Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

КУУ менен УИА тарабынан Ассоциацияланган мүчөлүк жөнүндө макулдашуу талкууланды

00

2023-жылдын 19-июль күнү Улуттук академиялык консорциумдун алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Улуттук илимдер Академиясы тарабынан Ассоциацияланган мүчөлүк жөнүндө макулдашуу талкууланды. Жолугушууда илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, соц.и.к. Шайылдаева А.К., башкы адиси Рашитова А.Ж. жана Улуттук илимдер академиясынын илимий-уюштуруучулук иштери жана илимий кадрларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.д., профессор Урусова Т. Э. менен илим жаатында биргелешип иштөө пландары талкууланды. 

 

Абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды

002023-жылдын 19-июлунда 6-окуу имаратында абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталып, гранттык комиссиянын отуруму болуп өттү. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган отурумга окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто, кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Калыбек уулу Марат, о.э. факультеттердин декандары жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

 

Ректор Улуу Британиянын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүн кабыл алды

002023-жылдын 19-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Улуу БританиянынAnglia examinations ENGLAND” уюмунун өкүлү Мартин Клотс менен “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемесинин директору Тилек Үркүнчиевди кабыл алды. Жолугушууда Улуттук университеттин жана колледждин студенттерине кош диплом берүү, “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемеси аркылуу англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана аларды окутуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдүАталган долбоордун максаты - студенттерди жаңы методика боюнча окутуу жана англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу, о.э. Улуу Британиянын стандарттарынын негизинде англис тилин билүү деңгээлин баалоо системасын ишке ашыруу.

 

Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Аскар Медетов TURKSOY уюмунун медалы менен сыйланды

00Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Аскар Медетов көркөм сынга жана адабият илимине кошкон салымы үчүн Эл аралык TURKSOY уюмунун медалы менен сыйланды. Урматту Аскар Советович, сизди алган сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз. Азыркы учурдагы адабият боюнча жазган макалаларыңыз жогорку илимий теориялык деңгээли, көркөм-эстетикалык талдоолору менен айырмаланат. Китеп кылып чыгарсаңыз адабият боюнча окуу куралы болуп калаары шексиз. Сизди жакшылык жылоолоп, илимий чыгармачылыгыңыз жемиштүү боло беришине тилектешпиз.

 

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру башталды

002023-жылдын 17-июлунда эрте менен саат 8:00дө Улуттук университеттин 6-окуу имаратында жайгашкан кабыл алуу комиссиясынын эшиги кенен ачылып, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру башталды. Болочок студенттер имараттын фойесинде орнотулган стенддерден жана кабыл алуу комиссиясынын өкүлдөрүнөн КУУнун факультеттери тууралуу кенен жана толук маалымат алышкан соң, Билим берүү жана илим министрлигинин https://2020.edu.gov.kg сайтына онлайн режимде катталып жатышты. Кабыл алуу жараяны онлайн режимде жүргүзүлгөндүгүнө карабастан быйыл университеттин 6-окуу имаратында  абитуриенттердин саны арбын. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында, 1-турга каттоо 19-июль күнү саат 14:00гө чейин уланат.

 

Кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү абитуриенттерди онлайн жана офлайн режимде каттоону үйрөнүштү

002023-жылдын 13-июль күнү 6-окуу имаратында кабыл алуу комиссиясынын документтерди иштеп чыгуу, абитуриенттер боюнча статистикалык отчетторду түзүү, AVN маалыматтар системасын техникалык жана программалык коштоо боюнча тобунун жетекчиси Бакир Жадилов менен топтун мүчөсү Турдакун Сейдракманов кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө семинар өтүшүп, абитуриенттерди онлайн жана офлайн режимде AVN системасына каттоо боюнча кенен маалымат беришти. Жыйындын жүрүшүндө кабыл алуу коммисиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов да чыгып сүйлөп, комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

 

КУУ менен ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунунун ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

002023-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда аталган борбор менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Тараптардын биргелешкен кызматташуусу окуу-методикалык базаны, студенттик практиканын бардык түрлөрүн өткөрүү боюнча шарттарды түзүүнү, билим берүү тармагындагы илимий-методикалык жана прикладдык көйгөйлөр боюнча конференцияларды, илимий-практикалык семинарларды өткөрүүнү, Борбордун кызматкерлерин окуу-методикалык материалдарды даярдоого тартууну жана тренингдерди өткөрүүнү камтыйт.

 

КУУнун окумуштуулары Алматыда өткөн XI Алтай коомчулугунун симпозиумуна катышышты

002023-жылы 4-7-июлда Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде «Алтай элдеринин жер-суу аттары» деген темада XI Алтай коомчулугунун симпозиуму болуп өттү. Иш чараган 13 мамлекетттен (Туркия, Венгрия, Монголия, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Казакстан ж.б.) окумуштуулар катышты. Пленардык жыйында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору, проф. Жансеит Түмөнбаев, Алтай коомчулугунун симпозиумунун президенти, проф. Илхам Шахин ж.б. симпозиумдун ишине куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Кыргызстандын окумуштууларынын атынан Г.Жаманкулова куттуктоо сөз сүйлөдү.

 

Профессор Бекболот Канетов математика боюнча Грецияда өткөн эл аралык конференцияга катышты

00

Академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТж/аЖМО кафедрасынын башчысы, ф.м.и.д., профессор Б.Э.Канетов Грециянын Нафпактос шаарында өткөн “Topology and its Applications - 2023” аталышындагы эл аралык маанилүү илимий конференциянын ишине катышып келди. Конференцияда ал “Uniform Selection Principles and its Applications” деген темада баяндама жасап, бир топ кызыгууну жаратты. Баяндаманы конференциянын төрагасы, дүйнөгө белгилүү математик С.Илиадис өзү угуп, аягында профессор Б.Э.Канетовго ийгилик каалады жана баяндаманы Web of Science  жана Scopus базаларында индекстелген “Topology and its Applications” журналына чыгарууга сунуштады.

 

Ректор Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымын кабыл алды

00

2023-жылдын 10-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова менен юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси Диана Нурбекованы кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө МИКтин өкүлдөрү мамлекеттик ипотека аркылуу там алуунун критерийлери жөнүндө сөз кылып, "Тамды кимдер жана канча пайыз менен ала алат?", "Кезекке кантип турууга болот?" сыяктуу көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп беришти. Алардын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын негизги максатынын бири - өлкө боюнча турак жай фондун көбөйтүү жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, о.э. арзан турак жайларды курууга финансылык каражаттарды бөлүү. Турак жайды каржылоо багыттары үчкө бөлүнөт:

 

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун программисттери электрондук жүгүртмө тиркемесин иштеп чыгышты

00

2023-жылдын 10-июлунда компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Бактыгуль Баратова, маалыматтык технологиялар жана программалоо кафедрасынын улук окутуучусу Шайлообек Карагулов жана маалыматтык технологиялар борборунун инженер-программисти Абдулла Шадыбек уулу КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго аталган институттун окутуучусу Омурбек Жумашев жетектеген 4 студент иштеп чыккан "TIZME” аттуу электрондук жүгүртмө (расписание) тиркемесинин презентациясын жасашты. Алардын айтымында, программаны түзүүнүн максаты - дарсканалар жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо жана берүү, менеджерлердин ишин жеӊилдетүү, окуу процессин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

 

Ректор компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун жамааты менен жолугушту

00

2023-жылдын 7-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун жалпы жамааты менен жолугуп, аталган түзүмдүн кадрдык камсыздоосу, компьютердик класстары, дарсканалары менен лабораториялары, студенттер менен окутуучуларынын саны жана алардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен окуу программалары, жаӊы багыттардын ачылуусу, түзүм окумуштууларынын илимий эмгектеринин соңку 5 жылда Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген журналдарда жарыяланышы, Хирш индекси, эл аралык байланыштары, гранттарды утуп алышы, илимий проекттерге, консорциумдарга жана ассоциацияларга катышуусу боюнча атайын комиссия тарабынан даярдалган маалымат менен тааныштырды жана факультеттин жетишкендиктери менен н жана кемчиликтерин белгиледи. - Быйылкы окуу жылын ийгиликтүү аяктап алдык, эми жаӊы окуу жылына жакшы ой, жаӊы идеялар менен келиӊиздер,- деп сөзүн жыйынтыктады ректор Төлөбек Абдырахманов.

 

Ректор биология, география жана физика факультеттеринин жамааты менен жолугушту

00

2023-жылдын 6-июлунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов биология; география, экология жана туризм, о.э. физика жана электроника факультеттеринин жамааты менен жолугушуп, аталган түзүмдөрдүн кадрдык камсыздоосу, лабораториялары менен дарсканалары, студенттер менен окутуучуларынын саны жана алардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен окуу программалары, жаӊы багыттардын ачылуусу, бүтүрүүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, түзүм окумуштууларынын илимий эмгектеринин соңку 5 жылда Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген журналдарда жарыяланышы, Хирш индекси, эл аралык байланыштары, гранттарды утуп алышы, илимий проекттерге, консорциумдарга жана ассоциацияларга катышуусу боюнча атайын комиссия тарабынан даярдалган маалымат менен тааныштырып, факультеттердин жетишкендиктери менен кемчиликтерин белгиледи. - Жаӊы окуу жылына жакшы ниет, жаӊы идеялар менен келиӊиздер,- деп сөзүн жыйынтыктады ректор Төлөбек Абдырахманов.

 

Ректор ЮИ, ХжХТФ жана СГИИ жамааты менен жолугушту

00

2023-жылдын 5-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов юридикалык институттун, химия жана химиялык технология факультетинин, о.э. социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жамааты менен жолугушуп, аталган түзүмдөрдүн кадрдык камсыздоосу, дарсканалары менен лабораториялары, компьютердик класстары, студенттер менен окутуучуларынын саны жана алардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен окуу программалары, жаӊы багыттардын ачылуусу, бүтүрүүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, түзүм окумуштууларынын илимий эмгектеринин соңку 5 жылда Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген журналдарда жарыяланышы, Хирш индекси, эл аралык байланыштары, гранттарды утуп алышы, илимий проекттерге, консорциумдарга жана ассоциацияларга катышуусу боюнча атайын комиссия тарабынан даярдалган маалымат менен тааныштырып, алардын жетишкендиктери менен кемчиликтерин белгиледи. 

 

КУУнун Жамааттык келишиминин жаңы редакциясы кабыл алынды

00

2023-жылдын 5-июль күнү саат 11:00дө башкы имараттагы чоң жыйындар залында 2023-2026 жылдарга КУУнун Жамааттык келишиминин жаңы редакциясын кабыл алууга арналган конференция болуп өттү. КУУнун жетекчилиги, түзүм жетекчилери, кесиптик бирлик активинин өкүлдөрү, бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан жыйындын жүрүшүндө ар турдүү пикирлер, сунуштар айтылып, соңунда Жамааттык келишимдин жаңы редакциясына ректор Төлөбек Абдырахманов менен Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков кол коюшту.

 

КУУнун эн белгилерин кайра иштеп чыгуу боюнча жарыяланган конкурска келип түшкөн иштер каралды (толукталды)

00

2023-жылдын 3-июль күнү ректордун буйругу менен түзүлгөн атайын комиссия Улуттук университеттин эн белгилерин кайра иштеп чыгуу боюнча жарыяланган конкурска келип түшкөн иштерди карады. Конкурстун Жобосуна ылайык келип түшкөн ар бир ишке жана авторлордун өздүк маалыматтары салынган конверттерге эки тамга, үч цифрадан турган эн белги коюлган. Конкурска келип түшкөн иштердин ичинен комиссия тарабынан ОМ 849 деген эн белги коюлган иш Жобонун талаптарына жооп берген жумуш катары бааланып, айрым бир толуктоолордун зарыл экендиги белгиленди.

 

Ректор кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы факультеттери жана кыргыз-кытай институтунун жамааты менен жолугушту

00

2023-жылдын 4-июлунда күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы факультеттери жана кыргыз-кытай институтунун жамааты менен жолугушуп, аталган түзүмдөрдүн кадрдык камсыздоосу, дарсканалары менен лабораториялары, компьютердик класстары, студенттер менен окутуучуларынын саны жана алардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен окуу программалары, жаӊы багыттардын ачылуусу, бүтүрүүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, түзүм окумуштууларынын илимий эмгектеринин соңку 5 жылда Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген журналдарда жарыяланышы, Хирш индекси, эл аралык байланыштары, гранттарды утуп алышы, илимий проекттерге, консорциумдарга жана ассоциацияларга катышуусу боюнча атайын комиссия тарабынан даярдалган маалымат менен тааныштырды жана жетишкендиктери менен кемчиликтерин белгиледи. 

 

Ректор ЭЖМ, МжБ, ПКМД институттарынын жана МжМБ факультетинин жамааты менен жолугушту

002023-жылдын 3-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов экономиканын жогорку мектеби, менеджмент жана бизнес, педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо интитуттарынын, о.э. мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин жамааты менен жолугушуп, аталган түзүмдөрдүн кадрдык камсыздоосу, дарсканалары менен лабораториялары, компьютердик класстары, студенттер менен окутуучуларынын саны жана алардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен окуу программалары, жаӊы багыттардын ачылуусу, бүтүрүүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, түзүм окумуштууларынын илимий эмгектеринин соңку 5 жылда Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген журналдарда жарыяланышы, Хирш индекси, эл аралык байланыштары, гранттарды утуп алышы, илимий проекттерге, консорциумдарга жана ассоциацияларга катышуусу боюнча атайын комиссия тарабынан даярдалган маалымат менен тааныштырды жана жетишкендиктери менен кемчиликтерин белгиледи. Сөзүнүн соңунда  - Жайкы каникулда жакшы эс алып, жаңы окуу жылына жаңы идеялар менен келиңиздер. Эӊ башкысы – кыймылга келип, аракет кылыш керек, - деп сөзүн жыйынтыктады ректор Төлөбек Абдырахманов.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттеринин ийгиликтери

00

Кыргыз филологиясы факультетинин 1-курс студенти Айпери Акылбек кызы Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд уюштурган «Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм» аттуу жалпы республикалык эссе жазуу сынагына катышып, жарым финалга чыкты. Ал эми 2-курс студенти Айзат Кудайберди кызы аталган фонд жарыялаган республика боюнча поэзия сынагыны катышып, финалдык бөлүгүнө өттү. Эссе жазуу сынагына өлкөнүн ар бир булуң бурчунан 14 жаштан 20 жашка чейинки 111 адам катышып, алардын арасынан 6 финалист тандалды. Быйылкы сынактын өзгөчөлүгү - 6 финалисттен тышкары 31 жарым финалист да аныкталды.

 

Ректор тарых жана чөлкөм таануу институтунун жамааты менен жолугушту

002023-жылдын 1-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов тарых жана чөлкөм таануу институтунун жамааты менен жолугушуп, аталган институттун кадрдык камсыздоосу, дарсканалары менен лабораториялары, компьютердик класстары, студенттер менен окутуучуларынын саны жана алардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен окуу программалары, жаӊы багыттардын ачылуусу, бүтүрүүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, түзүм окумуштууларынын илимий эмгектеринин соңку 5 жылда Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген журналдарда жарыяланышы, Хирш индекси, эл аралык байланыштары, гранттарды утуп алышы, илимий проекттерге, консорциумдарга жана ассоциацияларга катышуусу боюнча атайын комиссия тарабынан даярдалган маалымат менен тааныштырды жана институттун жетишкендиктери менен кемчиликтерин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ректор жыйындын катышуучуларына жайкы каникулда жакшы эс алып, жаңы окуу жылына жаңы идеялар менен келишин каалады. 

 

КУУда физика жана электроника факультетинин 1983-жылкы бүтүрүүчүлөрү жолугушту

00

2023-жылдын 30-июнунда башкы имараттагы кичи жыйындар залында физика жана электроника факультетинин 1983-жылкы бүтүрүүүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан куттуктоо сөзү менен ачып, бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык катын тапшырды. Иш-чара 6-окуу имаратынын 7-аудиториясында уланып, 40 жыл мурда бүткөн бүтүрүүчүлөр факультет жетекчилиги менен жолугушту. Декан Самат Токтогонов физика жана электроника факультетинин учурдагы абалы тууралуу презентация жасады. Бүтүрүүчүлөрдү профессор Эсенбек Мамбетакунов менен доцент Сагынтай Кадышев да куттуктап, ыраазычылык каттарын тапшырышты. Жолугушуунун соңунда бүтүрүүчүлөр насаатчыларына жана учкан уясына ыраазычылыктарын айтып, ийгилик каалашты.

 

Улуттук университеттин төрт түзүмүндө мониторингдин жыйынтыгы чыгарылды (толукталды)

0

2023-жылдын 29-июнь күнү кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу, журналистика жана коммуникация институттарында, о.э. эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, кыргыз-европа факультеттеринде алардын өзгөчө макамы бар университеттин түзүмдөрүнө тиешелүү маселелерди чечүүгө даярдыгы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы чыгарылды. Жолугушууларда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов сөз сүйлөп, аталган түзүмдөрдүн кадрдык камсыздоосу, дарсканалары менен лабораториялары, компьютердик класстары, студенттер менен окутуучуларынын саны жана алардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен окуу программалары, бүтүрүүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, түзүм окумуштууларынын илимий эмгектеринин соңку 5 жылда Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген журналдарда жарыяланышы, Хирш индекси, эл аралык байланыштары, гранттарды утуп алышы, илимий проекттерге, консорциумдарга, ассоциацияларга катышуусу боюнча атайын комиссия тарабынан даярдалган маалымат менен тааныштырып, жетишкендиктери менен кемчиликтерин белгиледи. - Жайкы каникулда жакшы эс алып, жаңы окуу жылына жаңы идеялар менен келиңиздер. Эӊ башкысы - кыймыл, аракет болсо, жакшы жакка өзгөрүүлөр да болот, - деп сөзүн жыйынтыктады Төлөбек Абдырахманов.

 

КУУда кыргыз-казак элдеринин тарыхына арналган эл аралык илимий конгресс өткөрүлдү (толукталды)

002023-жылдын 27-июнунда Кыргыз улуттук университетинде "Кыргыз-казак элдеринин тагдырлаш тарыхы жана алакалаш келечеги" аттуу эл аралык илимий конгресс өткөрүлдү. Жыйынга кыргызстандык жана казакстандык белгилүү тарыхчы, түрколог окумуштуулар катышты. Алардын арасында Казакстан Республикасынын Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун мүдүрү Зиябек Кабульдинов, Мамлекеттик тарых институтунун мүдүрү Буркитбай  Аяган ж.б. илимпоздор бар. Илимий конгрессте Кыргызстандык жана Казакстандык окумуштууларынын тыгыз кызматташтыгынын айрым жемиштери да сунушталды.

 

Улуттук университетте Кыргызстандын тоолорун жана сууларын изилдөө боюнча эл аралык конференция болуп өттү

00

2023-жылдын 23-июнь күнү Башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кореянын геоморфологиялык ассоциациясы менен Чонбук улуттук университети тарабынан уюштурулган “Туруктуу келечек үчүн Кыргызстандын тоолорун жана сууларын изилдөө боюнча кызматташуу” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чарага Кореядан келген окумуштуу, изилдөөчүлөр жана КУУнун геоэкология кафедасынын мугалимдери менен студенттери катышты. Жыйындын катышуучуларына КУУнун ректоруТөлөбек Абдырахманов кайрылуу жасап, бүгүнкү иш чарада илимий багыттагы маанилүү маселелер көтөрүлүп, Улуттук университеттин окумуштуулары үчүн жаӊы багыттар ачылаарын белгиледи жана Корея менен КУУнун окумуштуулары ортосунда байланыш түзүлүп, илимий-изилдөөчүлүк иштер мындан ары дагы тыгыз болооруна ишенээрин билдирди. 

 

Страница 3 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 186 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары