Жекшемби, Сентябрь 08, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Юридикалык институтта математика жана информатика боюнча ЖОЖдор аралык «Акылдар таймашы» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

00

2023-жылдын 23-март күнү юридикалык институтта математика жана информатика боюнча ЖОЖдор аралык «Акылдар таймашы» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Оюнга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институту, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргызстан эл аралык университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин командалары катышты. Иш-чаранын максаттары: тарбиялык (командада иштөөгө, атаандашын урматтоого, жоопкерчилик сезимди өстүрүүгө тарбиялоо); окуу-усулдук (мурда өтүлгөн материалды кызыктуу түрдө теориялык жактан кайталоо); өнүктүрүү (таанып-билүү кызыгуусун, логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык активдүүлүгүн, өз оюн туура айта билүү жөндөмүн өнүктүрүү).

 

Матфакта кургак учук менен күрөшүү темасында иш-чара өттү

00

2023-жылдын 23-мартында математика жана информатика факультетинде Кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата "Кургак учук айыгат!" аттуу иш чара болуп, КУУнун студенттик бейтапканасынын врач-терапевти Ырыс Касымбекова "Кургак учуктун дартын аныктоо жана дарылоо" деген темада студенттерге лекция окуду. Ал аталган ооруга кабылган адамды коомдон четтетип, чектөө койбостон, дарылоого болоорун баса белгилди. Иш чаранын жүрүшүндө, мындай ооруга чалдыкпас үчүн туура тамактануу, спорт менен машыгуу, санитардык гигиенаны сактоо жана оорукчал адамдарды коомдон четтетүү, аларды бөлүп жаруу психикалык атакага алып келиши тууралуу кызуу  талкуу жүрдү.

 

Төлөбек Абдырахманов Улуттук университетти санариптештирүү боюнча кеңешме өткөрдү

00

2023-жылдын 22-март күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов кадрлар бөлүмүнүн, студенттик кадрлар бөлүмүнүн, архивдин, жатаканалардын жана маалыматтык технологиялар борборунун кызматкерлери менен жолугуп, санариптештирүү боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын башында ал Улуттук университетте санариптештирүү иши солгун экенин билдирип, аны тез арада жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. - Болбосо, абдан катуу уят болуп калышыбыз мүмкүн, - деп улантты Төлөбек Абдырахманов. - Инновациялык жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор Ирина Дмитриенконун негизги милдети – санариптештирүүнү ишке ашыруу. Учурда ал маалыматтык технологиялар борборунун директору Улан Мусаев менен бирге бул көйгөйдүн үстүнөн иштеп, эмнеден баштайбыз, бул жылы, андан кийинки жылдары эмне кылабыз деген маселелерди чечүүнүн иш планын, жол картасын түзүүдө. Алдыбызда татаал жана оор жумуш турат, ньюанстар, кыйынчылыктар, көйгөйлөр бар. Бирок, Улуттук университеттин мүмкүнчүлүктөрү  чоң. Ошондуктан, колдон келет деп ойлойм.

 

Мугалимдин укугун ким коргойт?

00

2023-жылдын 22-мартында математика жана информатика факультетинде өсүп келе жаткан жаш муунду тартиптүүлүккө чакыруу менен бирге акыркы учурда мектеп окуучуларынын арасында туура эмес жүрүм-турумдардын орун алуусун алдын алуу жана мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү максатында "Мугалимдин укугун ким коргойт" аттуу иш-чара өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө 6-мартта социалдык тармактарда тараган Бишкек шаарынын "Кара-Жыгач" конушунун N°91 мектеп-гимназиясынын 10-класс окуучусу кыргыз тили мугалимин мазактап, ыплас сөздөр айтып, сабак учурунда балдар өзүлөрүнүн басып жүргөндүгүн түз эфирден көрсөткөндүгү тууралуу окуя катышуучулар арасында катуу талкуу жаратты.

 

МжМБ факультетинин студенттери “Кут толгон Нооруз майрамы” аттуу майрамдык иш чара өткөрүштү

02023-жылдын 22-март күнү 8-окуу имаратынын 415-дарсканасында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери “Кут толгон Нооруз майрамы” аттуу майрамдык иш чара өткөрүштү. Иш чарага факультеттин жалпы мугалимдер жамааты катышып, студенттердин өз колдору менен жасаган улуттук тамак-аштарынан даам татышып, чакан концерттик программаны көрүшүп, студенттерге ыраазычылыктарын билдирип, рахмат айтышты. Иш чаранын аягында факультет деканы Базакеева Кундузгул студенттердин дасторконун баалап, белектерди тапшырды.

 

КУУнун студенттеринин арасында «Ректораттын кубогун» утуп алуу үчүн кичи-футбол боюнча турнир өткөрүлдү

00

Нооруз майрамынын алдында 6-окуу имаратынын футбол талаасында сот адилеттиги, прокурордук жана укук коргоо ишмердүүлүгү факультети тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүүгө бөгөт коюу чаралары жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана студенттерди сергек жашоого тартуу, ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган «Ректораттын кубогун» утуп алуу үчүн кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү. Олимпиадалык система боюнча өткөрүлгөн мелдешке Улуттук университеттин 21 факультетинин командалары катышты.

 

Улуттук университеттин жамааты Нооруз майрамын белгиледи

00

2023-жылдын 21-мартында башкы имараттын алдындагы аянтчада Улуттук университеттин жамааты Нооруз майрамын белгиледи. Кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган иш-чаранын башында окуу жайдын жетекчилери КУУнун аймагына жаш көчөттөрдү отургузушту. Андан кийин, Умай эненин образындагы Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору Калыйкан Мамбетова "Алас, алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетти, жаңы жыл келди! Айдан аман, жылдан эсен чыгалы!" деп аластап, арча түтөтүп, Нооруз майрамын ачып берген соң, профкомдун, жаштар комитетинин, факультеттердин таланттуу окутуучу-кызматкерлери тарабынан уюштурулган "Сармерден» чыгармачыл музыкалык мелдеши башталды. 

 

КУУнун доценти З.К.Мамбетова немис тилчи мугалимдердин эл аралык 1-форумуна катышып келди

00

2023-жылдын 17-18-март күндөрү Тараз регоналдык М.Х.Дулати атындагы университетинде немис тилчи мугалимдердин эл аралык 1-форуму болуп өттү. Эл аралык немис тилчи мугалимдеринин коому, Орто Азияда жайгашкан мамлекеттердин немис тилчи мугалимдеринин коомдору тарабынан жактырылып, Казакстандагы Гете атындагы институту, Германиянын Казакстандагы өкүлчүлүктөрү жана Тараз регионалдык университетинин ректораты тарабынан чоң колдоо-көмөк көрсөтүлүп ишке ашкан иш-чарага чет тилдер факультетинин доценти, Кыргызстандагы немис тилчи мугалимдери коомунун жетекчиси, ф.и.к. З.К.Мамбетова Кыргызстандан барган делегацияны жетектеп, катышып келди. 

 

Улуттук университетте кезектеги ишембилик өткөрүлдү

00

2023-жылдын 18-март күнү аба ырайынын салыштырмалуу суук болгонуна карабастан Улуттук университетте кезектеги ишембилик өткөрүлдү. Окутуучулар, лаборанттар менен студенттер, о.э. кызматкерлер факультет декандары жана түзүм жетекчилери менен биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерде санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүшүп, КУУнун аймагын жалбырактардан жана башка акыр-чикирден тазалап, таштандыларды чыгарышты. Ал эми жатаканада жашаган студенттер имараттын айланасын тазалашты. Аталган иш-чара Бишкек мэриясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында жүргүзүлдү.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде Нооруз майрамына арналган «Alti devlet Bir millet» аттуу ачык сабак өткөрүлдү

00

2023-жылдын 17-мартында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу Шаршенбек кызы Айпери жана доцент Каулбекова Ракия тарабынан Нооруз майрамына карата түрк тилдүү элдердин тарыхын жана маданиятын, о.э. тилин үйрөнүүгө жана терең өздөштүрүүгө багытталаган «Alti devlet Bir millet» аттуу ачык сабак өткөрүлдү. Иш-чарага кафедранын өнөктөшү, Toursitalia эл аралык туристтик компаниясынын директору Жем Курекчи жана орун басары Ферхан бей, факультет деканынын орун басары Чодолдоева Гүлзат жана кафедра башчысы Омурова Жамикат катышты.

 

Кесиптик колледжде «Сармерден» оюну болуп өттү

0

2023-жылдын 16-мартында кесиптик колледждин студент балдары жана кыздарынын «Сармерден» оюну болду. Оюндун жүрүшүндө эки тарап саламдашуу, манас айтуу, элдик обондуу ырл, бийлерди аткаруу, кыз узатуу салты, акыйнек, жаңылмач жана макал айтышуулар менен өздөрүнүн дараметин, деңгээлин көрсөтүштү. Ар бир аткарылган номер көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланып, калыстар тобунун сынына түштү. Студенттердин өзгөчө даярдыгы менен мыкты таланттардын аткаруусу кечени өз максатына жеткире алды. Жыйынтыгында калыстар тобу эки тарапты тең жеңүүчү деп табып, оюн достук жеңиши менен аяктады.

 

Педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова Тараз мамлекеттик университетиндеги иш-чараларга катышты

00

2023-жылдын 14-15 март күндөрү педагогика факультетинин деканы Р.Т.Сулайманова жана доцент Т.Ч. Абдылдаева М.Х.Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн КПИАнын академиги, п.и.д. К.Ж.Бузаубакованын 60 жылдык мааракесине арналган “Үзгүлтүксүз педагогикалык билим берүү: инновациялык парадигма, технология жана методика” аттуу эл аралык педагогикалык окууларга, ошондой эле “Аралыктан билим берүү: заманбап тренддер жана стратегиялар” аталышындагы илимий конгресске катышып, пленардык баяндама жасашты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорунун атынан юбилярга куттуктоо катын тапшырышты.

 

Матфактын жетекчилиги Улуттук университеттин жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктайт!

00Урматтуу Улуттук университеттин кызматкерлери жана студенттери! Cиздерди математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты тазалыктын, аруулуктун, жаңылануунун майрамы болгон, жаз алып келген Нооруз - "Жаңы күн“ майрамы менен кызуу куттуктайт. Ушул токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун. Бул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин. Дайыма жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын!

 

Мамлекеттик тил боюнча мониторинг уланууда (толукталды)

Мамлекеттик тилди Улуттук университетте жайылтуу жана ал 00аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын окуу жылынын аягында ѳткѳрүлүүчү мониторинг уланууда. 2023-жылдын 13-мартында КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын төрагасы Садык Алахан баштаган комиссия башкаруу жана бизнес факультетинде болушту. Кафедралардын ички иш кагаздарын, жумушчу программалар, ОМК, протоколдор, илимий иштер каралып, коммерция маркетинги жана логистика кафедрасы 12-апрелде кайрадан текшерүүдѳн ѳтѳ турган болду. 15-март күнү кыргыз-европа факультети,17-март күнү эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультеттери каралды. 

 

Юридикалык колледжде “Кут толгон Нооруз майрамы” аттуу фестиваль өткөрүлдү

0

2023-жылдын 17-март күнү №10-окуу имаратында юридикалык колледждин эмгек жамааты тарабынан улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана бекемдөө, жаркыраган жаз майрамы Ноорузду көңүлдүү маанайда тосуу максатында “Кут толгон Нооруз майрамы” аттуу фестиваль өткөрүлдү. Чоң программадагы маданий иш чарада окуу жайдын студенттери Манас айтып, комуз менен ооз комузда ойноп, ыр-бийлерди аткарып, ар улуттун бийлерин тартуулашты. Юридикалык колледждин эже-агайлары менен студенттерин күн менен түн теңелген чыгыш элдеринин Жаңы жылы менен ректораттын жана жеке өзүнүн атынан КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов куттуктап, окуу жайдын жетекчилигине, иш-чаранын уюштуруучуларына, мугалимдерине, кызматкерлерине, о.э. макул болуп катышып, аралашып жаткан студенттерине чоң ыраазычылык билдирди.

 

Төлөбек Абдырахманов юридикалык институттун жамааты менен жолугушту

00

2023-жылдын 17-мартында башкы имараттагы жыйындар залында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов юридикалык институттун жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындын башында ал 28-февралда чыккан буйруктун негизинде Улуттук университеттин ректораты менен курамдык бөлүктөрүндө чоң өзгөрүүлөр болуп, 11 институт, 13 факультет, бир нече колледж түзүлгөнүн, ошол документ боюнча КУУнун курамында юридикалык институт пайда болгонун кабарлап, эки чоң курамды - мурдагы юридикалык факультет менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын - бириктириш абдан чоң маселе экендигин билдирди жана буга байланышкан бардык суроолорду окуу жылынын аягына чейин "кайра кайрылбагыдай" кылып чечип, 1-сентябрда жаңы окуу жылына киришүү зарыл экендигин баса белгиледи. 

 

Тилдерди үйрөнүү борборунун чет элдик угуучулары "Сармерден" ойношту

002023-жылдын 16-мартында башкы имараттагы кичи жыйындар залында тилдерди үйрөнүү борборунун окутуучулары А.М.Акматова, С.Ж. Жанчарбекова, У.О.Камчыбекова тарабынан уюштурулган "Сармерден" мелдеши чет элдик угуучулардын катышуусу менен болуп өттү. Иш чара аталган борбордун башчысы Тамара Симоновичтин куттуктоосу менен башталды. Андан кийин, калыстар тобу шайланып, кыз-жигит оюнуна упайларын беришти. Угуучулар кыргызча саламдашуудан баштап, ырларды, бийлерди, макал-лакаптарды, жаңылмачтарды, табышмактарды айтышып, жыйынтыгында жигиттер жеңишке ээ болушту. Иш чаранын экинчи бөлүгүндө улуттук байыркы оюндар: жоолук таштамай, чака чапмай, кол күрөш, тогуз коргоол ойношту.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде “Кумар оюнунун терс таасири” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

002023-жылдын 16-мартында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары факультеттин студенттери менен бирге “Кумар оюнунун терс таасири” аттуу тегерек стол өткөрүштү. Алгач, темага байланыштуу видео-ролик көрсөтүлдү. Андан кийин студенттер кумар оюну боюнча талкуу кылышып, айрым студенттер доклад жасашса, кээ бирлери атайын буклеттерди жасап келишип, ал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын соңунда окутуучулар студенттерди кумар оюнунан алыс болууга чакырып, анын бир катар терс таасири тууралуу фактыларды келтиришти.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин окутуучу-профессор жамаатына илимий иштердин багыттары боюнча семинар өтүлдү

00

2023-жылдын 16-мартында кыргыз филологиясы факультетинин окутуучу-профессор жамаатына илимий иштердин багыттары боюнча семинар өтүлдү. Лекциянын багыттары: "Elibrary.ru электрондук китепканаcына катталуу менен макалаларды киргизүүнүн жолдору" (лектор – кыргыз-европа факультетинин доценти Шаршембиева Ф.К.), "Кыргыз тили жана адабияты тууралу изилдөөлөрдү электрондук ресурс катары киргизүү (педагогика факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Сейталиев М.Е.) жана "Илимий макалаларды жарыялоодо УАК тарабынан бекитилген илимий журналдар" (кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары Турдубаева Н.Ш.). 

 

№5-жатаканада жашаган студенттер Нооруз майрамын утурлай "Сармерден" оюнун өткөрүштү

00

2023-жылдын 16-март күнү кечинде №5-жатаканада жашаган студенттер Нооруз майрамын утурлай "Сармерден" оюнун өткөрүштү. Улустун улуу күнүнө арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржигит Кадырбеков, Винера Раимбачаева, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов жана журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк катышты. Жатаканада жашаган шайыр балдар менен кыздар бабалардан калган улуу мурасты улап Манас айтуу, ыр-бийлерди аткаруу, макал-лакап, жаңылмачтарды кайталоо, табышмак табуу боюнча жарышып жатканда, ашпозчулукка  шыгы бар студенттер ошол эле жерде сүмөлөк кайнатып, аш бышырып жатышты. 

 

СГИФтин студенттери менен магистранттары Пробация департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышты

00

2023-жылдын 16-март күнү социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин «Дин таануу» багытынын студенттери менен магистранттары факультет деканы Камчыбек уулу Мырзабек жана «Дин таануу жана теология» кафедрасынын доценти Улан Шаршеналиев менен Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине  барып, анын ар бир башкармалыгы жана бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Аталган департаменттин окуу-методикалык башкармалыгынын башчысы Руслан Алымкулов пробация институтунун тарыхы жана ишмердуулугу жөнүндө кенен маалымат берди.Пробация департаментине болгон экскурсия студенттер менен магистранттар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп, өз максатына жетти.

 

Белгилүү журналист Назира Айтбекова кыргыз филологиясы факультетинде болду

002023-жылдын 16-мартында кыргыз филологиясы факультетинин Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессор-окутуучулары факультеттин студенттерине белгилүү журналист жана блогер Назира Айтбекова менен пикир алышууга мүмкүнчүлүгүн түзүп беришти. Аталган иш-чараны кафедра башчысы М.Бокешова ачып, Н.Айтбекова тууралуу кыскача маалымат берип, анын ишмердүүлүгү боюнча студенттерди тааныштырды. Андан соң студенттер өзүлөрү кызыккан бир катар суроолоруна жооп алышты жана каалоо-тилектерин да билдиришти. Жолугушуунун аягында Н.Айтбекова студенттерге шык-жөндөм берип, аларды билимдүү, жаратман, чыгармачыл жана күчтүү болушун үндөп, бекем ден соолук, окууларына ийгилик каалады.  

 

Кесиптик колледждин футбол боюнча курама командасы жаныртылып түзүлдү

00

2023-жылдын 14-15-март күндөрү 6-окуу имаратынын сыртындагы спорт аянтчада кесиптик колледждин студент балдары арасында футбол боюнча турнир болуп өттү. "Спорт адам баласынын маанилүү баалуулуктарын өстүрөт, эрежелерди урматтоону, командада иштөөнү, таандык болуу сезимин, сабырдуулукту, меймандостукту жана боорукердикти өөрчүтөт" деген максатта уюштурулган мелдештин жыйынтыгында мыкты оюнчулар тандалып, кесиптик колледждин футбол боюнча курама командасы жаныртылып түзүлдү.

 

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун өкүлдөрү педагогика факультетинин студенттерине конок лекция өтүштү

00

2023-жылдын 15-мартында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун өкүлдөрү Бегайым Торогелдиева менен Асылгүл Токторбаева педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын чакыруусу менен студенттерге «Башталгыч класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жакшыртуучу класстан тышкаркы иш-чаралар» аттуу конок лекция өткөрүп, "Китепканага экскурсия", "Математика боюнча чемпионаттар", "Фин-чилистен» сынагы", "«Китеп куржуну» үй-бүлөлүк эстафетасы", "Изилдөө долбоору", "Үй-булөлүк окуу клубу", "Окуу убактысы/сааты", "Окуу жана эсеп лагери" деген темаларга токтолушту.

 

Страница 11 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 116 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары