”Ден cоолук-2022” спартакиадасында стол тенниси, волейбол, стритбол жана тогуз коргоол боюнча турнир болуп өттү. Математика жана информатика факультетинин аталган спорттун түрлөрү боюнча курама командасы атаандаштарын артта калтырып, теннис, волейбол, стритбол жана тогуз коргоол боюнча Улуттук университеттин чемпиону аталды. Факультет жамааты өз командасын бул ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

Улуттук университетте "Ден соолук" спартакиадасынын ачылышы болду

002022-жылдын 15-январында 6-окуу имаратындагы спорт залда "Ден соолук" спартакиадасынын ачылышы болуп, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров баардык спорт сүйүүчүлөрүн ден соолук майрамы менен куттуктады. Андан кийин футбол боюнча турнир өткөрүлүп, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, "Эң мыкты оюнчу" деп табылган кесиптик колледждин  оюнчусу Жандос Айдаралиевге акчалай сыйлык берилээрин билдирди.

 

Педагогика факультетининын волейболчу кыз-келиндери спартакиадада 2-орунду ээледи

00

2022-жылдын 13-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасында өтүп жаткан факультеттер аралык «Ден соолук-2022» спартакиадасынын алкагында волейбол боюнча таймаш болуп, педагогика факультетинин волейбол боюнча кыз-келиндер командасы 2-орунду камсыз кылышты. Ал эми 1-орунду математика жана информатика факультетинин курама командасы ээледи.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультети окуу-усулдук семинар уюштурду

00

2022-жылдын 13-январында тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кубат Табалдиев Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде археологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшү» аттуу темада окуу-усулдук семинар өттү. Тарых жана чөлкөм таануу факультети уюштурган иш чарага И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин , ОшМУнун, БатМУнун, ТалМУнун, С. Нааматов атындагы НМУнун, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун,  Борбор Азиядагы Америка университетинин ж.б. жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, магистранттары жана студенттери, о.э. Улуттук тарых музейи баш болгон региондордогу баардык музейлердин кызматкерлери да катышты.

 

КУУнун профессорлору менен магистранттары Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты

00

2022-жылдын 10-январь күнү М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде «Монгольская империя: ее роль в истории и судьба наследия и наследников» аттуу илимий-методикалык онлайн-семинар болуп өттү. МУУнун Азия жана Африка өлкөлөрү институту тарабынан уюштурулган иш чарага КУУнун профессорлору Памира Кадырбекова, Нурлана Ахметова жана кыргыз филологиясы факультетинин магистранттары А.Жекшеналиева, А.Алтынбекова, Н.Боркошев, Рахман кызы Эркайым, М.Калыбекова, А.Кыдыңова Г.Надырбекова жана Ж.Шаршенбаевалар катышты.

 

№7-жатаканада депутат Нуржигит Кадырбеков менен жолугушуу болду

00

2022-жылдын 11-январында №7-жатаканада Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Нуржигит Кадырбеков менен жолугушуу болуп өттү. Комендант Жакшылык кызы Асель тарабынан уюштурулган иш чаранын жүрүшүндө депутат студенттерге күчтүү таасир калтырды. Жолугушууга о.э. жатаканалардын менеджери Б.Шабданов, "Ак Демилге" фондунун төрагасы Мирлан Акматалиев,  "Дил-Мүрөк" адеп-ахлак борборунун жетекчиси Темирлан Акматов, ырчы Нарынбек Калбаев катышып, "Дил-Мүрөк" борборунун өкүлдөрү активдүү, жакшы окуган 3 студентке чакан белектерин тапшырышты.

 

Улуттук университет Баткен районундагы “Дөбө” орто мектебине гуманитардык жардам көрсөттү

00

2022-жылдын 10-январь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун ректору Канат Садыков Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан “Дөбө” орто мектебинин директору Тиллебай Курбанбековго 13 (он үч) компьютер, бир принтер жана бир интерактивдүү доскадан турган техникалык каражаттарды тапшырды.

 

№7-жатаканада жашаган балдар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

00

2022-жылдын 3-январында Бөкөнбев көчөсү менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан кичи футбол аянтчасында №7-жатаканада жашаган балдар арасында жаңы жыл майрамына карата кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ден-соолукту чыңдоо жана балдар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлгөн оюнга кабаттарда жашаган студенттерден куралган командалар катышып, 1-орунду 3-кабат, 2-орунду 4-кабат, ал эми 3-орунду 2-кабатта жашаган балдардын командалары ээлешти.

 

Педагогика факультетинин ага окутуучусу А.С.Жуматаева үч окуу жайдын студенттерине ачык сабак өттү

00

2021-жылдын 17-декабрында педагогика факультетинин МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучусу А.С.Жуматаева USAIDдин  «Окуу Керемет!» долбоорунун алкагында Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча башталгыч класстардын мугалимдеринин жана окуу бөлүм башчыларынын кластердик жолугушуулар кербенининде ачык сабак өттү. Иш чара Бишкек шаарындагы №96 жалпы билим берүү мектебинде уюштурулуп, республиканын бир нече аймактарынан эксперттер ачык сабактарга катышып, сабактарга болгон анализдерин беришти.

 

Страница 35 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 174 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары