Дүйшөмбү, Сентябрь 16, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кесиптик колледжде кумар оюндарына азгырылуунун алдын алуу иштери жүрүп жатат

00Кесиптик колледжде мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор С.А.Тиллебаевдин Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган кумар оюндарына окуучуларды жана студенттерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштердин алдын алуу жөнүндө 2023-жылдын 21-февралында чыккан№62-буйругу жана жаштар иштери боюнча сектордун башчысы Ы.Т.Касымакуновдун иш–чаралар планынын негизинде студентерди кумар оюнундарына  азгырылуунун алдын алуу максатында февраль-март-апрель айларына пландалган иштер жүрүп жатат.

 

МжИТ факультетинин ИВТ багытынын студенттери үчүн Flutter боюнча мастер-класс өткөрүлдү

00

2023-жылдын 14-мартында «Aрр IT Company» компаниясынын мүдүрү жана негиздөөчүсү Турат Алыбаев; компаниянын негиздөөчүсү Азамат Акматов жана компаниянын башкы программисти Элдияр Алмазбек ИВТ багытынын студенттери үчүн «Flutter аркылуу мобилдик тиркеме кантип жасалат жана эмнеси менен өзгөчө» аттуу мастер-класс өткөрүштү. Алар аталган фреймворк боюнча презентация көрсөтүшүп, Флаттерди окуп үйрөнүү жана анын жардамы аркылуу iOs, Android аракеттер системалары үчүн кроссплатформалык мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча баяндама жасашты жана өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, бул тармакта эффективдүү өнүгүү боюнча кеп-кенештерин беришти. Ал эми Элдияр Алмазбек студенттерге Android үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгууну көрсөттү.

 

Математика жана информатика факультетинин жамааты Айпери Асанкулованы куттуктайт!

00

Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты математикалык анализ кафедрасынын ага окутуучусу Айпери Асанкулованы профсоюздук ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгисине ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден-соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт. Айпери айымдын бүгүнкү сыйлыгы талашсыз, анткени 2013-жылдан баштап азыркы күнгө чейин, т.а. 10 жыл бою аталган факультеттин профбюросунун төрөгасынын орун басары кызматын үзгүлтүксүз түрдө аркалап, кесипкөй ишмердүүлүгү белгиленип, билим берүүнүн профсоюздук кыймылына олуттуу салым кошуп келерин баса белгилеп кетүүгө болот.

 

КУУда белгилүү фольклорчу-этнограф Кайыпов Сулайман Турдуевичтин 70 жылдыгы белгиленди (толукталды)

02023-жылдын 14-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында белгилүү фольклорчу-этнограф, этнолог, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы жана Сократ атындагы зл аралык сыйлыктын лауреаты, Европа ректорлор клубунун мүчесү Кайыпов Сулайман Турдуевичтин 70 жашка толушуна арналган "Даанышман" аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, С.Т.Кайыповдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу видеоролик көрсөтүлгөн соң, сөз кезеги КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берилди. 

 

КУУнун профессордук-окутуучулук курамы арасында бильярд боюнча 13-турнир болуп өттү

00

2023-жылдын 12-мартында «Восток Плаза» бильярд клубунда КУУнун профессордук-окутуучулук курамы арасында бильярд боюнча 13-турнир болуп өттү. Салтка айланып калган турнирдин ачылыш аземинде окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев сөз сүйлөп, катышуучуларды турнирдин ачылышы менен куттуктап, таймашты уюштурган юридика факультетине ыразычылык билдирди жана оюнчуларга ийгилик каалады. Турнир достук, шайыр жана позитивдүү маанайда өттү. Оюндун жүрүшүнө эл аралык категориядагы калыс Ильяс Адамов калыстык кылды. Турнирдин жүрүшүндө кызуу таймаш жүрүп, натыйжада жарым финалга 4 оюнчу чыкты: Абдыраев М.А., Кушубеков А., Идирисов О.К., Саадабек уулу Бектен. Жарым финалдык оюн курч мүнөздө өтүп, финалга Абдыраев М.А. менен Саадабек уулу Бектен чыгышты. Финалдык беттеште эки оюнчунун ортосунда өжөр таймаш жүрүп, натыйжада тажрыйбалуу Абдыраев М.А. жеңүүчү аталды.

 

Улуттук университеттин бардык окуу түзүмдөрүндө жана жатаканаларында кезектеги ишембилик өткөрүлдү

00

2023-жылдын 11-март күнү Улуттук университеттин бардык окуу түзүмдөрүндө жана жатаканаларында кезектеги ишембилик өткөрүлдү. Окутуучулар, лаборанттар менен студенттер, о.э. кызматкерлер факультет декандары жана түзүм жетекчилери менен биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерде санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүшүп, КУУнун аймагын жалбырактардан жана башка акыр-чикирден тазалап, таштандыларды чыгарышты. Ал эми жатаканада жашаган студенттер имараттын айланасын тазалашты. Аталган иш-чара Бишкек мэриясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында жүргүзүлдү.

 

Педагогика факультети USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору менен биргеликте илимий-практикалык конференция өткөрдү

00

2023-жылдын 10-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында педагогика факультети USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору менен биргеликте «Билим берүүдөгү инновациялардын шартында болочок башталгыч класстын мугалимдерин кесипкөйлүк жактан даярдоо» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Жыйынды илимий иштери боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып берген соң, пленардык жыйында КББАнын президенти Назира Дюшеева, педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы РПККЖжКДИнин директору Алмазбек Токтомаметов, №5 мектеп-гимназиясынын директору Марат Касымалиев жана "Окуу керемет! долбоорунун директору Сауле Хамзина кызыктуу баяндамаларды жасашты.

 

Улуттук университет менен 7-каналдын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

002023-жылдын 10-март күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук университет менен 7-каналдын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол койуу аземи болуп, аталган документке КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов менен 7-каналдын башкы директору Илязбек Балташев кол коюшту. Келишимге ылайык, журналистика факультетинин студенттери жакынкы 5 жылда өндүрүштүк практиканы аталган каналдын базасында өтө алышат. Жыйындын башында Төлөбек Абдырахманов сөз сүйлөп, журналист – коомдун кан-тамырын кармап турган кесип экендигин белгилеп, институтка айланган азыркы журналистика факультетинде күздөн баштап “Санариптик журналистика”, “Эл аралык журналистика” деген багыттар ачылып жаткандыгын билдирди жана журналистика факультетинин студенттерине колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн 7-каналдын жетекчилигине ыраазычылыгын айтты.

 

№7-жатакананын кыздары арасында “Ажарлуу айым”сынагы өткөрүлдү

00

2023-жылдын 8-март күнү №7-жатакананын кыздары арасында Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Ажарлуу айым” сынагы өткөрүлдү. Сулуулар таймашына ар бир кабаттан 2ден кыз катышты. Катышуучулар "Саламашдашуу, дефиле", "Суроо-жооп", Кыздар ашканада", "Мода 2023", "Үй тапшырма (ар улуттун бийи)" деген тапшырмаларды атакарышып, жыйынтыгында 1-орунду Акжолтой кызы Диана ээлеп, 3000сом акчалай сыйлык, жатакананын логотиби түшүрүлгөн лента, о.э. Ташкент шаарына жана Ала-Арча паркына фотосессияга жолдомо алды. 2-орун алган Тынчтыкова Пери 2000 сом, диплом, Алматы шаарына жолдомо жана 3-орунду ээлеген Бекбосунова Алия 1000 сом, диплом, Ала-Арча паркына фотосессияга жолдомо жана бизнес-тренинг курсуна 50% женилдиги бар сертификат менен сыйланды.

 

№7-жатаканада жашаган студенттер футбол боюнча мелдеш өткөрүштү

002023-жылдын 8-мартында №7-жатаканада жашаган студент балдар 6-окуу имаратындагы спорт аянтчасында футбол боюнча мелдеш өткөрүштү. 5 команда катышкан оюнда 1-орунду 3-кабат командасы ээлеп, кубок жана диплом менен сыйланды. Ал эми 2-орун алган 2-кабат командасы менен 3-орунду алган 1-кабат командасы диплом менен сыйланышты. Андан тышкары, Орунбаев Сыймык менен Мукаш уулу Эдил “Мыкты чабуулчулар”, Турсун уулу Сүйүнбек “Мыкты дарбазачы”, Токтосун уулу Бекбай “Мыкты коргоочу” деп табылды. Оюн жатаканада жашаган студенттердин ынтымагын бекемдөө жана бош убактыларын кур өткөрбөө максатында уюштурулду.

 

Майрамыңыздар менен, урматтуу Улуттук университеттин асылзат айымдары!

002023-жылдын 7-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Аялдардын эл аралык күнүнө карата ректорат, кесиптик бирлик комитети  жана журналистика факультети тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Жыйын башталаар алдында экинчи кабаттын фойесинде Кыргыз улуттук консерваториясынын эл аспаптар ансамбли белгилүү ыр-күүлөрдү аткарып, майрамдык маанай тартуулап турду. Тарых факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Келдибек Касымкулов баштаган КУУнун таланттуу жаштары аткарылып жаткан чыгармаларга үн коштоп, кесипкөй музыканттардан калышпай шаңдуу  ырдап, майрамдык маанайды андан бетер көтөрүштү. Алардын аткаруусундагы "Бишкегим" деген ыр чогулгандардын дүркүрөгөн кол чабуусуна татып, 2-3 жолу аткарылды. Ал эми салтанаттуу иш-чарага келген айымдарды КУУнун мырзалары жылуу тосуп алып, гүл тартуулап, залга коштоп киргизип жатышты.

 

Экономика” факультетинде Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык кече өткөрүлдү

00

2023-жылдын 7-март күнү экономика” факультетинде 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык кече өткөрүлдү. Факультет деканы Кулова Э.У. куттуктоо сөзүн айтып, окутуучу айымдарды ыраазычылык кат менен сыйлады. Майрамдык кеченин жүрүшүндө факультеттин агайлары менен таланттуу студенттери өзгөчө маанайдагы концерттик программа тартуулашты. Кымбаттуу айымдар! Ар дайым жаркын маанайда, бактылуулукта, жакындарыңыздын жанында аман болуңуздар. Сиздерге чексиз бакыт-таалай, чың ден-соолук жана бакубат өмүр каалайбыз. Майрамыңыздар менен, урматтуу асылзат айымдар!

 

Кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын 8-март менен куттуктоосу

00

Биздин, университеттин сүйүктүү айымдары!!! Сиздерди, 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн, чын дилден   сизге болгон терең урматым менен куттуктайм! Энелик мээрим менен айкалыштырып, келечек муунга тарбия, таалим, эң башкысы баалуу байлык болгон билим берип жатасыздар. Илим-билим жолуна жетелеген сиздерге алкыш айтабыз. Аялзаты бар үчүн тукум уланып, жер шаарында тынчтык сакталып, табияттын ажары артып турат. Сиздерге суктанбай коюуга дегеле мүмкүн эмес! Айымдар бар үчүн муза бар, айымдар бар үчүн не бир сонун ырлар бар, сиздер менен жашоо эбегейсиз көрктүү.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Айымдардын эл аралык күнү белгиленди

002023-жылдын 7-мартында кыргыз филологиясы факультетинин жигиттери “Ааламдын көркү – аялзат” аттуу концерттик программа уюштурушту.  Факультет деканы Б.Жайлообаев жалпы айымдарды 8-март майрамы менен куттуктап, жылуу сөздөрүн, майрамдык каалоо-тилектерин билдирди жана Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Кыргызстан эл аралык университетинде өткөрүлгөн “Көп тилдүүлүк, кош маданияттуулук – өнүгүүнүн жана достуктун символу”  аттуу ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференцияда доцент Н.Турдубаеванын жетекчилиги менен байгелүү орундарга ээ болгон Урматбекова Эрмекке (2-орун) жана Абдылдаева Шахзадага (3-орун) дипломдорду тапшырды.

 

МжМБ факультетинде Аялдардын эл аралык майрамына карата интеллектуалдык оюн болуп өттү

00

2023-жылдын 7-мартында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата кыздар арасында интеллектуалдык оюн болуп өттү. Жети команда катышкан акыл таймашта 1-орунду “Высшая лига” командасы, 2-орунду “Будущие политики” командасы, ал эми 3-орунду “Весна” командасы ээледи. Оюндун жыйынтыгын экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын башчысы, профессор Издевалды Искаков чыгарып, байге ээлерин жеңиштери менен куттуктап, белектерди тапшырды.

 

Матфактын жетекчилиги КУУнун окутуучу-профессор айымдарын 8-март майрамы менен куттуктайт

00

Урматтуу Улуттук университетинин окутуучу-профессорлор курамынын жана кызматкерлеринин айымдары! Сиздерди математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайт! Өз кызматыңыздарды үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутууга жана тарбиялоого кошкон зор салымыңыздар үчүн аталган факультеттин студенттери Сиздерге өз ыраазычылыктарын билдиришет. Ийгиликтүү окутууучунун негизги компетенциясы аудиториядан эмес, анын эффективдүү коммуникациялык сапаттарынан көз каранды. Өзгөчө кырдаал убагында, адистик чеберчилигиңиздерди колдонуп, интернет аркылуу онлайн режимде, видео сабактар ж.б. пайдалуу ыкмалар аркылуу билим берүүнүн жүрүшү, студенттердин билим алуусуна кызыгуу жаратканы аябай көрүнүп турду.

 

Матфакта Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндөрү белгиленди

02023-жылдын 6-март күнү математика жана информатика факультетинде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндөрүнө арналган 3 бөлүктөн турган аябай кызыктуу жана таасирдүү иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкулов эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилердин бири Туунун “туу", "асаба", "желек", "байрак" деп аталагн 4 элементин чечмелеп берди. Студенттер желектин кызыл түсү эрдиктин, тайманбастыктын, түндүк - үй кутунун, өлкө калкынын биримдигинин символу экендиги тууралуу кеңири маалымат алышты.

 

Академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТж/аЖМО кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы илимди өнүктүрүүнү талкуулашты

00

2023-жылдын 6-март күнү математика жана информатика факультетинин академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТж/аЖМО кафедрасынын башчысы, ф.м.и.д., профессор Канетов Б.Э. кафедранын окумуштуулары менен илимди өнүктүрүү багыттарын, жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн талкуулады. Кафедранын курамы кафедрада ар жума сайын болуучу илимий семинардын айрыкча баалуулугун жана пайдалуулугун белгилешти. Ушул жылы болуучу эл аралык конференцияларга катышууну, чет өлкөлүк окумуштуулар менен тыгыз байланышта болуп, алар менен чогуу илимий иш-аракеттерди жүргүзүүнү, илимий макалаларды абройлуу журналдарга жарыялоону, студент, магистрант жана аспиранттар менен илим боюнча иштерди күчтөндүрүү боюнча алгылыктуу иш-аракеттерди талкуулашты.  

 

Кесиптик колледжде китеп жарманкеси болуп өттү

00

2023-жылдын 6-мартында 6А-окуу имаратынын алдындагы аянтчада кесиптик колледж "Кубаныч" китеп дүкөнү менен биргеликте 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган «Айымдарга китеп белек» аталышындагы  китеп жарманкесин өткөрдү. Жарманкеде 50 дөн ашуун китеп сунушталды. Заманбап технологиялардын өнүккөн учурунда китеп окугандардын саны азайганын байкоого болот. Бул көйгөйдөн арылуу, студенттерди китеп окууга тартуу, китепти белекке берүүнү адатка айлантуу максатында уюштурулган иш-чарада айрым студенттер мугалим, эжейлерге китеп белек кылышты.

 

Матфактын жамааты Бакыт Кадыровду Кыргыз Республикасынын вице-чемпиону болушу менен куттуктайт!

00

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2023-жылдын 4-5-март күндөрү Бишкек шаарында болуп ѳткѳн Кыргыз Республикасынын UWW грепплинг версиясы боюнча мелдешке 84 кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында вице-чемпион аталды. Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны күмүш медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт! КУУнун окутуучулары жана студенттери Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат!

 

КУУнун жаштары Ак калпак күнүнө карата өткөрүлгөн жөө жүрүшкө катышты

00

2023-жылдын 5-мартында коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери баштаган Улуттук университеттин 50гө жакын активдүү студенттери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Ак калпак” күнүнө карата уюштурулган жөө жүрүшкө катышты.  Иш-чара чакан форматтагы концерт менен башталып, андан кийин Кожомкул Каба уулу атындагы спорт сарайынан Тарых музейине чейинки жөө жүрүш менен уланды. 

 

Улуттук университеттин бардык окуу түзүмдөрүндө жана жатаканаларында ишембилик өткөрүлдү

002023-жылдын 4-март күнү Улуттук университеттин бардык окуу түзүмдөрүндө жана жатаканаларында ишембилик өткөрүлдү. Окутуучулар менен студенттер, о.э. кызматкерлер факультет декандары жана түзүм жетекчилери менен биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерде санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүшүп, КУУнун аймагын жалбырактардан жана башка акыр-чикирден тазалап, таштандыларды чыгарышты. Ал эми жатаканада жашаган студенттер имараттын айланасын тазалашты. Аталган иш-чара Бишкек мэриясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында жүргүзүлдү.

 

Проректор Садык Алахан криминалистика боюнча ведомстволор аралык мелдеште 2-орунга жетишкен студенттерге сыйлык тапшырды

00

2023-жылдын 3-март күнү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан Улуттук университеттин эл арасындагы кадыр-баркынын өсүшүнө, ЖОЖдор арасындагы аброюнун көтөрүлүшүнө өз саламдарын кошуп, “Личностту идентификациялоо боюнча мыкты адис” деп аталган ведомстволор аралык мелдеште мыкты көрсөткүчкө ээ болуп, 2-орунга жетишкендиги үчүн Г.Г.Гросс атындагы криминалистикалык окуу инновация комплексинин башчысы Мамед Ахмедович Фараджиевди КУУнун Ардак грамотасы, ал эми мелдешке катышкан студенттер Дайырбекова МирЭли, Сеитова Эльвира, Лансарова Алия, Тилеков Азим, Бекболотов Элдияр жана Калбаева Акылайды Ыраазычылык кат менен сыйлады.

 

СГИФтин профессордук-окутуучулар курамы И. Арабаев атындагы КМУда өткөрүлгөн тегерек столго катышты

002023-жылдын 3-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аталган окуу жайдын М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды даярдоо институтунун психологиялык-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасы тарабынан уюштурулган “Коом жана инклюзивдик билим берүү: практика, стратегиялар” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук фондор, окумуштуулар катышты. Тегерек столдун максаты - инклюзивдик процессти өнүктүрүүнүн негизги стратегияларын жана билим берүү процессине киргизүүнүн ийгиликтүү практикасын талкуулоо, инклюзивдүү процессти өнүктүрүүдө илимдин, практиканын жана коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү.

 

Страница 12 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 186 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары