Дүйшөмбү, Сентябрь 16, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

КУУда абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 25-январында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахуновдун катышуусу менен КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 4-турунун жыйынтыгы чыгарылды. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор тууралуу маалымат берип, багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды. 

 

КУУда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган VII эл аралык форум болуп өттү

00

2023-жылдын 24-январь күнү Кыргыз улуттук университетинин имаратында (Чүй пр., 180А) улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулган “Чыңгыз Айтматов – кыргыз-казак элинин руханий байлыгы” аталышындагы VII эл аралык форум болуп өттү. Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Казакстан Республикасынын Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышты.

 

САПжУКИ факультетинин студенти Катар Кубогунда 1 алтын жана 2 күмүш медалга ээ болду

00

Сот адилеттиги, прокурордук жана укук коргоо ишмердүүлүк факультетинин (мурдагы КГЮА) ПД(б)3-21 тобунун студенти Эмиль Молдодосов 2023-жылдын 2-4-январь күндөрү Доха шаарында өткөн оор атлетика боюнча Катар Кубогу” деп аталган ири эл аралык турнирге 89 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, 1 алтын жана 2 күмүш медалга ээ болду. КУУнун студенти жулкууда 162 кг, ал эми түртүүдө 185 кг салмактагы штанганы көтөрүп, жыйынтыгында 347 кг. салмак менен экинчи орунду ээледи. Факультет жамааты студент Эмиль Молдодосовдун спорттогу жетишкендиктери менен сыймыктанат жана алдыда көптөгөн ийгиликтерди каалайт!

 

КУУда QS рейтинг системасы жана Scopus/Web of Sсince платформалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

0

2023-жылдын 19-январь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында QS рейтинг системасы жана Scopus/Web of Sсince платформалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, Өкмөттүн чечими боюнча Улуттук университет жакынкы 3 жылдын ичинде эл аралык деңгээлдеги авторитеттүү QS рейтинг системасы боюнча Орто Азия мейкиндигиндеги белгилүү жогорку окуу жайлардын катарына кириши керек экендигин белгиледи жана учурда аталган рейтингге кирген Кыргыз-Түрк Манас университетинин тажрыйбасы менен таанышууну сунуштап, ал окуу жайдан келген кызматкерлерди тааныштырды.

 

КУУда абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 18-январында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаевдин катышуусу менен КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 3-турунун жыйынтыгы чыгарылды. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор тууралуу маалымат берип, багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Жыйындын соңунда Эрлан Базарбаев алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан кышкы кабыл алуу кампаниясын үзгүлтүккө учуратпай, кадимкидей өткөрүп жаткандыгы үчүн кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновго жана анын командасына жетекчиликтин атынан ыраазычылык билдирди.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы Уфа шаарында жарык көрдү

00Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова 2022-жылдын 19-21-сентябрында Уфа шаарында болуп өткөн "Академическая гуманитарная наука в XX - начале XXI в.: достижения, тренды и перспективы развития" деген эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайн форматта катышып, "Новые направления лингвистики и ее развитие в Кыргызстане" аттуу доклад жасаган. Учурда аталган конференциянын материалдары Уфа шаарында (Башкортстан) жарык көрүп, жыйнакта Гүлжамал Жаманкулованын "Новые направления лингвистики и ее развитие в Кыргызстане" аттуу макаласы да жарыяланды.

 

КУУда “Тилдерди Z муунга окутуунун технологиялары” аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү (толукталды)

00

2023-жылдын 11,12-январь күндөрү башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Тилдерди Z муунга окутуунун технологиялары” аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн Улуттук университеттин мамлекеттик тил сектору тарабынан уюштурулган иш-чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, катышуучуларга ректордун куттуктоосун айтты жана мамлекеттик тилде кесиптик билим берүү - баарыбыздын милдетибиз экендигин белгиледи. Анын айтымында, салтка айланып калган иш-чарага мурунку жылдары келген окутуучулардын 15-20 пайызынын катышып отурушу - семинар-тренингдин пайдалуу экендигинин белгиси. - Жандуу алакалашуу болсун үчүн каалаган суроолорду бериңиздер, - деп сөзүн жыйынтыктады Садык Алахан. 

 

КУУда абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 11-январында башкы имараттагы санарип технологиялары борборунда окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаевдин катышуусу менен КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор тууралуу маалымат берип, аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Улуттук университеттин окутуучу айымдары Кыргызстан аялдар конгрессинин сыйлыктарына татыктуу болушту

00

Кыргызстан аялдар конгресси Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч.Айтматовдун атындагы залында жылды жыйынтыктоо кечесин өткөрдү. Иш-чарада кыргыз айымдардына "Лидер" жана "Эмгектеги каармандыгы үчүн" деген төш белгилер тапшырылды. Сыйлангандардын арасында Улуттук университеттин окутуучу айымдары да бар. Социалдык гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Раимкулова Ажарбүбү Супуровна "2022 жылдын мыкты илимпоз айымы", ал эми физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Байгазиева Нуриса Адилетовна "2022 жылдын мыкты айымы" номинацияларында женүүчү болушту.

 

Матфактын жетекчилиги Улуттук университеттин жамаатын жаңы 2023-жыл менен куттуктайт

00

Урматтуу Улуттук университеттин окутуучу-профессорлору жана кызматкерлери! Сиздерди математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты келе жаткан жаңы 2023-жыл менен чын жүрөктөн  куттуктайт! Жаңы жыл – эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам баарыбызды жаңы үмүттөр, тилектер жана келечекке умтулууларыбыз менен бириктирип келген майрам. Урматтуу кесиптешетр! Сиздерди келе жаткан жаңы жыл майрамы менен кызуу куттуктап, бүткүл чыгармачылык кудуретиңиздерди келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшаган эмгектериңиздер үчүн аталган факультеттин студенттери өз ыраазычылыктарын билдиришет.

 

Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү

00

2022-жылдын 30-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "2022-жылдагы КУУнун илимий иштеринин жыйынтыгы жөнүндө", "Биология факультетинин деканынын отчету", "География, экология жана туризм факультетинин деканынын отчету" каралды. Жыйындын жүрүшүндө Улуттук университеттин жаңы окумуштуу катчысы болуп юридика илимдеринин кандидаты, доцент Керимканова Жаңыл Жусуповна шайланды.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Манас таануу интеллектуалдык таймашында 1-орунду ээлешти

002022-жылдын 17-ноябрь күнү кыргыз филологиясы факультетинин студенттеринин «Көрөңгө» тобу Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан  жогорку окуу жайлар арасында өткөргөн Манас таануу интеллектуалдык таймашында катышып, 1-орунду ээлеген. 11 жогорку окуу жайдын студенттери катышкан таймаш өтө курч, кызыктуу өткөн. Интеллектуалдык таймаштын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 29-декабрда болуп, жеңүүчүлөр уюлдук телефондор жана грамоталар менен сыйланышты. Кыргыз филологиясы факультетинин студенттерин ийгилиги менен куттуктайбыз!

 

Мамлекеттик сыйлыгыңыздар кут болсун, урматтуу кесиптештер!

00Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, о.э. кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкен зор ийгиликтери үчүн журналистика факультетинин профессору Абдиламит Матисаковго "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы, кесиптик колледждин директору Аскарбек Акматовго "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы ыйгарылып, телерадиожурналистика кафедрасынын ага окутуучусу Чынар Капарова "Даңк" медалы, кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Кульжамал Джаманкулова менен физиканы окутуу  технологиялары жана  табият таануу кафедрасынын доценти Рапия Исаева "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы" менен сыйланды. Урматтуу кесиптештер, алган сыйлыгыңыздар кут болсун! Элге ак кызмат өтөп, аман болуңуздар. Сиздердин алган сыйлыгыңыздар - Улуттук университеттин сыймыгы. Биз силер менен сыймыктанабыз!

 

Матфактын студенттери ачык асман астындагы скульптура музейине экскурсияга барып келишти

00

2022-жылдын 28-декабрь күнү математика жана информатика факультетинин студенттери К.Тыныстанов көчөсү менен Пушкин көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан ачык асман астындагы скульптура музейине барып келишти. Студенттер сессиянын жүрүп жатканына карабастан, экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, жарым жылдык окуу жылын жыйынтыктоо менен бирге кышкы каникулга чыгар алдында кызыктуу саякатка чыгып, искусство чеберлери, алардын эмгектери, түрдүү айкелдер менен таанышып, жан дүйнөсүнө руханий азык алып, көңүлдүү кайтышты. Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы эмен сейил багы борбор калаабыздын эң кооз жеринде жайгашкан. Бир нече чакырымга жайылган жашыл бульвар келүүчүлөрдү тынч эс алууга тартып турат.

 

Улуттук университет “Пирамида” медиахолдинги тарабынан “Жылдын мыкты университети” деп табылды

02022-жылдын 28-декабрында Кожомкул атындагы спорт сарайында "Пирамида" медиахолдингинин Жылдын мыктылары - 2022” теле долбоорунун алкагында өткөрүлгөн тандоонун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Иш чара жыл мыктыларынын кызыл килемден өтүүсү менен башталып, андан кийин көрүүчүлөргө жык толгон залда Кыргызстандын эл чарбасынын бардык тармактарынан тандалган "Жыл мыктыларын" сыйлоо аземи болду. Эмгектеги жетишкендиги жана жогорку кесиптик чеберчилиги үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеты «Жылдын мыкты университети» номинациясында жеңүүчү деп табылып, окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаевге тиешелүү диплом менен статуэтка тапшырылды.

 

КУУда абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды

002022-жылдын 28-декабрыь күнү башкы имараттагы санарип технологиялары борборунда окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев жана административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахуновдун катышуусу менен КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор тууралуу маалымат берип, аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын  сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

СГИФте аспирант Чынара Асаналиеванын кандидаттык диссертациясын талкуулоо болуп өттү

00

2022-жылдын 27-декабрында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында аспирант Чынара Асаналиеванын "13.00.01 - Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы" багыты боюнча "Педагогикалык практиканын жүрүшүндө болочок мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу" аттуу темадагы кандидаттык диссертациясын талкуулоо болуп өттү (илимий жетекчиси - педагогика илимдеринин доктору, профессор Г.Т.Карабалаева). Факультет деканы, психология илимдеринин кандидаты, доцент Камчыбек уулу Мырзабек изденүүчүгө ийгиликтерди каалап, ийгиликтуу жактоосуна тилектештигин билдирди.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Жаңы жылдык кече өткөрүлдү

00

2022-жылдын 27-декабрында №5-окуу имаратындагы жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин жаштар уюму тарабынан уюштурулган “Жаңы жыл – жаңы жашоо” аталышындагы майрамдык кече өткөрүлдү. Иш-чара факультет деканы Б.Жайлообаевдин, профессор Б.Байсабаевдин жана доцент Н.Турдубаеванын куттуктоо сөздөрү менен башталды. Факультет деканы 2021-2022-окуу жылында студенттерди тарбиялоодогу өзгөчө эмгектери үчүн бир катар профессор-окутуучуларга ыраазычылык кат, ал эми окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыктары үчүн бир нече студенттерге грамоталарды тапшырды.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Жогорку Кеңештин мамлекеттик тил боюнча жыйынына катышты

02022-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны болуп, анда каралган беш маселенин экөөсү мамлекеттик тил маселелерине арналды. Парламенттик угууларга Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү катышып, коомдук ишмерлер, Президенттик Администрациянын өкүлдөрү, окумуштуулар жана журналисттер чакырылды. Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова да аталган жыйынга атайын чакыруу менен катышты.

 

КУУнун окутуучулары "Ыйык тил" төш белгиси менен сыйланды

00Математика жана информатика факультетинин жетекчилиги кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынан сабак берген окутуучулар Чыманова Тажикан, Думанаева Мээрим жана Элтузерова Гүлзинаны мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердигиндеги чоң жетишкендиктери, о.э. залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана "Улуттук адабият күнүнө" карата "Кыргыз тили" коомунун "Ыйык тил" төш белгисине ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, кесиптештерине чың ден соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы Уфада жарык көрдү

002022-жылдын 9-декабрында Уфа илим жана технологиялар университетинин башкыр филологиясы, чыгыш таануу жана журналистика факультети менен Башкортстандагы регионалдык коомдук уюм Кыргыз маданиятынын "Ала-Тоо" борбору биргеликте офлайн жана онлайн форматта "Духовная культура башкир и кыргызов" деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүшкөн. Иш чарага Россия, Кыргызстан, Туркия, Казахстан жана Башкортстандан окумуштуулары катышкан. Учурда аталган конференциянын материалдары өзүнчө жыйнак болуп басмадан чыгып, КУУнун профессору Гүлжамал Жаманкулованын "Языковые параллели в письменности башкир и кыргызов" аттуу макаласы аталган жыйнакта (79-86-бб.) жарык көрдү.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттеринин ийгиликтери

00Кыргыз филология факультетинин 1-3- курс студенттери Сабырбекова Нуркыз жана Султанжанова Фарида Казакстандын "Бөбек" эл аралык уюмунун алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү сыйлоо аземине жана И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата өткөрүлгөн конференцияга катышып "СНГнын 100 жаңы жүзү" сынагынын сыйлыктары менен сыйланышты. Алар бул убакытка чейинки жетишкендиктеринин негизинде диплом, медалдарга татыктуу болушту. Алардын жетекчилери Орозалиева Жүрсүн жана Бекназарова Буркия эжелерге дагы ыраазычылык баракчасы берилди. Иш чара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында өткөрүлүп,  ага бардык университеттердин өкүлдөрү жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери катышты.

 

Ректор Президенттик стипендияга татыктуу болгон КУУнун студенттерин кабыл алды

002022-жылдын 26-декабрында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Президенттик стипендияга татыктуу болгон Улуттук университеттин студенттери Султанов АктандыЖолдошбек кызы Уулкелсинди жана Дудай Анастасияны кабыл алып, окуудагы мыкты жетишкендиктери жана окуу жайдын коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн КУУнун Ардак грамотасы менен сыйлап, Улуттук университет алар менен сыймыктанаарын билдирди жана алдыңкы студенттерге чың ден соолук, жаңы жылдык жакшы маанай, окуудагы албан-албан ийгиликтерди каалады. Президенттик стипендиаттарды сыйлоо аземине илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан катышты.

 

№7-жатаканада жашаган студентердин декабрь айындагы ийгиликтери

00

2022-жылдын 25-декабрь күнү №7-жатакананын жашоочусу Муратбек уулу Анвар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи абсолюттук чемпиону Туратбек Мазиевдин 75 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеште 1-орунду ээлеп, 18 жашында "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" (мастер спорта) наамына ээ болду. Ал эми Зияпова Айкөл 22-23-декабрь күндөрү Бишкек мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурган алыш, белбоо күрөшүнүн эркин түрү боюнча Бишкек шаарынын чемпионатына катышып, 75 кг. салмакта 3-орунду алды.

 

Страница 16 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 187 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары