Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Программалык талдоо комиссиясынын мүчөлөрү биология факультети менен география, экология жана туризм факультетинде болушту

00

Улуттук университеттин курамдык түзүмдөрүнүн учурдагы билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүн баалоо максатында түзүлгөн программалык талдоо комиссиясынын мүчөлөрү 2023-жылдын 17-апрель күнү биология факультети менен география, экология жана туризм факультетинде болушуп, аталган түзүмдөрдүн билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү. Өздөрү жетектеген факультетте жасалып жаткан иштер боюнча маалыматты комиссия мүчөлөрүнө аталган түзүм жетекчилери Шафика Сулейманова менен Рыскуль Токторова беришти.

 

Камкордук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002023-жылдын 17-апрелинде башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Улуттук университеттин Камкордук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаев алып барган жыйында "2023-жылдын 1-апрелинен тартып КУУнун кызматкерлерине эмгек акыны көтөрүү", "Scopus жана Web of Science платформаларына макала жарыялаганы үчүн КУУнун кызматкерлерине дем берүүчү төлөмдөр", "Кошумча акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүү", ”Структуралык өзгөрүүлөр" жана  "Эмгек акы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Доцент Таалайбек Иманкожоев матфактын студенттерине “Манас” эпосунда камтылган философиялык ойлор” деген темада дарс өттү

00

2023-жылдын 17-апрель күнү социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин философия кафедрасынын PhD докторанты, доцент Таалайбек Иманкожоев математика жана информатика факультетинин студенттерине “Манас” эпосунда камтылган философиялык ойлор” деген темада 2 сааттык дарс окуп берди. Лекция жандуу өтүлүп, зор кызыгууну жаратты. Таалайбек Асановичтин айтымында, “Манас” эпосу - кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхый, маданий казынасы. Бул чыгарма элибиздин басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Лектор о.э. “Манас” эпосу кыргыз тарыхын, философиясын, жалпы эле руханий жана социалдык турмушунун ар кыл жактарын изилдеп үйрөнүүдөгү өзгөчө бай жана баалуу булак экендигин баса белгилеп кетти.

 

МжИТ жана БжБ факультеттеринин 1-курс студенттери Бурана тарыхый комплексине барып келишти

00

2023-жылдын 15-апрелинде маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети менен башкаруу жана бизнес факультетинин 1-курс студенттери факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын доценти Данияр Кулбачаевдин жетекчилиги менен Бурана тарыхый комплексине барып келишти. Студенттер ал жерде кыргыз тили жана адабият сабагынын алкагында улуу ойчул Жусуп Баласагындын чыгармачылыгына жана өмүр таржымалына байланыштуу маалыматтар менен таанышып, андан соң Гавайи эс алуу комплексине барышты. Экскурсиянын соңунда студенттер абдан бир таасирдүү маалыматка ээ болгонун айтышып, доцент Д.К Кулбачаевге ыраазычылык билдиришти.

 

ПТК мүчөлөрү чет тилдер, кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы факультеттеринде жана СГИ институтунда болушту

00

Улуттук университеттин курамдык түзүмдөрүнүн учурдагы билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүн баалоо максатында түзүлгөн программалык талдоо комиссиясынын мүчөлөрү 2023-жылдын 14-апрель күнү чет тилдер, кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы факультеттеринде жана социалдык-гуманитардык илимдер институтунда болушуп, аталган түзүмдөрдүн билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү. Өздөрү жетектеген факультет менен институтта жасалып жаткан иштер боюнча маалыматты комиссия мүчөлөрүнө аталган түзүм жетекчилери Зухра Гузиева, Бакыт Жайлообаев, Сардарбек кызы Нурайым жана Мырзабек уулу Камчыбек беришти.

 

Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери космонавт Сергей Корсаков менен болгон жолугушууга катышты

002023-жылдын 13-апрелинде журналистика жана коммуникация институтунун студенттери 12-апрель – Космонавтика күнүнө карата Кыргыз улуттук тарых музейинде болуп өткөн россиялык космонавт, Кыргызстанда туулуп өскөн Сергей Корсаковдун "Жылдыздарга жол Бишкектен башталат" деп аталган жердештери жана күйөрмандары менен жолугушуусуна катышты. Иш-чараны музейдин директору Жылдыз Бакашева ачып, космонавт жердеши менен сыймыктана тургандыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө С.Корсаков Кыргыз улуттук тарых музейине космоско ала кеткен кыргыз туусу менен түшкөн сүрөтүн белекке тапшырды жана күйөрмандарынын суроолоруна жооп берди. 

 

Азамат Кадыров КТЖИ институтунун студенттерине Кыргыз Республикасынын Конституциясы тууралуу айтып берди

00

2023-жылдын 13-апрелинде компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун маалыматтык технологиялар жана программалоо кафедрасы “Кыргыз Республикасынын Конституциясынынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө» Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №112-токтомун аткаруу максатында конок лекция уюштурду. Жыйынга юридика илмдеринин кандидаты Кадыров Азамат Анварбекович катышып, ИСТ-1-21 жана ИБ-1-21 тайпаларынын студенттерине Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тарыхы тууралуу айтып берди. Лекциянын соңунда жалпы жамаат Азамат Анварбековичке терең ыраазычылык билдирип, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалады.

 

Ректор юридикалык институттун жамааты менен жолугушту

00

2023-жылдын 13-апрель күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов башкы имараттагы чоң жыйындар залында юридикалык институттун жамааты менен жолугушту. Жыйында жаңы окуу жылына карата даярдык көрүү боюнча конкреттүү маселелер каралып, ректор катышуучулардын аталган жараянга байланышкан суроолоруна жооп берди. Иш-чарага окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахуновюридикалык институттун директорунун милдетин убактылуу аткаруучу илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана анын орун басарлары Досалы Иманбердиев, Нуржана Бардыбаева, Байтик Бузурманкулов катышты.

 

Программалык талдоо комиссиясынын мүчөлөрү кыргыз-кытай институту менен медицина факультетинде болушту

00

2023-жылдын 13-апрелинде Улуттук университеттин курамдык түзүмдөрүнүн учурдагы билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүн баалоо максатында түзүлгөн программалык талдоо комиссиясынын мүчөлөрү кыргыз-кытай институту менен медицина факультетинде болушуп, аталган түзүмдөрдүн билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү. Өздөрү жетектеген институт менен факультетте жасалып жаткан иштер боюнча маалыматты комиссия мүчөлөрүнө аталган түзүм жетекчилери Софья Апаева менен Чынгыз Узакбаев беришти.

 

Кесиптик колледждин студенттери “Герон фонтанын”, “Суу дөңгөлөктөрүн”, “Өстүрүлгөн кант кристаллдарын” ж.б. көрсөтүштү

00

2023-жылдын 12-апрелинде кесиптик колледждин экономика жана финансы бөлүмүнүн физика мугалими Токсоналиева К.М. студенттердин физика сабагына болгон кызыгуусун арттыруу максатында “Физика сабагы боюнча студентердин чыгармачылык иштери” деген темада ачык сабак өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө студенттер өздөрү жасаган “Герон фонтаны”, “Суу дөңгөлөктөрү”, “Гидравликалык кран”, “Роботтор моделдери”, “Өстүрүлгөн кант кристаллдары” сыяктуу эмгектери менен моделдерин көрсөтүштү. Мыкты аткарылган иштери үчүн студенттер грамоталар менен сыйланышты. Физика боюнча эксперименттер да жүргүзүлүп, БД-1-22 тобу Космонавтика күнүнө карата кабинетти жасалгалашты.

 

СГИИ демография, үй-бүлө жана иденттүүлүк маселелерине арналган сциологиялык симпозиум өткөрдү

00

2023-жылдын 12-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социология жана социалдык иштер кафедрасы тарабынан "Демография, үй-бүлө жана иденттүүлүк маселелери социалдык-гуманитардык илимдердин айдыңында" аталышындагы жогорку окуу жайлар аралык студенттердин республикалык II Социологиялык симпозиуму өткөрүлдү. Студенттердин жана магистранттардын илимге болгон кызыгуусун  арттыруу максатында уюштурулган иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин, Бишкек мамлекеттик университетинин жана Кыргыз-Турк "Манас "университетинин студенттери катышты. 

 

Программалык талдоо комиссиясынын мүчөлөрү журналистика факультетинде болушту

00

2023-жылдын 12-апрелинде Улуттук университеттин курамдык түзүмдөрүнүн учурдагы билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүн баалоо максатында программалык талдоо жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү журналистика факультетинде болушуп, аталган түзүмдүн билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү. Отурумдун башында окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев мониторинг ректордун буйругунун негизинде жүргүзүлүп жатканын айтып, комиссиянын максаты - аталган багыттар боюнча факультеттер менен институттардагы реалдуу абалды, жетишкендиктер менен көйгөйлөрдү билүү экендигин жана комиссия топтогон материал боюнча отчет даярдалып, анын негизинде Окумуштуулар кеңеши тарабынан чечимдер кабыл алынаарын белгиледи.

 

Академик А.А.Бөрүбаев атындагы АТТ жана ЖМО кафедрасында илимий-методикалык семинар өткөрүлдү

00

2023-жылдын 12-апрель күнү математика жана информатика факультетинин академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасында болуп өткөн илимий-методикалык семинарда педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Мунапысова Гульнара Ташматовна “Педагогикалык практиканын шартында студенттердин проекттик ишмердүүлүгү” темасында илимий доклад жасады. Баяндамада болочок математика мугалимдеринин чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө, изилдөөчүлүк компетенцияларын калыптардырууга өзгөчө көңүл бурулуп, студенттердин таанып билүүнүн жалпы жана атайын методдору жана аларды математиканы окутууда колдонуунун мыйзам ченемдүүлүктөрү тууралуу кеңири түшүнүккө ээ болушун камсыз кылуу зарыл экендиги белгиленди.

 

КУУда мамлекеттик тил боюнча мониторинг уланууда

00

Мамлекеттик тилди КУУда жайылтуу жана мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын окуу жылынын аягында ѳткѳрүлүүчү мониторинг уланууда. 2023-жылдын 10-апрелинде мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын тѳрагасы Садык Алахан баштаган комиссия тарабынан журналистика жана коммуникация институтунун кафедраларынын ички иш кагаздары, жумушчу программалары, ОМК, протоколдору жана илимий иштер каралды.  Жалпысынан алганда, кафедралардын иш кагаздары мамлекеттик тилде жазылып жатканы байкалды. Институттун эки кафедрасы иш кагаздарын, жумушчу программаларын жакшы деңгээлде даярдаганын кѳрсѳтүштү. Жарнама жана коомчулук менен байланыш кафедрасы кийинкиге калтырылды.

 

Физика жана электроника факультетинде Маамет Койчуманов менен Чолпон Майлыбашеваны эскерүү кечеси болуп өттү

00

2023-жылдын 12-апрелинде физика жана электроника факультетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КУУнун ардактуу профессору, быйыл 90 жылдыгы белгиленип жаткан Маамет Койчумановду жана КУУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы Майлыбашева Чолпонду эскерүү кечеси болуп өттү. Иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева, физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы, УИАнын корр.-мүчөсү, п.и.д., профессор Эсенбек Мамбетакунов жана башка коноктор катышты.

 

Программалык талдоо комиссиясынын мүчөлөрү кыргыз-европа факультети менен эл аралык мамилелер факультетинде болушту

0

2023-жылдын 11-апрель күнү Улуттук университеттин курамдык түзүмдөрүнүн учурдагы билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүн баалоо жана алардын «Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашырууга  мүмкүнчүлүктөрү менен аткаруу багыттарын аныктоо максатында программалык талдоо жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү кыргыз-европа факультети менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде болушуп, аталган түзүмдөрдүн билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү.

 

КУУда ааламдашуу жана технологиялык чакырыктар алкагында жождордо билим берүүнүн көйгөйлөрү талкууланды

00

2023-жылдын 11-апрелинде башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда “Ааламдашуу жана технологиялык чакырыктар алкагындагы жождордун билим берүү көйгөйлөрү” аттуу тегерек стол болуп өттү. Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чараны аталган кафедранын башчысы Нурбүбү Асипова ачып, тегерек столдун максаты жана күн тартиби тууралуу билдирүү жасаган соң, сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. Ректор иш-чаранын уюштуруучу тобуна, анын чакыруусун кабыл алып, убакыт таап, ой-сунуштарын айтуу үчүн келген күн тартибиндеги маселенин күңгөй-тескейинин баарын билген адис эже-агайларга ыраазычылык билдирди жана тегерек столдун темасы абдан маанилүү экендигин белгиледи. 

 

Жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм кайрымдуулук уюштурду

00Жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм Улуттук университеттин аз камсыз болгон 22 кызматкеринин үй-бүлөсүн жана муктаждыгы бар 40тан ашык студенттерди керектүү азык-түлүк менен камсыздашты. Аталган долбоорду  Голландиядагы түрк ишкерлери тарабынан түзүлгөн “IHHNL» жана Кыргызстандагы “Ак демилге” коомдук фонду каржылап, кызматкерлердин ыраазычылыгын алышты. Эскерте кетсек, аталган бөлүмү буга чейин дагы окуу жайдын аз камсыз болгон кызматкерлерине, мүмкүнчүлүгү чектелген студентерге, о.э. Баткен окуясында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына көмөк көрсөтүшкөн.

 

Химия жана химиялык технология факультетинин студенттери менен окутуучулары Чынгыз Айтматовдун үй-музейине барып келишти

00

2023-жылдын 10-апрелинде химия жана химиялык технология факультетинин студенттери менен окутуучулары залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун үй-музейине экскурсияга барып келишти. Алар музейдеги ашкана, конок, уктоочу, иштөөчү бөлмөлөр, Чынгыз Айтматов колдонгон ар кандай буюмдар, кийимдер, китептер менен таанышып, жазуучунун бала чагынан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейинки сүрөттөрдү, көптөгөн кызыктуу буюмдарды жана картиналарды көрүштү. Экскурсия студенттерге да, окутуучуларга да кызыктуу жана пайдалуу болду.

 

Улуттук университеттин студенттери республикалык Универсиадага катышууда

00

2023-жылдын 10-апрель күнү Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан жаштар арасында дене тарбия менен спортту кенен жайылтуу жана өнүктүрүү максатында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн уюштурулган Универсиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Спорттун 17 түрү боюнча өтө турган студенттик мелдешке Улуттук университеттин да студенттери катышууда. Универсиада 28-апрель күнү жыйынтыкталат.

 

Ректор программалык талдоо жүргүзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушту (толукталды)

00

2023-жылдын 10-апрель күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов окуу жайдын курамдык түзүмдөрүнүн учурдагы билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүн баалоо жана алардын «Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашырууга  мүмкүнчүлүктөрү менен аткаруу багыттарын аныктоо максатында программалык талдоо жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушуп, аталган комиссиянын максаты жана иштөө багыттары тууралуу айтып берди.

 

Улуттук университеттин оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү участогунун кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

002023-жылдын 8-9-апрель күндөрү Улуттук университеттин оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү участогунун кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Алар башкы имараттын алдындагы эстеликтер коюлган скверге тосмо орнотушуп, ошол эле башкы имараттын фойесинен 2-кабатка көтөрүлгөн тепкичтин каршысындагы университет курулган 1951-жылдан бери турган эски жыгач терезелерди жаңы, жарык, темир каркастан жасалган терезелерге алмаштырышты жана блогерлердин сүйүктүү темасына айланган башкы имараттын артындагы спорт аянтчасын иретке келтиришип, мурдатан жаңы бордюр тизилген тилкеге арчанын көчөттөрүн отургузуп, кара топурак чачып, газон чөбүн себишти.

 

Жаштар саясаты жана спорт департаментинин кызматкерлери студенттер менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып келишти

00

2023-жылдын 6-апрелинде жаштар саясаты жана спорт департаментинин кызматкерлери студенттик кеңештин мүчөлөрү менен биргеликте 2010-жылдын 7-апрель күнү элдик төңкөрүштө шейит кеткен маркумдарды эскерүү максатында Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып келишти. Иш-чаранын алкагында жаштар иштери жана тарбия бөлүмүнүн башчысы Каныбек уулу Ардакбек студенттерге репрессия курмандыктары жана 7-апрель окуясы тууралуу айтып берди. КУУнун жаштары маркумдарга багыштап куран окуп кайтышты.

 

№7-жатаканада жашаган студенттердин бир жумалык аракеттери

00

5-апрель күнү 7-жатаканада жашаган студенттер Кыргыз улуттук академиялык драма театрына барып, “Таазим” аттуу спектеклдин бет ачаарына күбө болуп келишти. 6-апрелде Бишкек шаарындагы китепканалардын бириндеги акын, жазуучу, прозаик Жыпара Исабаева менен жолугушуга катышты. 7-апрель күнү ишембиликке чыгышты. 8-апрелде жатаканын жыйындар залында студенттер үчүн кино көргөзүлдү. 9-апрель күнү Максимум бизнес борборундагы Жогорку Кеңештин депутатты Нуржигит Кадырбеков жана журналист Мансур-Бек Канназар менен болгон жолугушууга катышты.10-апрель жатакана студенттери ар бир бөлмөгө жарамазан айтып, жатакананы шаңга бөлөштү.

 

Страница 9 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 157 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары