Дүйшөмбү, Сентябрь 16, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кыргыз филологиясы факультетинде “Биз кумар оюндарына каршыбыз!” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

00

2023-жылдын 3-март күнү КР аймагында тыюу салынган кумар оюндарына окуучуларды жана студенттерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштердин алдын алуу жөнүндөгү КУУнун №62-буйругуна ылайык, кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын окутуучулары Т.Токушева менен М.Обулбекова 1-курстун студенттери менен “Биз кумар оюндарына каршыбыз!” аттуу тегерек стол өткөрүштү. Алгач окутуучулар тарабынан кумар оюндары жана ага тартылып жаткан жаштар боюнча маалымат берилип, натыйжада бир топ үй-бүлө запкы тартып жаткандыгын эскертишти. Андан соң студенттер жаштардын азартына айланган оюн боюнча талкуу кылышып, жыйынтыгында бардыгы бир добуштан аталган оюнга каршы экендигин билдиришип, жакын санаалаштарына, ини-карындаштарына мындан алыс болууга эскертип турушарын айтып өтүштү.

 

Кесиптик колледждин студенттери «Кана эмесе кыздар» жаштар форумуна катышып келишти

00

2023-жылдын 3-мартында кесиптик колледждин студенттери Кыргызстандын аялдар форуму менен республикалык “Аялдар кеңеши” биримдиги тарабынан студенттерди түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга тартуу жана университеттер ортосундагы билим берүү жана маданий кызматташтыкты активдештирүү максатында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин инновациялык борборунда уюштурулган «Кана эмесе кыздар» аталышындагы жаштар форумуна университеттин атынан  катышып келишти.

 

Кесиптик колледжде Мамлекеттик туу күнү белгиленди

002023-жылдын 3-март күнү кесиптик колледжде Мамлекеттик туу күнүнө арналган иш чара жана тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Бул күндү белгилөө үчүн 6А-окуу имараттын алдында чакан концерт уюштурулуп, студенттер өз таланттарын тартуулашты. Иш чаранын жүрүшүндө “Желеги туудан бөлүнбөй, жердин жүзү көрүнбөй; Жер союлуп  былкылдап, желеги алтын туу болду” же “Алтын айчык кызыл туу, асмандата  көтөрүп, Аягын жерге сайбасам”, - деп  манас айтылды. 

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү (толукталды)

00

2023-жылдын 3-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "2022-2023-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиянын жыйынтыгы", "КУУну санариптештирүүнүн абалы жана алдыдагы милдеттери", "Кыргыз-кытай факультетинин азыркы абалы жана перспективалары", о.э. ар түрдүү башка маселелер каралды. Жыйындын башында ректор педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманованы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен куттуктап, ийгиликтерди каалады жана КУУнун инновациялык жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору болуп Дмитриенко Ирина Анатольевна дайындалганын кабарлады. 

 

Илимий китепкананын директорунун милдетин убактылуу аткаруу Казначиева Үмүт Урматовнага жүктөлдү

00

2023-жылдын 3-март күнү ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен Улуттук университеттин А.Табалдиев атындагы илимий китепканасынын директорунун милдетин убактылуу аткаруу аталган китепкананын башкы библиографы Казначиева Үмүт Урматовнага жүктөлдү. Жаңы жетекчини китепкананын жамаатына тааныштыруу аземи ушул эле күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында болуп өттү. Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев буйрукту окуп берген соң, ректор Төлөбек Абдырахманов сөз сүйлөп, жаңы жетекчиге өз каалоо-тилектерин айтты.

 

Улуттук университетте мамлекеттик тил боюнча мониторинг жүргүзүү иши башталды

00Мамлекеттик тилди КУУда жайылтуу жана мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын окуу жылынын аягында ѳткѳрүлүүчү мониторинг жүргүзүү иши башталды. 2023-жылдын 1-мартында КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын тѳрагасы Садык Алахан баштаган комиссия факультеттер аралык мамлекеттик тил, расмий тил, чет тили кафедраларынын сабактарына катышып, аталган кафедралардын ички иш кагаздарын карап чыгышты. Мониторинг март-апрель айларында окуу жайдын бардык түзүмдѳрүндѳ ректордун буйругу менен бекитилген график боюнча ѳткѳрүлѳт.

 

Белгилуу медиаэксперттер журналистика факультетинин студенттерине семинар өтүштү

002023-жылдын 1-март күнү белгилүү медиаэксперттер Марат Токоев менен Чынара Султаналиева журналистика факультетинин студенттерине "фактчекинг" темасы боюнча семинар өтүштү. Алар студенттерге тема боюнча кеңири маалымат беришип, семинар кызыктуу өттү. Андан кийин Ала -Тоо эл аралык университетинин профессору Элира Турдубаева студенттерге "Журналисттик иликтөө" китебин презентациялап, анын мазмуну менен урунттуу бөлүмдөрү боюнча маалымат берди жана факультетке аталган китептин 100 нускасын белекке берди. Семинардын соңунда мезгилдүү басма сөз кафедрасынын башчысы, профессор Нуржан Джумагазиева келген меймандарга ректордун ыраазычылык катын тапшырды.

 

Матфактын студенттеринин арасында ”Ойлон! Ойгон!" аттуу интелектуалдык таймаш өткөрүлдү

00

2023-жылдын 1-мартында №6-окуу имаратындагы №126-дарсканада математика жана информатика факультетинин "Жаңы муун" дебаттык клубунун демилгеси менен 1-2-курстар арасында “Ойлон! Ойгон!” аттуу интелектуалдык таймаш өткөрүлдү. Жаштардын ой өрүшүн өркүндөтүп, дүйнө таанымын кеңейтүү максатында уюштурулган иш-чарага “Евклид", "Мб-1-21, "Огонь и лёд", "Альфа",” Билерман”, “ПМ-1-22” жана “Эрудит" командалары катышты. Оюндун 1-туру дүйнөдөгү кызыктуу фактыларга байланыштуу тапшырмалар менен коштолуп, логикалык суроолорго басым жасалса, 2-турда кыргыз адабиятынын өкүлдөрү, белилүү сүрөтчүлөр жөнүндө суроолор берилди. 3-турга 7 команданын капитандары катышып, "Мыкты капитан" наамын жеңип алуу үчүн күч сынашты.

 

Төлөбек Абдырахманов KOPIA борборунун директорун кабыл алды

002023-жылдын 28-февраль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Кореянын айыл-чарбасы боюнча эл аралык программасынын (KOPIA) Кыргызстандагы борборунун директору доктор Кванг Сог Чу мырзаны кабыл алды. Жолугушуу учурунда Кванг Сог Чу мырза KOPIA борбору тарабынан буга чейин жасалган иштер, КУУнун ботаникалык бакчасына салынган инвестициялар тууралуу маалымат берип, алдыдагы иш пландары менен бөлүштү. Анын айтымында, KOPIA борбору быйыл ботаникалык бакчаны көрктөндүрүүгө 416 200 сом өлчөмүндө каражат бөлүп, өсүмдүктөрдүн өзгөчө түрлөрүн отургузуп, ландшафттык дизайн жасоого көмөктөшөт.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Жогорку Кеңештеги мамлекеттик тил боюнча парламенттик угууларга катышты

00

2023-жылдын 28-февралында Жогорку Кеңештин жыйындар залында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулар болуп өттү. Бул маанилүү иш-чараны Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаева ачып, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" кыскача баяндама жасады. Мыйзам долбоору боюнча талкууга КУУнун профессору Гүлжамал Жаманкулова катышып, сунуштарын айтты. Жыйындын соңунда парламенттик угуулардын сунуштамасы кабыл алынды.

 

Педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду

00Педагогика факультетинин жалпы жамааты декан Сулайманова Рахат Токтогуловнаны 2023-жылдын 28-февралында педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуу даражасын ыйгаруу боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Кыргыз билим берүү академиясынын алдында уюштурулган Д 13.23.662 диссертациялык кеңешинин жыйынында “Кыргызстанда педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы” аттуу темада 13.00.01 – "Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы" адистиги боюнча докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен куттуктап, илимий-педагогикалык жана жетекчилик ишмердигинде үзүрлүү эмгекти каалайт! 

 

Матфактын 3-курс студенттери педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүп келишти

00

Математика жана информатика факультетинин 3-курсунун Мб-1-20, Мб-2-20 тайпаларынын студенттери 2023-жылдын февраль айында Бишкек шаарындагы №1-мектеп-интернатта жана №9-орто мектепте педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүп келишип, отчетторун беришти. 2023-жылдын 28-февраль күнү академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия,топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын кезектеги отурумунун күн тартибине коюлган маселелердин бири болуп саналган педагогикалык практиканын жыйынтыктары боюнча доценттер Гульнара Мунапысова менен Гулмира Исраилова эжейлер баяндама жасашып, практиканын жүрүшүндө студенттер мугалимдик кесиптин ардактуу да, түйшүктүү да жактары менен иш жүзүндө таанышып, тиешелүү методикалык тажырыйба топтоого жетишикендерин белгилеп кетишти.

 

Кесиптик колледждин студенттери Халит Эртургрулдун «Сонку дем» китебин талкуулашты

002023-жылдын 28-февраль күнү кесиптик колледжде студенттерди ыймандуулукка, адептүүлүккө чакыруу менен акыркы убакта жаштар арасында жайылып жаткан кумар оюндарына азгырылууну алдын алуу максатында Бактыбек Жунусалиев тарабынан кыргызчага которулган Халит Эртургрулдун «Сонку дем» китебин талкуулоо болуп өттү. Студенттер китепти окуп чыгышып, «Ыйман адамды адам кылат, балким аны султан кылат» деген сөзгө ынангандарын, адептүүлүк менен бийиктиктерди багынта алаарын айтып беришти.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык конференцияда баяндама жасады

0

2023-жылдын 27-февралында  кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрү кафедрасы тарабынан уюштурулган «В фокусе Центральня Азия и Кавказ: актуальные вопросы и направления научных изысканий» деген эл аралык конференцияга онлайн форматта катышып, «Древнетюркские письменности как исторический источник» деген темада баяндама жасады. Иш-чарага Япония, Кытай, Туркия, Россия, Казахстан, Кыргызстан, Өзбекстандан окумуштуулар катышып, докладдар суроо-жооптор, кызуу талкуу менен коштолду.

 

Дүйнөгө таанымал серб математиги Л.Кочинац матфактын студенттерине дарс окуду

00

2023-жылдын 27–февралында дүйнөгө белгилүү математик, Ниш (Сербия) университетинин профессору Л.Кочинац академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы Б.Э.Канетовдун чакыруусу менен математика жана информатика факультетине келип, студенттерге “Тандоо принциптерине киришүү” деген темада дарс окуду. Профессор алгач теманы эң жөнөкөй тил менен студенттерге түшүндүрүп, андан кийин жөнөкөй мисалдар менен бышыктап, аягында чечилбей келген көйгөйлөрдү белгиледи.

 

Журналистика факультетинин студенти самбо боюнча өлкө чемпионатында коло медаль алды

00

Журналистика факультетинин телевидение багыты боюнча студенти Айжамал Карабаева 2023-жылдын 24-27-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп өткөн Кыргызстандын самбо боюнча чемпионатына 72 кг салмак категориясында кыз-келиндер арасында катышып, жыйынтыгында коло медаль утту. Белгилей кетсек, бул жылкы өлкө биринчилигине республиканын бардык областтарынан келген 288 спортчу катышты.

 

КУУнун волейбол боюнча курама командасы «Ден соолук – 2023» Спартакиадасында 3-орунду ээледи

00

2023-жылдын 20-25-февраль күндѳрү К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти менен Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Спорттук-массалык иш-чараларды ѳткѳрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы биргелешип уюштурган Бишкек шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлери арасындагы «Ден соолук – 2023» Спартакиадасынын алкагында волейбол боюнча турнир болуп өттү. Мелдешке КУУнун 40 жаштан өткөн кызматкерлеринен түзүлгөн курама команда катышып, Бишкек шаарындагы 20 жогорку жана 38 орто кесиптик окуу жайларынын арасынан 3-орунду ээледи.

 

Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин жетекчилиги №7-жатаканада болушту

002023-жылдын 25-февралында маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин деканы Баратова Бактыгул орун басарлары Эстебесова Нуржамал жана Жадилов Бакир менен биргеликте №7-жатаканада болушуп, ал жерде жашаган факультет студенттеринин жашоо-тиричилиги жана түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты. Студенттер менен болгон жолугушууда факультет деканы студенттерди тартиптүүлүккө, тазалыкка, жатакананын ички эрежелерин сактоого жана коомдук иштерге активдүү катышууга чакырды. Жолугушуунун соңунда факультет жетекчилиги жатакана комендантына ийгиликтерди каалап, студенттерге санитардык-гигиеналык талаптарды сактап, жайкы сессияны ийгиликтүү тапшыруусуна тилектеш экендигин билдиришти.

 

№7-студенттик жатаканада “Жигит султаны” сынагы өткөрүлдү

00

2023-жылдын 24-февраль күнү №7-студенттик жатаканада “Жигит султаны” сынагы өткөрүлүп, мелдешке ар-бир кабаттан экиден студент катышты. Сынактын жүрүшүндө алар "Дефиле жана саламдашуу", "Спорттук таймаш", "Суроолор", "Балдар ашканада", "Үй тапшырма" жана "Күтүлбөгөн тапшырма" деген тапшырмаларды аткарышып, жакшы күлкү тартуулашты жана көрүүчүлөрдүн кол чабууларына ээ болушту. Калыстар тобунун төрагалык милдетин жатаканалардын менеджери Б.Шабданов аткарып, курамына кыргыз филологиясы факультетинин магистранты Каныбек уулу Бекзат жана Каримов Орозбек кирди. Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Карыбеков Нурлан ээлеп, 3 миң сом акчалай сыйлык жана грамота алды. 2-орунду ээлеген Идирис уулу Турдубай 2 миң сом акчалай сыйлык жана грамота, ал эми 3-орунду ээлеген Обошеев Алибек 1 миң сом акчалай сыйлык жана грамота тапшырылды.

 

Матфакта Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу болду

002023-жылдын 24-февралында математика жана информатика факультетинде аскердик-патриоттук «Мекен» клубунун демилгеси менен "Ооганстан - айыкпаган жара" аттуу кече өткөрүлүп,  иш чарага Ооган согушунун ардагерлери Кадыр Уметов менен Адылбек Маматов катышты. Жолугушуу Ооган согушунда курман болгондорду бир мүнѳттүк эскерүү менен башталып, факультет деканы Изат Усенов бул жолугушуу студенттердин патриоттук сезимин дагы бир жолу ойготоорун жана тынчтыкты сактоо - жашап жаткан коомдогу эң негизги баалуулук экениндигин белгиледи. 

 

Журналистика факультетинин студенттери Исхак Раззаковдун үй-музейине барып келишти

00Журналистика факультетинин 1-курсунун студенттери мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун үй-музейине барып келишти. Студенттер музейдин кызматкеринин баяндамасынан улуу инсандын кыргыз элине кылган улуу кызматы тууралуу кызыктуу маалыматтар менен таанышты жана колдонгон буюм-тайымдарына күбө болушту. Андан тышкары, студенттер Исхак Раззаковдун ташка тамга баскандай сөздөрүн көңүлгө бекем түйүп, Мекен үчүн, жер үчүн болгон сезимдери курчуп, патриоттук сезимдери күч алып кайтышты. Экскурсия журналистика факультетинин кыргыз тили дисциплинасынын окутуучусу А.Каролованын демилгеси менен уюштурулду.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

002023-жылдын 24-февралында №5-окуу имаратынын жыйындар залында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата кыргыз филологиясы факультетинин кыздар жамааты тарабынан уюштурулган "Эр жигит эл четинде, азамат жоо бетинде"  аталышындагы концерттик программа өткөрүлдү. Иш-чара факультет деканы Б.Жайлообаевдин куттуктоо сөзү менен башталып, студенттер ар түрдүү оюн-зоок, ыр, бий тартуулап, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Факультеттин мырзаларына кыздар жамааты белектерди тартуулады. Иш-чаранын соңунда келген коноктор факультеттин студенттерине өз ыраазычылыгын билдирип, майрамдык кече жагымдуу маанайда аяктады.

 

Улуттук университет Билим берүү жана илим министрлигинин Ыраазычылык каты менен сыйланды

00

2023-жылдын 24-февралында саат 10:00дө “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда “21-февраль – Эне тил күнүнө карата жарыяланган айлыкты” жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү. Жыйынга Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу, КР Президентинин Администрациясынын изилдѳѳлѳр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бѳлүмүнүн башчысынын орун басары О.Э.Капалбаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К.О.Осмоналиев катышып, куттуктоо сѳздѳрүн сүйлѳштү. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан окуу жайлардан өкүлдөрү катышкан иш-чаранын жүрүшүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети аталган Бир айлыкка активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ыраазычылык каты жана жаңы муундагы SSD диск менен сыйланды. 

 

Кесиптик колледжде Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

002023-жылдын 23-февралында 6-окуу имаратындагы спорт залында кесиптик колледждин студент балдарынын арасында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата кол күрөш, турникке тартынуу, аркан тартыш, мешок менен жарышуу ж.б спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чарага беш команда катышып, 1-орунду котормо иш бөлүмү, 2-орунду юридика менен педагогика жана социалдык иш бөлүмү, 3-орунду экономика жана каржы бөлүмү жана 4-орунду малыматтык технология бөлүмү ээлешип, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана атайын белектер менен сыйланышты.

 

Страница 13 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 182 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары