Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды

00

2022-жылдын 3-августунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда бакалавриат менен магистратуранын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды. Жыйынды КУУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, ректор Канат Садыков алып барды. Факультет декандары интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондордун жана категориялар боюнча бөлүнгөн квоталардын саны тууралуу маалымат берип, аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды

00

2022-жылдын 27-июль күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда бакалавриат менен магистратуранын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Жыйынды КУУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров алып барды. Факультет декандары интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондордун жана категориялар боюнча бөлүнгөн квоталардын саны тууралуу маалымат берип, аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Проректор Бекжан Темиров карате боюнча Кыргызстандын чемпиону Нурмухаммед Ташмаматовду кабыл алды

00

2022-жылдын 25-июлунда окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров карате боюнча Кыргызстандын чемпиону, белгилүү теле алып баруучу Максим Галкиндин “Лучше всех” теле-шоусунун катышуучусу (2017), нунчактардын жардамы менен теннис шарларын уруп кайтаруу боюнча “Я почти знаменит” теле-берүүсүнүн чемпиону (2021), “Кыргызстандын Брюс Лиси”, 12 жаштагы Нурмухаммед Ташмаматовду жана анын продюсери, "Марва ТВ" каналынын продюсери Темирлан Акматовду кабыл алды. Нурмухаммед карате менен 3 жашынан бери машыгып келатканын, “Лучше всех” берүүсүнө катышкандан кийин “№7” спорттук фильминде роль аткарганын, Брюс Лиге кантип кызыгып калганы жөнүндө айтып берди.

 

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды

002022-жылдын 20-июль күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Жыйынды КУУнун ректору Канат Садыков ачып, катышуучуларга президент Садыр Жапаровдун айрым университеттерге өзгөчө макам берүү тууралуу жарлыгы жөнүндө кыскача билдирүү жасап, аны ишке ашыруу багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Андан кийин, факультет декандары интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондордун жана категориялар боюнча бөлүнгөн квоталардын саны тууралуу маалымат берип, аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

КУУда кесиптик колледж менен Оштогу ОКББ бөлүмүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы чыгарылды

00

2022-жылдын 19-июлунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада гранттык комиссиясынын отуруму болуп, КУУнун кесиптик колледжине жана Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы чыгарылды. Онлайн жана оффлайн режимде өткөн жыйында кесиптик колледждин директору Аскар Акматов менен Оштогу гуманитардык-табигый илимдер факультетинин деканы Каныбек Абдуганиев тигил же бул багыттарга тапшырган  (катталган) абитуриенттердин саны, 9-классты бүтүрүү күбөлүгүндөгү орточо баалары тууралуу маалымат беришти. Жыйынга КУУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров катышып,  тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Улуттук университет өзгөчө макам берилген жогорку окуу жайлардын сап башында

00

Бул тууралуу 2022-жылдын 18-июль күнү өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкта айтылат. Аталган документке ылайык, кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине берилди.

 

Тарых факультетинин жаш окумуштуулары Алтай мамлекеттик университети уюштурган эл аралык жайкы мектепке катышып келишти

00

Алтай мамлекеттик университетинин "Улуу Алтайдын түрк дүйнөсү" эл аралык илимий-билим берүү долбоорунун алкагында Чарыш аймагындагы  "Көк аска" базасында жаш окумуштуулар-археолог, түркологдордун жана алтайисттердин "Улуу Алтайдын археологиясы, тарыхы жана географиялык ар түрдүүлүгү" деген аталыштагы II эл аралык жайкы мектеби болуп өттү. Ага Россиянын, Кыргызстандын жана Казакстандын 10дон ашык университетинен  40ка жакын жаш окумуштуулар катышты. Аталган мектепке тарых жана чөлкөм таануу факультетинин магистрантары жаш окумуштуулары Касымкулов Келдибек, Ырысбеков Арген, Шейшенов Айдар жана Эмил уулу Арген барып келишти.

 

Матфактын жамааты Бакыт Кадыровду Дүйнѳ кубогунда «Мыкты мушкер» наамын жеңип алышы менен куттуктайт!

00Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2022-жылдын июнь айында Туркиянын Бурса шаарында  болуп өткөн Алпагут күрѳшү боюнча Дүйнѳ кубогунда 80 кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында «BATUR" (мушташ түрү) жана "GURSHAG" (грепплинг күрѳшү) түрлөрү боюнча 1-орундарды ээледи. Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны Дүйнѳ кубогунда  алтын медалдардын ээси болушу жана «Мыкты мушкер» наамын жеңип алышы менен чын жүрѳктѳн куттуктайт!

 

Профессор Бекболот Канетов Сербиядагы эл аралык илимий конференцияда баяндама жасады

002022-жылдын 27-июнунан 4-июлуна чейин алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Бекболот Канетов Сербиянын Врнячка Баня курортунда Кружевак, Белград жана Нищ университтетери биргеликте өткөргөн “Анализ, топология жана колдонуштары” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты. Иш чаранын ачылышында Сербиянын Билим жана илим министри, Врнячка Баня шаарынын мэри, Кружевак университетинин ректору, Сербия илимдер академиясынын академиктери жана башкалар чыгып сүйлөштү. Алардын катарында КУУнун профессору да куттуктоо сөзүн айтты.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окумуштууларынын илимий эмгектери өзүнчө журнал болуп чыга баштады

00Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окумуштууларынын илимий эмгектери өзүнчө журнал болуп чыга баштады. Аталган журналдын 11-саны Улуттук университеттин 90 жылдыгына арналса, 12-саны тарых илимдеринин доктору, Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору Жакыпбеков Жаныбек Жакыпбековичтин 75 жылдыгына арналган "Кыргызстандын тарыхынын жана тарыхнаамасынын актуалдуу маселелери" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдарын камтыйт. Факультет деканы Туратбек Сырдыбаевдин айтымында, басылманы чыгаруучулардын журналды РИНЦте каттоо максаты бар.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулованын китеби Москва эл аралык билим берүү салонунда көрсөтүлдү

 002022-жылдын 29-30-апрелинде Москва шаарында илим жана билим берүүнүн маанилүү маселелерине арналган "Москва эл аралык билим берүү салону" болуп, анын офлайн-жыйыны «Цифровое деловое пространство» мекемесинин (Покровка) имаратында, ал эми онлайн көргөзмөсү «ММСО. Коннект» платформасында өттү. Г.Жаманкулованын «Алтай тектүү эллдердин цивилизациясы» аттуу эмгегинин актуалдуулугу жана педагогикалык маанилүүлүгү эске алынып, ММСО-2022 эл аралык форумуна коюлду: «В рамках реализации решений Президиума РАЕ по содействию информационной поддержки учёных и преподавателей, а также учитывая актуальность и научную значимость, Ваша научная разработка Джаманкулова К.Т. «Цивилизация народов алтайского происхождения» была отобрана для представления и обсуждения на Московском международном салоне образования 2022».

 

Ректор кабыл алуу комиссиясынын даярдыгы менен таанышып чыкты

002022-жылдын 4-июль күнү КУУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, ректор Канат Садыков 6-окуу имаратынын фойесинде жайгашкан кабыл алуу комиссиясына барып, ал жердеги даярдык иштери менен таанышып чыкты. Быйыкы абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясына даярдык жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу ректорго аталган комиссиянын жооптуу катчысы Изат Усенов маалымат берди. Иш чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректорлору жана факультет декандары катышты.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002022-жылдын 29-июнь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "Жаңы окуу жылына даярдык актысын бектитүү жөнүндө" жана башка маселелер каралды. Онлайн жана оффлайн форматта өткөн жыйындын башында ректор "Физиканы окутуунун технологиясы жана табият таануу" кафедрасынын доценти Бердибек Жумабаев менен профсоюз комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Ивановго "Жусуп Баласагын атындагы төш белги" тапшырды.

 

Педагогика факультетинде “Университет окутуучусунун кесиптик педагогикалык компетенттүүлүктөрү” аттуу семинар болду

00

2022-жылдын 27-июнунда педагогика факультетинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы Акматали Алимбеков жогорку окуу жайдын окутуучулары үчүн “Университет окутуучусунун кесиптик педагогикалык компетенттүүлүктөрү” аттуу семинар өттү. Иш чарага Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Кыргызстан  эл аралык университетинин, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин, № 98-коммуникация жана маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин окутуучулары жана Сокулук районундагы Ихлас эл аралык орто мектебинин мугалимдери катышышты.

 

Университеттин пансионатында “Ысык-Көл кечтери” фестивалы өтүүдө (видео менен толукталды)

06

2022-жылдын 25-июнунда Улуттук университеттин Бостери айылындагы пансионатында “Ысык көл кечтери” аттуу фестиваль башталды. Маданий- спорттук иш чара университеттин 90 жылдыгына арналып, президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарын турмушка ашыруу максатында өткөрүлүүдө. Фестивалды Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Алахан менен И.Раззаков атындагы КМТУнун өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Жыргалбек Сыдыков ачышып, өткөрүлүп жаткан иш чара жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты жана достукту бекемдээрин белгилөө менен катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2022-жылдын 17-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "КУУдагы мамлекеттик тилдин абалы жана 2021-22-окуу жылында аткарылган иштер", "КУУнун ректорун шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы" жөнүндө жана башка маселелер каралды. Жыйындын башында ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, профессор Садык Алахан баяндама жасады.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн тегерек столдун пленардык жыйынында баяндама жасады

00022-жылдын 14-июнунда М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү кафедрасы уюштурган «Центральная Азия – ключевое звено великого шелкового пути» аттуу тегерек столго катышып, пленардык жыйында «Город Суяб на Великом Шелковом пути в период древности» деген темада баяндама жасады. Иш чарага Франциия, Кытай, Турция, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстандан окумуштуулар жана аталган университеттин окутуучулары, аспиранттары жана магистранттары катышты. 

 

Тарых факультетинин студенттери менен проректор Садык Алахан Санкт-Петербургда өткөн иш чарага онлайн катышты

002022-жылдын 9-июнь күнү тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Назира Момошеванын жетекчилиги менен факультеттин студенттери Санкт-Петербургдун атактуу Таврия дворецинде өткөн КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын парламенттер аралык форуму уюштурган "КМШдагы студенттик кызматташтык" деп аталган иш чарага онлайн катышып, өз ойлорун ортого салышты. Орусиянын белгилүү коомдук ишмерлери, окумуштуу илимпоздору, КМШнын ЖОЖдорунун өкүлдөрү катышкан бул иш чарага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан да катышты.

 

“Баласагын ТВ” студиясынын чыгармачыл тобу профессор Т.Маразыков тууралуу фильм даярдады

00

Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясында кыргыз филологиясы факультетинин профессору Т.С.Маразыковдун илимий ишмердүүлүгүнө арналган “Устаттын улуу жолу” аттуу кыска метраждуу тасма даярдалып, ал УТРКнын эфиринде көрсөтүлмөй болду. Аталган фильм профессордун 2021-жылы Улуттук илимдер академисынын корреспондент-мүчөсү окумуштуулук наамын алышына арналган. Тасма телерадиожурналистика кафедрасынын доценти З.Алымбаева, улук окутуучу С.Есенкулова, улук окутуучу Л.Калчаева жана телестудиясынын адиси Токтобек уулу Эрлан мүчө болгон чыгармачыл топ тарабынан тартылды.

 

“Баласагын ТВ” студиясында тартылган чыгармачылык иштер УТРКнын эфиринен көрсөтүлөт

00

Журналистика факультетинин “Телевидение” багытынын 4-курс студенттери квалификациялык иштерин ийгиликтүү жакташты. Жыйынтыгында, ТПиВ(б)-1-18 тайпасынын студенттери К.Аскарованын  жана  Э.Арстанбекованын чыгармачылык иштери А.Т.Касымалиев төрагалык кылган Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын чечими менен УТРКнын эфиринен көрсөтүүгө сунушталды. Сунушталган эмгектер өз кезегинде УТРКнын жетекчилиги тарабынан жактырылып, Улуттук университеттин журналистика факультетинин  тарыхында биринчи жолу Улуттук телевидениенин эфирине чыгат.

 

Геофактын окутуучулары менен студенттери Ала-Арча капчыгайындагы "Улуттук университет" чокусуна (4070 м) чыгып келишти

002022-жылдын 2-5-июнь күндѳрү география, экология жана туризм факультетинин окутуучулары: доцент Жумашев К. (СССРдин альпинисти), ага окутуучу Асенгемир А.В (тоо туризминин инструктору, альпинист КР) окутуучу Кенжебек у. Асанбек (альпинист КР) жана лаборотория башчысы Муханбет у. Сыймык факультеттин студенттери менен биргеликте Ала-Арча капчыгайындагы Ураган-Жардын эң бийик жери "Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети" чокусуна (4070 м) чыгып келишти. Иш чара катышуучулар үчүн эстен кеткис кѳз ирмемдерди тартуулады. Эскерте кетсек, туризм жана рекреациялык география кафедрасынын окутуучулары 2012-жылы КУУнун 80 жылдык урматына Улуттук университеттин аталышы жазылган тактаны аталган чокуга илип келишкен. 

 

КУУнун студенттери БШК уюштурган семинарга катышты

002022-жылдын 7-июнунда Улуттук университеттин студенттери жаштар иштери боюнча сектордун координатору Абдыбекова Айжан менен бирге Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн “Германиядагы жана Кыргызстандагы шайлоо укугу” деген семинарга катышып келишти.  Иш чарада адар шайлоо боюнча көптөгөн маалыматтарды алышып жана ошондой эле суроо узатышып канааттандыраарлык жооп алышты. Жыйындын уюштуруучулары келген конокторго жана студенттерге кофе-брейк кылып беришти.

 

Матфактын студенти ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн эл аралык олимпиадада 2-орунду ээледи

00

2022-жылдын 7-июнь күнү математика жана информатика факультетинин 2-курс студенти Чоробек уулу Тилек М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университеттин 25 жылдыгына арналган ЖОЖдор аралык эл аралык студенттик олимпиадада математика боюнча байгелүү 2-орунду ээлеп, "Компьютердик сабаттуулук" курсуна бекер окутуу сертификаты жана 2-даражадагы диплом менен сыйланды. Факультеттин жетекчилиги өз студентин бул ийгиликтери менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы окуудагы албан-албан ийгиликтерди каалайт. Белгилей кетсек, олимпиаданын 1-туру онлайн форматта болуп, ага 70 студент катышкан жана  2-турга 24 студент жолдомо алган.

 

АГТжЖМО кафедрасынын окутуучулары менен студенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты

00

2022- жылдын 7–июнунда математика жана информатика факультетинин алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын эмгек жамааты жана студенттери кафедра башчысы Бекболот Канетовдун демилгеси менен «Ата–Бейит» мемориалдык комплексине барышып, 1916-жылкы Үркүн каргашасында каза болгондорго, 1930–1937– жылдардагы репрессияга кабылгандарга, заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айматовго жана 2010–жылы Апрель революциясынын баатырларына куран окушуп, эстеликтерине таазим этип, гүлдестелерди коюшту.

 

Страница 26 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 156 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары