Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Профессор Эсенбек Мамбетакуновго “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер” наамы ыйгарылды

00Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор, физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакуновго “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер” ардак наамы ыйгарылды. Физика жана электроника факультетинин жамааты Эсенбек агайды мамлекеттик сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, агайга чыӊ ден соолук, узун өмүр, агартуу иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалайт.

 

Матфактын жамааты Бакыт Кадыровду Combat Ju-Jutsu боюнча Азиянын чемпиону болушу менен куттуктайт!

00

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2022-жылдын 8-11-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында болуп өткөн Combat Ju-Jutsu боюнча Азия чемпионатында 85кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында Combat Ju-Jutsu FULL contakt (мушташ түрү) боюнча Азиянын чемпиону аталды. Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт! КУУнун окутуучулары жана студенттери Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат!

 

Улуттук университетте Жибек-Жолу институту ачылды

00

2022-жылдын 9-сентябрь күнү №4 - окуу имаратында КУУнун алдындагы Жибек-Жолу институтунун ачылыш аземи болду. Жыйынды аталган институттун кыргыз тараптан директору Рашид Юсупов ачып, иш чаранын максаты, ага келген меймандар тууралуу кыскача маалымат берди. Институттун ачылышы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Медет Букуев, КУУнун окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров куттукташты. Жибек-Жолу институтунун кытай тараптан директору Субай Анарбек мырза окуу жайдын түзүлүш тарыхы, максаттары, абитуриенттердин кабыл алынышы, окуу-тарбия иштеринин өзгөчөлүктөрү, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, Кытайдан алынып келип, орнотулган акылдуу доска, анда иштөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу мазмундуу баяндама жасап, суроолорго жооп берди.

 

Улуттук университетте стартап-борбор ачылды

00

2022-жылдын 1-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында стартап-борборлордун жана бизнес-инкубаторлордун ачылыш аземи болуп, иш чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, о.э. ЖОЖ жетекчилери онлайн форматта катышты. Улутттук университеттин ботаникалык багындагы стартап-борбордун алдына монитор орнотулуп, анын алдында КУУнун ректору Төлөбек АбдырахмановКорея өкмөтүнүн айыл чарба боюнча программасын Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча борбордун (KOPIA) директору Ли Санг Дук мырза, проректорлор жана студенттер турушту.

 

Проректор Садык Алахан КФФ жана СГИФтин 1-курс студенттерин Билим күнү менен куттуктады

00

2022-жылдын 1-сентябрында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан №5-окуу имаратында жайгашкан кыргыз филологиясы жана социалдык-гуманитардык илимдер факультеттеринин 1-курсунун студенттери менен жолугушуп, кечээги абитуриент, бүгүнкү студенттерди Билим күнү жана Улуттук университеттин студенттеринин катарына кошулушу менен кызуу куттуктады. 1-курстун студенттерин майрамы менен о.э. кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев  жана социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Мырзабек Камчыбек уулу куттуктап, студенттерге ак жол каалап, окууларына ийгиликтерди каалашты.

 

Педагогика факультетинде 1-курс студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү

002022-жылдын 1-сентябрь күнү 6А-окуу имаратынын жыйындар залында педагогика факультетинин 1-курс студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү. Окуу жайга жаңыдан кадам таштаган студенттерди Улуттук университетте билим алып жаткан жаштардын катарына кошулушу менен факультет деканы Рахат Сулайманова куттуктап, алардын "КУУнун студенти" деген наамга татыктуу билим алып, кесибин суйгон мыкты мугалим, коомдун татыктуу инсандарынан болушуна тилектеш экендигин билдирди. Студенттерге өз каалооо-тилектерин о.э. факультеттин профессордук-окутуучулар курамынын өкүлдөрү да айтышып, аларга ак жол каалашты. Жолугушуу жалпы сурөткө түшүү менен аяктады.

 

Профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабековдун Билим күнү менен куттуктоосу

00Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамаатын, окутуучу-профессорлор курамын, биздин сүйүктүү студенттерибизди жаңы окуу жылынын башталышы, билим майрамы болгон күздүн алгачкы күнүндөгү 1-сентябрь майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Бул окуу жылында окуу жайыбызда көп жетишкендик, ийгилик болуп, илим-билим тармагында ишибиз алга жылып, зор ийгиликтерге жетишели. Жаңы ректордун келиши менен университетте жаңы, жакшы иштер аткарылып, өлкөнүн эң мыкты университети аталып, алдыда болобуз деген жакшы ниеттебиз. Майрамыңыздар менен!

 

Мамлекеттик сыйлыгыңыздар кут болсун, урматтуу кесиптештер!

00

Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу Улуттук университеттин бир катар кызматкерлери “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” жана “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак наамдарына татыктуу болушту. Алар:

 

Математика жана информатика факультетинин доценти Бактияр Рахманкулов "Ыйык тил" төш белгиси менен сыйланды

00Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкуловду мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу "Кыргыз тили" коомунун "Ыйык тил" төш белгисине ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден-соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.

 

Математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усеновдун куттуктоосу

00

Урматтуу Төлөбек Абылович! Сизди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы жана  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалышыӊыз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сиздин жоопкерчиликтүү ишиӊизге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Сиздин жетекчилигиниздин алдында Улуттук университеттин коллективи жаны бийиктиктерди багынтат.

 

Чет тилдер факультетинин доценти Замира Мамбетова Вена университетинде болуп өткөн иш чараларга катышып келди

00Чет тилдер факультетинин доцентиКыргызстандагы немис тилчи мугалимдери коомунун жетекчиси Замира Мамбетова жетектеген делегация 14-20-август күндөрү Австрия өлкөсүнүн Вена университетинде болуп өткөн иш чараларга катышып келди. 14-августта  Бүткүл дүйнөлүк немис тилчи мугалимдеринин жетекчилеринин жыйыны болуп, анда 102 мамлекеттен келген өкүлдөргө  уюштуруучулар Эл аралык немис тилчи мугалимдеринин уюму аткарган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берип, уюмга жаңы мүчө болуп киргендерге добуш берилди. Жыйында о.э. Германиянын Любек шаарында 2025-жылы өткөрүлүүчү XVIII эл аралык конгрессти уюштуруучулар менен тааныштыруу маселелери каралды.

 

Финансы кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин кандидаты Ибраимова Алтын Арисовна мезгилсиз дүйнө салды

00

Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин жамааты финансы кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин кандидаты Ибраимова Алтын Арисовнанын мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготууну тең бөлүшөт. Кайрат кылыңыздар! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко, акырети абад болсун. Жараткан жайын жаннаттан кылсын!

 

Ректор 2, 6А-окуу имараттары жана КМЮУда жайгашкан түзүмдөр, о.э. 7,5-жатаканалар менен таанышты

002022-жылдын 29-август күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов №2-окуу имаратында жайгашкан юридика факультетиндеги, №6А-окуу имаратында жайгашкан педагогика факультети менен кесиптик колледждеги жана Президенттин жарлыгы менен КУУнун курамына кошулган Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетиндеги дарсканалар, компьютердик класстар жана техникалык каражаттар менен таанышып, педагогикалык курам менен жолугушту. Ал о.э. №7 жана №5-жатаканаларга барып, студенттерге түзүлгөн шарттар жана имараттардын абалы менен таанышты. Кыдыруунун жүрүшүндө жаңы окуу жылына карата даярдык жана айрым маселелер тууралуу ректорго окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев, о.э. факультет декандары менен түзүм жетекчилери маалымат беришти.

 

Ректор 7, 3, 6 - окуу имараттарында жайгашкан түзүмдөр менен таанышты

002022-жылдын 26-августунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов башкы имаратта жайгашкан тарых жана чөлкөм таануу, №7-окуу имаратында жайгашкан адистерди кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу, №3-окуу имаратында жайгашкан медицина, №6-окуу имаратында жайгашкан физика жана электроника, математика жана информатика, география, экология жана туризм, биология, химия жана химиялык технология факультеттериндеги дарсканалар, компьютердик класстар жана техникалык каражаттар менен таанышты. Ал о.э. аталган имараттарда жайгашкан башка түзүм жетекчилери менен да жолугушту.

 

Проректор Садык Алахан Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Келечек" жаштар форумуна катышууда

00

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан менен тарбия иштер бөлүмүнүн башчысы Ынтымак Касмакунов 25-август күнү Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда башталган "Келечек" жаштар форумуна катышууда. Иш чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун жалындуу сөзү менен ачылган соң, чоң жыйындын катышуучуларын өлкөбүздүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Евразия экономикалык Комиссиясынын коллегиясынын Михаил Мясникович куттукташты.

 

Ректор ботаникалык бакта, 8, 5, 4, 1 - окуу имараттарында жана 9-жатаканада жайгашкан түзүмдөр менен таанышты

002022-жылдын 25-август күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов экономика, башкаруу жана бизнес, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультеттери жана тилдерди үйрөтүү борбору жайгашкан №8-окуу имаратындагы, социалдык-гуманитардык илимдер, кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы, чет тилдер факультеттери жайгашкан №5-окуу имаратындагы, кыргыз-кытай факультети менен Конфуций институту жайгашкан №4-окуу имаратындагы, журналистика, кыргыз-европа, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультеттери жайгашкан №1-окуу имаратындагы дарсканалар, компьютердик класстар жана техникалык каражаттар, о.э. ботаникалык бак менен №9-жатаканада жайгашкан университеттин түзүмдөрү менен терең таанышып чыкты.

 

Абдырахманов Төлөбек Абылович Улуттук университеттин ректору болуп дайындалды (видео + жарлык)

002022-жылдын 23-августунда башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун жаңы ректорун жамаатка тааныштыруу аземи болуп өттү. Жыйындын башында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мурдагы ректор Канат Садыков университетте 5 жылдан ашуун убакыт жигердүү эмгектенгенип, бир катар ийгиликтерге жетишкендигин белгилеп, ыраазычылык билдирүү менен "Кызматтык милдеттерин ак ниет аткарып, жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн КУУнун ректорунун м.у.а. Канат Садыков Президенттин энчилүү сааты менен сыйлансын" деген мамлекет башчысынын жарлыгын окуп, аталган сыйлыкты тапшырды. Андан кийин ал Абдырахманов Төлөбек Абылович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен тааныштырып, жаңы ректор тууралуу кыскача маалымат берди.

 

Жаңы окуу жылы качан башталат?

00

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун 2022-жылдын 19-август күнү жогорку окуу жайлардын жетекчилерине жөнөткөн катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №425-токтомунун негизинде Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарында жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталат.

 

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 5-туру жыйынтыкталды

002022-жылдын 17-августь күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темировдун катышуусу менен КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда бакалавриат менен магистратуранын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 5-туру жыйынтыкталды. Факультет декандары интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондордун жана категориялар боюнча бөлүнгөн квоталардын саны тууралуу маалымат берип, аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Профессор Бекболот Канетов Чехиядагы ири симпозиумда баяндама жасады

00

Алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Бекболот Канетов 2022-жылдын 24-29–июлунда Чехиянын Прага шаарында өткөн 13–топологиялык ири симпозиумдун (TOPOSYM-2022) ишине катышып келди. Илимий жыйында ал “Selection Principles in Uniform Topology” деген темада жарым сааттык баяндама жасап, 1983-жылы Карлов университетинин физика жана математика факультетинин илимий семинарында белгилүү чех математиги Зденек Фролик койгон “Униформизациялоо” проблемасынын тандоо принциптеринин теориясында чечилиши жөнүндө кененирээк сөз кылды. Баяндама зор кызыгууну жаратып, проблеманын чечилиши жөнүндө бул тематика менен илимий иштерин жүргүзгөн Мексикалык, Россиялык, Кореялык, АКШ, Израилдик математиктер оң пикирлерин айтышты.

 

СГИФтин окутуучулар курамы «Синегорье» пансионатында болуп өткөн эл аралык илимий практикалык конференцияга катышты

00СГИФтин окутуучулар курамы 2022-жылдын 8-11-августунда Ысык-Көлдөгү «Синегорье» пансионатында болуп өткөн «Адамдын бакубаттуулугун изилдөөдөгү дисциплиналар аралык мамиле" аттуу эл аралык илимий практикалык конференцияга катышты. Онлайн жана офлайн форматта өткөн иш чараны Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети жана Ж.Баласагын атындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурду. Конференциянын өнөктөштөрүнүн катарында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Бухара психология жана чет тилдер институту болду. Ачылыш сөзүн Россия билим берүү академиясынын мүчө-корреспонденти, психология илимдеринин доктору, профессор Сыманюк Э.Э., ал эми саламдашуу сөздөрүн Б.Н.Ельцин атындагы УрФУнун ректору Кокшаров В,А.Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социалдык гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек жана Б.Н.Ельцин атындагы УрФУнун эл аралык байланыш проректору Тушин С.Г. айтышты.

 

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды

002022-жылдын 10-августь күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаевдин катышуусу менен КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда бакалавриат менен магистратуранын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды. Факультет декандары интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондордун жана категориялар боюнча бөлүнгөн квоталардын саны тууралуу маалымат берип, аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Профессор Бекболот Канетов Стамбулдагы илимий конференцияга катышты

02022–жылдын 20-24–июлунда алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Б.Э.Канетов “face to face’ форматында Стамбул шаарындагы Малтепе университетинде өткөн математика илимдери боюнча 6–эл аралык конференцияга катышып, “On Countably Uniformly Paracompact Mappings” жана “On Hewitt Real Compactification of Uniform Space” аталыштардагы эки баяндаманы жасады. Баяндамалар зор кызыгууну жаратып, кеңири талкууланды жана алардын кол жазмалары конференциянын илимий комитетинин чечими менен “AIP Conference Proceedings” журналына кеңейтилген тезис катары, ал эми кол жазмалардын кеңейтилген жана толукталган варианттары “Filomat” журналына илимий статья катары жарык көрүшүнө сунушталды.

 

Улуттук университетке Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу келди

002022-жылдын 5-август күнү Улуттук университетке Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу келип, окуу жайдын ботаникалык багындагы технопарк менен таанышты. КУУнун ректору Канат Садыков ботаникалык бактагы Түштүк Корея өкмөтүнүн айыл чарба боюнча программасын Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча ачылган борбордо (KOPIA) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн инновациялык технологиялары, күнөсканадагы топуракты даярдоо жана тамчылатып сугаруу системасы жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча КУУнун Enactus командасы тарабынан иштелип чыккан стартап-проекттер тууралуу айтып берди. 

 

Страница 25 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 160 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары