Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

КУУнун кабыл алуу комиссиясынын өкүлдөрү Кемин районунда болушту

00

2022-жылдын 3-июнь күнү КУУнун кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы Изат Усенов баштаган топ Чүй областынын Кемин районунун администрациясынын чакыруусу менен 9, 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулган «Келечектеги кесиптердин жарманкесине» катышып, бүтүрүчүүлоргө кесиптик багыт берүү ишин жүргүзүп келишти. Изат Усенов жыйында сөз сүйлөп, университет жөнүндө видео-роликтер көрсөтүлдү. Райондук окуу бөлүмүнүн башчысы А.К.Ниязалиева быйылкы жылы Кемин району боюнча  843 окуучу 9-классты, 543 окуучу 11-классты бүтүрөөрүн, бул жыйынга 30 мектептин өкүлдөрү катышып жаткандыгын айтып берди. Иш чаранын соңунда бүтүрүүчүлөр өздөрүнө керектүү маалыматтарды толугу менен алышкандыгын билдирип, КУУнун кабыл алуу комиссиясынын өкүлдөрүнө өз ыраазычылыктарын айтышты.

 

КУУда профессор Жаныбек Жакыпбекович Жакыпбековдун 75 жылдык мааракеси белгиленди

0

2022-жылдын 2-июнь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында көрүнүктүү тарыхчы, илимпоз, педагог, тарых илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Жакыпбекович Жакыпбековдун 75 жылдык мааракесине арналган “Кыргызстандын тарыхынын жана тарыхнаамасынын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Иш чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун, К.Карасаев атындагы БМУнун, УИАнын өкүлдөрү жана юбилярдын туугандары катышты. Жыйынды тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаев ачып, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров куттуктоо сөзүн айтты.

 

Профсоюз комитети КУУда эмгектенген кызматкерлердин балдарын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайт!

00

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде эмгектенген кызматкерлердин балдарын, бөбөктөрдү бүгүнкү майрамы менен чын дилден куттуктайм! Балдар - биздин келечегибиз, биздин бактыбыз, биздин кубаныч, ырыскыбыз. Ар бир үйдөн наристенин, бөбөктүн үнү, күлкүсү жаңырып турсун. Билим берүү тармагында иштеп, иши менен үй-бүлөсүн бирге алып кетип, келечек кесип ээлерине мээрим менен айкалыштырып билим берип, үйүнөн балдарына сүйүү, тарбия бергенге жетишкен биздин мугалимдерге, кызматкерлерге алкыш! Балдарыбыздын келечеги кең болуп, жолдору ачык болсун!

 

КУУнун жамааты "Улуттук университеттин күнүн" белгиледи

00

2022-жылдын 31-майында КУУнун жамааты салтка айланып калган "Улуттук университеттин күнүн" белгиледи. Майрамдык салтанат башкы имараттагы чоң жыйындар залында өттү. Иш чаранын алдында ректор Канат Садыков жыйынга конок катары келген Кореянын Кемён университетинин президенти Шин Ильхи мырза баштаган делегация мүчөлөрүн жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук  комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди 2-кабаттын фойесиндеги "Кыргыз мамлекеттик университетин ачуу тууралуу" И.Сталин кол койгон СССР Министрлер Советинин токтому жана "Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин" "Кыргыз улуттук университети" деп кайра атоо жөнүндө президент А.Акаев кол койгон жарлыктар жазылган жаңы маалымат тактайлары менен тааныштырды. 

 

"Ачык эшиктер күнүн" өткөрүүгө активдүү катышкан студенттер сыйланды

02022-жылдын 30-май күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында 29-апрелдеги "Ачык эшиктер күнүн" өткөрүүгө активдүү катышкан студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлыктарды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан тапшырды. Ал маанилүү иш чараны уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышкан 24 студентке терең ыраазычылыгын билдирип, студенттердин демилгелерин мындан ары да кубаттоого алынаарын, мындай иш чараларда алардын таланттары көрсөтүлөөрүн белгиледи. Сөзүнүн аягында КУУнун проректору бардык катышуучуларга сертификаттарды жана ыраазычылык каттарды тапшырып, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетининин тарыхына арналган китептин бет ачар аземи болду

0

2022-жылдын 30-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Улуттук университеттин 90-жылдыгына карата чыгарылган “Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин тарыхы” китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Аталган эмгекте факультеттин 1932-жылдан баштап 1991-жылга чейинки калыптануу жана өнүгүү мезгилдери чагылдырылган. Иш чараны кириш сөз менен КУУнун ректору Канат Садыков ачып, университеттин 90 жылдыгына карата иш чаралар апрелдин ортосунан баштап эле өткөрүлүп жатканын, бүгүнкү иш чара да ошолордун бири экенин белгилеп, бет ачары болуп жаткан китеп КУУнун ички илимий грантынын эсебинен даярдалып, басмадан чыгарылгандыгын билдирди.

 

№7-жатакананын жашоочусу "Мыкты китепканачы" конкурсунда баш байгени жеңип алды

002022-жылдын 27-майында №7-жатакананын жашоочусу, биология факультетинин студенти Эралиева Айтурган китепканачылар күнүнө карата Бишкек шаардык борбордук китепканасы тарабынан уюштурган "Мыкты китепканачы" конкурсунда Гран-прини жеңип алды. Сынак 6 бөлүктөн турду; "Саламдашуу", "Китепканага кантип окурман тартып, китепканачы кандай форма кийиш керек?", "Суроо- жооп", "Үй тапшырмасы", "Ашкана ажары" жана "Мода 2022". Кошумчалай кетсек, Эралиева Айтурган - Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкананын кызматкери.

 

Матфактын 90 жылдык мааракеси белгиленди

002022-жылдын 27-май күнү №6-окуу имаратындагы 126-дарсканасында математика жана информатика факультетинин 90 жылдык мааракеси белгиленди. Жыйынды факультет деканы Изат Усенов куттуктоо сөзү менен ачып, алдыңкы студенттерге жана окутуучуларга ар түрдүү номинациялар боюнча сыйлыктарды тапшырды. Жыйынга Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институтунун директорунун орун басары Жоро Толубаев катышып, өсүп келе жаткан жаш муундар мекенчилдикке, заманбап жана прогрессивдүү илим-билимге тынымсыз умтулууга, өлкөбүздүн мындан ары өсүп-өнүгүшүнө азда болсо өз салымдарын кошууга милдеттүү экендигин белгиледи.

 

Улуттук университетте профессордук-окутуучулук курамды шайлоолор болуп өттү (толукталды)

00

2022-жылдын 25-26-май күндөрү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп, анда Улуттук университеттин факультеттеринин жана факультеттер аралык кафедралардын профессордук-окутуучулук курамын шайлоолор өткөрүлдү. Жыйындын башында окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров өзү жетектеген конкурстук комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу баяндама жасап, окумуштуу катчы Гүлзыйнат Аркабаева шайлоону өткөрүүнүн жана добуш берүүнүн тартиби жөнүндө айтып берген соң, бир нече эсептөө комиссиялары түзүлүп, мурдатан түзүлгөн график боюнча шайлоолор башталды.

 

Чоң-Арык айылында профессор Артыкбаев Мэлс Табалдыевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

02022-жылдын 21-май күнү Чоң-Арык айылында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, саясий илимдердин доктору, профессор Артыкбаев Мэлс Табалдыевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан алып барган аза күтүү митингинде Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов, Улуттук университеттин ректору Канат СадыковУлуттук илимдер академиясынын вице-президенти Осмон Тогусаков жана маркумдун туугандарынын атынан кудасы Шабдан байке чыгып сүйлөшүп, Мэлс агайдын окумуштуу-педагогдук өмүр жолун, илимий жетишкендиктерин жана боорукер инсан экендигин муңкануу менен эскеришти. 

 

КУУнун студенттери И.Арабаев атындагы КМУда өткөрүлгөн форумга катышып келишти (толукталды)

00

2022-жылдын 19-20-май күндөрү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан жетектеген КУУнун 33 студенти алгачкы агартуучу, жана коомдук ишмер Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына карата И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн “XXI кылымдын кадрлары” аталышындагы республикалык жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форумуна катышып келишти. Биргеликте иш алып барган - коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти.

 

М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын студенттери КУУнун бүтүрүүчүлөрүнө концерт коюшту

002022-жылдын 20-май күнү Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 4-курс студенттери башкы имараттагы чоң жыйындар залында Улуттук университеттин быйылкы бүтүрүүчүлөрү үчүн концерт коюп беришти. Алар жалаң жандуу үн менен ырдашып, студенттердин көңүлүн көтөрүштү. Музыкант студенттер КУУну бүтүрүп жаткан студенттерге ак жол каалоо менен бирге алдыдагы мамлекеттик экзамендерин жакшы деген баага тапшырып, ийгиликтүү аяктап алышына тилектеш экендиктерин билдиришти.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин доценти Назгүл Турдубаева Уфадагы жана Москвадагы эл аралык иш чараларга катышты

00

Кыргыз филологиясы факультетинин доценти Назгүл Турдубаева 2022-жылы 20-майында  М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган “Фольклор и художественная культура: история и современность” аттуу орус тилиндеги эл аралык окуу-методикалык семинарга катышып, “Кыргызский фольклор и литература зарубежом” деген баяндама жасады. Иш чарада фольклордун өткөн тарыхы жана бүгүнкү абалы тууралу Башкортостан, Каракалпакстан, Азербайжан, Казакстан жана Турциянын окумуштуулары катышып, өз өлкөлөрүндөгү фольклор маселелери тууралу кызыктуу пикирлерин айтышты.

 

Кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучулары кесипке багыттоо иши менен Сокулук районунда болушту

00

2022-жылдын 20-майында кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы Гүлмира Абдразакова баштаган профессор-окутуучулар Сокулук районундагы Дайыр Доронбеков атындагы орто мектепке барышып, 9-11-класстын окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү. Алгач Улуттук университет жана андагы адистиктер тууралуу маалымат беришип, окуучуларга даярдалган буклеттерди жана факультеттин тарыхы тууралуу чакан китепчелерди таркатышты. Андан соң окуучулар менен пикир алышуу макстында суроо-жооп уюштурулуп, барган окутуучулар мектептин бүтүрүүчүлөрүн кызыктырган бир катар суроолоруна жооп беришти.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Университеттин 90 жылдыгына карата эл аралык конфереция өткөрүлдү

00

2022-жылдын 19-майында кыргыз филологиясы факультети башкы имаратагы чоң жыйындар залында Улуттук университеттин 90 жылдыгына карата “Кыргыз филологиясы: кечээ жана бүгүн” аттуу эл аралык конференция өткөрдү. Иш чара КУУнун ректору Канат Садыковдун куттуктоо сөзү менен ачылды. Андан кийин Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров, академик Абдылдажан Акматалиев, профессор Искендер Исамидинов, профессор Садык Алахан жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-маданий борборунун төрагасынын орун басары А.Юнусалиевалар куттуктоо сөздөрүн айтышты.

 

Журналистика факультетинин студенттери ОшМУда өткөн республикалык конференцияга катышып келишти

00Журналистика факультетинин студенттери, «Мыкты калем» долбоорунун бүтүрүүчүлөрү Салима Садырова, Айдай Манаева, Бекмырза Мырзагулов, Максат Боромбаев, Бектемир Канатбек уулу, Айпери Эрнисова, Батма Искандарова, Алмазбек кызы Үпөл жана Кайыргүл Рыскулова 2022-жылдын 13-14-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин конференц-залында өткөн «Профессионалдык журналистиканын өнүгүүсүнө заманбап чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу республикалык конференцияга катышып, өз докладдарын окуп келишти. Жыйынга катышкан медиа-эксперттер КУУнун студенттеринин баяндамаларына жакшы бааларын беришти.

 

КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде "Ачык эшиктер күнү" өткөрүлдү

002022-жылдын 17-май күнү КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультети "Черемушки" кичи районундагы "Кыргызстан" кинотеатында калаадагы орто мектептердин быйылкы бүтүрүүүлөрү үчүн "Ачык эшиктер күнү" акциясын өткөрдү. Жыйында факультет деканы Каныбек Абдуганиев сөз сүйлөп, болочок абитуриенттерге факультеттин тарыхы, структурасы, окуу шарттары тууралуу айтып, факультеттин эшиги алар үчүн дайым ачык экенин билдирди. Иш чарага ректор Канат Садыковдун тапшырмасы менен Бишкектен барган КУУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, ага окутуучу Бакир Жадилов жана экономист Г,Тавинтеева катышты.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевге "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

002022-жылдын 20-майында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Кожошев Арзыбек Орозбековичке "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу аземи болуп өттү. Ректор Канат Садыков адегенде Арзыбек Орозбековичке эки күн мурда Улуттук аттестациялык комиссия тарабынан "профессор" окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгын кабарлап, бүгүн болсо Улуттук университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 23-мартындагы чечими менен ага "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылып жатканын билдирди жана сыйлык ээсине "Ардактуу профессордун аттестаттын" тапшырып, мантиясын кийгизди.

 

Матфакта мини-футбол боюнча "Декандын кубогу" ойнотулду

002022-жылдын 19-май күнү 6-окуу имаратындагы спорт аянтчада студенттердин ден-соолугун чыңдоо жана КУУда өткөрүлүүчү турнирге курама команданы түзүү максатында математика жана информатика факультетинде мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. "Декандын кубогу" ойнотулган мелдешке 6 команда катышты. Турнирдин соңунда факультет деканы Изат Усенов оюндар жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, жеңүүчү командага кубокту салтанаттуу түрдө тапшырды. "Мыкты оюнчу"," Мыкты дарбазачы", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты коргоочу" номинациясына татыган студенттер мактоо баракчалары менен сыйланды.

 

Педфактын доценти Абдимомунова Апал Самарканд мамлекеттик чет тилдер институтундагы илимий конференцияга катышып келди.

00

Педагогика факультетинин филологиялык жана социалдык– экономикалык билим берүү кафедрасынын доценти Абдимомунова Апал 2022-жылдын 17-18-май күндөрү Самарканд мамлекеттик чет тилдер институтунда болуп өткөн "Чет тилдерин окутуудагы жаңы ыкмалар: алардын проблемалары жана чечүү жолдору"  деген темадагы эл аралык  илимий конференцияга "Башталгыч класс мугалиминде баарлашуу процессин түзүүнүн педагогикалык мааниси"деген макаласы менен катышып  келди.

 

Профессор Бекболот Канетов Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасына татыктуу болду

00

Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты "Алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу" кафедрасынын башчысы Бекболот Канетовду билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги, ак ниеттүүлүгү, кесипкөйлүгү, кызматтык милдеттерин сапаттуу жана жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасына ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден-соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.

 

Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт Кадыровду Европа чемпионатында III орунду ээлеши менен куттуктайт!

00

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров Combat Ju Jutsu боюнча 2022-жылдын 12-15-майында Барселона шаарында болуп өткөн Европанын ачык чемпионатына 84 кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында «күрөш жана мушташ» түрлөрү боюнча байгелүү III орунду ээледи. Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны Европа биринчилигинде коло медалдардын ээси болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

Тарых факультетинин 2 студенти "Профессор Гульмира Мамбеталиева атындагы стипендияга" ээ болушту

00

2022-жылдын 18-майында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 3-курс студенттери Мэлсбекова Нагима менен Асаналиева Таттыбүбү окуу, илимий жана коомдук иштер жаатында активдүү иш алып барып, эл аралык конференцияларга жигердүү катышкандыгы үчүн "Профессор Гульмира Мамбеталиева атындагы стипендияга" ээ болушту. Мэлсбекова Нагима о.э. 2020-жылы "КМШнын мыкты студенти" наамына татыктуу болгон. Сыйлыктарды тапшыруу аземи “Дордой” бизнес борборунда өтүп, сертификат менен стипендияны Аскар Салымбеков өзү тапшырды. Ал студенттерге узун өмүр, чың ден соолук, ийгилик каалап, илим жаатында профессор Гульмира Мамбеталиеванын жолун жолдошуна тилектеш экендигин билдирди.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде бүтүрүүчү курстун студенттерин узатуу кечеси болуп өттү

00

2022-жылдын 15-май күнү Бишкек шаарындагы Береке ресторанында кыргыз филологиясы факультетинин 1-курсунун студенттери бүтүрүүчү курстун студенттерине узатуу кечесин уюштурушту. Аталган кечени академиялык консультанттар С.Жекшен кызы менен А.Солтоноев ачышып, факультетти бүтүрүп жаткан студенттерге ак жол каалоо менен бирге, алдыдагы мамлекеттик экзамендерин жакшы деген баага тапшырышына жана квалификациялык иштерин ийгиликтүү коргоп алышына тилектеш экендигин билдиришти, ал эми иш-чараны уюштурган 1-курстун студенттерине чын ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалашты.

 

Страница 27 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 159 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары