Бейшемби, Сентябрь 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кесиптик колледжде Мамлекеттик тил күнүнѳ арналган маданий иш чара болуп ѳттү

00

2022-жылдын 23-сентябрында кесиптик колледжде Мамлекеттик тил күнүнѳ арналган «Кылым карыткан кыргыз тили» деген аталыштагы маданий иш чара болуп ѳттү. «Кыргыз тили жана адабияты» дисциплинасынан сабак берген окутуучулар тарабынан уюштурулган иш чарада окутуучулар  Султаналиева Майрам  «Тилге  таазим», ал эми Айнабаева Асель “Кыргыз элинин чечендик өнөрү” деген темада маданий-тарбиялык ачык сабактарды ѳтүшүп, бѳтѳн улуттун студенттери кыргыз тилинде ѳз таланттарын кѳрсѳтүштү.

 

Математика жана информатика факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

00

2022-жылдын 23-сентябрында математика жана информатика факультетинде факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары Т.Чыманова, М.Думанаева жана Г.Элтузеровалар  тарабынан келечек муундун ээлери студенттерге эне тили, мекени үчүн жан берүүгө үндөгөн, мекенчилдик сезимдерин козгоп, жарандык милдет, атуулдук парзды бекемдөө максатында уюштурулган “Тилибиз - биздин дилибиз” аттуу адабий кече болуп, иш чарага 1-курс студенттери активдүү катышты. Алар "Манас", "Курманбек" дастандарынан үзүндүлөрдү айтышып, эне тили, мекен темасындагы көркөм ырлар окушуп, мекенчилдикти даңазалаган маанай тартуулашты.

 

География, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

002022-жылдын 23-сентябрында 6-окуу имаратында география, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тили боюнча окутуучу Д.К.Курманкожоева тарабынан уюштурулган "Эне тилге таазим" аттуу иш чара болуп өттү. Окутуучулар жамааты катышкан иш чарада Г-1-22 тайпасынын студенттери эне тилди сактоого, кадыр-баркын көтөрүүгө жана өнүгүшүнө салым кошуу тууралуу көркөм окушуп, макалдарды, улуу сөздөрдү айтышып,  сценка аткарышты. Ушул эле күнү автордук ыр боюнча студенттер арасында мурдатан жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, активдүү катышкан Таалайбек уулу Нуртилек менен Рыскулова Алияга грамоталар жана белектер тапшырылды.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде «Кыргыз тилим - көөнөрбөс, өчпөс дилим» аттуу иш чара өткөрүлдү

00

2022-жылдын 23-сентябрь күнү 8-окуу имаратынын 417-дарсканасында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети Мамлекеттик тил күнүнө карата  «Кыргыз тилим - көөнөрбөс, өчпөс дилим» аттуу чакан иш чара өткөрдү. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Кадыр уулу Алмаздын демилгеси менен даярдалган жыйынга факультеттин деканы Кундузгүл Базакеева баштаган мугалимдер жамааты катышты. Иш чарада эне тилдин баалуулугу тууралуу видеоролик көргөзүлүп, студенттер өздөрү тарткан дубал газеталарды жактап беришти. Аягында факультет деканы «Эне тилибиз болгон кыргыз тилин баалайлы, барктайлы жана сактайлы» деген сөздөрдү айтып, ыраазычылыгын билдирди жана дубал газеталар сынагынын жыйынтыгын чыгарып, студенттерге грамоталарды тапшырды.

 

Кесиптик бирлик комитети Кыргыз Республикасынынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!

02

Урматтуу, кесиптештер жана студенттер! 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Кыргыз эли бүгүн кыргыз тилинин 33  жылдыгын майрамдайт. Ар бир улуттун иденттүүлүгүн аныктоочу бирден бир курал болуп тил эсептелинет. Ошол  себептен кыргыз тилинде сүйлөп, аны сактоо ар бир кыргыз жаранынын милдети. Бүгүнкү күндө кыргыз тил майрамына чоң маани берилип, жогорку окуу жайларда, мектептерде, бала-бакчаларда ар кандай иш чаралар өткөрүлүп, жаш муунга кыргыз тилинин маанилүүлүгүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Келечек ээлери, жаш муундарыбызга кыргыз тилин сактап калуу маселесин жеткирүү зор маселе. 

 

Ректор Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин кабыл алды

00

2022-жылдын 23-сентябрь күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шадурды Мередов мырзаны кабыл алды. Эл аралык кызматташтык бөлүмү тарабынан уюштурулган жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү түркмөн акыны, философу жана түркмөн адабиятынын классиги Махтумкулинин 2024-жылда белгиленүүчү 300 жылдыгына карата анын чыгармаларын кыргыз тилине которуу жана Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 30 жылдыгына карата илимий конференция өткөрүү маселелери талкууланды.

 

Биология факультетинин жетекчилери менен студенттери Samsung Dron компаниясынын өкүлдөрү өткөргөн семинарга катышты

00

2022-жылдын 22-сентябрында биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова, анын орун басары Тынчтыкбек Иманалиев, ботаникалык бактын башчысы Улукбек Невераев жана ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасынын башчысы Асел Нургазиева факультеттин студенттери менен биргеликте Samsung Dron компаниясынын өкүлдөрү тарабынан "Золотой Дракон" ресторанында өткөрүлгөн "Дрондорду өнүктүрүү планы жана аларды өз ара техникалык  кызматташтык аркылуу колдонуу" темасындагы эл аралык семинарга катышып келишти. Иш чарага о.э. УИАнын биология институтунун илимпоздору, айыл чарба багытындагы адистер катышты.

 

КУУнун окмуштуулары КТРКнын түз эфиринде “Баткен окуяларына социологиялык көз караш” атуу темада маек куруп беришти

00

2022-жылдын 21-сентябрында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы Абдикайым Жусубалиев жана аталган кафедранын доценти Сайкал Жунушовалар КТРКнын түз эфиринде “Баткен окуяларына социологиялык көз караш” атуу темада маек куруп беришти. Анда Баткен жергесинде тажиктер тарабынан жасалган агрессиялык баскынчылык аракеттер, анын кесепеттери, конфликттин жөнөкөй жарандарыбыздын жашоо-турмушуна тийгизген таасирлери жөнүндө социологиялык өңүттөгү көз караштар, кыргыз элинин ынтымагы жана биримдиги сыяктуу маселелер туурасында сөз болду. Биздин окутуучулар каргашалуу окуянын негизинде пайда болгон көйгөйлөрдү иликтөөдө, аларды чечүү жолдорун аныктоодо жана чечүүдө социология илиминин, социологдордун ордуна жана ролуна токтолушту.

 

Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факуьтетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата таймаш өткөрүлдү

002022-жыдын 22-сентябь күнү маалыматтык жана инновациялык технологиялар факуьтетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата ага окутуучу Акматова Бактыгулдүн демилгеси менен даярдалган “Таймаш” өткөрүлдү. Иш чарага тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакир Жадилов катышып, 1-курс студенттери атайын даярдалган тапшырмаларды аткарышты. Алар: "Куттуктоо каты", "Эгемендүү Кыргызстанда мамлекеттик тилдин өнүгүүсү (кыскача баяндама)", "Мамлекеттик тил менин кесибимде (слайд-шоу)", "Мамлекет темасы боюнча макал айтуу", "Кайсы бир кесиптен көрүнүш көрсөтүү" жана "Дубал гезит".

 

КУУда "Озон катмарын коргойбуз” аттуу тегерек стол болуп өттү

002022-жылдын 22-сентябрында 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада Озон катмарын сактоонун эл аралык күнүнө карата электроника жана наноэлектроника кафедрасы тарабынан уюштурулган "Озон катмарын коргойбуз” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Жылдызбек Жакшылыков, проректорлор, физика жана электроника факультетинин окутуучулары менен студенттери катышты. Жыйында Төлөбек Абдырахманов чыгып сүйлөп, ректорат мындан ары билим берүү менен бирге илимий иштерге, илим менен өндүрүштүн байланышына өзгөчө көңүл буруп, факультеттердин рейтингин аныктоодо ал жерде жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр эске алынаарын белгиледи.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында (Башкортстан) өткөн эл аралык конференцияга катышты

00

2022-жылдын 19-21-сентябрында Уфа шаарында Россия илимдер академиясынын Уфа федералдык илим-изилдөө борборунун Ардак белгиси ордендүү тарых, тил жана адабият институтунун 100 жылдыгына арналган "Академическая гуманитарная наука в XX - начале XXI в: .достижения, тренды и перспективы развития" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Пленардык жыйында Уфа Республикасынын өкмөтүнүн премьер-министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы А.Ш.Бадранов, Россия академиясынын Уфа федералдык илим-изилдөө борборунун жетекчисиини милдетин аткаруучу В.Б.Мартыненко куттуктоо сөз сүйлөштү.  Аталган иш-чарага  Россиядан, Казахстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан окумуштуулар катышты. Конференция өз ишин 3  секцияда алып барды. 

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова эл аралык илимий-практикалык семинарга катышты

00

2022-жылдын 21-сентябрында М.В.Ломоносов атындагы Москва университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү кафедрасы жана Мирзо Улугбек атындагы Өзбек улуттук университетинин тарых кафедрасы биргеликте “Великий шелковый путь сквозь времена и эпохи” деген темада эл аралык илимий-практикалык семинар өткөрүштү. Иш Гибриддик форматта өткөн жыйынга Москва, Ташкент, Бишкек, Баку, Караганды, Чымкент, Туркестан, Харбин, Шанхайдан окумуштуулар, окутуучулар, илимий кызматкерлер, докторанттар, аспиранттар, анын ичинде КУУнун  кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова да катышты. Семинар абдан жандуу жана кызыктуу өттү.

 

Ректор университеттин түзүм жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү

00

2022-жылдын 21-сентябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов университеттин түзүм жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү. Жыйында жаңы окуу жылына  карата окуу имараттарынын, ал жердеги компьютердик класстардын, күзөт кызматтарынын абалы, факультеттер менен колледждин жаңы окуу жылына карата суроо-талаптары, студенттерди, анын ичинде чет өлкөлөрдөн келген студенттерди жатакана менен камсыздоо, Баткен облусунан келген студенттерге жеңилдиктер ж.б.у.с. маселелер талкууланды. Кеңешменин жүрүшүндө окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен каржылык абалындагы тынчсыздандырган маселелер тууралуу ректор өз оюн айтып, аларды чечүүнүн жолдорун сунуштады. 

 

АСБ кызматкерлери факультеттер аралык кафедралардын окутуучуларына семинар-тренинг өткөрүштү

00

2022-жылдын 20-сентябрында санариптик технологиялар борборунда академиялык саясат башкармалыгынын окуу сапатын көзөмөлдөө бөлүмүнүн  адиси Н.В. Храмцова факультеттер аралык бардык кафедралардын окутуучуларына жаңы окуу жылына карата атайын семинар-тренинг  өткөрдү. Негизги каралган маселе - окуу процессиндеги регламент, жаңы стандарттардын талабы, компетенциялар жана жумушчу программаларын түзүү ыкмалары. Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган иш-чарага факультеттер аралык мамлекеттик тил, орус тили, чет тилдер кафедраларынын профессордук-окутуучулар жамааты, ЭАМжЧТ, КЕФтин  кыргыз тили боюнча окутуучулары жана кафедра башчылары катышты.

 

Ата Журтубуз Баткенден башталат!

bat 25 00Урматтуу кесиптештер! Кечээ маалымдалгандай, 14-17-сентябрь күндөрү Тажик Республикасы тарабынан Баткен жергесине жасалган кандуу агрессиядан жабыр тарткандарды колдоо максатында Улуттук университеттин бардык кызматкерлери бир күндүк маянасын которууну чечишкен. Андан сырткары, кимдин колунан кандай жардам келсе, 7-окуу имаратындагы 102, 103-кабинеттерде иштеп жаткан штабга алып келип, тапшырса болот. Сиздер тарабынан берилген жардам атайын журналда катталып, ошол катоо боюнча чыпчыргасы коротулбай республикалык штабга өткөрүлүп берилет. Ата Журтубуз Баткенден башталат!

 

Матфактын активист студенттери "Баткенге көмөк" кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

00Математика жана информатика факультетинин студенттик кеңеши, аскердик-патриоттук "Мекен" уюмунун мүчөлөрү жана жалпы студенттер зор ынтызарлык менен "Баткенге жардам" аттуу кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Топтолгон каражат аз болсо да, Мекен сакчыларынын муктаждыктарына, дары-дармектерине жумшалса деген максатта чогултулду. "Ынтымактан ашкан айкын жол жок!" деген ураан менен акцияны уюштурган матфактын активисттеринин айтымында, биздин ордубузда ким болбосун, ушундай ишти жасамак, анткени бул биздин кан-жаныбызга сиңген сапат деп сыймыктанып, Баткенде бейпилдик түбөлүк орноп, өлкөдө тынчтыктын өкүм сүрүшүн тилеген аруу ой-тилектерин билдиришти.

 

Ректор Samsung Dron компаниясынын аткаруучу директору жана KOPIAнын кеңешчиси менен жолугушту (толукталды)

00

2022-жылдын 19-сентябрында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов университеттин ботаникалык багында Samsung Dron компаниясынын аткаруучу директору Мин Пенг Ан мырза жана Корея өкмөтүнүн айыл чарба боюнча программасын Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча борбордун (KOPIA) кеңешчиси Ким Хек Санг мырза менен жолугушту. Samsung Dron компаниясынын өкүлү КУУнун жетекчилигин өздөрү чыгарып жаткан дрондордун үлгүлөрү менен тааныштырып, алардын колдонуу чөйрөсү тууралуу айтып берди жана мисал катары, дрондун жардамы менен ботаникалык бактагы айыл чарба өсүмдүктөрүнө дары-дармектерди чачууга болоорун иш жүзүндө көрсөттү.

 

Кесиптик колледждин мугалимдери АКШ жана Кытайдан келген ыктыярчылары менен тажрыйба алмашты

002022-жылдын 12-18-сентябрь аралыгында кесиптик колледжде «Камкордук» окутуу-билим берүү борборунун Америка Кошмо Штаттарынан жана Кытай Эл Республикасынан келген ыктыярчылары менен тажрыйба алмашуу жумалыгы орун алды. Котормо иши бөлүмүнүн башчысы Н.К.Куртубаева тарабынан уюштурулган иш чарада аталган борбордун англис тил ыктыярчы-мугалимдери студенттер менен түрдүү темада баарлашуу сабактарын өткөрүп, алардын англис тилин үйрөнүүсүнө шык берүү менен бирге мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу иш-чараларын да өткөрүштү. А эми 15-сентябрда 6-имараттагы спорт залда ыктыярчылар  менен бөлүмдүн студенттери жана мугалимдери арасында волейбол боюнча достук мелдеши өткөрүлдү.

 

КУУнун студенттери Баткенге жардам уюштурган ыктыярчыларга ысык тамак алып барышты

00

2022-жылдын 18-сентябрында КУУнун факультеттеринин студенттик сенатынын төрага жана төрайымдары жаштар иштери жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Кожомкул атындагы спорт сарайында Баткенге жардам уюштуруп жаткан ыктыярчыларды колдоо максатында ысык тамак ашы менен барып келишти. Биримдик - бул кыргыздардын жаны менен бирге бүткөн, ажырагыс сапаты. Кандай кырдаал болбосун өз демилгеси менен биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара билүү аркылуу бардык кыйынчылыктарды жеңебиз деген тилектебиз. 

 

Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасы доцент Аскар Медетовду мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайт!

00

Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Аскар Медетов Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Урматтуу Аскар Советович, сизди сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз. Сиз адабият илимин жаңы концепциялар менен байытып, эмгектериңиз илимий-теориялык жогорку деңгээли менен айырмаланган таланттуу илимпозсуз. Азыркы учурдагы кыргыз адабий сынынын алдыңкы сабында турган көрүнүктүү сынчы катары адабиятка ат көтөргүс кызмат кылып жатасыз. Сиздин илимий чыгармачылык жана педагогикалык ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

 

Баласагын ТВ: Бишкек мамлекеттик университетинде «EXPO Бишкек» көргөзмөсү өтүүдө

00

2022-жылдын 15-сентябрь күнү Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «EXPO Бишкек» аталышындагы эл аралык билим берүү жана карьера көргөзмөсү ачылды. Иш-чара Ректорлордун дүйнөлүк форумунун алкагында уюштурулган. Дүйнөнүн 70тен ашуун мамлекетиндеги жогорку окуу жайлардын ректорлору катышкан масштабдуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов ачып, билим берүүчүлөрдүн аракеттерине ийгилик каалады. Көргөзмөдө Кыргызстандын жогорку окуу жайлары тааныштырылууда. Алардын арасында Кыргыз улуттук университетинин да стенддери, презентациялары жана видеороликтери бар.

 

"Баласагын ТВ" студиясы Ректорлордун дүйнөлүк форумунан билдирет ... (14.09.2022)

00

Бүткүл Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы төрагасы Дарен Танг Кыргызстанда өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумуна онлайн катышты. Ал бүгүнкү иш чара инновациялык экосистеманы түзүүдө жана дүйнө аймагына калыптандырып жайылтууга чоң салым кошооруна ишенээрин билдирди. Дарен Танг мырза “Университеттер, интеллектуалдык чөйрө жаратмандык күчкө ээ. Бул күч Сovid-19 учурунда абдан сезилди. Пандемия башталгандан 21 ай ичинде окумуштуулар беш миңден ашык Сovid-19га байланыштуу илимий ачылыштарга патенттик сунуштарды беришти” - деди.

 

“Баласагын ТВ” студиясынын чыгармачыл тобу Ректорлордун дүйнөлүк форумун чагылдырууда ( + видео )

00

Журналистика факультетинин “Баласагын ТВ” студиясынын чыгармачыл тобу 7 камера менен “Ала-Арча” мамлекеттик резинденциясында өтүп жаткан “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аттуу Ректорлордун дүйнөлүк форумун чагылдырууда. Чыгармачыл топ өлкөнүн сайттарына маалыматтарды таркатып, жергиликтүү телеканалдарга жана дүйнөнүн 70тен ашуун университеттеринин сайттары менен маалымат бөлүшүүдө. Эл аралык деңгээлдеги иш-чарага дүйнөнүн 70тен ашуун жогорку окуу жайларынын ректорлору жана өкүлдөрү катышууда. Форумда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин атынан форумдун ачылышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

 

Акылбек Жапаров: "Университеттердин ролу кайсы мезгил болбосун ар дайым жогору"

00

2022-жылдын 14-сентябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму тарабынан уюштурулган "Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу" темасындагы Ректорлордун дүйнөлүк форуму башталды. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Президенттин атынан форумдун ачылышы менен куттуктады жана катышуучулардын илимий иштерине ийгиликтерди каалап, төмөндөгүлөргө токтолду:

 

Страница 24 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 159 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары