Дүйшөмбү, Сентябрь 16, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде майрамдык "Акыл таймаш” өткөрүлдү

00

2023-жылдын 22-февраль күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жигиттер арасында “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Иш-чарага факультеттин окутуучулар жамааты катышып, декан Кундузгул Базакеева баштаган калыстар тобу оюндун жыйынтыгын чыгарды. Интеллектуалдык таймашта 1-орунду 4-курс студенттеринен түзүлгөн “Актерлор” командасы, 2-орунду 1-курстун ГСК3-22 группасы, 3-орунду 2-курстун жигиттери ээледи. Факультет деканы жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана белектерди тапшырып, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады жана студенттик кеңешке оюнду уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Кесиптик колледждин юридикалык бөлүмүнүн студенттерине Жогорку Кенешке экскурсия уюштурулду

00

2023-жылдын 22-февралында кесиптик колледждин юридикалык бөлүмүнүн 1-курс студенттеринин «Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу» дисциплинасынын «Конституциялык жана мыйзам чыгаруу бийлигинин укуктук негиздери» темасы боюнча теориялык билимдерин тереңдетүү жана практикада бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер Жогорку Кеңештин тарыхы, анын курамы, түзүмү жана ишинин уюштурулушу менен таанышып, мыйзам долбоорлору талкууланган парламенттин пленардык жыйынына байкоочу катары катышты. Студенттер о.э. комитеттин отурумдары өтүүчү кичи залда болушту.

 

Математика жана информатика факультетинде кышында кабыл алынган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү

00

2023-жылдын 22-февраль күнү 6-окуу имаратынын 126-дарсканасында математика жана информатика факультетинин кышында кабыл алынган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү. Факультет деканы Изат Усенов кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен куттуктап, алардын сапаттуу билим алышына жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушуна тилектеш экендигин билдирип, символикалуу «Сынак китепчесин» жана "Илимдин ачкычын" тапшырды.

 

КМБжЖИ боюнча бөлүм "Чек арага чеп, эне тилге бек жаштар" аттуу жолугушуу уюштурду

00

Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча бөлүмү активдүу студенттер менен бирге 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата "Чек арага чеп, эне тилге бек жаштар" аттуу жолугушуу уюштурду. Жыйынга  маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана жаштардын жаратман өкүлдөрү, «Тентек» студиясынын негиздөөчүсү Жалил Мукамбет, «Тилимпоз» социалдык баракчасынын жетекчиси, лингвист, кыргыз тили мугалими Нуркалый Масалбеков жана УКМКнын Чек ара кызматынын тарбия иштер башкармалыгынын башчысы Турдалиев Раимбек келишти.

 

Майрамыңыздар менен, урматтуу кесиптештер жана студенттер!

00

Урматтуу кесиптештер жана студенттер! Кесиптик бирлик комитети 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт! Эркек болуу чоң сыймык жана жоопкерчилик. Бул майрам погон тагынып, Мекен чегинде колуна курал кармап турган адамды гана эмес, жалпы “Ата-Мекен”, “Милдет”, “Парз” жана “Намыс” деген сөздөргө кайдыгер карабаган, күчтүү, эрктүү жана кайраттуу мекенчил замандаштарыбыздын майрамы да болуп эсептелинет. Биз урмат сыйыбызды бир гана бүгүнкү күндө мекенди коргогон жана коргоп жаткандарды гана эмес, келечекте Мекенди коргой турган, атуулдук ар-намысын бийик сактай турган, мекен алдында милдетин билип, эрдик көрсөтө турган Кыргызстандын жаш муундарына арнайбыз. 

 

Матфактын окутуучулары - "Ден соолук 2023" спартакиадасынын чемпиону

002023-жылы январь айында 6-окуу имаратындагы спорт залда волейбол, тогуз коргоол, шахмат, тенис жана стритбол боюнча факультеттердин окутуучуларынын арасында "Ден-соолук 2023" спартакиядасы өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча жалпы командалык зачетто математика жана информатика факультети 1-орунду ээлеп, "КУУнун чемпиону" аталды. Бул ийгиликке жетишүүдө факультеттин курама командасынын мүчөлөрү стритбол, тогуз коргол жана теннис боюнча 1-орунду, волейбол, шахмат боюнча 2-орунду ээлешип, чемпиондук наамды жеңип алууга чоң салым кошушту. Курама команданын капитаны, ага окутуучу Айпери Асанкулованын мындан аркы спорттук ийгиликтерди жаратуусуна тилектешпиз!

 

Илимий-техникалык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2023-жылдын 22-февралында Илимий-техникалык кеңештин кезектеги отуруму Google Meet платформасында онлайн форматта болуп өттү. Алгач аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн 2022-жылда аткарган иштери тууралуу отчету менен бөлүм башчы Токтокан Курамаева тааныштырды. Отчет мазмундуу, жеткиликтүү жана көрсөтмөлүү болуп, кеңештин мүчөлөрү аткарылган иштер тууралуу кеңири маалыматка ээ болушту. Кеңештин төрагасы кийинки маселени кошуп айтууну сушутап, аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн диссертациялык темалары жана жетекчилери бекитилди.

 

Улуттук университетте кыргыз тилин санариптештирүүнүн маселелери талкууланды

00

2023-жылдын 22-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультети менен ULUT SOFT  компаниясы  биргеликте уюштурган "Кыргыз тилин санариптештирүүнүн маселелери" аталышындагы кереге кеңеш болуп өттү. Жыйын манасчы Замирбек Баяливдин "Манас" эпосунан үзүндү айтуусу, төкмө акын Азамат Болгонбаевдин ыры, К.Молдобосанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттык музыка жана эл аспаптар ансамбли менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиин ансамблинин аткаруусундагы элдик ыр-күүлөр жана "Билге клуб" окуу борборунун бийчи кыздарынын аткаруусундагы бийлер менен башталды.

 

Студенттик кеңеш Эне тилдин эл аралык күнүнө карата тегерек стол өткөрдү

00Улуттук университеттин студенттик кеңеши активдүү студенттердин арасында 21- Февраль - Эне тилдин эл аралык күнүнө карата тегерек стол өткөрүштү. Иш-чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып берди.Тегерек столдун максаты - өз эне тилибизди сактоо, анын кадыр-баркын көтөрүү, тилди сүйүү тууралуу кеңири маалымат берүү.

 

Кыргыз-европа факультетинде "Тил - достуктун ачкычы" деген иш-чара өткөрүлдү

00

21-февраль "Эл аралык эне тил күнү" жыл сайын 2000-жылдан бери тил, маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет. Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет. 21-февралга карата кыргыз-европа факультетинин 1-курстарынын катышуусунда "Тил- достуктун ачкычы" деген темада чакан иш-чара өткөрүлдү.

 

Эне тилимде сабаттуу сүйлөйм жана жазам!

00

Эне тилдин эл аралык күнүнө карата юридикалык факультет менен башкаруу жана бизнес факультеттеринде кыргыз тили жана адабияты боюнча салтка айланган жат жазуу иши өткөрүлдү. Бул жолку иш-чарага аталган факультеттердин 1 жана 3-курс студенттери катышып, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынган «Толгонай», «Бугу-Эне» деген темаларда жазышты. Уюштуруу тобу (факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары Б.Ж.Касымалиев, К.Т.Токтоналиева, К.К.Жусупкелдиев) бул иш чараны өткөрүүгө колдоо көрсөткөн ректоратка, профсоюз комитетине жана факультеттердин жетекчилигине ыраазычылык билдирет.

 

И.Исамидинов атындагы педагогикалык институтта «Эл достугу» аттуу конкурс өткөрүлдү

002023-жылдын 21-февралында И.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын 1-курс студенттеринин арасында Эне тилдин эл аралык күнүнө карата «Эл достугу» аттуу конкурс өткөрүлдү. Кыргызстанда жашаган улуттардын достугун, ынтымак-ырашкерлигин даназалаган, ар улуттун тилин билүүгө, адабий-руханий мурастарын аздектөөгө чакырган жана алардын гуманизмге тарбиялоо идеяларын жаштарга үйрөтүүнү, студенттердин эстетикалык табитин жогорулатуу жана тарбиялык мааниси терең улуу нарктарды жаш  муундарга калтырууну көздөгөн иш чарага активдүү катышкан  студенттер (тайпалар) диплом, ыраазычылык каттар  менен сыйланышты.

 

Улуттук университет Мамлекеттик тил комиссиясынын алкыш барагы жана баалуу белеги менен сыйланды

02023-жылдын 21-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган бир айлыкты жыйынтыктаган салтанаттуу жыйын болуп, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын торагасы Абдыганы  Эркебаев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Иш чаранын жүрүшүндө аталган бир айлыкка жигердүү катышкандыгы үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Алкыш барагы жана баалуу белек менен сыйланды.

 

Кесиптик колледждин студенттери карылар үйүндө болушту

002023-жылдын 21-февралында Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде 23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнүнө карата аталардан түзүлгөн 5 команданын ичинде конкурс уюштурулуп, кесиптик колледжден барган студенттердин концертик програмасы менен коштолду. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Жогорку Кеңештин депутаты Токторбаев Женишбек, кесиптик колледждин өкүлдөрү жана демөөрчүлөр өз белектерин беришти.

 

Кесиптик колледждин студенттери Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университети уюштурган конференцияга катышты

002023-жылдын 21-февраль күнү кесиптик колледждин экономика жана каржы бөлүмүнүн студенттери Кабылбеков Абдыкерим (1-курс), Тагаева Айиша (2-курс) жана Бекбердиева Айзирек (1-курс) “Эне тилди барктайлы”, “Тил байлыгы – эл байлыгы” жана “Тил – улуттун тагдыры” деген аталыштагы докладдары менен Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети уюштурган “Улуттун улуулугу – тилинде” аттуу онлайн форматтагы студенттик илимий-практикалык конференцияга катышышты.

 

Кесиптик колледжде дебат клубу ачылды

002023-жылдын 20-февралында студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, көпчүлүк астында сөз сүйлөө тажрыйбасын өөрчүтүү жана өз көз карашын аргументтер жана фактылар менен коргоону үйрөнүү максатында  кесиптик колледжде “Колледж" дебат клубу ачылды. Иш чарага Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти, "Манас" дебат клубунун” мүчөсү Таалайбек уулу Алымкул катышып, “Эркин сөз” аталышындагы алгачкы дебатты өткөрүүгө көмөк көрсөттү. Сөз жарышына 8 команда катышып, женүүчүлөр сыйланышты.

 

КУУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү

00

2023-жылдын 20-февраль күнү ректораттын жыйындар залында Билим берүү жана илим министрлигинин 17-февралдагы буйругу менен бекитилген Улуттук университеттин Көзөмөлчүлүк кеңешинин жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү. Жыйындын башында уюштуруу маселелери каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган кеңештин төрагасы болуп Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Эркебаев Абдыганы Эркебаевич, ал эми катчысы болуп И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин ага окутуучусу Кийизбаева Чолпон Кудайбергеновна шайланды.

 

Кесиптиик колледжде педагогикалык практиканы жыйынтыктоочу конференция болуп өттү

002023-жылдын 17-февралында кесиптиик колледжде 16-январдан 17-февралга чейин Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69-окуу-тарбия комплекс-гимназиясында педагогикалык практиканы өтүп келген «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин ПНК(11)-2-21 группасынын 16 студенти үчүн жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Жыйында класс жетекчи мугалимдер ар бир практикант туралуу отчет беришти, ал эми педагогикалык практиканы жыйынтыктап келген студенттер өз тажырыйбалары, жетишкендиктери менен ой бөлүшүп, мастер класс көрсөтүп, сунуштарын айтышты. Конференцияга методикалык жана өндүрүштүк иштер боюнча директордун орун басары Отонбаева Р.А, бөлүм башчылар жана окуу практикасына чыгуучу ПНК(11)-2-22 группасынын студенттери катышты. 

 

Математика жана информатика факультетинде Эне тилдин эл аралык күнүнѳ карата иш-чара ѳттү

00

2023-жылдын 17-февраль күнү математика жана информатика факультетинде Эне тилдин эл аралык күнүнө карата 1-курстар тарабынан уюштурулган “Тилибиз - биздин дилибиз” аттуу салтанаттуу кече болуп өттү. Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары Т.Чыманова, А.Чыныбаева, М.Думанаева, Г.Элтузерова тарабынан даярдалган иш-чаранын негизги максаты - тилдин улуулугун баалоо, аны көздүн карегиндей сактоо жана да улуттар аралык достук мамилени бекемдөө болуп саналат. Кеченин алкагында келечек муундун ээлери болгон кыргыз, орус, казак, түрк, авар, кытай, япон улутундагы студенттер өз эне тили, мекени үчүн жан берүүгө үндөгөн, мекенчилдик сезимдерин козгоп, жарандык милдет, атуулдук парзды бекемдей турган мекен, эне тил темасындагы ырлардан көркөм окушуп, дастан, эпостордон үзүндүлөрдү айтышып, өз өнөрлөрүн  тартуулашты.

 

СГИФ факультетинин жетекчилиги өз студентин ийгилиги менен куттуктады

00

Социалдык-гумантардык илимдер факультетинин «Клиникалык психология» адистиги боюнча 1-курсунун студенти Нурбекова Керемет  2023-жылдын 17-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Улуттук университеттин студенттери арасында өткөрүлгөн “Сабаттуу бол” жат жазуу сынагынын жыйынтыгы боюнча II даражадагы диплом жана “Молдо Кылыч” китеби менен сыйланды. Факультеттин жетекчилиги өз студентин бул ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.

 

КУУда Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган конференция болуп өттү

00

2023-жылдын 17-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган “Эл ѳмүрү – тилинде” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, келген меймандарды тааныштырган соң, "Улуттук университеттеги кош тилдүүлүк" деген видеоролик көрсөтүлүп, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Ал Улуттук университет студенттерге ар  түрдүү элдердин тилдерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканын, учурда 20дан ашык тилдер окутулаарын жана тил менен маданиятты сактоо - өтө маанилүү иш экендигин белгилеп, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде PhD докторантура боюнча семинар өткөрүлдү

00

2023-жылды 16-февралында кыргыз филологиясы, журналистика жана социалдык-гуманитардык илимдер факультеттеринин профессор-окутуучуларына КУУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Н.А.Асипова “Кыргызстанда PhD докторантурага өтүү маселелери жана аны ишке ашыруунун илимий-методикалык өбөлгөлөрү” аттуу темада семинар өттү. Жыйынды факультеттин деканы Б.Жайлообаев ачып, азыркы билим берүү тармагында чоң реформалар жүргүзүлүп жатканын, анын ичинде Улуттук университет да илимдин борборуна айлануу максатын көздөп, бул багытта бир топ иштер жасала баштаганы тууралуу маалымат берди.

 

Жаш акын Акбар Кубанычбеков кыргыз филологиясы факультетинде болду

002023-жылдын 15-февралында кыргыз филологиясы факультетинин бүтүрүүчүсү, көптөгөн обондуу ырлардын сөзүн жазган жаш акын Акбар Кубанычбеков менен аталган факультеттин студенттеринин ортосунда жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чараны факультет деканы Б.Жайлообаев ачып, акын тууралуу кыскача маалымат берди. Андан соң студенттер менен акындын ортосунда суроо-жооп иретинде аңгемелешүү болду. Кеченин соңунда акын өзүнүн калемине таандык ырлардан көркөм окуп, айрым ырларын комуздун коштоосунда аткарып берди. А.Кубанычбековдун келип бергендиги үчүн факультеттин профессор-окутуучулары Н.Сыдыков, А.Медетов, С.Сагидаева, С.Исаева жана М.Жаңыбаева ыраазычылыктарын билдиришип, жакшы каалоо-тилектерин айтышты. 

 

Талас районунун бүтүрүүчүлөрү Улуттук университет менен таанышып кетишти

002023-жылдын 15-февралында Улуттук университетке Талас районундагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү келип, окуу жай менен жакындан таанышып кетишти. Болочок абитуриенттерге Улуттук университеттин тарыхы,  факультеттери, жетишкендиктери жана студенттердин жашоосу тууралуу тарбия иштери боюнча сектордун башчысы Ынтымак Касмакунов айтып берди. Бүтүрүүчүлөр Улуттук университет тууралуу көп уккандыктарын, кызыгышкандыгын жана КУУнун студенти болгусу келгенин билдиришти.

 

Страница 14 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 186 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары