Дүйшөмбү, Сентябрь 16, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Эрлан Базарбаев №1, 3, 7 жана 4-окуу имараттарында жайгашкан факультеттердеги окуу процессинин жүрүшүн текшерди

02022-жылдын 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев башкы имаратта жайгашкан эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, журналистика, кыргыз-европа, маалыматтык жана инновациялык технологиялар, тарых жана чөлкөм таануу, №3-окуу имаратындагы медицина, №7-окуу имаратындагы адистерди кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу жана №4-окуу имаратында жайгашкан кыргыз-кытай факультеттериндеги окуу процессинин жүрүшүн текшерип чыкты. Проректор о.э. аталган имараттарда жайгашкан башка  түзүмдөрдүн иши менен да таанышты

 

КУУнун ректору Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги эл аралык симпозиумга катышты

00

2022-жылдын 1-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жыйындар залында “Дин антропологиясы” аттуу эл аралык симпозиумдун ачылышы болду. Жыйында куттуктоо сөзү менен КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов чыгып сүйлөп, жаңы форматтагы бул иш-чара тарых, антропология, дин таануу жана фольклористика боюнча жаңы өңүттөгү изилдөөлөрдү аныктоого, актуалдуу багыттарды тактоого салым кошот деген пикирин билдирди. Жыйынга Россия, Түркия, Белоруссия ж.б. өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынан келген окумуштуулар катышууда.

 

Медпункттун дарыгерлери кыргыз филологиясы факультетинин 1-курс студенттерине жугуштуу оорулар боюнча лекция окушту

002022-жылдын 30-ноябрь күнү КУУнун медпунктунун дарыгерлери З.Мамбетова, Ы.Касымбекова, Ж.Иманкулова жана А.Ибраевалар кыргыз филологиясы факультетинин 1-курс студенттерине СПИД, туберкулёз жугуштуу оорулары боюнча лекция окушуп, студенттер менен дебат уюштурушту. Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган видеоролик менен башталып, андан соң  аталган оорулар боюнча дубал гезиттердин жана атайын даярдалган аптечканын бет ачары болду. Лекцияынын жүрүшүндө студенттер келген дарыгерлерге бир катар суроолорду беришти. Иш чаранын соңунда медпункттун дарыгерлерине факультет деканы Б.Жайлообаевдин ыраазычылык каты тапшырылды.

 

Матфактын студенттери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту

002022-жылдын 29-ноябрында математика жана информатика факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкуловдун жана инсандык өнүгүү багытындагы "Коом - сен жана мен" клубунун демилгеси менен "Инсан таануу" программасынын алкагында өткөрүлгөн иш чарада Гапыр агай көп жылдык эмгек жолунда окуучулар менен студенттердин жан дили менен окубагандыгынын себептерин, ата-энелердин көзөмөлүнүн балага тийгизген таасирин, мугалимдердин берген билиминин сиңбей жатышы тууралуу маселелердин үстүндө изденип, талыкпаган тажрыйбасынын негизинде "Ата-эне окумайын, бала окубайт", "Акыл эмгегинин маданияты", "Ата-энелер сиздер үчүн", "Ой-өрүшү - кругозор ", "Устаттык өнөр" ж.б. эмгектеринин баалуулугу, пайдалуулугу тууралуу студенттерге кызыктуу маек куруп, өзү иштеп чыккан формуласы менен аудиторияны жандантты.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде илимий долбоорлор боюнча жылдык иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылды

0

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” факультетинин профессордук-окутуучулук курамы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин долбоорлорунун алкагында КУУнун фундаменталдык илимдер институтунда 2022-жылы ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы аскердик-саясий мамилелердин заманбап көз караштарын жана көйгөйлөрүн изилдөө, чек арадагы куралдуу кагылышууларды жөнгө салуу (чечүү)» деген аталыштагы илимий-изилдөө долбоорунун үстүндө бир жылдан бери иштеп келишет. Жумушчу топ январь айынан азыркы учурга чейин ички саясий, мамлекеттер аралык саясий, экономикалык, аймактык, этноконфессиялык, чек ара кырдаалында чечилүүчү көрсөткүчтөрдү изилдеп, чыр-чатактардын, экстремисттик жана террористтик уюмдардын факторун анализдеп, бир катар илимий-изилдөө иштерин аткарышты.

 

КУУда көрүнүктүү окумуштуулар Абдыкул Жапаров менен Карбоз Дыйкановдун 100 жылдык мааракеси белгиленди

02022-жылдын 29-ноябрьында башкы имараттагы чоң жыйындар залында көрүнүктүү окумуштуулар Абдыкул Жапаров менен Карбоз Дыйкановдун 100 жылдык мааракесине арналган «Профессорлор А.Жапаров, К.Дыйканов - улуттук тил илиминин залкарлары» аттуу эл аралык илимий- тажрыйбалык конференция болуп өттү. Кыргыз филологиясы факультети менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети тарабынан уюштурулган иш чараны кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев ачып, сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди.

 

Баткен облусунда жабыр тарткан жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн келген КУУнун студенттерине кышкы кийим таратылды

00

2022-жылдын 28-ноябрында коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Баткен облусунда жабыр тарткан жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн келген Улуттук университеттин 60 студентине кышкы куртка, кышкы бут кийим, жылуу шым, ангор байпагынан турган кышкы кийимдердин комплектисин таратты. Белгилей кетсек, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине кышкы кийимдерди таратуу долбоору Голландиянын “IННNL” фонду тарабынан каржыланып, ишке ашырылды. Студенттер белектерин алган соң, ыраазычылык билдирип, үйлөрүнө кубануу менен кайтышты.

 

Акыл таймашта 1-орунду ээлеген КУУнун командасынын басымдуу бөлүгү математика жана информатика факультетинин студенттери

002022-жылдын 28-ноябрь күнү жаштардын активдүүлүгүн күчөтүү максатында башкы имараттагы чоң жыйындар залында ЖОЖдор аралык "Билимдүүгө дүйнө жарык" интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Мелдештин жыйынтыгында 58 балл менен КУУнун "Эрудит" командасы 1-орунду ээледи. Кошумчалап кете турган жагдай - аталган команданын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү математика жана информатика факультетинин "Жаңы муун" дебаттык клубунун мүчөлөрү болуп саналат. Алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен 18-ноябрда өткөрүлгөн "Келечек" интеллектуалдык таймашында да 21 командадан 4-орунга ээ болушкан.

 

КУУда “Билимдүүгө дүйнө жарык” аттуу ЖОЖдор аралык интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

002022-жылдын 28-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Билимдүүгө дүйнө жарык” аттуу жогорку окуу жайлар аралык интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, командаларга жакшы даярдануу жана аягына чейин күрөшүү менен атаандаштарын утуп алууну, калыстар тобуна оңго-солго тартпай, калыс баалоону каалап, командаларды жиберген ЖОЖ жетекчилерине ыраазычылык билдирди. Студенттердин достугун, биримдигин жана ынтымагын чыңдоо максатында уюштурулган таймашка Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин, Эл аралык Кувейт университетинин, Эл аралык Ала-Тоо университетинин жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери катышып, алдыңкы орундарды төмөндөгү командалар ээледи:

 

ЭлТР телеканалы Камчыбек уулу Мырзабек тууралуу даректүү тасма тартты

00

2022-жылдын ноябрь айында ЭлТР телеканалы социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы, Россиянын педагогикалык жана коомдук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Камчыбек уулу Мырзабек тууралуу даректүү тасма тартты. Тасмада кыргыз психологиясынын 1993-жылдан тартып өнүгүүсү, ага болгон мамиле жөнүндө, о.э. кыргыз психологиясы багытын тандап, бүгүнкү күндө бир топ илимий эмгектерди барандуу басылмаларда чыгарган, Россиянын педагогикалык жана коомдук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти катары окумуштуулардын чөйрөсүндө кадыр баркка ээ. илимий чөйрөдөгү педагогдук ишмердикти илим менен айкалыштырып келаткан мыкты илимпоз Камчыбек уулу Мырзабек жана анын кесиптештери жөнүндө ой толгоолор айтылат.

 

Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча бөлүм КУУнун аз камсыз болгон кызматкерлерине көмүр таратты

00Кылычын кармап босогодо кыш турганда, баардык элдин алгачкы маселеси жылуулук. Мына ушуну эске алуу менен, 2022-жылдын 27-ноябрында коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча бөлүм Улуттук университеттин аз камсыз болгон кызматкерлерине жардам ирээтинде 1 тоннадан көмүр таратты. Иш чарага “Ак демилге” коомдук фонду демөөрчүлүк кылып, коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери бөлүмүнүн башчысы  Каныбек уулу Ардакбек катышты. Аталган бөлүм “Ак демилге” коомдук фонду менен 2019-жылдан бери ар кандай долбоорлордун үстүндө иштешип, кызматташып келет. Фонддун жетекчиси Мирлан Акматалиев менен Каныбек уулу Ардакбек Улуттук университетке дагы бир канча кайрымдуулук иштерин уюштуруу алдында экенин баса белгилеп кетишти.

 

Матфактын студенттери белгилүү сүрөтчүлөрдүн үй-музейлерине барып келишти

00

2022-жылдын 25-ноябрь күнү математика жана информатика факультетинин студенттери кыргыз тилчи Г.Элтузерованын жетекчилиги астында Г.Айтиев менен С.Чуйковдун музей-өнөрканасына барып, сүрөт көркөм искусствосунун түрдүү жанрларындагы эмгектери менен таанышып келишти. СССР эл сүрөтчүсү, Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз ССРнин Токтогул атындагы  Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССР көркөм академиясынын мүчө-корреспонденти, туңгуч профессионалдуу кыргыз сүрөтчүсү, скульптор, график Гапар Айтиев музей-чеберканасында 1976-жылдан тартып 1984-жылга чейин эмгектенген. 1988-жылы ачылган бул музей Кыргызстандын маданий мурасынын объектиси болуп саналат.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери арасында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү

00

2022-жылдын 25-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинин "Из калтыр" клубу тарабынан 1-2-3-курс студенттери арасында «Билим –түгөнбөгөн жол” аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Аталган иш-чараны факультет деканы Б.Жайлообаев ачып, таймаштын катышуучуларына ийгилик каалады. Оюн кыргыз тили предметинин бардык бөлүмдөрү боюнча 3 турдан туруп, kahoot программасы аркылуу жүргүзүлдү. Оюндун 1-турунда бардык катышуучуларга бирдей суроо берилип, топтогон упайларынын жыйынтыгы менен 2-турга өтүштү. Анда ар бир студентке кыргыз тили боюнча өзү тандап алган бөлүмдөр боюча суроолор берилип, жеңүүчүлөр 3-турга жолдомо алышты. Финалда 4 гана студент калып, аларга логикалык суроолор берилип, жыйынтык төмөндөгүдөй болду:

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2022-жылдын 25-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында адистерди кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу факультети менен башкаруу жана бизнес факультетинин декандарынын отчеттору угулуп, биринчи факультеттин ордуна адистерди кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу институтун түзүү чечими кабыл алынды. Жыйындын башында ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы жыйынга катышуучулардын саны жетиштүү экенин билдирген соң, отурумдун күн тартибин добушка койду.

 

"Бир адамдан бир китеп" долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Табылды Муратбеков КУУнун студенттерине лекция өттү

00

2022-жылдын  24-ноябрында  №6-окуу имаратындагы 2-дарсканада "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Табылды Муратбеков КУУнун активдүү студенттерине лекция өттү. Ал студенттер менен кызыктуу темаларда пикир алышып, ким кайсыл багытты тандайт, ар бир адам өзү чечип, өзү тандоо кылышы керек деген мотивация берип кетти. Студенттер лекцияга активдүү катышып, суроолорду берип, канаттандыраарлык жоопторду алышты жана Табылды Муратбековго ыраазычылык билдирип, "дагы мүмкүнчүлүгүңүз болсо келиңиз" деп үндөө ташташты.

 

КУУнун профессору Тынчтыкбек Чороев Монголиядагы эл аралык симпозиумга катышууда

002022-жылдын 23-ноябрында Монголиянын борбору Улан-Баатар шаарындагы Монгол улуттук университетинин жыйындар залында «Борбордук жана Ички Азиядагы көчмөндөр маданияты жана цивилизациялары менен байланыштуу көйгөйлөр» аттуу эл аралык симпозиум башталды. Жыйынга Кыргыз Республикасынын атынан Улуттук университеттин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын профессору, т.и.д. Тынчтыкбек Чороев катышууда.

 

Улуттук университеттин структурасын жаңылоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отуруму болуп өттү

00

2022-жылдын 24-ноябрь күнү санариптик технологиялар борборунда Улуттук университеттин структурасын жаңылоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отуруму болуп өттү. Окуу жайдын структурасын жаңылоонун зарылдыгы жана жумушчу топтун милдеттери тууралуу КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов билдирүү жасады. Анын айтымында, кандай гана структура болбосун, ал окуу жайга керек жана пайдасы тие турган структура болуш керек. - Ошондуктан, урматтуу жумушчу топтун мүчөлөрү, Улуттук университеттин негизги багыты - илим-изилдөөчүлүк багыт экенин эске алуу менен конструктивдүү, калыс иштеп, жакшы чечим чыгарып бергиле, - деди Төлөбек Абдырахманов.

 

Министрликтин бөлүм башчысы КУУнун окумуштууларына илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме өткөрдү

00

2022-жылдын 24-ноябрында ректораттын жыйындар залында илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме болуп, иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков, проректорлор, декандар жана кафедра башчылары катышты. Жыйынды ачып жатып, ректор илим менен өндүрүштүн байланышы - учурдун талабы экендигин белгилеп, катышуучулардан министрликтин бөлүм башчысынын баяндамасын кунт коюп угууну суранды. Ал о.э. Жылдызбек Жакшылыков менен жолугушуунун уюштургандыгы үчүн илимий иштер боюнча Назаркул Ишекеевге ыраазычылык билдирди.

 

Математика жана информатика факультетинин студенттери белгилүү режиссёр Муктар Атаналиев менен жолугушту

002022-жылдын 23-ноябрь күнү математика жана информатика факультетинде Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 106 жылдыгына карата факультеттин «Коом сен жана мен» клубунун демилгеси менен көптөгөн таланттардын ээси, белгилүү ырчы, «Жаакер» этно-лагеринин негиздөөчүсү, «Үркүн» көркөм фильминин режиссёру Муктар Атаналиев  менен жолугушту. Муктар агай бул кинону эч кандай атак-данк үчүн эмес, болгону, иделогияны көтөрүү жана азыркы жаштарга болгон окуяны кино аркылуу чагылдырып жеткирүү максатында тартканын билдирди. Анын айтымында, чыныгы болуп өткөн окуяны баяндаш үчүн бул киного өтө таанымал эмес актёрлор тартылган. Муктар Атаналиевдин кыргыздын иделогиясын тургузуу жөнүндөгү ойлору, сөздөрү студенттерди таасирлентти.

 

Юридика илимдеринин доктору, профессор Эрлан Базарбаев окуу иштери боюнча проректор болуп дайындалды

00

КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановдун 2022-жылдын 21-ноябындагы буйругу менен юридика илимдеринин доктору, профессор Базарбаев Эрлан Базарбаевич Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окуу иштери боюнча проректору кызматына дайындалды. Эрлан Базарбаевди жаңы жумуш кабинетине ректор Төлөбек Абдырахманов, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов киргизип, кызматтык ордуна отургузушту жана жаңы проректорго чың ден соолук, ийгиликтерди каалашты.

 

Химия жана химиялык технология факультети 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү

00

2022-жылдын 22-ноябрь күнү химия жана  химиялык технология факультети башкы имараттагы чоң жыйындар залында салтка айланып калган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү. Бугунку студент, эртеңки келечегибиз болгон студенттерди  факультет деканы профессор Роза Сарымзакова видео аркылуу куттуктады. Андан кийин органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы Астра  Дүйшөнбаева болочок химиктерге символикалуу "Сынак китепчесин"  тапшырды. Тосуп алуу аземинде студенттерди жогорку курстун студенттери жана коноктор куттуктап , ыр, бийлерди тартуулашты.

 

Аз жашап, түбөлүк из калтырган акын кыз

002022-жылдын 22-ноябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында физика жана электроника факультетинин кызматкери, жаш калемгер, гүлгүндөй 25 жаш кургында өтүп кеткен, аз өмүрүндө маңыздуу ырларды жараткан жаш акын Боскеева Гүлбарчын Эсенбековнаны эскерүү кечеси жана анын жарык көргөн «Жазайым» ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү. Кечеге жакын туугандары, кесиптештери, классташтары, группалаштары, жаш акындар жана студенттер катышты. Иш чаранын жүрүшүндө Г.Э.Боскееванын калемине таандык ырлар көркөм окулуп, анын басып өткөн изи тууралуу даректүү фильм көрсөтүлдү.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери КТРкадагы Курултай темасына арналган көрсөтүүгө катышып келишти

002022-жылдын 21-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Курултай темасына арналган түз эфирине катышып келишти. Аталган иш чарада Курултай маселеси боюнча студенттер чакырылган  конокторго өздөрү кызыккан бир катар суроолорду беришип, ынанымдуу жоопторду алышты. Мындан сырткары, өлкөбүздөгү саясий кырдаал, мамлекеттин өнүгүшү тууралуу жана коомчулукту кызыктырган Курултайдын максаты туурасында маалымат алып, жыйын пайдалуу болгондугун белгилешти.

 

Экономика факультети салтка айланып калган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү

002022-жылдын 21-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында экономика факультети салтка айланып калган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү. Кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди Улуттук университетте билим алып жаткан жаштардын катарына кошулушу менен факультет деканынын орун басарлары Назарбекова Эмиля, Курамаева Эльмира жана кафедра башчысы Есеналива Бактыгуль,о.э. факультеттин студенттик кеңешинин төрагасы Самыйбек уулу Эльдар куттуктап, болочок экономисттерге символикалуу "Сынак китепчесин" жана "Билим ачкычын" тапшырышты.

 

Страница 19 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 188 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары