Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

№7-жатаканада жашаган КУУнун студенти “Кыргызстандын эң мыкты студенти-2022” наамын алды

02№7-жатаканада жашаган Улуттук университеттин студенти Мирбекова Гүлайым Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган "Кыргызстандын эң мыкты студенти-2022" республикалык сынагына катышып, жеңүүчү аталды. Гүлайым студент күндөрүндө жараткан окуудагы жана коомдук иштердеги ийгиликтери үчүн "Кыргызстандын эң мыкты студенти" наамына татыктуу болуп, тиешелүү төш белги жана диплом менен сыйланды.

 

Психолог Акжолтой Аскар КУУнун студенттерине лекция өттү

002022-жылдын 4-ноябрында №6-окуу имаратындагы 2-дарсканада оратор, коуч-тренер жана психолог Акжолтой Аскар КУУнун студенттерине лекция өттү. Ал студенттерге азыркы жашоодо иш баштоонун жолдору, окуу менен кызыгууну чогуу алып кетүү, жашоодо кандай адамды тандаш керек тууралуу айтып, ар тараптан өнүккүлө деген мотивация берип кетти. Студенттер лекцияга активдүү катышып, кызыгуусу артып, өздөрүнө керектүү суроолорго канаттандыраарлык жооп алышты.

 

Жогорку окуу жайлардын Координациялык кеңеши түзүлдү

00

Жакында Бишкек шаарында жаштар саясатын жүргүзүүгө багытталган жогорку окуу жайлардын Координациялык кеңеши түзүлдү. Кеңешке Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, жогорку окуу жайлардын проректорлору катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жаштар ишин жакшыртууда жогорку окуу жайлардын ролу чоң экендигин баса белгилеп, жыйынга катышып жаткан ЖОЖдордун өкүлдөрүн натыйжалуу иш алып барууга чакырды.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002022-жылдын 4-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "2022-2023-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыгы" жана "КУУнун китепканаларынын абалы, санариптешүүсү жана өнүгүүнүн жаңы багьтттары" каралды. Ал эми күн тартибинин "Ар түрдүү" бөлүгүндө “Орус тили борборун ачуу жана ага жетекчи дайындоо", "Кытай Элчисине "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу", "КУУнун кызматкерлерине “доцент” окумуштуулук наамын ыйгаруу" жана "Сыйлыктар жөнүндө" маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Илим күнүнө карата конок лекция өткөрүлдү

00

2022-жылдын 3-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинде Илим күнүнө карата конок лекция өткөрүлдү. Лекцияны белгилүү түрколог, ф.и.д., Кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Бурул Сагынбаева “Түркология илиминин калыптануусу” деген аталышта окуп, сабакка факультеттин окутуучулары менен студенттери катышышты. Бурул Сагынбаева түркология илими тууралуу терең маалымат берип, студенттерге бир катар илимий жаңылыктарды айтып берди. Лекциянын жүрүшүндө суроо-жооп уюштурулуп, студенттердин кызыктырган бир канча суроолоруна жооп берип, алар менен ой-пикирин бөлүштү.

 

География, экология жана туризм факультетинде «Туризм тармагында ишке орношуунун азыркы абалы» талкууланды

002022-жылдын 3-ноябрь күнү география, экология жана туризм факультетинин туризм жана рекреациялык география кафедрасынын студенттери менен мугалимдер жамааты «Туризм тармагында ишке орношуунун азыркы абалы» деген темада, тегерек стол ѳткѳрүштү. Туризм багытын бүтүргѳн бүтүрүүчүлѳрдүн ишке орношуусундагы кѳйгѳйлѳр каралган иш чарага «Кыргызстандагы жѳѳ туризм» бирикесинин директору Марат Данилов катышып, туризм тармагында иштѳѳнүн сырлары, кызыктуу окуяларды айтып берди. Андан кийин студентер конокко  кызыккан суроолорун узатып, жооп алышты. Аягында катышуучулар Марат Даниловичке ыраазычылык билдиришти.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучулары Баткен облусунда сурамжылоо өткөрүп келишти

00

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети 2021-2022 окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик заказды ишке ашыруу боюнча «Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы аскердик-саясий мамилелердин заманбап көз караштарын жана көйгөйлөрүн изилдөө жана мүмкүн болгон чек арадагы куралдуу кагылышууларды жөнгө салуу (чечүү)» аттуу проекти утуп алып иштеп келет. Ошол себептен З кварталдагы отчетту даярдаш үчүн бекитилген календардык план боюнча талаа изилдөөлөрүн Баткен облусунда факультет деканы Базакеева К.Ж, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кафедрасынын башчысы Нурматова Г.А. жана ага окутуучусу Айдашов Н.С. 2022 -жылдын 31-октябрынан 3-ноябрына чейин иш сапарына барып сурамжылоо өткөрүп келишти.

 

Математика жана информатика факультетинин студенттери арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

002022-жылдын 3-ноябрь күнү математика жана информатика факультетинин аскердик-патриоттук "Мекен" уюмунун демилгеси менен КУУнун факультеттер аралык өткөрүлүүчү турнирине катышуучу курама команданы түзүү максатында 6-окуу имаратынын спорт залында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Оюнга ар бир курстан экиден команда катышып, таймаш өтө жогору деңгээлде өттү. Студенттик кеңештин төрагасы, 4-курстун студенти Акбаралиев Даниелдин айтымында, волейбол - активдүү эс алуунун, ден соолукту чыңдоонун мыкты жолу. Аны менен машыгуу тез жана так реакция жасоого көнүктүрүп, шамдагайлыкты, көз менен болжолдоону өөрчүтүп, кыймыл координацияларын жакшыртат. Ошону менен бирге ден соолукту чыңдап, сергек жашоо образына шарт түзөт.

 

Ноябрь майрамдарында кандай эс алабыз?

00

Ректордун 2022-жылдын 2-ноябрында кол койгон №436-буйругу менен 7-8-ноябрь (дүйшөмбү, шейшемби) - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети боюнча эс алуу күндөрү болуп жарыяланды. Аталган буйрук Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык чыгарылып, майрам күндөрү окуу имараттары менен жатаканаларда өрт коопсуздугун камсыздоо, окуу жайдын мүлкүн жана материалдык баалуулуктарын сактоо күзөт кызматынын башчысы менен студенттик жатаканапардын коменданттарына тапшырылды.

 

Төлөбек Абдырахманов: "Илим жагынан эч ким бизге жетпеш керек!"

002022-жылдын 3-ноябрь күнү санариптик технологиялар борборунда Илим күнүнɵ карата «Санариптештирүү шартында илимдин ɵнүгүшү» деген темада тегерек стол болуп өттү. Иш чараны илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов сөз сүйлөдү. Ал тегерек столго келген меймандарга ыраазычылык билдирип, келе жаткан Илим күнү менен куттуктады жана төмөндөгүлөргө токтолду: - Бул майрам - илим менен алектенип жүргөн адам үчүн чоң майрам. Анткени, илим - өтө оор жана түйшүктүү иш, аны менен алектениш үчүн бир чети мээ иштеш керек, экинчиден тажабаган эмгек керек.

 

Физика жана электроника факультетинде Илим күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү

002022-жылдын 2-ноябрында физика жана электроника факультетинде Илим күнүнө карата “Илимдин өнүгүшү тууралуу” тегерек стол өткөрүлдү. Иш чарага УИАнын Ж.Ж.Жеенбаев атындагы физика институтунун директору Нурбек Жеенбаев, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, Франклин атындагы илим-изилдөө борборунун жетекчиси Гүлзыйнат Аркабаева жана факультеттин окутуучулук-профессордук курамы катышты. Факультет деканы Самат Токтогонов факультетте илимге көңүл бурулуп, ар бир кафедрада илимий-изилдөө иштери заман талабына ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы, Билим берүү жана илим министрлигинин гранты боюнча илимий долбоорлор аткарылып жаткандыгы тууралуу баяндама жасады.

 

5-студенттик жатаканада жашаган 1-курс студенттерин Студенттердин эл аралык күнү менен куттуктоо кечеси болуп ѳттү

002022-жылдын 2-ноябрында башкы окуу имаратындагы чоң жыйындар залында студенттик жатаканалардын жетекчилиги менен студенттик кеңеш биргеликте уюштурган №5-студенттик жатаканада жашаган 1-курстун студенттерин  алдыда келе жаткан 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнү менен куттуктоо кечеси болуп ѳттү. Иш чарада жатакананын кабаттар арасында ыр-бий, күтүүсүз суроолор боюнча сынак ѳтүп, биринчи орунду 2-кабаттын жашоочулары жеңип алышты. Кечеге студенттик жатаканалардын директору Бексултан Шабданов, тарбия иштери бѳлүмүнүн башчысы Ынтымак Касмакунов, тарых факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Келдибек Касымкулов ж.б. коноктор чакырылып, куттуктоо сѳздѳрүн айтышты.

 

Журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк Москвадагы КМШ өлкөлөрүнүн медиафорумуна катышууда

00Журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк Москва шаарында өтүп жаткан “Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүүсү” аттуу КМШ өлкөлөрүнүн медифорумуна катышууда. "КМШ өлкөлөрүндөгү медиатармактагы билим берүү системасы" деп аталган секцияда ал "Салттуу, конструктивдүү журналистикадагы баалуулуктарды сактап калуунун жана өстүрүүнүн актуалдуулугу" аттуу темада доклад жасады. Ширин Костюк өз баяндамасында технологиялык жактан өнүккөн доордо журналистиканын нравалык, моралдык аспектилерине токтолуп, коомдук аң сезимди калыптандыруудагы журналисттердин ролун жана жеке жоопкерчилигин баса белгиледи. Секцияларда бүгүнкү күндүн чоң көйгөйүнө айланган фейк же жалган маалымат маселеси да кенен талкууланды.

 

Ректор биринчи курстун студенттери менен жолугушуу өткөрдү

002022-жылдын 2-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында ректор Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин бардык факультеттеринин 1-курс студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, сөз кезегин ректорго берди. Төлөбек Абдырахманов жолугушууга келген студенттерге ыраазычылык билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду. - Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 18-июль күнү кол койгон жарлыгынын негизинде Кыргызстандагы 5 университетке өзгөчө статус ыйгарылып, биздин университет ал тизменин сап башында. Аталган документке ылайык, өзгөчө статуска ээ болгон окуу жайларга кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия берилет. 

 

Математика жана информатика факультетинде 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болду

00

2022-жылдын 1-ноябрында 6-окуу имаратындагы 126-дарсканасында математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болду. Факультет деканы Изат Усенов кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен куттуктап, алардын сапаттуу билим алышына жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушуна тилектеш экендигин билдирип, символикалуу «Сынак китепчесин» тапшырды. Студенттерди ошондой эле факультеттин окутуучулары да куттукташып, өз каалоо–тилектерин айтышты. 1-курс студенттери 4 жыл бою жакшы окуп, алган билимдери менен тажырыйбаларын Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдонууга, жаштар арасындагы достукту жана улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө, кыргыз студенттеринин салттарын көбөйтүп, аяр мамиле кылууга ант беришти.

 

Кесиптик колледжде англис тилинин жумалыгы өткөрүлдү

00

2022-жылдын 24-31-октябрь күндөрү кесиптик колледжде англис тилинин жумалыгы өткөрүлдү. Иш чаранын биринчи күнүн котормо иши бөлүмү ачып, студенттерди жана мугалимдерди англис тилин окутуунун маанилүүлүгү, актуалдуулугу, англис тилдүү өлкөлөр, алардын маданияты, адабияты жана тууралуу маалымат берүү менен эки тилге которулган чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарышты. Экинчи күнү педагогика бөлүмү тарабынан студенттер арасында “Ким күчтүү?”аталыштагы интеллектуалдык таймаш өткөрүлсө, үчүнчү жана төртүнчү күндөрү экономика жана программалоо бөлүмдөрү англис тили боюнча эки баскычты камтыган олимпиада уюштурушту.

 

Юридика факультетинин 5 студенти В.Ф.Яковлев атындагы Урал мамлекеттик юридикалык университетинде билим алууда

0

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен В.Ф.Яковлев атындагы Урал мамлекеттик юридикалык университетинин ортосунда 2022-жыдын 5-июлунда «Европа-Азия укуктук университети» Консорциумун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Аталган макулдашууга ылайык академиялык мобилдүүлүктүн алкагында, учурда юридикалык факультеттин «Юриспруденция» багыты боюнча күндүзгү окуу бөлүмүнүн 3 курсунун 5 студенти В.Ф.Яковлев атындагы Урал мамлекеттик юридикалык университетинин Эл аралык жана мамлекеттик укук институтунда билим алууда. Cтуденттер негизги шарттар менен камсыздаган.

 

7-жатаканада жашаган студенттерге режиссёр Тынчтык Бугучиевдин “Жаңы күч” тасмасы көрсөтүлдү

002022-жылдын 29-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 7-жатаканасында жашаган студенттерге режиссёр Тынчтык Бугучиевдин “Жаңы күч” тасмасы көрсөтүлүп, соңунда студенттер менен кызыктуу талкуу болду. Иш чаранын жүрүшүндө о.э. теолог, психолог, жазуучу Мамбетасан Ибраев студенттерге мыкты билим алуунун сырлары, илим изилдөө менен тилдерди үйрөнүүнүн өзгөчөлүктрү, жашоода максатты туура коюу жана ага жетүүнүн жолдору, о.э. башка көптөгөн маанилүү темалар боюнча кызыктуу сабак өтүп берди.

 

Улуттук университеттин бардык түзүмдөрүндө жана жатаканаларында ишембилик өткөрүлдү

00

2022-жылдын 29-октябрында Улуттук университеттин бардык окуу түзүмдөрүндө жана жатаканаларында ишембилик өткөрүлдү. Окутуучулар менен студенттер, о.э. кызматкерлер факультет декандары жана түзүм жетекчилери менен биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерди жалбырактардан жана башка акыр-чикирден тазалап, таштандыларды чыгарышты. Ал эми жатаканада жашаган студенттер о.э. имараттын эшик-терезелерин жууп, тазалашты. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнундө» жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлдү.

 

Улуу Британиянын өкүлү башкаруу жана бизнес факультетинин студенттери үчүн конок лекциясын өткөрдү

00

2022-жылдын 28-октябрында менеджмент кафедрасы тарабынан Президент С.Н.Жапаровдун “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуу Британиянын өкүлү Григг Самуэлдин "Эл аралык өнугүү жана эл аралык маданият байланышын бекемдөө" аттуу конок лекциясы өткөрүлдү. Самуэл мырза акыркы 2 жылда кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты менен таанышып, кыргыз тилин үйрөнүп, улуттук аспаптарда күү чертип, дастан айтып келе жаткандыгын, Кыргызстанга болгон сүйүүсүн белгилеп, келечекте аны батыш өлкөлөргө таанытаарын айтып, ой-максаттары менен бөлүшүп, биздин келечек муундарыбызга терең жана бай руханий мотивация берди.

 

Журналистика факультетинде профессор Нарцисс Шүкүралиеванын ачык лекциясы болуп өттү

00

2022-жылдын 27-октябрь күнү санариптик технологиялар борборунда саясий илимдердин доктору, Польшанын Улуу Казимир университетинин профессору, КУУнун журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү Нарцисс Шукуралиеванын ачык лекциясы болду. Сабактын башында журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк чет элдик окумуштууга салам айтып, ыраазычылыгын билдирди жана факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты ийгилик жараткан бүтүрүүчүлөрү менен дайым сыймыктанаарын баса белгиледи. "Социалдык коопсуздук контекстиндеги терроризм жөнүндөгү медиадискурс” деп аталып, онлайн форматта өткөн лекцияга факультеттин 1-, 4-курс студенттери, магистранттары жана профессордук-окутуучулар түзүмүнүн өкүлдөрү да катышты. 

 

Матфактын активисттери Райымжан Курбановдун 60 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн кечеге катышып келишти

00

2022-жылдын 27-октябрында математика жана информатика факультетинин активисттери, "Жаңы муун" дебаттык клубунун мүчөлөрү жана факультетте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген окутуучулар Т.Чыманова, Г.Элтузерова, М.Думанаева "Кыргыз тили" коомунун президенти Райымжан Курбановдун 60 жылдык мааракесине карата Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн адабий-музыкалык кечеге катышып келишти. Юбилярды КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Садык Алахан да куттуктап, Райымжан Курбанов Улуттук университеттин тилге байланыштуу иш-чараларына дайыма катышып, студенттерге өзгөчө дем-күч берерин баса белгиледи.

 

№4-жатакананын имаратын реконструкциялап, калыбына келтирүү варианттары талкууланды

00

КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу Улуттук университеттин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик ишканасынын директору Санжарбек Болотов менен жолугушту. Отурумда Манас жана Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишинде жайгашкан, азыркы учурда пайдаланылбай турган №4-жатакананын имаратын реконструкциялоо долбооруна инвестиция тартуу варианттары талкууланды.

 

МжМБ факультетинин 2 студенти күрөш боюнча эл аралык турнирлерде чемпион аталышты

00

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенти Улан уулу Деңизбек 2022-жылдын 21-октябрында күрөш боюнча Максат Абакировдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирге 80 кг салмакта катышып, 1-орунду ээледи жана ноябрь айында Алматыда болчу Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды. Ал эми 22-октябрь күнү 4-курс студенти Теңдиков Бекзат Картан Бегалиевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнирге 92 кг салмакта катышып, 1-орунду багындырды. Факультет деканы Кундуз Базакеева студенттерге мындан дагы көп жетишкендиктерге жетүүсүнө тилектеш экенин билдирип, куттуктоо сөздөрүн айтты.

 

Страница 21 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 195 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары