Дүйшөмбү, Сентябрь 16, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

№7-жатаканада “Сүйүү күнү" жана “Китеп белекке берүү” күндөрүнө арналган кече өткөрүлдү

00

2023-жылдын 14-февраль күнү 7-жатаканада “Сүйүү күнү" жана “Китеп белекке берүү” күндөрүнө арналган чакан кече өткөрүлдү. Иш-чара поэзия мүнөттөрү менен башталып, жатакана студенттери мекен, ата-эне, балалык, сүйүү темасына токтолушуп, өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Майрамдык кечеге ырчы, алып баруучу жана тамада Алтынбек Кыдыралиев күбө болуп, студенттерге комуздун коштоосунда жагымдуу ырларын аткарып берди. Жатаканада жашаган студенттер Кутман Расулбеков менен Нурсултан Нурланов тарабынан уюштурулган иш-чаранын соңунда “Махабат кутучасы” ачылып, студенттердин жазган каттары окулуп, ээлерине тапшырылды.

 

Жаштар иштери боюнча бөлүм китеп жарманкесин өткөрдү

00

2023-жылдын 14-февраль күнү жаштар иштери боюнча бөлүм тарабынан башкы имараттын алдындагы аянтчада "Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө" карата китеп жарманкеси өткөрүлдү. @Kubanuch­_books китеп дүкөнү  менен биргеликте уюштурулган иш-чаранын максаты - жаштарды китеп окууга жана билимдүү болууга чакыруу.

 

Америкалыктар педагогика институтунун окутуучуларына ийгиликке жетүүнүн жолдорун айтып беришти

02023-жылдын 14-февралында Американын Техас штатынан келген Harry Darcy, Cliff Darcy жана «Камкордук» коомунун өкүлү И.Исамидинов атындагы педагогика институтунун филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын чет тил бөлүмүнүн окутуучуларына "Ийгиликке жетүүнүн жолдору жана кандай адам өз кесибинин лидери боло алат?" деген темада семинар-тренинг өткөрүштү. Алар аталган тема боюнча абдан мазмундуу жана маанилүү маалыматтар менен бөлүшүп, семинарды мыкты деңгээлде жыйынтыкташты.

 

Кесиптик колледжде Нуржигит Кадырбековдун «Япон кереметинин сыры» китеби боюнча талкуу болду

00

2023-жылдын 14-февраль күнү кесиптик колледжде Нуржигит Кадырбековдун «Япон кереметинин сыры» китебин талкуулоо болуп өттү. Студенттер китепти окуп чыгышып, япондордун технология жагынан өнүгүү жолунун сырын, алардын бири-бирине жасаган мамилеси, сыйы, тазалыгы, тууралуу айтып  беришти. "Убакыт - учкан куш" деген учкул сөз элибизде берекеринен айтылбаса керек. Жыйында сөз негизинен убакытты эффективдүү колдонуунун маанилүүлүгү тууралуу болуп, студенттер "Убакытты башкаруу деген эмне?", "Убакытты пландаштырууда кандай көйгөйлүү маселелер бар?", "Убакытты үнөмдүү пайдалануу үчүн эмне кылуу керек?" деген суроолорго жооп издешти.

 

ЖРЭжТК министрлигинин пресс катчысы журфактын студенттери менен окутуучуларына мастер-класс өткөрдү

002023-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин пресс катчысы Айсулуу Омуркулова журналистика факультетинин студенттери жана профессордук окутуучулук курамы үчүн “Мамлекеттик органдардагы басма сөз кызматынын ишинин өзгөчөлүктөрү” деген темада мастер-класс өткөрдү. Мезгилдүү басма сөз кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чарада Айсулуу Омуркулова пресс катчылар мамлекеттик органдар менен массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы көпүрөлүк милдетти аткарарын жана аларжын жоопкерчиликтүү ишмрмердүүлүктөрү тууралуу кеңири баяндап берди.

 

КУУнун активдүү студенттери Кара-Балта шаарындагы карылар үйүнө барып келишти

00

2023-жылдын 13-февральнда КУУнун активдүү студенттери жана жаштар иштери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы карылар үйүнө барып, кайрымдуулук акциясын өткөрүп келишти. Концерттик программа менен коштолгон бул иш-чарага химия жана химиялык технология, кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттеринин студентери жана университеттин студенттик кеңешинин төрагасы Күмүшбек Баатырбаев, о.э. аталган уюмдун мүчөлөрү активдүү катышты.

 

КУУнун окумуштуулары Эл аралык Кувейт университетинде болуп өткөн тегерек столго катышты

00

2023-жылдын 13-февраль күнү Кыргыз улуттук университетинин окумуштуулары, п.и.д., профессор Раимкулова А.С., п.и.к. доцент Шакирова С.А. жана п.и.к. доцент Исмаилова Г.И. Эл аралык Кувейт университетинде болуп өткөн “Дүйнөлүк аламдашуу процессинде билим берүү жана илимдин ролу” аттуу тегерек столго катышты. Иш чарага ардактуу конок катары Жогорку Кеңештин депутаты Култаева Г.О. да катышып, п.и.д. профессор Калдыбаева А.Т., мамлекеттик ишмер Разаев А.Р.,  №52-орто мектептин директору Жансариева Н. Ж.. кызыктуу ойлору менен бөлүштү.

 

КУУда казакстандык окумуштуулардын китептеринин бет ачары болду

0

2023-жылдын 10-февралында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун окумуштуулары тарабынан даярдалган "Политические репрессии среди казахов на территории республик Средней Азии в 20-50-е годы XX века" аттуу жыйнактын жана "Казахи в Средней Азии: История и судьбы (1920-1950 гг.)" деп аталган монографиянын бет ачары болуп өттү. КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жыйындын катышуучуларына айткан куттуктоо сөзүндө саясий репрессиялар тууралуу китепти даярдоо учурунда казак окумуштуулары Кыргызстандын, кыргыз окумуштуулары Казакстандын архивдеринде иштөөгө мүмкүнчүлүк алып, эки мамлекеттин тарыхчы-окумуштууларынын ортосунда абдан жакшы кызматташуу болгонун белгилеп, Улуттук университет менен Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институнун ортосундагы кызматташуунун келечеги тууралуу кыскача маалымат берди. 

 

Улуттук университетте “Баласагын” студенттик дебаттык клубу ачылды

00

2023-жылдын 9-февраль күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук университеттин “Баласагын” студенттик дебаттык клубунун ачылышы болуп өттү. Иш-чарага студенттик сенаттын мүчөлөрү жана факультеттердин активдүү студенттери катышты. “Баласагын” студенттик дебаттык клубунун ачылыш максаты - студенттерди патриоттулукка чакыруу жана баштаган иштин жыйынтыгына жете билүүнү үйрөтүү.

 

Профессор Кадыркулов Мажит Кадыркулович 87 жашында дүйнѳ салды

00

2023-жылдын 9-февраль күнү Кыргыз Республикасынын топурак  жана ландшафт таануу илиминин ѳнүгүшүнѳ зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу-географ жана илим уюштуруучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги,  география илимдеринин кандидаты,  профессор  Кадыркулов Мажит Кадыркулович 87 жашында дүйнѳ салды. 42 жыл ѳмүрүн Кыргыз улуттук университетинин, анын ичинде география, экология жана туризм факультетинин ѳнүгүшүнѳ арнаган Мажит Кадыркуловичтин жаркын элеси кесиптештеринин жана студенттеринин арасында калат. 

 

Геофакта устат педагог Жумашев Касымалы Жумашевичтин 80 жылдыгы белгиленди

00

2023-жылдын 8-февралында 6-окуу имаратынын 6-дарсканасында география, экология жана туризм факультетинин туризм жана рекреациялык география кафедрасынын доценти, география илиминин кандидаты, устат педагог жана белгилүү географ Жумашев Касымалы Жумашевичтин 80 жылдык мааракеси белгиленди. Иш чараны факультеттин деканы Рыскул Токторова ачып, сөз кезегин илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеевге берди. Ал Касымалы агайдын мыкты инсан экендигин, өз кезегинде мыкты жетекчи болгонун баса белгилеп, маараке ээсине Жусуп Баласагын атындагы төш белгини тапшырды.

 

Кесиптик колледжде "Жакшы окуп жакшы жүрүшүм, элиме кошкон үлүшүм" аталышындагы тегерек стол болуп өттү

00

2023-жылдын 6-февраль күнү кесиптик колледжде студенттердин катышуусунда "Жакшы окуп жакшы жүрүшүм, элиме кошкон үлүшүм" аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Иш-чара коледджддин студенттери жашы жете элек, б.а. инсандык өсүү мезгили болгон өспүрүм куракта экенин эске алуу менен алардын окуу жайда өзүн алып жүрүүсү, мугалимдерге болгон мамилеси, жакшы окуусу жана адепсиз кыймыл-аракеттерин болтурбоо максатында уюштурулуп, студенттер активдүү катышты. Жыйындын жүрүшүндө о.э. кесиптик колледждин тарбиялык иш планы талкууланды.

 

КУУда Эмил Джамангуловдун жаркын элесине арналган сумо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү

002023-жылдын 4-февралында 6-окуу имаратындагы спорт залда грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери, эркин күрөш, самбо жана сумо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чеберидене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Джамангулов Эмил Эсенгуловичтин жаркын элесине арналган сумо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Года Хидэки мырза, Кыргыз Республикасынын Сумо ассоцияцынын президенти Айбек Чекошев жана  Эмил Джамангуловдун апасы Анара эже сөз сүйлөштү. Мелдештин жеӊүүчүлөрүнө акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. 

 

Болотбек Байысов кесиптик колледждин директору болуп дайындалды

00

Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен Байысов Болотбек Абийирович КУУнун кесиптик колледжинин директору болуп дайындалды. Жаңы жетекчини колледждин педагогикалык жамаатына 2023-жылдын 1-февраль күнү Улуттук университеттин окуу иштери боюнча проректору Эрлан Базарбаев тааныштырды. Жыйындын башында ал мурдагы директор Аскар Акматов ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арыз менен кайрылганын, кечээ болуп өткөн Окумуштуулар кеңешинде ректор Төлөбек Абдырахманов ага көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, ректораттын Ыраазычылык катын тапшырганын кабарлап, жаңы директор тууралуу ректордун буйругун окуп берди.

 

КУУнун журналистика факультети Кыргызстандагы журналисттерди даярдаган факультеттердин ичинен мыкты деп табылды

0

2023-жылдын 31-январында А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн "Жалпыга маалымдоо каражаттары: кечээ, бүгүн жана эртең" аттуу конференциянын алкагында журналистика факультетинин деканы Ширин Костюкка "Жылдын мыкты факультети" сыйлыгы ыйгарылды. Иш-чара өлкөнүн журналисттер союзу тарабынан уюштурулуп, ага КР Президентинин кеңешчиси А.Койчиев, журналисттер союзунун төрагасы А.Султанбаев баш болгон медиа өкүлдөр, облустагы журналисттик чөйрө, маалымат айдыңыгынын чыгаан өкүлдөрү жана журфактын студенттери катышты. Жыйында кыргыз журналистикасынын кечеки, бүгүнкү жана эртеңки багыттары өзгөчө жоопкерчиликке муктаж экендиги, теле, радио, гезиттеги журналистиканын деңгээли, анын ишмердигин мамлекеттин өнүгүүсү үчүн туура жүргүзүү боюнча ойлор айтылды. 

 

Кыргыз филологиясы факультетинин 4-курс студенттери педагогикалык практикадан өтүшүүдө

00Кыргыз филологиясы факультетинин "Ммамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде" адистигинин 4-курс студенттери Бишкек шаарындагы бир катар мектептерде педагогикалык практикадан өтүшүүдө. Аталган практиканын жүрүшүн мониторинг кылуу жана практиканттардын ачык сабагына катышуу максатында факультет деканы Бактыбек Жайлообаев менен кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы Эмилбек Акунов №9 мектеп-гимназиясына барышып, "Кыргыз тили жана адабияты" предмети боюнча сабак берип жаткан студенттердин сабактарына катышты.

 

Матфактын студенти Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды

00Математика жана информатика факультетинин 4-курс студенти Ашырбай уулу Азирет Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды. Факультеттин жетекчилиги өз студентин бул ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт. Ашырбай уулу Азиреттин мындай ийгиликтерге жетишине "Word Finder - Сөздү тап" долбоорунун жетекчиси, ага окутуучу Фархат Назарбаевдин эмгеги зор.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2023-жылдын 31-январында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында "КУУнун жатаканаларынын жакшыртуу маселелери", "Кыргыз-Европа факультетинин азыркы абалы жана перспективалары", о.э. ар түрдүү башка маселелер каралды. Жыйындын башында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан бизнес жана башкаруу факультетинин деканы Меримкуль Керимкуловага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Офицердин жубайы” төш белгисин тапшырды.

 

Кесиптик колледжде Аскарбек Акматовду директорлук кызматынан узатуу иш чарасы болду

00

2023-жылдын 31-январь күнү кесиптик колледжде мурдагы директор, Улуттук университетте 47 жыл эмгектенген Аскарбек Акматовдун ѳз каалоосу менен кызматын ѳткѳрүп берүүсүнѳ байланыштуу иш чара болуп ѳтту. Жыйынга КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков Аскарбек агайдын мыкты жетекчи болгонун баса белгилеп, «Кыргыз Республикасынын билим беруусунѳ  эмгек синирген кызматкер» ардак наамы менен куттуктады. А.Акматовдун эмгек жолу, алган сыйлыктары, илимдеги жетшкендиктери, аткарган иштери тууралуу слайд кѳрсѳтүлгөн соң, колледждин студенттери чакан концерттик программа тартуулашты.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Япониядагы Нигата университетинин семинарына катышты

00

2023-жылдын 30-январында кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Япониянын Нигата университетинин илимди жайылтуу коомунун кызматкери, филология илимдеринин доктору, жапон-кыргыз маданий изилдөө уюмунун жетекчиси Жакшылык Акматалиева тарабынан уюштурулган илимий семинарга онлайн-форматта каышты. Иш-чарада Кансай университетинин профессору Одагири Нами мырза кыргыз тилиндеги кош сөздөр боюнча баяндама жасады. Ал кыргыз тилиндеги кош сөздөр, анын ичинен сыңар маанилүү синонимдеш кош сөздөрдүн колдонулушу тууралуу илимий изилдөөлөрүн ортого салды. Доклад абдан кызыктуу болуп, суроо-жооптор менен коштолду.

 

Экономика факультетинин студенттик сенатынын мүчөлөрү Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты

002023-жылдын 26-январь күнү экономика факультетинин студенттик сенатынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты. Алар алгач кыргыз парламентинин кезектеги сессиясына катышып, андан кийин ЖК имараты менен таанышып чыгышты. Улуттук университеттин студенттери о.э. Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев менен жолугушту. Эл өкүлү студенттерди терең билим алууга үндөп, "Кыргызстан илим-билимдүү жаштарга муктаж. Андыктан, келечек ээлери катары талыкпай окуп, тажрыйба топтоого аракет кылгыла», - деген тилегин айтты.

 

Журналистика факультетинин доценти Айна Дуйшекеева BBC корпорациясынын атайын төш белгиси менен сыйланды

00

Журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Айна Дуйшекеева BBC Дүйнөлүк кызматынын атайын төш белгиси менен сыйланды. Улуу Британиянын телерадиоберүү корпорациясынын сыйлыгын жана куттуктоо катын КУУнун доцентине белгилүү журналист Кубат Чекиров тапшырды. Төш белги Айна Дүйшекеевага BBCнин радио уктурууларын изилдөөдөгү активдүү салымы үчүн ыйгарылган. Доцент А. Дүйшекеева радиожурналистиканын теориясы жана тарыхы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Аны менен катар кыргыз радиосунун, кыргыз тилинде уктурган чет элдик радиостанциялардын, анын ичинде BBCнин уктурууларын анализдеген макалалары атамекендик жана чет элдик журналдарга жарыяланган.

 

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Жылдызбек Касеинов 7-жатаканада конокто болду

00

2023-жылдын 25-январында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру, кино актёр Жылдызбек Касеинов Улуттук университеттин 7-жатаканасында конокто болду. Кинотасмаларда көбүнчө терс каармандардын образын жараткан актёр жолугушуунун жүрүшүндө жатаканада жашаган студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, өзүнүн студенттик күндөрү, ошондой эле кино жана театр жаатындагы чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

 

КУУнун бүтүрүүүсү Чынгызбек уулу Азиретаалы окуу жайга LED-экрандарды башкаруучу видеопроцессор белек кылды

00Кыргыз-кытай факультетинин бүтүрүүүсү Чынгызбек уулу Азиретаалы маалыматтык технологиялар борборунун тармактык-маалыматтык технологиялар секторуна LED-экрандарды башкаруучу OVP-M1X видеопроцессорун тапшырды. Ал өзүнүн белеги тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты: "Мен Улуттук университетке окууга тапшырганда эле окуу жайга жаӊы нерселерди киргизгим келген болчу. Кыргыз-кытай факультетинде 5 жыл окуп, билим алдым. Андан кийин Улуттук университет тарабынан Кытай Эл Республикасына окууга жөнөтүлүп, билим алып, каалаган максатыма жетип атам. Азыр IT сферасындагы 2 компаниянын директорумун. Бул видеопроцессорду өзүм окуган Улуттук университетке ыраазычылык катары белек кылгым келди". Азиретаалы аталган жабдуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да кенен маалымат берди.

 

Страница 15 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 187 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары