Ишемби, Июль 27, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Мамлекеттик тил боюнча мониторинг уланууда

00

Мамлекеттик тилди КУУда жайылтуу жана мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын окуу жылынын аягында ѳткѳрүлүүчү мониторинг уланууда. 2023-жылдын 3-апрелинде мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректору, мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын тѳрагасы Садык Алахан баштаган комиссия тарабынан математика жана информатика, география, экология жана туризм факультеттеринин кафедраларынын ички иш кагаздары, жумушчу программалары, ОМК, протоколдору жана илимий иштер каралды. 

 

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунда Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча лекциялар цикли башталды

002023-жылдын 5-апрелинде социалдык-гуманитардык илимдер институтунда “Кыргыз Республикасынын Конституциясынынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө» Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №112-токтомун аткаруу максында социология жана социалдык иштер каферасынын доценти Батма Кошбакова социалдык иштер багындагы 2-курс студенттерине “Кыргыз Республикасынын Конкституциясынын тарыхы” боюнча лекциялар циклин баштады. Сабакта Кыргыз Республикасынын Конкституциясынын тарыхы, президенттик жана парламенттик башкаруу формалары каралды.

 

Улуттук университетте мамлекеттик тил боюнча факультеттер аралык VII студенттик олимпиада болуп ѳттү

0

2023-жылдын 5-апрель күнү Улуттук университетте улуу жазуучу, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган мамлекеттик тил боюнча VII студенттик олимпиада болуп ѳттү. Иш-чарага окуу жайдын 1-2-курсунда окуган студенттер катышты. Олимпиаданын жобосуна ылайык, жыйынтыктоочу таймашка ар бир факультеттен алдын ала тандоодон ѳткөн 3төн студент катышып, "Дил баян жазуу", "Долбоор коргоо" жана "Сахналаштырылган композиция" номинациялары боюнча ат салышты.

 

Матфактын студенттери Апрель окуясынын баатырларын эскеришти

00

2023-жылдын 5-апрелинде математика жана информатика факультетинин студенттери "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, cталиндик репрессияда, Апрель окуясында каза болгон баатырлардын жана Чыӊгыз Айтматовдун арбагына куран окутуп келишти. Мындан 13 жыл мурда болгон окуяда Улуттук университеттин МжИ факультетинин ага окутуучусу М.Жумаев менен СжГИ факультетинин ага окутуучусу Ж.Кудайбергенов курман болгон. Аталган комплекстин экскурсоводу 1937-жылы сталиндик репрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү тууралуу айтып берди. 

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү (толукталды)

00

2023-жылдын 4-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "КУУнун эл аралык мамилелеринин абалы жана келечеги", "2022-2023-окуу жылына карата кышкы кабыл алууда тапшырган абитуриенттер боюнча маалымат", о.э. ар түрдүү башка маселелер каралды. 

 

Доцент Кадыр уулу Алмазбек жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору болуп дайындалды

00

КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановдун 2023-жылдын 29-мартындагы буйругу менен мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын доценти Кадыр уулу Алмазбек 2023-жылдын 1-апрелинен тартып Улуттук университеттин жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору болуп дайындалды. Жаңы жетекчини аталган түзүмдүн жамаатына 2023-жылдын 3-апрель күнү окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев тааныштырды. Ал Кадыр уулу Алмазбек тууралуу ректордун буйругун окуп берди жана жаны жетекчи менен департаменттин жамаатына ийгиликтерди каалады.

 

Кесиптик колледждин студенттери Кыргызстан эл аралык университетиндеги конференцияга катышты

00

2023-жылдын 31-мартында күнү кесиптик колледждин студенттери окутуучулар Г.А.Жалилова, А.С.Саадаева жана котормо иши бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.К.Куртубаеванын жетекчилиги астында Кыргызстан эл аралык университети тарабынан уюштурулган “Жаштар субмаданияты” аталышындагы ЖОЖдор аралык студенттик конференцияга катышып, жогорку деӊгээлдеги көрсөткүчтөрдү көрсөтүшүп, 1,2,3-даражадагы дипломдорго татыктуу болуп, колледждин атынан татыктуу катышкандыгы үчүн жетекчилик тарабынан сертификаттар жана белектер менен сыйланышты. Конференцияга катышуу менен студенттер келечектеги илимий изилдөө иштерине эшик ачып, башка катышуучулардын эмгектери менен таанышууга жана билим куржунун толтурууга мүмкүнчүлүк алышты.

 

МжИТ факультетинде “Декандын кубогу” үчүн студенттер арасында кичи-футбол боюнча турнир өткөрүлдү

00

2023-жылдын 31-март күнү №6-окуу имаратындагы футбол талаасында “Декандын кубогу” үчүн маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин 1-4 курс студенттеринин арасында кичи-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Оюнга 12 команда катышып жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду: 1-орун: 1-курс (гр. ИВТ-22), 2-орун: 1-курс (гр. БИ-22), 3-орун: 3-курс (гр. ИСТ-20). Турнирдин «Мыкты чабуулчусу» болуп 1-курс студенти Таштемиров Эрзат (гр. ИВТ-1-22)"Мыкты коргоочусу" болуп 3-курс студенти Рыскулов Аслан (гр. ИСТ-1-20), ал эми "Мыкты дарбазачысы" болуп 1-курс студенти Амантаев Актан (гр. БИ11-21) аталды.

 

КУУда санариптик окутуунун инновациялык ыкмалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

00

2023-жылдын 31-март, 1-апрель күндөрү башкы имараттагы чоң жыйындар залында мамлекеттик тил  сектору тарабынан уюштурулган “Санариптик окутуунун инновациялык ыкмалары” аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. Иш-чараны мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып, сөз кезегин Ала-Тоо эл аралык университетинин квалификацияны жогорулатуу жана инновация институтунун директору Кундуз Жузупековага берди. Ал окутууну санариптештирүүдѳгү инновациялык ыкмалар тууралуу баяндама жасады. 

 

Төлөбек Абдырахманов эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун ээлеген студенттерди кабыл алды

002023-жылдын 31-март күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит боюнча 23-24-март күндөрү Москва шаарындагы Орусиянын элдердин достугу университетинде (РУДН) болуп өткөн Евразиялык студенттик олимпиадада жана каржылык коопсуздугу боюнча 22-24-мартта Улуттук университетте болуп өткөн II Республикалык олимпиадада байгелүү орундарды ээлеген студенттерди жана алар окуган факультеттердин жетекчилерин кабыл алды. Жыйындын башында ректор факультет декандарына сөз берди. Экономика факультетинин деканы Эркин Кулова студенттер менен атайын жолугуп жаткандыгы үчүн Төлөбек Абдырахмановго ыраазычылык билдирип, жогоруда айтылган эки чоң иш-чарага катышкан факультеттин студенттери тууралуу маалымат берди.

 

КУУ менен КМУнун тарыхчы жигит-кыздарынын ортосунда “Сармерден” оюну болуп өттү

00

2023-жылдын 30-мартында Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин жигиттери менен И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин кыздарынын ортосунда “Сармерден” оюну болуп өттү. Сармерден “Манас” эпосунан үзүндүү айтуу менен башталып, жандуу үн менен аткарылган ырлар, макал-лакап, жаңылмач жана кыргыздын салт-санаасы, үрп-адаты сахналаштырылган оюну менен коштолду.

 

№7-жатаканада академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТ жана ЖМО кафедрасынын күнү өткөрүлдү

00

2023-жылдын 29-март күнү №7-жатаканада жашаган болочок математиктер менен тыгыз байланыш түзүү максатында математика жана информатика факультетинин академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын күнү өткөрүлдү. Иш чаранын биринчи бөлүгүндө кафедра башчысы Бекболот Канетов студенттерди түзүмдүн тарыхы, окутуучулар курамы менен тааныштырып, экинчи бөлүгүндө жаштардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу маселелер талкууланды.

 

Биология факультетинин студенттери ботаникалык бакчага ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн отургузушту

002023-жылдын 29-март күнү биология факультетинин студенттери факультет деканы Шафика Сулейманованын жетекчилиги астында университеттин ботаникалык бакчасына келишип, "Жашыл мурас" программасынын алкагында ишембилик өткөрүштү. Алар бакчадагы жерди казып, ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн отургузушту. Аталган бакчанын директору Улукбек Невераев факультеттин деканы менен студенттерине ыраазычылыгын билдирди.

 

КУУда Кыргыз Республикасынын эл акыны Акбар Рыскуловдун 70 жашка толушуна арналган адабий-поэтикалык кече болуп өттү

00

2023-жылдын 29-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Акбар Рыскуловдун 70 жашка толушуна арналган “Эл акыны жана элчи’’ деп аталган адабий-поэтикалык кече болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан алып барды. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова Акбар Рыскуловдун сөзүнө жазылган “Насыйкат’, “Дагы бир жолук” деген ырларды аткарган соң, юбилярды ректордун атынан окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев куттуктады.

 

Улуттук университетте мамлекеттик тил боюнча мониторинг уланууда

00

Мамлекеттик тилди КУУда жайылтуу жана мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын окуу жылынын аягында ѳткѳрүлүүчү мониторинг  жүргүзүлүүдѳ. 2023-жылдын 27-мартында КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын тѳрагасы Садык Алахан баштаган комиссия тарых жана чѳлкѳм таануу, кыргыз-кытай факультеттеринин кафедраларынын ички иш кагаздарын, жумушчу программалар, ОМК, протоколдор, илимий иштерин карады. Жалпысынан кафедралардын иш кагаздары мамлекеттик тилде жазылып жатканы байкалды. 

 

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры “Талант жана тагдыр” пьесасын КУУнун сахнасында коюп беришти

0

2023-жылдын 28-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры (директору - Таалай Тургунов, көркөм жетекчиси - Руслан Курманалиев) улуу актрисанын 100 жылдык юбилейин утурлай кайрадан сахнага алып чыгышкан “Талант жана тагдыр” пьесасын коюп беришти (автору - КР эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов, койгон режиссёр - маркум Алмаз Сарлыкбеков). Башкы ролду КР эл артисти Назира Мамбетова, ал эми Даркүл Күйүкованын ролун таланттуу актриса Нурай Алмазбек кызы аткарган спектакль студенттердин зор кызыгуусун жаратты.

 

“Нова” жана “SECOM” билим берүү мекемелеринин 300дөн ашуун бүтүрүүчүлөрү Улуттук университет менен таанышты

00

2023-жылдын 28-мартында башкы имараттагы кичи жыйындар залында кабыл алуу коммисиясыны төрагасы Изат Усенов Нова жанаSECOM” билим берүү мекемелеринен келген бүтүрүүчүлөргө Улуттук университеттеги багыттар, адистиктер, аларга коюлган талаптар жана кесипке ээ болуунун жолдору жөнүндө айтып, бүтүрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн сектор башчысы Ынтымак Касмакунов тарабынан кесипке багыт берүү максатында уюштурулган иш-чарага 300дөн ашуун бүтүрүүчү келди.

 

Матфактын активист студенттери Маевка орто мектебинин директору Өмүрбек Алымкожоев менен жолугушту

00

2023-жылдын 28-март күнү математика жана информатика факультетинин активист студенттери Аламүдүн районундагы Маевка жалпы билим берүү орто мектебинин директору Өмүрбек Алымкожоев жана мектеп жамааты менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкулов Өмүрбек Алымкожоевдин көп жылдан бери КУУда үзүрлүү эмгектенип келгендиги, анын педагогикалык жана илимий ишмердүүлүгү өз жемишин бергендиги тууралуу айтып, бүгүнкү жолугушуу студенттер үчүн өрнөк боло тургандыгын баса белгиледи жана Өмүрбек Алымкожоевдин жетекчилик ишине ийгилик каалап, салт боюнча ак калпак кийгизип, аталган мектептин мындан ары да өркүндөшүнө өз салымын кошуп, ак кызмат кылуусуна тилектештигин билдирди.

 

КУУнун балдары менен КУАУнун кыздары ортосунда “Сармерден”оюну болуп өттү

002023-жылдын 25-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин балдар жамааты менен К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кыздары ортосунда “Сармерден”оюну болуп өттү. Эки университеттин ортосундагы мамилени чыңдоо жана ынтымакты бекемдөө максатында КУУнун жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмү тарабынан уюштурулган чыгармачыл-музыкалык мелдешке курамына К.Скрябин атындагы КУАУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Светлана Батаканова, белгилүү актер Камчы Сарыбаев жана ырчы Кенже Көбөкова кирген калыстар тобу баа берди.

 

Улуттук университетте мамлекеттик тил боюнча мониторинг уланууда

00

Мамлекеттик тилди КУУда жайылтуу жана мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын окуу жылынын аягында ѳткѳрүлүүчү мониторинг жүргүзүлүүдѳ. 2023-жылдын 22-мартында КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын тѳрагасы Садык Алахан баштаган комиссия чет тилдер факультетинде болушту. Кафедралардын ички иш кагаздарын, жумушчу программалар, ОМК, протоколдор, илимий иштер каралып, лингвистика жана француз тили кафедралары 19- апрелде кайрадан текшерүүдѳн ѳтѳ турган болду. 

 

Матфактын активист студенттери ботаникалык бакчада ишембилик өткөрүштү

00

2023-жылдын 24-мартында математика жана информатика факультетинин аскердик-патриоттук “Мекен” клубунун курамына кирген активист студенттер университеттин ботаникалык бакчасында ишембилик өткөрүшүп, бакчадагы жерди казып, айланасын таштандылардан тазалашты. Факультет деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкулов бүгүнкү иш-чарага катышкан студенттер тазалыкка келтирүү жана көрктөндүрүү ишин жүргүзүү менен бирге Улуттук университеттин ботаникалык бакчасынын кооздугуна аябай суктанышканын жашырган жок. Ал о.э. мындай иш-чаралар республикалык деңгээлде да уланарын белгиледи. 

 

Проректор Бакыт Айтахунов №5-жатаканадагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди

00

2023-жылдын 23-март күнү административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов №5-студенттик жатакананын 4,5-кабаттарындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди. Аталган иштердин азыркы абалы тууралуу чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаев проректорго маалымат берди. Анын айтымында, 5-кабаттын коридору толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, эшиктер алмаштырылып, полуна керамогранит жаткырылды, ал эми 4-кабатта ушундай эле ремонт иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, окуу жайдагы оңдоп-түзөө иштеринин баары Андрей Берников жетектеген КУУнун ремонттоп калыбына келтирүү участогу тарабынан жүргүзүлүүдө.

 

СГИФтин эмгек жамааты кесиптешин ардактуу сыйлыгы менен куттуктайт!

00

Нооруз майрамына карата социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жетектөөчү адиси - курстун менеджери Бообекова Алина университеттеги үрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн КУУнун Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, сыйлыктар боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы Садык Алахан өз колу менен тапшырды. Факультеттин жалпы жамаатынын атынан Алинаны ардактуу сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, алдыдадагы көптөгөн ийгиликтерге жетишине тилектештигин билдирип, чыңден-соолук каалайбыз!

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Нооруз майрамы өткөрүлдү

002023-жылдын 23-мартында кыргыз филологиясы факультетинин АДЧ-1-22 жана КТАОМ-1-22 группалары Нооруз майрамына карата Сармерден оюнун уюштурушуп, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Оюндун жүрүшү 9 номурдан туруп, алардын ар бири калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында КТАОМ-1-22 группасы жеңишке ээ болду. Иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп бергендиги үчүн аталган группанын студенттерине жана кураторлоруна факультет деканы Б.Жайлообаев ыраазычылык билдирип, оюнга катышкан группаларга ыраазычылык катын тапшырды.

 

Страница 10 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 170 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары