Дүйшөмбү, Сентябрь 16, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Матфактын студенттери режиссер М.Атаналиевдин "Айтматовдун каармандары 60 жылдан кийин" деген тасмасын көрүштү

002022-жылдын 12-декабрь күнү математика жана информатика факультетинде "Коом - сен жана мен" клубунун демилгеси менен Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Кеченин ардактуу коноктору катары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Назрет Дубашев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бусурман Одуракаев жана белгилүү режиссёр, "Жаакер" этно-лагеринин негиздөөчүсү Мухтар Атаналиевдер болушту. Жыйындын башында студенттерге ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата режиссёр М.Атаналиев тарабынан тартылган"Айтматовдун каармандары 60 жылдан кийин" деген 30 мүнөттүк кыска метраждуу көркөм тасма көрсөтүлдү.

 

КУУда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө арналаган иш-чаралар өткөрүлдү

00

2022-жылдын 9, 12-декабрь күндөрү мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук  адабият күнүнө арналаган иш-чаралар өткөрүлдү. 9-декабрда бардык факультеттерден келген 1-курс студенттери "Айтматов ааламы" аттуу темада эссе жазышса, 12-декабрда аталган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынтыктоочу жыйында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан сөз сүйлөп, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларынын кыргыз киносуна, театрына, музыкасына, живописине, скульптурасына, б.а. кыргыз искусствосунун бардык тармактарына тийгизген таасири, Чыңгыз Айтматов - кыргыз элинин сыймыгы, дөөлөтү экендиги, анын чыгармалары өмүр бөю күл азык болоору тууралуу кызыктуу баяндама жасады жана катышуучуларды 12-декабрда белгиленүүчү Улуттук адабият күнү менен куттуктап өттү.

 

КУУнун студенттери Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Ата Бейит» мемориалдык комплексине барып келишти

002022-жылдын 12-декабры күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери активидүү студенттер  менен биргеликте Кыргыз ССРнин Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз элинин чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовду эскерүү максатында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, улуу жазуучуну эскерип, куран  окутушту жана Ч.Айтматовдун кумбөзүнө гүл коюп келишти.

 

МжМБ факультетинин студенттери “Асманда жанып турган эки жылдыз, анын бири Алыкул да, бири Чыңгыз” аттуу иш-чара өткөрдү

002022-жылдын 12-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата “Асманда жанып турган эки жылдыз, анын бири Алыкул да, бири Чыңгыз” аттуу иш-чара өткөрдү. Иш-чара улуу акын Алыкул Осмоновдун образынын чыгышы менен башталып, Чынгыз Айтматовдун ар бир чыгармасын образдуу аткаруу менен аяктады. Жыйындын соңунда факультет деканы Кундуз Базакеева сөз сүйлөп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, грамота тапшырды жана 10-декабрь күнү Агрардык университеттеги интеллектуалдык оюнда 1-орунду алып келген 4 студентти куттуктап, белектерин тапшырды.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады

002022-жылдын 9-декабрында КУУнун профессору Гүлжамал Жаманкулова Уфа илим жана технологиялар университетинин башкыр филологиясы, чыгыш таануу жана журналистика факультети менен Башкортстандагы «Ала-Тоо» коомдук уюму биргеликте уюштурган «Духовная культура башкир и кыргызов» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, пленардык жыйында “Языковые параллели письменности башкир и кыргызов” деген темада баяндама жасады. Офлайн жана онлайн форматта өткөн жыйынга Россия, Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Башкортстандан окумуштуулар, илимий кызматкерлер, докторанттар, аспиранттар катышты. Конференцияда окумуштуулар өздөрүнүн илимий табылгаларын ортого салышты, докладдар суроо-жооптор, окумуштуулардын жандуу талкуусу менен коштолду.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультети СССРдин 100 жылдыгына арналган ЖОЖдор аралык конференция өткөрдү

00

2022-жылдын 9-декабрь күнү тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасы тарабынан башкы имараттагы чоң жыйындар залында СССРдин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган ЖОЖдор аралык студенттик практикалык конференция өткөрүлдү. Иш чарага Кыргызстан эл аралык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Дипломатиялык академиянын студенттери катышып, өздөрү даярдап келген баяндамаларын жасашты. Секциялык жыйындарда СССР боюнча актуалдуу маселелер студенттер арасында кызуу талкууга алынып, азыркы жаштардын Совет мамлекетине болгон көз карашын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Окуу иштери боюнча проректор Жогорку Кеңештеги орто кесиптик билим берүү боюнча тегерек столго катышты

002022-жылдын 9-декабрь күнү Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залында депутат Бактыбек Чойбеков тарабынан демилгеленип жаткан «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын алкагында орто кесиптик билим берүүнүн айрым маселелери бонча тегерек стол болуп өттү. Иш чарага Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов жана бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери, кесиптик колледждеринин окутуучу-профессорлук жааматы жана эксперттер катышты. Улутттук университеттен жыйынга окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев катышып, сөз сүйлөдү.

 

Математика жана информатика факультетинде паракорчулукка каршы иш-чара өттү

00

2022-жылдын 9-декабрында математика жана информатика факультетинде "Билим берүү тармагындагы паракорчулукту жоюу маселелери" темасында иш-чара өттү. Жыйынга УИАнын мамлекеттик, муниципиалдык башкаруу жана атайын экспертизалар бөлүмүнүн башчысы, паракочулукка каршы коомдук кеңештин мурдагы мүчөсү Чолпонбек Сыдыкбаев катышты. Ал билим берүү - элдердин социалдык биримдигинин гарантиясы экендигин, эгерде коом системанын коррупциялангандыгы жөнүндөгү чечимге келсе, анда ал өзүнүн келечегине ишенбей калаарын белгилеп, мындайга жол бербеш үчүн баарыбыз даяр болушубуз керек деген бүтүм чыгарды.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде «Merry Christmas» деген темада англис тилинен ачык сабак өткөрүлдү

002022-жылдын 9-декабрында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасында «Merry Christmas» деген темада англис тили сабагынан ачык сабак өткөрүлдү. Иш чарага факультеттин деканы Туратбек Сырдыбаев,  анын орун басары Гүлзат Чодолдоева, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы Майрам Асипбаева жана чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын окутуучу-профессордук жамааты катышты. Сабакта 1-4-курс студенттеринин «History of Christmas”, «Christmas traditions», «Christmas gifts» жана “Christmas foods” темаларындагы презентациялары көрсөтүлүп, англис тили сабагынан берген ага окутуучу Н.К.Деркембаева жана окутуучу А.Э.Жылкелдиев тарабынан даярдалган интеллектуалдык оюн өткөрүлүп, «Christmas» майрамына байланыштуу суроолор берилип, кызыктуу талкуу менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.

 

Экономика факультетинде “Айтматов ааламы” аталышындагы иш чара болуп өттү

002022-жылдын 9-декабрында  экономика факультетинде Кыргыз ССРнын эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдыгын эскерүү максатында “Айтматов ааламы” аталышындагы иш чара болуп өттү. Жыйынды окуу иштери боюнча декандын орун басары Эльмира Курамаева баштап берген соң, студенттер Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча сценкаларды коюп, үзүндүлөрдү көркөм окуп, жазуучунун чыгармаларынын мотиви боюнча жазылган ырларды аткарып беришти.

 

Эрлан Базарбаев №6, 8, 6А, 2 жана 5-окуу имараттарында жайгашкан факультеттердеги окуу процессинин жүрүшүн текшерди

00

2022-жылдын 5, 6, 7, 8-декабрь күндөрү окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев №6-окуу имаратында жайгашкан математика жана информатика, физика жана электроника, биология, география, экология жана туризм, химия жана химиялык технология факультеттериндеги, №8-окуу имаратында жайгашкан экономика, башкаруу жана бизнес, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультеттериндеги, 6А-окуу имаратында жайгашкан педагогика факультети менен кесиптик колледждеги, №2-окуу имаратында жайгашкан юридика факультетиндеги жана №5-окуу имаратында жайгашкан экономика, башкаруу жана бизнес, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультеттериндеги окуу процессинин жүрүшүн текшерип чыкты. Проректор о.э. аталган имараттарда жайгашкан башка  түзүмдөрдүн иши менен да таанышты.

 

Математика жана информатика факультетинде мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү

002022-жылдын 8-декабрь күнү 6-окуу имаратынын спорт залында математика жана информатика факультетинин аскердик-патриоттук "Мекен" клубунун демилгеси менен факультеттер аралык өткөрүлүүчү турнирге катышуучу курамы команданы толуктоо максатында Бүткүл дүйнөлүк футбол күнүнө карата студенттер арасында мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Таймашка 6 команда катышып, оюн өтө жогору деңгээлде өттү. Мелдештин катышуучуларынын айтымында, футбол - бүткүл дененин, өзгөчө буттун булчуңдарынын өсүшүнө, денени ар тараптан өнүктүрүүгө жана ден-соолукту чыңдоого жакшы таасир берет. Мындан сырткары адамды эрктүүлүккө, шамдагайлыкка, чыдамдуулукка тарбиялайт.

 

КУУнун тарыхчылары Улуттук тарых музейиндеги «Ормон хан жана анын көчмөн мамлекети” аттуу конференцияга катышты

00

2022-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден 19-кылымдын соңуна чейинки тарыхы бөлүмү Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Ормон хан жана анын көчмөн мамлекети” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Жыйынга тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаев баш болгон факультеттин студенттери менен професоордук-окутуучулук курамы катышып, төмөндөгү баяндамалар менен чыгып сүйлөштү:

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1-курс студенттери Улуттук адабият күнүн белгилешти

00

2022-жылдын 8-декабрь күнү тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1-курс студенттери факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Динара Курманкожоева менен биргеликте 12-декабрь - Улуттук адабият күнүн белгилешти. Иш чарага факультет Туратбек Сырдыбаев баш болгон бир катар мугалимдер жана мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулук курамы катышты. Студенттер кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү болгон улут сыймыктары жазуучу Чыңгыз Айтматов жана акын Алыкул Осмоновду эскеришти. Студенттер Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуп, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасынан үзүндүнү сахналаштырып чагылдырып беришти.

 

Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубунун мүчөлөрү "Элементариум" интеллектуалдык таймашына катышты

002022-жылдын 7-декабрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "Элементариум" интеллектуалдык таймашы болуп, иш-чарага математика жана информатика факультетинин "Жаңы муун" дебаттык клубунун мүчөлөрү да активдүү катышып келишти. Таймашка жалпысынан 8 жогорку окуу жайынан 30 команда катышып, оюн эки баскыч менен өткөрүлдү. 1-турда Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына жана "Манас" эпосуна байланыштуу тапшырмалар, суроолор берилип, 2-турда логикалык суроолорго басым жасалды. Викторинанын жыйынтыгында "Жаңы муун" дебаттык клубунун мүчөлөрү 6-орунга ээ болушту.

 

Улуттук университетте Жемкордукка каршы күрөшүү күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү

00

2022-жылдын 7-декабрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында 9-декабрда белгиленүүчү Жемкордукка каршы күрөшүү күнүнө карата “Арам оокат аш болбойт” деп аталган тегерек стол болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, иш чарага келген конокторду тааныштырды жана тегерек столдун темасы боюнча конструктивдүү ой-пикирлер айтылаарына ишенерин билдирди. Окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев бүгүнкү жыйында министрликте бетачаары болгон “Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдардагы антикоррупциялык саясатынын стратегиясы” тууралуу КР Президентине караштуу Жемкорлукка каршы ишкердик кеӊештин мүчөсү, КУУнун доценти Рапия Исаеванын актуалдуу баяндамасы болоорун билдирип, Улуттук университеттин жетекчилигинин атынан тегерек столдун ишине ийгиликтерди каалады.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков КУУнун студенттерине семинар өттү

00

2022-жылдын 6-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков “Улуудан уккан улуу сөз” деген темада КУУнун студенттерине семинар өттү. Ал өз сөзүндө убакыт - эң улуу байлык экендигин, адам качан гана ички напсисин башкара алганда чоң-чоң жетишкендиктерди багындыраарын, тилекке каршы, учурда азгыруучу факторлор көп экендигин, интернеттен пайдалуу маалымат алуунун ордуна, студенттер соцтармактарга кирип, керексиз видеолорду көрүү менен убакыт өткөрүп жатышкандыгын белгиледи. Андан ары ал "Мындай нерселерден баш тартып, өз өмүрүн туура пайдалана билген адам гана мейли саясатта, мейли спортто - кайсыл гана тармакта болбосун ийгиликтерге жетише алат" деген мотивация берип, студенттерди шыктандырды.

 

Профессор Б.Э.Канетовдун илимий макаласы америкалык “American Institute Physics” журналында жарык көрдү

00Академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, физика жана математика илимдеринин доктору, профессор Б.Э.Канетовдун аспиранттары Байджуранова А. жана Алмазбекова Б. менен биргеликте жазган “About weakly uniformly paracompact Spaces” аталышындагы илимий эмгеги “American Institute Physics” аттуу рецензиялануучу журналдын үстүбүздөгү жылдын ноябрь айындагы 2483 номуруна жарык көрдү. Бул журнал дүйнөлүк Scopus жана Web of Science базаларында индекстелет, 2022 - жылдагы импакт-фактору IF=0,402 жана Q3 квартилге ээ.

 

Матфактын студенттери Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейине барып келишти

00

2022-жылдын 6-декабрында математика жана информатика факультетинин студенттери 12-декабрда белгиленүүчү "Адабият күнүн" утурлап кыргыздын демократ акыны Токтогул Сатылгановдун музейине барып, кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучуларынын алгачкы китептери болгон М.Элебаевдин алгачкы автобиографиялык «Узак жол» романы, Ж.Турусбековдун биринчи драмасы «Acal ordinary», Ж.Бөкөнбаевдин «Токтогулдун өмүрү», «Ырлар жана поэмалар жыйнагы», А.Токомбаевдин «Таң алдында» романы, Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романы, А.Осмоновдун «Отчий край», «Мезгил жана Алыкул»,«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»,«Ыр сабындагы өмүр», «Көл толкуну» ырлар жыйнактары экенине күбө болуп, жан дүйнөсүн байытып келишти.

 

Тарых факультетинин студенттери ​ Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту

00

2022-жылдын 5-декабрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери ​ Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту. Иш чараны факультет деканы Туратбек Сырдыбаев ачып, сөз кезегин Гапыр Мадаминовго берди. Ал студенттердин жан дили менен окубагандыгынын себептерин, ата-энелердин көзөмөлүнүн балага тийгизген таасири, мугалимдердин берген билиминин сиңбей жатышы тууралуу маселелердин үстүндө изденип, талыкпаган тажрыйбасынын негизинде жазылган эмгектеринин баалуулугу, пайдалуулугу тууралуу студенттерге кызыктуу маек куруп берди жана өзү иштеп чыккан формуласы менен аудиторияны жандантты.

 

КУУда “Массалык маалымат каражаттары жаңы өзгөрүүлөр шартында” аттуу эл аралык медиафорум болуп өттү

0

2022-жылдын 5-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз телеберүүсүнүн күнүнө арналган “Массалык маалымат каражаттары жаңы өзгөрүүлөр шартында” аттуу эл аралык медиафорум болуп өттү. Жыйындын алдында 1-кабаттын фойесинде журналистика факультетинин “Телевидение” багытынын 4-курс студенттери тарабынан “Фото искусство” сабагыньн алкагында даярдалган “Мен сени сүйөм, өмүр!” аттуу сүрөт-көргөзмөсүнүн, көзү өтүп кеткен журналисттерди эскерүү максатында телерадиожурналистика кафедрасынын жанында уюштурулган “Биз силерди эскеребиз!” фото-галереясынын, “Баласагын ТВ” студиясынын чыгармачылык өнөрканасынын жана 2-кабатта жайгашкан КУУнун пресс-борборунун ачылышы болду.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери балдар үйүнө барып келишти

00

Кыргыз филологиясы факультетинин КТА(к)-2-22 группасынын студенттери 3-декабрда белгиленүүчү Майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 2022-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарындагы “Үмүт” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө барып келишти. Студенттер ал жердеги тарбиялануучуларга кайрымдуулук кылышып, балдарга керектүү каражаттарды (плитка, тефаль, массаж тобу ж.б.) ала барышты. Ошону менен катар эле алар мекеме жайгашкан имаратта ишембилик өткөрүшүп, анын айланасында жана ички бөлмөлөрүндө тазалоо иштерин жүргүзүштү. Кайрымдуулук акциясынын соңунда студенттер балдарга жакшы каалоо-тилектерин билдирип кайтышты.

 

«Дин антропологиясы» аттуу эл аралык симпозиум Улуттук университетте жыйынтыкталды

00

Мурда кабарлангандай, 2022-жылдын 1-3-декабрында Жусуп Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана РФ Президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясы биргелешип «Дин антропологиясы » аттуу эл аралык симпозиумун өткөрүштү. Иш чара 1-декабрь күнү Кыргыз–Түрк «Манас» университетинде ачылып, жыйында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов чыгып сүйлөп, жаӊы форматтагы бул иш-чара антропология, дин таануу, фольклористика илимдеринин мындан ары өнүгүшүнө чоӊ салым кошоорун белгиледи. Симпозиум 2-декабрда Жусуп Баласагын атындагы КУУда уланды. Ага Россия, Белоруссия, Түркия өлкөлөрүнөн жана Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл университеттеринен, о.э. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынан келишкен окумуштуулар катышты.

 

7-жатаканада жашаган студент кызар арасында волейбол боюнча таймаш өткөрүлдү

00

2022-жылдын 1-декабрында 7-жатаканада жашаган студенттердин ич ара ынтымагы бекемдөө максатында 6-окуу имаратындагы спорт залында "Спорт-ден-соолүктун булагы, ийгилик - ынтымактын башаты" аттуу кыздар арасында  волейбол боюнча таймаш болуп өттү. Ар бир кабаттан экиден команда түзүлүп, жалпысынан оюнга 6 команда катышты. Таймаштын жыйынтыгынада 1-орунду 3-кабаттын командасы, 2-орунду 2-кабат, ал эми 3-орунду 4-кабатта жашаган кыздар командасы ээлдеди. Биринчи орун алган командага тарбия иштери секторунун башчысы Ынтымак Касмакунов өз кубогун тапшырды. Оюнда о.э. “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” деген  номинациялар боюнча жеңүүүлөр аныкталды.

 

Страница 18 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 182 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары