Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Математика жана информатика факультетинин студенттери Улуттук китепкана менен таанышып келишти

002022-жылдын 25-октябрында математика жана информатика факультетинин ПМиИб-2-22 тобунун студенттери А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана менен кеңири таанышып келишти. Бул саякат студенттерди китеп окууга кызыктыруу, маалыматтардын чордону, булагы болгон илимий мекеме жана окурмандарга түзүлгөн шарттар менен тааныштыруу максатында уюштурулду. Китепкананын кызматкери студенттерге каалаган китепти анын авторуна жараша картотекадан издеп табуу, буйрутма берүү, интернеттен маалымат табуу жана аны колдоно билүүнүн жол-жоболору тууралуу айтып берди. Алар о.э. Ч.Айтматовго арналып ачылган көргөзмө-кабинетке киришип, кызыктуу суроолорго жооп алышты.

 

МжМБ факультетинин студенттери Исхак Раззаковдун үй-музейинде “Эстен кетпес эл баатыры” аттуу иш чара өткөрүштү

00

2022-жылдын 25-октябрь күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун туулган күнүнө карата улуу инсандын үй-музейинде “Эстен кетпес эл баатыры” аттуу иш чара өткөрүштү. Студенттик кеңештин төрайымы Асилбекова Ыхвалай тарабынан уюштурулган жыйынды музейдин директору Арман Момаханова ачып, конокторго сөз берди. Иш чарага факультет деканы Кундузгул Базакеева баштаган окутуучулар жамааты жана архитектор Анарбек Джумакалиев катышты. 

 

Сапатты башкаруу кафедрасынын окутуучулары менен студенттери Кыргызстандартта болгон иш чарага катышты

00

2022-жылдын 24-октябрында башкаруу жана бизнес факультенин сапатты башкаруу кафедрасынын окутуучулары менен студенттери Кыргызстандарттын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатту иш чарага катышты. Жыйындын жүрүшүндө сапатты башкаруу кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Керимбекова Дүйшөкан Осмоналиева стандартташтырууну, метрологияны өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жемиштүү кызматташуусу үчүн Кыргызстандарттын директору Нурматов Б.А. тарабынан аталган мекеменин ардак грамотасы менен сыйланды.

 

КУУнун окутуучулары менен студенттери жеңил атлетика боюнча Республикалык күзгү кросско активдүү катышышты

00

Президентибиз С.Н.Жапаровдун “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөжарлыгын ишке ашыруу максатында 2022-жылдын 23-октябрында Караыгач сейил багында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрликтери биргелешип уюштурган жеңил атлетика боюнча Республикалык күзгү кросс болуп өттү. Жарышка Улуттук университеттин окутуучулары менен студенттери да активдүү катышышты. Натыйжада дене тарбия жана спорт кафедрасынын улук окутуучусу Амангелди Рыскулов байгелүү орунду, ал эми ал жетектеген команданын өкүлү, биология факультетинин 2-курсунун студенти Халил кызы Айнуска 1-орунга ээ болушуп, диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Улуттук университеттин бардык түзүмдөрүндө жана жатаканаларында кезектеги ишембилик өткөрүлдү

00

2022-жылдын 22-октябрь күнү Улуттук университеттин бардык окуу түзүмдөрүндө жана жатаканаларында кезектеги ишембилик өткөрүлдү. Окутуучулар менен студенттер факультет декандары менен биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерди жалбырактардан жана башка акыр-чикирден тазалап, таштандыларды чыгарышты. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнундө» жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлдү. 

 

№7-жатаканада жашаган студенттер арасында мини-футбол боюнча таймаш өткөрүлдү

002022-жылдын 21-октябрында №7-жатакананын коменданты Жакшылык кызы Асел жана студенттик кеңештин төрагасы Акматбеков Жакшыбектин демилгеси менен ден соолукту чыңдоо, жашоочулардын арасында ынтымакты күчөтүү, сабактан тышкаркы учурду кызыктуу өткөрүү, балдарды спортко кызыктыруу максатында КУУнун спорт аянчасында аталган жатаканада жашаган студенттер арасында мини-футбол боюнча таймаш өткөрүлдү. Оюнга ар бир кабаттан экиден команда чыкты. Таймашты студенттик жатаканалардын башчысы Бексултан Шабданов ачып, оюндун катышуучуларына ийгилик каалады. Таймаш өтө кызуу өтүп, аягында жеңүүчүлөргө дипломдор жана башка сыйлыктар тапшырылды.

 

КУУда факультеттер аралык «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

00

2022-жылдын 20-октябрында башкы окуу имаратындагы чоң жыйындар залында факультеттер аралык «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Оюнга 9 команда катышып, өздөрүнүн билимин, интеллектуалдык деңгээлин текшеришти. Оюнга мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан калыстык кылып, жыйынтык төмөндөгүдөй болду: 1-орун: Тарых жана чөлкөм таануу факультети, 2-орун: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети, 3-орун: Журналистика факультети, 4-орун: Чет тилдер факультети жана Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулаттуу факультетинин алдындагы гимназия.

 

Төлөбек Абдырахманов: "Атыбыз менен да, затыбыз менен да Улуттук университет болушубуз керек!"

02022-жылдын 19-октябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында "Улуттук университетте PhD программаларын ишке ашыруунун тажрыйбасы жана келечеги" аттуу тегерек стол болуп өттү. Жыйынды КУУдагы PhD программаларынын жетекчиси Эрмек Лайлиева ачып, бүгүнкү иш чаранын максаты тууралуу айтып, ректор Төлөбек Абдырахмановго сөз берди. КУУнун жетекчиси PhD программаларын ишке ашырууда "отурган жеринен баштап окуу программаларына чейин маселелер бар экенин" белгилеп, "Улуттук университеттин стратегиялык багыты - "изилдөө университети" болуш керек. Ал үчүн программалык жана структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүп, көбүнчө магистратура менен PhD программаларга көңүл буралы. PhD программа Улуттук университеттеги күчтүү структура болуп, атыбыз менен да, затыбыз менен да Улуттук университет болушубуз керек!", - деди жана жыйында айтылуучу сунуш-пикирлерди угууга даяр экендигин билдирди.

 

Математика жана информатика факультетинин 1-курстары үчүн "Сармерден" оюну өткөрүлдү

002022-жылдын 19-октябрь күнү факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу М.Г.Думанаева математика жана информатика факультетинин МБ-1-22, ПМиИб-1-22 тайпаларынын студенттери арасында кыргыздын акыл оюндарын жандандыруу, абалкы улуу наркты, мурасты, салтты келечек муундарга таанытуу, балдардын акыл-туюмун, сүйлөө кебин өстүрүү, зиректикке, тапкычтыкка, эпчилдикке тарбиялоо максатында "Сармерден" акыл оюн-зоогун өткөрдү. Мурда мындай иш-чаралар улуттук майрамдарга карата гана өткөрүлүп келсе, бул окуу жылынын башында салттын маани-маңызын, анын мыкты үлгүлөрүн ар бирине жеткирүү - чоң милдет экендигин көрсөткүбүз келди.

 

КУУнун окутуучулары Туркиядагы эл аралык симпозиумга катышып келишти

00

2022-жылдын 9-12-октябрында Туркиядагы Эрзинджан Биналы Йылдырым университетинде Түрк мамлекеттер уюму жана Туркиянын Маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган «Түрк дүйнөсү" аттуу эл аралык симпозиум болуп, иш чарага 43 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Симпозиумга тарых факультетинин деканы Турат Сырдыбаев, "Кыргызстандын тарыхы" кафедрасынын башчысы Темир Асанов, доцент Таалайкүл Асантурова, "Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы" кафедрасынын башчысы Майрам Асипбаева, улук окутуучу Замира Орозахунова, "Кыргыз адабияты" кафедрасынын доценти Назгүл Турдубаева, "Мамлекеттик башкаруу" кафедрасынын доценти Чолпонбек Сыдыкбаев да катышып, төмөндөгү баяндамаларды жасап келишти:

 

Проректор Садык Алахан жетектеген магистрлер менен бүтүрүүчүлөр “Бош орундардын жана кесиптердин жарманкесине” катышты

002022-жылдын 18-октябрь күнү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан жана тарбия бөлүмүнүн башчысы Ынтымак Касмакуновдор жетектеген магистрлер менен бүтүрүүчүлөрдүн чоң тобу Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулган “Бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси” деп аталган өзгөчө маанилүү иш чарага катышышты. Аталышы эле айтып тургандай, биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын бардык аймактарынан келип, өздөрүнүн ишканаларын жарнамалап жатышкан ири компаниялардан тартып чакан ишканалардын өкүлдөрүнө чейин баары менен кызуу аңгемелешип, тиешелүү маалыматтарга ээ болушту жана жакындан таанышышты. Айрым компаниялардын өкүлдөрү менен даректерди алышып, келечекте чогуу иш алып баруунун жолдорун сүйлөшүштү.

 

Журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү Аскат Осмонов “Face of Asia - 2022” сынагынын алдынкы ондугунда

00

Журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү Аскат Осмонов Түштүк Кореянын Ыйджонбу шаарында 2022-жылдын 14-октябрында өткөн “Face of Asia - 2022” (“Азия жүзү - 2022”) эл аралык сулуулар сынагынын жыйынтыгы боюнча алдынкы ондукка (Топ-10) кирди. Аталган сынак 16 жылдан бери жыл сайын "Asia Model Festival" аттуу ири фестивалдын алкагында өткөрүлүп келет. Сынакка 27 Азия өлкөлөрүнөн 80 модель катышып, Гран-прини Кыргызстандык модель Ванесса Толкунбек кызы жеңип алды.

 

Журналистика факультетинин жамаатына Т.Бугучиевдин "Жаңы күч" тасмасы тартууланды

00

2022-жылдын 17-октябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында журналистика факультетинин студенттери менен профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрүнө факультеттин телерадиожурналистика кафедрасынын окутуучусу Т.Бугучиевдин "Жаңы күч" тасмасы тартууланды. Иш-чараны факультет деканы Ш.Костюк ачып, тасма актуалдуу, мыкты деңгээлде тартылган, азыркы мезгилдин чоң көйгөйлөрүн камтыган, ар бир кыргыз жаранын, кыргыз атуулун ойлондура турган; адам, жаран кандай болуш керектигин көрсөткөн, "бир адам тегерегин өзгөртө алат" деген чоң мотивациялык фильм экенин  белгиледи.

 

Улуттук университеттин бардык түзүмдөрүндө жана жатаканаларында ишембилик өткөрүлдү

0Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнундө» жарлыгына ылайык жана Билим бepүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы катынын негизинде 2022-жылдын 15-октябрында Улуттук университеттин бардык окуу түзүмдөрүндө жана жатаканаларында ишембилик өткөрүлдү. Окутуучулар менен студенттер факультет декандары менен биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп, таштандыларды чыгарышты.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде “Биринчи курстарды тосуп алуу” аземи өткөрүлдү

00

2022-жылдын 14-октябрь күнү тарых жана чөлкөм таануу факультетинде салтка айланып калган “Биринчи курстарды тосуп алуу” аземи өткөрүлдү. Иш чарага факультеттин ардактуу бүтүрүүчүсү, XXII жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев, факультеттин окутуучулары жана студенттери катышты. Салтанаттуу кече 1-курс студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Аземдин жүрүшүндө окууда жана спорт жаатында мыкты ийгиликтерге жетишкен студенттерге атайын стипендиялар тапшырылды.

 

Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы алгачкы отуруму болуп өттү

00

2022-жылдын 14-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы алгачкы отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында "2021/2022-окуу жылындагы жайкы сессиянын жана мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жыйынтыктары", "2022-2023-жылдарга атайын эсеп боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитүү", "Окумуштуулар кеңешинин 2022-2023-окуу жылына иш мерчемин бекитүү" жана башка маселелер каралды. Жыйындын башында Ички иштер министрлигинин өкүлү КУУнун айрым кызматкерлерине аталган министрлик менен анын генерал-майор Э.Алиев атындагы академиясынын сыйлыктарын тапшырды.

 

Кыргыз-европа факультетинин доценти Азык Орозонова Азербайджандагы илимий конференцияга катышты

00Кыргыз-европа факультетинин доценти Азык Орозонова 2022-жылдын 12-октябрь күнү Азербайжандын Шуша шаарында болуп өткөн “Азербайжан маданиятынын экономикасы: Шушадан өнүгүү импульстары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш чаранын ачылышында Азербайжандын маданият министринин биринчи орун басары Элнур Алиев жана Экономика институтунун башкы директору Назим Музаффарли сөз сүйлөштү. Конференция «Боштондукка чыккан жерлерде маданий кайра жаралуу жана маданий экономика» деген темадагы талкуу менен ишин улантты.

 

Математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери Аалы Токомбаевдин үй-музейине барышты

002022-жылдын 13-октябрында математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери инсан таануу, анын ишмердүүлүгүнөн, жеке сапаттарынан үлгү алуу жана аны кесиптик ишмердигинде пайдалана билүүгө тарбиялануу максатында Аалы Токомбаевдин үй-музейине барып келишти. Музейдеги акындын адабияттагы, коомдогу ишмердүүлүгүн жана жеке турмушун чагылдырган каттары, документтери, сүрөттөрү, кол жазмалары, ар жылдары жарык көргөн китептери, өздүк буюмдары, 1700гө жакын китепти камтыган өздүк китепканасы студенттерге өзгөчө кызыгуу туудурду. Алар о.э. авторлор өз колдорун коюп, А.Токомбаевге тартуулаган өзгөчө басылмалар орун алганына күбө болушуп, адамдык, мекенчилдик өзгөчө сезимдер менен таасирленип кайтышты.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде Кыргызстандын коопсуздук маселелери талкууланды

00

2022-жылдын 12-октябрь күнү тарых жана чөлкөм таануу факультетинде Билим берүү жана илим министрлигинин илимий долбоорунун алкагында чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы «Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы коопсуздук маселелери» деген темада эл аралык тегерек стол өткөрдү. Иш чаоага онлайн форматта Россия Федерациясынын Алтай мамлекеттик университетинин профессорлору Ю.А.Лысенко жана И.В.Анисимова ж.б. катышты.

 

Математика жана информатика факультетинин активисттери карылар үйүнө барып келишти

002022-жылдын 11-октябрында математика жана информатика факультетинин "Жаңы муун" дебаттык клубунун демилгеси менен активдүү студенттер Бишкек шаарындагы карылардын интернат-үйүнө барып келишти. Алар факультеттин студенттери тарабынан өз ыктыяры менен топтолгон каражатка жууп-тазалоочу каражаттарды сатып алышып, жигиттер оор мебелдерди бир жерден экинчи жерге жеткирип, керектүү жерге жайгаштырып, кыздар имараттын ичин жууп-тазалап, тазалык иштери менен алектеништи. Кыздар о.э. кечки тамак жасоого жардам беришип, карылар менен маектешип, баарлашып, аларга аз да болсо кубаныч тартуулап келишти.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде «Таазим сизге, эжей-агай!» аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү

002022-жылдын 11-октябрында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери тарабынан Мугалимдер күнүнө карата «Таазим сизге, эжей-агай!» аттуу майрамдык кече уюштурулду. Иш чара 5-окуу имаратындагы жыйындар залында өткөрүлүп, ага факультеттин профессор-окутуучулары жана студенттери катышты. Салтанаттуу кече факультет деканы Б.А.Жайлообаевдин, кафедра башчыларынын куттуктоо сөзү менен башталып, алар  кесиптештерине албан-албан ийгиликтерди каалашты жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чара жагымдуу ырлар, бийлер, көркөм окуулар, студенттер тарабынан коюлган сценкалар менен коштолду. Кечеге келген көрүүчүлөр жагымдуу маанайда кайтышты. 

 

Математика жана информатика факультетинин жамааты Бекболот Канетовду куттуктайт

00Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты “Алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу” кафедрасынын башчысы Бекболот Канетовду малекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Төш белгисине ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден-соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгииликтерди каалайт.

 

Кесиптик колледждин «Котормо иши» бөлүмүнүн студенттери Улуттук тазалык күнүнө катышты

002022-жылдын 8-октябрь күнү кесиптик колледждин «Котормо иши» бөлүмүнүн студенттери Улуттук тазалык күнүндө «Эко Деми» коомдук фонду уюштурган ишембиликке катышты. ПДо-2-21(11), ПД-2-21(9), ПД-5-21(9) жана ИЯ-2-21(11) группаларынын студенттери кураторлору менен бирдикте Аламүдүн районунуну Орто-Сай айылындагы Мамлекеттик желек орнотулган флагштоктун тегерегиндеги таштандыларды жыйнашты. Ишембиликтин жыйынтыгында 10 кап пластик, 10 кап айнек, 34 кап түрдүү таштандылар чогултулду. 

 

КУУнун кызматкерлери Баткенден борборго келген үй бүлөлөргө жардам беришти

0

Кыргыз-тажик чек арасындагы коогалаңда жабыр тарткандарга гуманитардык жардам чогултуу максатында 7-окуу имаратындагы жаштар иштери жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүндө ачылган атайын штабга Улуттук университеттин окутуучу-кызматкерлери күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана башка буюмдарды алып келип беришти. 2022-жылдын 7-октябрь күнү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюча проректор Садык Алахан баштаган топ аталган гумжардамды Бишкектеги жаңы конуштардын биринде баш калкалап жаткан Баткенден келген үй бүлөлөргө жеткирип беришти.

 

Страница 22 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 145 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары