Дүйшөмбү, Сентябрь 16, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Матфактын студенти «Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил» аттуу сынакта жеңди

00Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги, «Улут Софт» жоопкерчилиги чектелген коом, Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан уюштурулган студенттер жана жаштар арасындагы «Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил» аттуу сынакка математика жана информатика факультетинин 4-курс студенти Ашырбай уулу Азирет “Word Finder – Сөздү тап” долбоору менен катышып, жыйынтыгында 1-орунга ээ болду жана тиешелүү деңгээлдеги диплом жана акыркы үлгүдөгү ноутбук менен сыйланды.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери КУУнун спартакиадасында волейбол боюнча 1-орунду ээлешти

00

2022-жылдын 21-ноябрында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундузгул Базакеева, экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын башчысы Издевалды Искаков жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары Кадыр уулу Алмаз факультеттин волейболчу студенттерин университеттин 71-спартакиадасында волейбол боюнча 1-орунду  жеңип алгандыгы менен куттуктап, ыраазычылыгын билдиришти. Факультет жекекчилери “Бул силердин эле жеңишиңер эмес, бул факультетибиздин жеңиши, биз силер менен сыймыктанабыз”, - деп, өздөрүнүн акыл кеңештерин айтышты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде 1-курс студенттери үчүн майрамдык кече өткөрүлдү

00

2022-жылдын 19-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинин 4-курс студенттери факультеттин босогосун жаңыдан аттаган 1-курс студенттери үчүн “Тай-Казан” кафесинде майрамдык кече уюштурушту. Иш чараны окуу иштери боюнча декандын орун басары М.Жаңыбаева ачып, 1-курстун старосталарына декандын куттуктоосун тапшырды. Андан соң ар бир группанын кураторлору сөз сүйлөп, жалпы студенттерге жакшы каалоо-тилектерин билдиришти. Тосуп алуу аземинде студенттерди куттуктап “Ак маанай” бий тобу, Паскаль, Аяна Жакшылыкова сыяктуу эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кечеге келген студенттер көңүлдүү эс алып, жагымдуу маанайда үйлөрүнө кайтышты.

 

№7-жатаканада 1-курстарды тосуп алуу аземи өткөрүлдү

00

2022-жылдын 18-ноябрь күнү №7-жатаканада Студенттердин эл аралык күнүнө карата концерттик кече өткөрүлдү. Иш чарага жатаканалар боюнча менеджер Бексултан Шабданов, коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча  бөлүмдүн башчысы Каныбек уулу Ардакбек, аталган бөлүмдүн тарбия иштери боюнча секторунун башчысы Ынтымак Касмакунов, жатаканалар боюнча паспортист Майрам Абдрахманова, педагогика факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Максат Сейталиев жана КУУнун студенттик кеңешинин курамы келип, №5-жатаканада жашаган студенттер КУУнун студенттик кеңешинин төрагасы жана курамы келип, жатаканада жашаган студенттердин концертине күбө болушту.

 

Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети 1-курстарды тосуп алуу аземин өткөрдү

00

2022-жылдын 18-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети салтка айланып калган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү. Кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди Улуттук университетте билим алып жаткан жаштардын катарына кошулушу менен факультет деканы Бактыгуль Баратова, окуу иштери боюнча декандын орун басары Нуржамал Эстебесова, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакир Жадилов куттуктап, болочок программисттерге символикалуу "Сынак китепчесин" жана "Билим ачкычын" тапшырышты.

 

Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубунун мүчөлөрү "Келечек" интеллектуалдык таймашына катышты

002022-жылдын 18-ноябрь күнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарындагы Салымбеков университетинде "Келечек" интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Иш чарага жалпысынан 21 команда катышып, анын экөөсү Ош шаарынан, калган командалар Бишкек шаарындагы ЖОЖдордон келишти. Математика жана информатика факультетинин "Жаңы муун" дебаттык клубунун мүчөлөрү Балтабаева Бегимай, Нурлан кызы Сезим, Маматкулова Айчүрөк, Таалайбек уулу Жапар, Жолдубаев Бектур таймашка активдүү катышып, 4-орунга ээ болушту.

 

КУУнун мурдагы ректору, профессор Исамидинов Искендер Чоңмурунович дүйнөдөн өттү

00

Өмүр бою адамдык тагдырын билим берүүгө, рух дүйнөсүнө арнаган көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик ишмер, илимпоз Исамидинов Искендер Чоңмурунович 2022-жылдын 17-ноябрь күнү дүйнөдөн өттү. Искендер Чоңмурунович 1952-жылы Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн. 1973-жылы Кыргыз  улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. Педагогика илимдеринин доктору (2004), профессор. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер (2003). 1973 – 2014-жылга, б.а. ардактуу эс алууга чыкканга чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде эмгектенди. Алгач филология факультетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, декандын тарбия иштери, окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 1993-жылдан 2011-жылга чейин университеттин жетекчи кызматтарында иштеп, кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, окуу жайдын тарбия иштери боюнча, окуу иштери боюнча проректору, ал ами 2011 – 2014-жылдары Улуттук университеттин ректору болуп кызмат өтөгөн.

 

Юридика факультетинде 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү

00

2022-жылдын 17-ноябрында №2-окуу имаратындагы жыйындар залында юридика факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Майрамдык иш-чара мамлекеттик гимн менен ачылып, жагымдуу атмосфера ыр, күлкү жана бий номерлери менен коштолду.  Жаркын бийлер, жагымдуу ырлар, студенттердин мыкты тамашалары көңүлдү көтөрүп, агай эжейлерге күлкү тартуулады. Майрам кызыктуу сынактар, алып баруучулардын жаркыраган тамашаларына жана көрүүчүлөрдүн кол чабууларына толду. Факультет деканы Сманалиев К.М. ар бир студентке жаңы студенттик билетти жана сынак китепчени салтанаттуу түрдө тапшырып, ийгиликтерди каалады.

 

КУУнун өкүлдөрү инновациялык өнүгүү боюнча I Улуттук форумга катышты

002022-жылдын 17-ноябрында Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз улуттук китепканасы тарабынан уюштурулган "Кыргыз Республикаснын инновациялык өнүгүүсү үчүн маалыматтык технологиялар" аттуу I Улуттук форум болуп өттү. Жыйынга КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Асель Шайылдаева, “КУУнун жарчысы” редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы Шакирова К.К. жана башкы адиси Мая Джаилканова катышты. Форумдун алкагында “Антиплагиат”, “Сlarivat”, “EBSCO Information Servieces”, “ID Logic” “Инфра-М”, “Ирбис kg”, “ProQuest”, «Elinepress» сыяктуу басмаканалардын жана компаниялардын өкүлдөрү маалыматтык ресурстар жана инновациялык технологиялардын өнүгүүсү жөнүндө мазмундуу баяндамаларды жасашты. 

 

Журналистика факультетинде Студенттердин эл аралык күнү белгиленди

002022-жылдын 17-ноябрда КУУнун журналистика факультетинде Эл аралык студенттер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Студенттерди майрамы менен окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров куттуктап, окууларына ийгилик каалады. Ал эми факультет деканы Ширин Костюк куттуктоо сөзүндө журналисттик кесип жоопкерчиликтүү, кызыктуу экенин белгиледи. Иш чаранын жүрүшүндө сууда сүзүү боюнча спорт чебери Камчыбеков Дастан тууралуу кыска метраждуу мотивациялык тасма көрсөтүлүп, активдүү, жигердүү студенттер ардак грамоталар менен сыйланды. Андан тышкары, факультеттин студенттик сенатынын мүчөлөрү кийинки муунга милдетин өткөрүп беришти. Салтанаттуу иш-чара 4-курстун студенттеринин 1-курстун студенттерине зачеттук китепчени тапшыруусу менен аяктады.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгы талкууланды

00

2022-жылдын 17-ноябрь күнү кыргыз филологиясы факультетинде Кыргыз Эл жазуучусу Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгы тууралуу талкуу болуп өттү. Аталган иш-чараны кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, профессор Курманбек Абакиров ачып, жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу кыскача баяндама жасады. Андан соң студенттерге КР Эл артисти, режиссёр Асанкожо Айтикеев тарабынан тартылган документалдуу фильм көрсөтүлүп, тасманын аягында студенттер менен суроо-жооп уюуштурулуп, пикир алышуу болду. Талкуунун соңунда мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан жазуучунун эмгектери жана анын чыгармачылыгындагы урунттуу окуяларды айтып берип, кыргыз адабиятынын түптөлүшүнө чоң салым кошконун баса белгилеп өттү.

 

Математика жана информатика факультетинде Студенттердин эл аралык күнү белгиленди

00

2022-жылдын 17-ноябрь күнү математика жана информатика факультетинде Студенттердин эл аралык күнү белгиленди. Факультет деканы Изат Усенов жыйындын катышуучуларын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, алардын заманбап билим алып, өз кесиптеринин татыктуу ээлери болушуна, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушуна тилектеш экендигин билдирип, активист студенттерди окуудагы жана кайрымдуулук иштердеги ийгиликтери үчүн ардак грамота менен сыйлады.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде “Кош келдиң бизге студент!” аттуу 1-курстарды тосуп алуу аземи өткөрүлдү

00

2022-жылдын 16-ноябрында 5-окуу имаратындагы жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети Студенттердин эл аралык күнүнө карата “Кош келдиң бизге студент!” аттуу 1-курстарды тосуп алуу аземин өткөрдү. Иш чара 1- курс студенттерин кураторлору менен тосуп алуу менен башталып, факультет деканы Кундузгул Базакеева, экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын башчысы Издевалды Искаков, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кафедрасынын башчысы Гулсайра  Нурматова куттуктоо сөздөрүн айтышты. Майрамдык иш чара ыр, бий, көркөм окуу, логикалык суроолор, сахналаштырылган сценка, кызыктуу оюндар менен коштолду. Спортсмен студенттерди факультет деканы жеништери менен куттуктады.

 

Илимий жетишкендиктердин факультеттер аралык көргөзмөсүндө СГИФ 2-орунду ээледи

00

16-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Илим кунунө карата салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, анын алдында 2-кабаттын фойесинде факультетдердин илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү болду. Иш чарага 15 факультет катышып, көргөзмөгө соңку 2 жыл ичинде жарык көргөн китептер, окуу методикалык куралдар жана илимий монографиялар коюлду. Салтанаттуу жыйындын соңунда көргөзмөнүн жыйынтыгы чыгарылып, социалдык-гуманитардык илимдер факультети 2-орунду ээледи. Калыстар тобу тарабынан факультетке 5 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылып, сертификат тапшырылды.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков №5-жатаканада жашаган студенттер менен жолугушту

0

2022-жылдын 16-ноябрында жаш муундарга жан дүйнөсү менен таалим-тарбия бергенден талыкпаган Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков №5-жатаканада жашаган студенттер менен жолугушту. Жыйынды төкмө акындык өнөрү бар кыргыз филологиясы факультетинин 3-курс студенти Сапар кызы Жибек саламдашуу менен баштап, Нуржигит Кадырбековдун чыгармачылыгы жана таалим берүүдөгү өзгөчөлүгү, жаш кезиндеги комуз, гитара черткен өнөрлөрү жөнүндө төгүп ырдап берди. Жатаканда жашаган студенттер да абдан кубануу менен өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

 

КУУда Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү

0

2022-жылдын 16-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Иш чаранын алдында 2-кабаттагы фойеде факультеттердин илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү болду. Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, андан кийин Улуттук университеттин илимий жетишкендиктери жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү. КУУнун окумуштууларын кесиптик майрамы менен ректор Төлөбек Абдырахманов куттуктады. Жогорку Кеңештин депутаты Исатбек кызы Аида окуу жайдын айрым кызматкерлерин кыргыз парламентинин ардак грамотасы менен сыйлады.

 

Улуттук университетте Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленди

0

2022-жылдын 16-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург жана котормочу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдыгына арналган “Жалил Садыков - улуттун уңгулуу калемгери” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана жаштар иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, келген конокторду тааныштырды жана сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. Ал бүгүнкү иш чаранын уюштуруучуларына жана убакыт таап, келип берген конокторго ректораттын атынан чоң ыраазычылык билдирип, башка форматта, башка масштабда өтүүчү иш чаралар Жалил Садыков өзү бүтүрүп кеткен Улуттук университетте башталып жатканы символикалуу экенин белгиледи.

 

Математика жана информатика факультетинде Баткен окуясынын ардагерлери менен жолугушуу болду

002022-жылдын 15-ноябрь күнү математика жана информатика факультетинин аскердик–патриоттук “Мекен” уюмунун демилгеси менен 1999-2000-жылы болгон Баткен окуясына жана ушул эле жылдын сентябрь айында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы ок атышууга байланыштуу иш-чара өттү. Жыйынга Баткен окуясынын ардагерлери, Бишкек шаарынын Свердлов районунун Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Шабданбек Шакиров, КР аскер авиациясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанкул уулу Нурлан катышты. Жолугушуу жогоруда аталган окуяларда курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү жана 15 мүнөтүк видео-ролик менен башталды.

 

Социология жана социалдык иштер кафедрасынын окутуучулары КМТУда өткөн симпозиумга катышты

002022-жылдын 14-ноябрында социология жана социалдык иштер кафедрасынын профессорe Нуратбек Мендибаев, доценттери Абдикайым Жусубалиев, Айнура Усубалиева, Батма Кошбакова, Асель Жолдошева, Жайнагуль Асангулова жана журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргызстандын социологиялык ассоциациясынын президенти, КР Эл мугалими, ф.и.д, профессор Кусеин Исаевич Исаевдин 85-жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн симпозиумга катышты. Ушул эле күнү аталган Ассоциациянын IX Конгресси болду.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү

002022-жылдын 14-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультети тарабынан Студенттер күнүнө карата «Кош келдиң бизге, филолог!» аттуу 1-курстарды тосуп алуу аземи өткөрүлдү. Майрамдык иш-чараны факультет деканы Б.Жайлообаев ачып, 1-курс студенттерин Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын көрөңгөлүү көч башы аталган КУУнун студенти болушу менен куттуктап, Улуттук университет кыргыздын алгачкы интелигенция өкүлдөрүн тарбиялап, XX кылымдын устаканасы аталганын айтып, М.Алыбаев, Ж.Турусбеков, Р.Шүкүрбеков, Т.Усубалиев, Т.Касымбеков Ж.Садыков, Б.Жакиев сыяктуу алгачкы айрым бүтүрүүчүлөрүн санап берди.

 

Геофактын студенттери Новосибирскиден келген окумуштуу Павел Барсуков менен жолугушту

002022-жылдын 11-ноябрь күнү география, экология жана туризм факультетинде студенттер менен Новосибирскиден келген биология илимдеринин кандидаты, доцент Павел Анатольевич Барсуков менен жолугушуу болуп ѳттү. Орус окумуштуусу ѳзүнүн эмгек жолу тууралуу кыскача айтып, бала кезинен канатууларга мониторинг жүргүзүүгѳ катышкандыгы анын табиятты изилдѳѳ боюнча адис болуусуна түрткү бергендигин билдирди. Барсуковдун айтымында, айлана чѳйрѳгѳ ѳспүрүм кезден баштап байкоо жүргүзүү табигый илимдерде маанилүү. Андан кийин ал азыркы учурда Россия илимдер академиясынын Сибирь бѳлүмүнүндѳ ишке ашырылып жаткан илимий долбоорлор, экспедициялар жана алардын каржылоо булактары тууралуу маалыматтарга кенен токтолуп ѳттү.

 

Юридика факультетинде Илим күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү

00

2022-жылдын 10-ноябрында юридика факультетинде Илим күнүнө карата Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Т.Э.Эркиновдун катышуусу менен тегерек стол өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу боюнча долбоорлорго студенттерди жигердүү катыштыруу масатын көздөгөн иш чарада Т.Э.Эркинов катышуучулар менен долбоорлордун ийгилиги менен бөлүштү жана студенттердин бул долбоорлорго жигердүү катышуусун суранды. Тегерек столдун жыйынтыгында бул маселе боюнча мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

 

Математика жана информатика факультетинде Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү белгиленди

00

2022-жылдын 10-ноябрь күнү математика жана информатика факультетинин инсандык өнүгүү багытындагы «Коом сен жана мен» клубунун демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата иш-чара өткөрүлүп, жыйынга коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча бөлүмдүн өкүлдөрү катышты. Аталган бөлүмдүн тарбия иштери боюнча секторунун башчысы Ынтымак Касмакунов белгиленип жаткан майрам тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Лондон шаарында жаштардын Бүткүл дүйнөлүк конференциясы өтүп, Демократиялык жаштардын дүйнөлүк федерациясы түзүлгөн жана бул окуянын урматына "Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүн" жыл сайын 10-ноябрда белгилөө чечими кабыл алынган.

 

Матфакта магистранттардын илимий-педагогикалык практикасы жыйынтыкталды

002022-жылдын 9-ноябрь күнү 6-окуу имаратынын 126-жыйындар залында математикалык анализ кафедрасы менен колдонмо математика жана компьютердик технологиялар кафедрасынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасы жыйынтыкталып, алардын «Математиканын азыркы жана келечектеги мааниси» темасы боюнча жасаган баяндамалары жыйынга катышкан студенттерди аябай таасирлентти. Иш чарага окуу иштери боюнча декандын орун басары Ф.Т.Назарбаев, матанализ кафедрасынын башчысы К.Б.Бараталиев, КМжКТ кафедрасынын окутуучусу А.С.Сыргабекова жана педагогика илимдеринин кандидаты А.С.Баялиева катышты.

 

Страница 20 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 181 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары