Дүйшөмбү, Сентябрь 16, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн жашоочуларын Жаңы жыл менен куттукташты

00

2022-жылдын 24-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-интернатына барып, өз ыктыяры менен топтогон каражатка үй-интернаттын жашоочуларына  азык-түлүк, керектүү буюм, таттууларды алып, карылардын көңүлүн көтөрүп келишти. Интернаттын жетекчиси Эркингүл Абдылдаева менен орун басары Эридиана Раимбекова студенттерди жылуу тосуп алып, мекеменин азыркы абалы жөнүндө айтып беришти. Окуу жылдын башында да студенттер уй-интернатка келип, жашоочулар менен маек куруп, аларга кийинки жолугушууда сөзсүз түрдө каалаган белектерин алып келээрин айтышкан.

 

“Социал-демократтар” саясий партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков МжМБ факультетинин жамаатына конок лекциясын окуду

00

2022-жылдын 22-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Социалисттик интернационалдын вице-президенти, “Социал-демократтар” саясий партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучулары менен студенттери үчүн “Саясий процесстерде жаштардын ролу” аттуу конок лекциясын окуду. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кафедрасынын ага окутуучусу Жолдубай кызы Назгуль жана ГСК-1-20 тайпасынын студенттери уюштурган иш-чараны факультет деканы Кундузгүл Базакеева ачып, катышуучуларды келген конок менен тааныштырган соң, Темирлан Султанбеков бүгүнкү жаштардын саясаттагы ролу жана орду тууралу кызыктуу баяндама жасады.

 

Журфактын студенттери “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн видеороликтер сынагында жеңүүчү аталышты

00

Журналистика факультетинин студенттери «Сезим» кризистик борбору тарабынан демилгеленген USAID уюмунун “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында жарыяланган видеороликтер сынагында жеңүүчү аталышты. Иш-чарага “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, факультет деканы Ширин Костюк, журналист С.Курманова жана ЮСАИД уюмунун өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө коом көйгөйүнө кайдыгер карабаган студенттерге жана алардын жетекчилерине атайын дипломдор жана белектер тапшырылды.

 

Юридикалык факультетте «Чыӊгыз Айтматов - улуу даанышман» аттуу иш-чара өткөрүлдү

00

2022-жылдын 20-декабрында юридикалык факультеттин жыйындар залында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Чыӊгыз Айтматов - улуу даанышман» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө залкар жазуучуyнун карындашы Роза Айтматова Чынгыз Айтматов тууралуу эскерүү сөзүн айтып, өзүнүн «Ата-Бейит» китеби тууралуу кыскача баяндама жасады. Роза Айтматованын айтымында, китеп 1930-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарынын жаркын элесине арналган жана мурда жарык көргөн «Тарыхтын ак барактары», «Атам мамлекеттик ишмер», «Адам эл эстегенче жашайт...» жана «Кылыч менен калем» деген эмгектердин жалпыланган варианты болуп саналат.

 

Математика жана информатика факультетинин жетекчилиги №7-жатаканада болушту

00

2022-жылдын 20-декабрь күнү математика жана информатика факультетинин деканы, КУУнун турак-жай коммиссиясынын төрагасы Изат Усенов менен тарбия иштери боюнча декандын орун басары, аталган коммиссиянын мүчөсү Бактияр Рахманкулов №7-жатаканада болушуп, ал жерде жашаган факультет студенттеринин жашоо-тиричилиги, аларга түзүлгөн шарттар менен таанышып, жатаканада жашоо эрежелерин сактоо тууралуу сөз кылышты. Факультет деканы жаштыктын эң баалуу, кол жеткис мезгили - студенттик курак экендигин, студенттик жашоо жатаканада кызыктуу өтөөрүн белгилеп, студенттерди тартиптүүлүккө, тазалыкка, жатакананын ички эрежелерин сактоого жана коомдук иштерге активдүү катышууга чакырды.

 

Январь айында кандай эс алабыз?

00

Ректор Төлобек Абдырахмановдун 2022-жылдын 19-декабрында кол койгон №528-буйругу менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин эс алуу күндөрү болуп жарыяланды. Эс алуу күндөрүнүн мындай ыраатын камсыз кылыш үчүн 9-январдагы  эс алуу күнү 3-январдагы иш күнүнө, 25-февралдагы эс алуу күнү 4-январдагы иш күнүнө, 11-марттагы эс алуу күнү 5-январдагы иш күнүнө жана 25-марттагы эс алуу күнү 6-январдагы иш күнүнө жылдырылды. 

 

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин ДААД программасынын бүтүрүүчүлөрү эл аралык конференцияга катышты

00

2022-жылдын  16-18-декабрында Чолпон-Ата шаарындагы "Кыргыз деңизи" пансионатында Германиянын ДААД академиялык илимий изилдөө программасынын  Кыргызстандагы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында “Кыргызстандын билим берүү системасында климаттын өзгөрүү маселелерин интеграциялоо” деген темада илимий конференция өткөрүлдү. Эл аралык иш-чарага ДААД программасынын бүтүүчүлүлөрү  “Жогорку мектептин педагогикасы”  кафедрасынын  профессору  Райымбекова Ажара Супуровна жана “Социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти Жунушова Сайкал Орозовна активдүү катышты.

 

МжМБ факультетинин студенттери А.Салымбеков университетинде өткөн интеллектуалдык оюнда 1-орунду ээлешти

002022-жылдын 18-декабрь күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери Асилбекова Ыхвалай (4-курс), Кожомкулов Үсөн (4-курс), Темиркулов Акылмырза (1-курс) жана Манапов Азимбек (1-курс) “Агартуу Лигасы” долбоорунун алкагында А.Салымбеков университетинде өткөрүлгөн интеллектуалдык оюнга катышып, 31 команданын арасынан 1-орунду  ээлешти. Жеңүүчүлөргө диплом, сертификат, акчалай сыйлык жана food пакет тапшырылды. Акыл таймаштын чемпиону болгон студенттерди факультет деканы Кундуз Базакеева кабыл алып, жеңиши менен куттуктады жана мындан ары да көптөгөн ийгиликтерге жетише беришине тилектеш экенин билдирди.

 

МжМБ факультетинин студенти Улан уулу Денизбек казак күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеӊип алды

00

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» факультетинин 1-курсунун студенти Улан уулу Денизбек Астана шаарындагы Жаксылык Ушкемпиров атындагы спорт сарайында өткөн казак күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 82 кг салмак категориясында катышып, аталган мелдештин финалисти жана күмүш медалынын ээси болду. Дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 350 спортчу катышкан эл аралык ири мелдеште зор жеңишке жетишкен студентибиз менен сыймыктанабыз жана Денизбекке мындан аркы окуудагы ийгиликтерди жана спорттогу жеңиштерди каалайбыз!

 

Матфактын жамааты Бакыт Кадыровду дүйнө чемпиону болушу менен куттуктайт!

00Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2022-жылдын декабрь айында Туркия мамлекетинин Бурса шаарында болуп өткөн III Дүйнөлүк Алпагут чемпионатында 84 кг салмак категориясында катышып, жыйынтыгында дүйнө чемпиону аталды. Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны Дүйнө  чемпионатында алтын медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт! КУУнун окутуучулары жана студенттери Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат!

 

Улуттук университеттин 4 студенти Президенттик стипендияга татыктуу болду

00

2022-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимде жана чыгармачылыкта өзүн мыкты көрсөтө алган өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 70 студентине мактоо баракчасы менен 60 миң сом өлчөмүндөгү стипендия тапшырды. Президенттик сыйлыкка татыган мыкты студенттердин арасында КУУнун 4 студенти да бар. Алар: Исманова Алтынай Абдыкаримовна, Жолдошбек кызы Уулкелсин, Султанов Актан Султанович жана Дудай Анастасия Владимировна. КУУнун ректораты, кесиптик бирлик комитети, окутуучулары жана студенттери президенттик стипендияга татыктуу болгон студенттерди татыктуу сыйлыгы менен кызуу куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалайт. Биз силер менен сыймыктанабыз!

 

Кыргыз филологиясы факультетинин кыздар командасы 71-спартакиадада волейбол боюнча 1-орунду ээлешти

00

КУУнун факультеттер аралык 71-спартакиадасында кыргыз филологиясы факультетинин кыздар командасы волейбол боюнча 1-орунду ээлешти, Факультет деканы Б.Жайлообаев студенттерди кабыл алып, аларды жетишкен ийгилиги менен куттуктап, бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады жана факультеттин намысы үчүн ар дайым жеңиштин үстүндө болооруна ишенимин билдирди. Мындай жетишкендиктер менен  кыргыз филологиясы факультетинин кыздары окуудан гана эмес, спорттон да өздөрүн мыкты экендигин далилдеп беришти. Жеңишиңер кут болсун, кыздар!

 

Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин студенттери 71-спартакиадада ордо боюнча 2-орунду ээлешти

00Факультеттер арасындагы 71-спортакиаданын алкагында өткөрүлгөн ордо боюнча турнирде маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин ИБ-20 тайпасынын студенттери 2 орунду ээлешип, тиешелүү диплом менен сыйланышты. Факультет жамааты аларды чын жүрөктөн куттуктап, мындан ары да чон ийгиликтерге жетишине тилектеш.

 

Журфактын волейбол боюнча кыздар командасына “Абдыш-Ата” компаниясынын белектери тапшырылды

00

Улуттук университеттин 71-спартакиадасынын алкагында өткөрүлгөн волейбол боюнча турнирде байгелүү 3-орунду ээлеген журналистика факультетинин кыздар командасына “Абдыш-Ата” компаниясынын өкүлү тарабынан атайын белектер тапшырылды.  Өзүнүн куттуктоо сөзүндө ал факультетте спорт менен алектенген, спортту сүйгөн, кыргыз спортуна өз салымын кошкон таланттар бар экенин жана студенттерге мындан ары да колдоо көрсөтүлүп турарын белгилеп өттү. Өз кезегинде журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк ийгилик жараткан студенттерди куттуктап, колдоо көрсөткөндүгү үчүн "Абдыш-Ата" компаниясынын жетекчилери Сакебаев Азат Советбекович менен Сакебаев Советбек Абдышевичке терең ыраазычылыгын билдирди.

 

Математика жана информатика факультетинин студенттери "Кылым карытар бир күн" спектаклине барып келишти

00

2022-жылдын 14-декабрында математика жана информатика факультетинин студенттери кыргыз тилчи Гүлзина Элтузерованын жетекчилиги менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына барып, Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде даярдалган спектаклди көрүп келишти. Режиссер Назым Мендебаиров чоң көлөмдөгү романды эки сааттык спектаклге сыйдыруу оңойго турбаганын айтып, спектакль буга чейин бир нече сыйлыктарга ээ болгонун белгиледи. Актёр Данияр Жанжигитовдун баш каарман Эдигейдин ролун жогорку деңгээлде аткаргандыгы студенттердин аң-сезимине чоң таасир тийгизди.

 

КУУнун ректору Инөнү Университетинин ректору Ахмет Кызылай мырза баштаган делегацияны кабыл алды

00

2022-жылдын 14-декабрында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү Университетинин ректору Ахмет Кызылай мырза баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки ректор адегенде өздөрү жетектеген университеттеги факультеттер, студенттер менен кызматкерлердин саны, эл аралык байланыштар жана жетишкендиктер тууралуу маалымат беришип, андан кийин билим берүү жана илимий изилдөөлөр, студенттер менен окутуучуларды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү жана, жыйынтыгында, аталган багыттар боюнча өз ара кызматташуу тууралуу меморандумду даярдап, жакын арада ага кол койууну чечишти. 

 

№7-жатаканада Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

00

2022-жылдын 13-декабрь күнү №7-жатаканада Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Оюнга 1-курста окуган студенттерден түзүлгөн 6 команда катышты. Интеллектуалдык таймаш "Викторина", "Логикалык суроо" жана "Белгилүү инсан" деп аталган 3 турдан туруп, жыйынтыгында 1-орунду “Эр Манас” командасы, 2-орунду “Жалын” командасы жана 3-орунду “Биримдик” командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө “Ак демилге” коомдук фондунун төрагасы Мирлан Акматалиев ардак грамота, китеп жана башка белектерин ыйгарды. Ал эми активдүү катышып берген “Ак Илбирс”, “Ак-Кеме”, “Курманжан Датка” командаларына ыраазычылык барагы менен китептер тапшырылды.

 

Эрлан Базарбаев менен Гүлнара Абакирова КТМУ жана БААУдагы окутуу технологиялары менен таанышты

0

2022-жылдын 12,13-декабрь күндөрү Кыргыз-Түрк Манас университети менен Борбордук Азиядагы Америка университетинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өзгөчө макам берилген 5 университеттин академиялык түзүмдөрүнүн жетекчилери үчүн Билим берүү жана илим илим министрлиги тарабынан уюштурулулган семинар болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө өзгөчө макам алган университеттердин окуу иштери боюнча проректорлору жана окуу башкармалыктарынын башчылары аталган жогорку окуу жайлардагы окуу процесси жана жана окутуу технологиялары менен таанышып, тиешелүү маселелерди талкуулашты. Улутттук университеттен семинарга окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев менен академиялык саясат башкармалыгынын начальниги Гүлнара Абакирова катышты.

 

Журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк Президенттин энчилүү сааты менен сыйланды

0

Кыргыз Республикасынын радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүнүн урматына жана  Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 90 жылдыгына байланыштуу кесиптик милдетин ак ниети менен аткаргандыгы үчүн журналистика факультетинин деканы, соц.и.к., доцент Ширин Костюк  Президенттин энчилүү сааты менен сыйланды. Сыйлыкты 2022-жылдын 13-декабрь күнү УТРКда болуп өткөн салтанаттуу жыйында Президент Садыр Жапаров өзү тапшырды. Белгилей кетсек, Ш.Костюк өзүнүн 16 жылдан ашык өмүрүн кыргыз телекөрсөтүүсүнө арнаган. Өлкөдөгү курч, көйгөлүү маселелерди коомдун талкуусуна чыгарган социалдык, саясый берүүлөрдүн, түз эфирлердин, мамлекеттик деңгээлдеги бир катар иш чаралардын, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинин жана ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын саммитинин алып баруучусу, диктор, о.э. автордук долбоорлордун жетекчиси.

 

КУУда сынчы жана адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Калыбек Байжигитовдун 70 жылдыгы белгиленди

00

2022-жылдын 13-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында сынчы жана адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Калыбек Байжигитовдун 70 жылдыгына арналган «Адабий сын - өз мезгилинин канаттуу жарчысы» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болду. Кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасы тарабынан уюштурулга иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, жыйынга келген конокторду тааныштырган соң, К.Байжигитовдун бейнеси тууралуу видео тасма көрсөтүлдү.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Улуттук адабият күнүнө карата «Ыр дүйнө» аттуу поэзия сабагы өтүлдү.

00

2022-жылдын 12-декабрь күнү кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Сайра Исаева Улуттук адабият күнүнө карата 4-курстун студенттерине «Ыр дүйнө» аттуу поэзия сабагын өттү. Сабакка факультет деканынын окуу иштери боюнча орун басары М.Жаңыбаева, кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Б.Баймырзаев, доцент Н.Турдубаева жана ага окутуучу М.Сатыбеков катышты. Адабият күнүнө карата факультеттин «Жаш толкундар» адабий ийриминин дубал гезитине чыгармачыл студенттердин ырлары чыкты.

 

КУУнун тарыхчылары Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышты

00

2022-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган “Канай уулу Байтик баатырдын жашаган доору, ишмердүүлүгү, тарыхта ээлеген орду” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Жыйынга тарых жана чөлкөм таануу факультетинин профессорлору Жакыпбеков Жаныбек, Бедельбаев Аскарбек, Каратаев Олжобайдоценттери Жолдошов Рыскул, Асанов Темир жана ага окутуучусу Алымкожоев Өмүрбек катышып, өз баяндамалары менен чыгып сүйлөштү. Конференцияда жаңы архивдик булактарга, изилдөөлөргө таянуу менен Байтик баатыр жашаган доору, кыргыз урууларынын саясий абалы жана коңшу элдер менен мамилелери, кыргыз коомундагы башкаруу институттарынын өзгөчөлүгү, колониалдык бийлик менен жергиликтүү элдердин абалы талкууланды. 

 

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин окутуучулары Борбордук китепканадагы иш-чарага катышты

00Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин окутуучулары Гүлина Сыдыкова жана М.И.Мамырова 2022-жылдын 12-декабрында «Клиникалык психология» адистигинин биринчи жана бешинчи курсунда окуган студенттер менен биргеликте Борбордук китепкана тарабынан кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага барышып, активдүү катышышты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Улуттук адабият күнү белгиленди

0

2022-жылдын 12-декабрь күнү кыргыз филологиясы факультетинде 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата студенттер тарабынан уюштурулган “Адабият – аруу дүйнө” аттуу сахналаштырылган адабий кече болуп өттү. Факультет деканы Бактыбек Жайлообаев куттуктоо сөздөрүн айткан соң, 1-курс студенттери арасында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткаруу жана  классик акын А.Осмоновдун ырларынан көркөм окуу, бий боюнча сынак уюштурулду. Чыгармадан үзүндүнү КТА-1-22 тайпасынын студенттери эң мыкты аткарышты. Кечеде о.э. мурда жарыяланган дил баяндар сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, эң мыкты жазылган дил баяндын  ээси деп 2-курстун студенти Мирбек кызы Чачыкей аталды. Жеңүүчүүлөр диплом, ардак грамота жана китептер менен сыйланышты.

 

Страница 17 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 186 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары