Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

“Манас өргөсүндө” акын Нарсулуу Гургубай менен жолугушуу болду

00

2022-жылдын 25-апрелинде №5-окуу имаратындагы “Манас өргөсү” жыйындар залында азыркы кыргыз поэзиясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири, таланттуу акын Нарсулуу Гургубай менен жолугушуу болду. Иш чара Нарсулуу Гургубай менен Нуриза Өмүрбайдын жакында гана басылып чыккан “Кат турмуш” деген жыйнагы тууралуу сөз менен башталып, китепте көркөм баяндалган окуялар, образдар, турмуш чындыгы тууралуу автордун кызыктуу баянынан соң катышуучулар жыйнак тууралуу көптөгөн суроолоруна автордон жоопторду алышты. Андан ары ыр майрам Нарсулуу Гургубайдын өз ырларын өзүнүн окуусунда улантылып, бул учур да катышуучулардын суроолору, акындын кызыктуу жооптору менен коштолду.

 

Матфактын студенттери "Гавайиге" барып келишти

00

2022- жылдын 24-апрель күнү математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери Чүй өрөөнүндө жайгашкан "Гавайи" эс алуу паркына барып келишти. Аталган паркта эс алуу үчүн бардык шарттар бар экенин көргөн студенттерде Гавайиден алыс эмес жайгашкан "Бурана" комплексинде да заманбап шарт түзүү зарыл экендиги жөнүндө ой туулду. Иш чаранын негизги максаты - студенттердин бош убактысын маданий эс алуу үчүн туура колдонуу болчу.

 

КУУнун студенттери Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлуп жаткан “Коркут ата” спектаклин көрүп келишти

00

2022-жылдын 22-апрелинде КУУнун студенттери тарбия иштери боюнча бөлүмдүн координатору Абдыбекова Айжан менен бирге Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлуп жаткан “Коркут ата” спектаклин көрүп келишти. Студенттер көшөгөнүн ачылышын чыдамсыздык менен күтүп, спектакль башталганда анын каармандары менен кошо кубанып же кайгырып, өздөрүн болуп жаткан окуя менен аралашып жүргөндөй сезим алышты. Иш чаранын максаты - студенттердин жан дүйнөсүн маданий, руханий, эстетикалык жактан калыптандырып, кыргыз элине татыктуу инсандарды тарбиялоо болду.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери менен окутуучуларынын ортосунда кичи-футбол боюнча таймаш өткөрүлдү

00

2022-жылдын 23-апрель күнү тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери менен окутуучуларынын ортосунда кичи-футбол боюнча “Ынтымак” таймашы өткөрүлдү. Оюдун максаты - студенттерди спортко, дени сак жашоого жана ынтымак менен биримдикке чакыруу болду. Таймаштын жыйынтыгында биринчи орунду окутуучулар командасы, экинчи орунду И(б)-1-19 тайпасынын командасы, ал эми үчүнчү орунду ИК(б)-1-19 тайпасынын командасы багындырды. Мындан тышкары, мыкты оюн көрсөткөн футболчулар сертификаттар менен сыйланышты.

 

КУУнун профессорлору Нурлан Ахметова менен Гүлжамал Жаманкулова эл аралык илимий форумга катышты

00

2022-жылдын 22-апрелинде «Ал-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Дүйнөлүк илим жана ааламдашуу, санариптик трансформация доорундагы заманбап чакырыктар» аттуу эл аралык илимий форум болуп өттү. Маанилүү иш-чарага Улуттук университеттен факультеттер аралык орус тили кафедрасынын башчысы Нурлан Ахметова менен кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова катышты. Жыйында мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касмамбетов Президенттин кайрылуусун окуп, "илим чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык илим менен билимди кеңейтүү үчүн гана эмес, дүйнө элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү арттыруу үчүн да маанилүү" экенин белгиледи.

 

Май майрамдарында кандай эс алабыз?

00

КУУнун ректору Канат Садыков 2022-жылдын 19-апрель күнү кол койгон №131-буйрукка ылайык 4-май - иш күнү 30-апрель - эс алуу күнүнө, 6-май - иш күнү 14-май - эс алуу күнүнө которулуу менен 1-9 - май Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлери үчүн эс алуу күндөрү болуп жарыяланды. Аталган буйрук Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин негизинде чыгарылды. Майрам күндөрү университеттин өрт коопсуздугун, мүлкүн жана материалдык баалуулуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн атайын кызматтардын нөөмөт жүгүртмөсүн бекитүү административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаевге жүктөлдү.

 

Социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы Абдыкайим Жусубалиев “Мыкты лекция” сынагына катышты

00

2022-жылдын  22-апрелинде КУУнун окутуучу-профессорлоруна жарыяланган мамлекттик тилде окулган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагынын алкагында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы, доцент Абдыкайим Жусубалиев “Эвтаназия жана өмүрдү колдоо этикалык маселе катары” темасы боюнча лекция окуду. Иш чарага мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова, академиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн адиси Фарида Төлөбаева жана атыйын сынакка түзүлгөн комиссия катышты. 

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

02022-жылдын 22-апрель күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "Кышкы сессиянын жыйынтыгы жөнүндө", "1-апрелден баштап КУУнун кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү жөнүндө" жана башка маселелер каралды. Онлайн жана оффлайн форматта өткөн жыйындын башында ректор кыргыз филологиясы факультетинин профессору Шаршеев Ниязбек Токомбаевичти 80 жаш кутман курагы менен куттуктап, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын №70-номерлүү төш белгисин тапшырды.

 

Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин 1-курс студенттери ишембиликке чыгышты

002022-жылдын 22-апрелинде маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин 1-курс студенттери окуу жайдын аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында  ишембиликке чыгып, башкы имараттын айланасындагы факультетке бөлүнгөн аймакта тазалоо иштерин жүргүзүп, таштандыларды чыгарышты.

 

Матфактын 1-курс студенттери «Күйөө бала» спектаклин көрүп келишти

00

2022-жылдын 21-апрель күнү математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери кыргыз тилчи Гүлзина Элтузерова менен бирге Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлуп жаткан «Күйөө бала» спектаклин көрүп келишти. Өзбек адабиятынын классиги Саид Ахмаддын бул күлкүлүү комедиясы шайырдыгы, иллюстрациясы жана актёр, актрисалардын жогорку чеберчилиги менен студенттердин маанайын көтөрүп, көӊүлүн көтөрдү. Кыргыз элинин, башка маданияттардын нарк-насили, каада-салты менен таанышып, салыштырып, пайдалуу жактарын өз турмушунда колдоно билүү компетенциясына ээ кылууда театрдын салымы зор.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 1-курс студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты

002022-жылдын 21-апрелинде мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 1-курс студенттери доцент Джумабаев Мирлан менен биргеликте Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты. Алар кыргыз парламенти жайгашкан имараттагы кичи жыйындар залы, окуу залы менен таанышып, депутат Марлен Маматалиевдин консультанттары менен жолугуп баарлашышты. Иш чарага факультеттин студенттик кеңешинин төрайымы Асилбекова Ыхвалай да катышты. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Кадыр уулу Алмаз тарабынан уюштурулган иш чара  студенттерге күчтүү таасир калтырды.

 

Чет тилдер факультетинин доценти Замира Мамбетова “Мыкты лекция” сынагына катышты

00

2022-жылдын  19-апрелинде КУУнун окутуучу-профессорлоруна жарыяланган  мамлекттик тилде окулган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагынын алкагында чет тилдер факультетинин доценти Замира Мамбетова "Тил илиминин негиздери" сабагынан “Тилдерди үйрөтүүдө санариптештирүү тиркемелерин колдонуп сабак өтүү” темасында лекция окуду. Иш чарага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова жана атайын сынакка түзүлгөн комиссия катышты.

 

Геофактын 4-курс студенттери Жогорку Кенештин депутаттары Б. Сыдыков, Г. Молдобекова жана К.Талиева менен жолугушту

00

2022-жылдын 19-апрель күнү география, экология жана туризм факультетинин экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын ага окутуучусу Кымбат Кулназарова “География” багытынын 4-курс студенттерин “Саясий география жана геосаясат” дисциплинасынын алкагында практикалык иш чара катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине алып барды. Улуттук университеттин студенттери парламент мүчөлөрүнүн кезектеги жыйынына катышып, депутаттар Бактыбек Сыдыков, Гүлкан Молдобекова жана Камила Талиева менен жолугушту.

 

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жамааты КР Баатыры Алиясбек Алымкулов менен жолугушуу өткөрдү

00

2022-жылдын 18-апрель күнү социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин студенттери менен окутуучулары башкы имараттагы кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, "Ак шумкар" өзгөчө белгисинин ээси Алиясбек  Алымкулов менен жолугушуу өткөрдү. Иш чараны КУУнун ректору Канат Садыков ачып, катышуучуларга кызыктуу маек каалады. Алиясбек  Алымкулов тарыхый изилдөөлөргө арналган “Элдик революция” деген эмгеги жөнүндө айтып, китепте 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн тарыхый окуялар, элдик революциянын баатырлары жана каармандары, революциянын чыгуу себептери чагылдырылганын билдирди.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенти Ат-Башы районунда интеллектуалдык оюн өткөрүп келди

00

2022-жылдын 16-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин 2-курс студенти Сыдыков Канат өзү туулуп өскөн Ат-Башы районундагы К.Карпеков атындагы орто мектебинде “Окурман муун” аталышындагы интеллектуалдык оюн өткөрүп келди. 9-10-11-класстардын окуучулары катышкан акыл таймашта кыргыз тили, кыргыз адабияты жана Кыргызстандын тарыхы боюнча суроолор берилип, жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй сыйлыктар берилди: 1-орун: “Секом” окуу борборунан 30% жеңилдетилген сертификат жана китептер, 2-орун: бир сынак тестке (пробный тест) жолдомо сертификаты жана китептер, 3-орун: “Секом” окуу борборунун жана факультеттин китептери.

 

Матфактын студенти ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн Универсиадада жеңил атлетика боюнча коло медалды жеңип алды

00

Математика жана информатика факультетинин 1-курс студенти Алымбеков Амир Жогорку окуу жайлар аралык универсиаданын алкагында 2022-жылдын 14-15-апрель күндөрү болуп өткөн жеңил атлетика боюнча мелдешке катышып, 3-орунду ээледи жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментинин 3-даражадагы диплому жана коло медаль менен сыйланды. Факультеттин жетекчилиги өз студентин бул ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

Кыргыз улуттук университети менен Өзбек улуттук университетинин делегациясы Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугушту

0

Курамында Мирзо Улугбек атындагы Өзбек улуттук университетинин окуу иштери боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Шухрат Амонович Тошматов, окуу-усулдук камсыздоо жана билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Равшан Курбанмуратович Мусурманов, гидрометеорология факультетинин гидрология кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору Фазлиддин Хикматов жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Жалилович Садыков, ректордун кеңешчиси Калнур Ормушев болгон делегация Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви менен жолугушту.

 

Матфактын студенттери «Бурана» комплексине экскурсияга барышты

00

2022-жылдын 17-апрель күнү математика жана информатика факультетинин студенттери ысымын Улуттук университет алып жүргөн улуу илимпоз Жусуп Баласагын жашаган шаардын тарыхын билүү үчүн «Бурана» архитектуралык музей комплексине экскурсияга барышты. Комплекстин менеджеринен студенттер «Бурана мунарасы» - Баласагын шаарында жайгашканын жана Караханийлер дооруна таандык тарыхий-архитектуралык эстелик экенин билишти. 31-май - Улуттук университеттин күнүн майрамдоо алкагында өткөрүлгөн иш чара учурунда студенттер эс алуу менен гана чектелбестен, комплекстин айлана-чөйрөсүн да тазалыкка келтиришти.

 

Чет тилдер факультетинин студенттери “Аялдар кеңеши" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган форумга катышты

00

2022-жылдын 16-апрелинде чет тилдер факультетинин 2-курс студенттери Калдыбаева Бегимай менен Назарбекова Бибимариям  "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмеси тарабынан “Парк-Отель” мейманканасында өткөрүлөн “Аялдар жана жаштар тамекиге каршы” деген темадагы форумга катышты. Жогорку окуу жайлардын активдүү студенттери катышкан иш чарага КУУнун студенттери активдүү катышып, сертификатка татыктуу болушту. Алар коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти менен тыгыз байланышта болуп, иш алып барышты.

 

ЭАМжЧТ факультетинин студенттери “Евразиялыктар - жаңы толкун” фонду тарабынан уюштурулган форумга катышты

00

2022-жылдын 15-апрель күнү эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин ВП-1-19 тайпасынын студенттери Исмаилова Камила, Ажыгулова Карина, Алгарбек кызы Аяна, Бакиржанова Диля, Арыкбаев Дастан, Осмоналиев Нурмат, Вадимов Даниэль жана Сагалаев Улугбек “Евразиялыктар - жаңы толкун” фонду тарабынан “Плаза” мейманканасында уюштурулган “Евразиялык жаштар нацизмсиз дүйнө үчүн” деген темадагы форумга катышып, докладдарын окушту. Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти менен биргеликте иш алып барышты.

 

Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Айсулу Баялиева диссертациялык ишин коргоду

00

2022-жылдын 15-апрель күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы имаратында, окумуштуулар кеңешинин жыйын залында КУУнин социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Айсулу Баялиеванын “Болочок мугалимдерди кесиптик жактан даярдоодо демократиялуулук салттарды колдонуунун педагогикалык шарттары” аттуу темада педагогика илиминин кандидаттык окумуштуулук ишин изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык иши корголду (илимий консультанты: п.и.д. проф. Н.А.Асипова).

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кафедрасынын башчысы Гүлсайра Нурматова 2-курс студенттерине ачык сабак өттү

00

2022-жылдын 15-апрелинде мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кафедрасынын башчысы, доцент Гүлсайра Нурматова "Муниципалдык башкаруунун негиздери" дисциплинасы боюнча 2-курс студенттерине "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык жана уюштуруучулук негиздери" темасында ачык сабак өттү. Иш чарага факультет деканы Кундуз Базакеева баштаган мугалимдер жамааты катышты. Студенттер теманын алкагында интерактивдүү формада көнүгүүлөрдү жасашып, стикер менен иштешип, ватманга ЖӨАБ органдарын кандай элестетээрин чагылдырып беришти, мээге чабуул методу колдонулду.

 

Матфактын студенттери – таза шаар үчүн!

00

2022-жылдын 15-апрель күнү математика жана информатика факультетинин студенттери «Мен - таза шаар үчүн!» деген демилге менен №6-окуу имаратынын айланасын тазалоо максатында ишембиликке чыгышып, факультетке тиешелүү аймакты тазалыкка келтиришти жана бак-дарактардын түптөрүн акташып, көрктөндүрүштү. Факультет студенттери о.э. 17-апрелде «Бурана» комплексине жана 8-майда «Ала-Арча» улуттук паркына барып, экскурсия менен гана чектелбестен, аталган объекттердин айлана-чөйрөсүн да тазалыкка келтиришмекчи. Мындай иш чараларды жүргүзүүгө студенттерге Исхак Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген сөзү багыт берди.

 

Мамлекеттик тил боюнча VI студенттик олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылды

02022-жылдын 14-апрелинде Улуттук университеттин 90 жылдыгына карата мамлекеттик тил боюнча факультеттер аралык VI студенттик олимпиада болуп өттү. Иш-чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, сынактын калыстар тобунун мүчөлөрүн жыйындын катышуучуларына тааныштырды. Алар: Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Зина Мурзалиева (төрага), Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Айгерим Сабыралиева, КУУнун кыргыз тил илими кафедрасынын ага окутуучусу Наргүл Осмонова жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова.

 

Страница 29 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 160 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары