Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

АГТ жана ЖМО кафедрасында профессор А.А.Чекеевдин жаркын элесине арналган илимий-методикалык семинар болуп өттү

00

2023-жылдын 10-май күнү математика жана информатика факультетинин А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасында илимий-методикалык семинар болуп өттү. Жыйындын башында кафедра башчысы, профессор Бекболот Канетов бүгүнкү иш-чарада ф.-м.и.д., профессор А.А.Чекеевдин илимий изилдөө эмгектерине байланыштуу макалалар каралып, изилдөөнүн натыйжалары жана алардын жаңылыгы, практикалык маанилүүлүгү тууралуу Асылбек Чекеевдин илимий окуучусу, доцент Бактияр Рахманкулов баяндама жасаарын  билдирди.

 

МжМБ факультетинде Улуу Жеңиш күнүнө карата “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!” аттуу иш-чара өткөрүлдү

00

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде 2023-жылдын 10-май күнү Улуу Жеңиш күнүнө карата “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!” аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Факультеттин окутуучулар жамааты  катышкан жыйындын жүрүшүндө “Жеңиш күнү” аттуу баяндама жасалып, студенттер согуш жылдарындагы ырларды окушуп, хор ырдашты. Иш-чаранын соңунда факультет деканы Кундуз Базакеева, экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын башчысы Издевалды Искаков, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кафедрасынын башчысы Гүлсайра Нурматова жана орус тили мугалими Анара Асанбаева сөз сүйлөп, "апаларыбыздын көз жашы, аталарыбыздын эсепсиз төгүлгөн каны, сансыз өлүмү аркылуу келген Улуу Жеңишти түбөлүк сактайлы" деген сөздөрүн айтышты.

 

Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери тарткан фильм УТРКдан жана 7-каналдан бир нече ирет көрсөтүлдү

00

Журналистика жана коммуникация институтунун 3-курсунун студенттеринин “Режиссёрлук чеберчилик” сабагынын алкагында тарткан фильми УТРКнын жана 7-каналдын эфиринен 8-9-май күндөрү бир нече ирет көрсөтүлдү. Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган фильм телерадиожурналистика кафедрасынын доценти Шейшеналиев Эркин Шайлообековичтин жетекчилиги менен тартылып, каармандардын образын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сагынбек Сапарбеков менен журналистика жана коммуникация институтунун менеджери Нелли Жумабекова аткарган. Институттун чыгармачыл студенттерин колдоп берген УТРКнын жетекчиси Болотбек Тиллебаевге, «7-каналдын» башчысы Илиязбек Балташевге терең ыраазычылык билдиребиз!

 

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев тылдын ардагери Сатар Узбековду Жеңиш күнү менен куттуктады

00

2023-жылдын 9-майында Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы күжүрмөн эмгектин каарманы, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын мурдагы профессору Сатар Узбековдун үйүнө барып, ардагер агайдын ал-ахвалын сурап, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. 96 жаштагы агай институттун учурдагы абалы жана алдыга койгон иш-пландары менен таанышып, Университеттеги үзүрлүү эмгек жылдарын жакшы маанай, жакшы элестер менен эстеп, эң башкысы - элибиздин тынчтыгы, мамлекеттеги сталбилдүүлүк экенин айтып, КУУнун жалпы жамаатына ийгилик, эсенчилик каалап, ыраазычылык билдирди. Сатар Узбековичге чың ден-соолук каалап, терең ыраазычылык билдиребиз!

 

Университеттин ректораты менен профсоюз комитети ардагерлерди куттукташты

002023-жылдын 8-май күнү КУУнун ректораты менен бириккен кесиптик бирлик комитетинин өкүлдөрү: жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек менен профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков, о.э. Афган согушунун ардагерлери Алайбек Шамшиев, Кадыр Уметов, Адылбек Маматов жана Тыныстан Дунганаев баштаган топ университеттин мурдагы кызматкерлери, Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы тылдын катышуучулары Сатар Узбеков, Шаршен Керимбаев жана Клавдия Ефимованын үйлөрүнө барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттукташты. 

 

Тарых жана чөлкөм таануу институту «Тарых» предмети боюнча райондор аралык олимпиада өткөрдү

00

2023-жылдын 6-майында Тарых жана чөлкөм таануу институту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүүчү "Сапат" лицейи менен биргеликте  «Тарых» предмети боюнча райондор аралык олимпиада өткөрдү. Иш-чарага Чүй облусунун Москва, Жайыл жана Панфилов райондорундагы 90дон ашык мектептин 10-11-класстарынан 135 окуучу катышты. Олимпиада эки этаптан туруп, суроолор теориялык тапшырмаларды камтыды. Окуучуларды коштоп келген мугалимдер үчүн институттун профессордук-окутуучулук курамы тарабынан методикалык семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө о.э. олимпиадага катышып жаткан 11-класстын окуучулары үчүн кесиптик багыттоо иши болуп, окутуучулар Тарых жана чөлкөм таануу институту тууралуу окуучуларга кеңири маалымат беришти.

 

Математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери "Гавайиге" барып келишти

00

2023- жылдын 6-май күнү математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери Токмок шаарынан алыс эмес жайгашкан "Гавайи" эс алуу паркына барып келишти. Аталган паркта эс алуу үчүн бардык шарттар бар экенин көргөн студенттерде ал жерден алыс эмес жайгашкан "Бурана" комплексинде да заманбап шарт түзүү зарыл экендиги жөнүндө ой туулду. Иш чаранын негизги максаты - студенттердин бош убактысын маданий эс алуу үчүн туура колдонуу болчу.

 

Кесиптик колледжде Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди

002023-жылдын 4-майында 6А-окуу имаратынын алдында кесиптик колледждин жамааты Улуу Жеңиштин 78 жылдыгын белгиленди. Майрамдык иш-чара студенттердин парады менен башталып, атайын даярдалган концерттик программасы менен уланды. Алар о.э. элибиздин башына караан түн түшүп, Улуу Ата Мекендик согуштун алааматынан жер солкулдап турганда, Толгонай күйөөсү Субанкулдан, жан-канынан бүткөн уулдары Касым, Майсалбек, Жайнак жана келини Алимандан ажырап, куудай башы менен калгандыгы Чыңгыз Айтматовдун калеми менен жогорку көркөмдүктө жана чеберчиликте чагылдырылган чыгармасы боюнча сценка аткарышты. 

 

КУУда “Радио – жаңы технологиялар шартында” аттуу кереге кеңеш болуп өттү

00

2023-жылдын 4-май күнү санариптик технологиялар борборунда Журналистика жана коммуникация институту менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштурган “Радио – жаңы технологиялар шартында” аттуу кереге кеңеш болуп өттү. Иш-чараны КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, радио балачагынан бери маалымат алуунун негизги булагы болуп келгенин, жаңы технологиялардын өнүккөн доорунда да радио өзүнүн ордун, баркын, баасын, актуалдуулугун жоготпогонун баса белгиледи. Ректор о.э. журналистика факультети жаңы структура болуп түзүлүп, анын алдында чоң максаттар, чоң миссия турганын айтып өттү. Ошону менен бирге институт өлкөнүн ички рыногуна, массалык маалымат каражаттарына, анын ичинде радиодо кызмат кылчу адистерди даярдоодо чоң жоопкерчиликти жүктөп келаткандыгына токтолду.

 

Университетте кичи футбол боюнча кесиптик колледждин директорунун кубогу ойнотулду

00

2023-жылдын 4-майында 6-окуу имаратынын спорттук залында кесиптик колледждин директорунун кубогун жеңип алуу үчүн унверситеттин жалпы окутуучу, кызматкерлеринин арасында кичи футбол турнир өткөрүлдү. Ден соолукту чыңдоо жана ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлгөн мелдешке жалпысынана 6 команда катышып, 1-орунду юридикалык институттун командасы ээлеп, кубок, грамота жана 6 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орунга ректорат менен физика жана электроника, математика жана информатика факультеттеринен куралган команда татыктуу болуп, грамота, 5 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 3-орунду георафия, экология жана туризм, кыргыз филологиясы факультеттеринен куралган команда ээлеп, грамота жана 3 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

 

Саясат таануу илимдеринин доктору Токон Мамытов Тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттерине лекция окуду

02023-жылдын 4-майында Тарых жана чөлкөм таануу институтунда саясат таануу илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мамытов Токон Болотбекович «Борбордук Азия жана анын ичинде Кыргызстандын улуттук коопсуздук маселеси» аттуу темада эксперттик-аналитикалык лекция окуду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илимий долбоорунун алкагында чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ЖОЖдун окутуучулары, аспиранттары, магистранттары жана студенттери катышышты.

 

9-Май – Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган Жеңиш күнү!

00А.Табалдиев атындагы илимий китепкананын бардык абонементтеринде жана окуу залдарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата «9 май - Жеңиш күнү», «Эч ким, эч качан унутулбайт» аттуу китеп-иллюстративдик көргөзмө уюштурулуп, анда китептер, энциклопедиялар, согуш жылдарындагы сүрөттөр коюлду. 1941-жылдын 22-июну – бардыгыбыз үчүн унутулгус дата. Эч качан согуш болбосун. Бүгүнкү күндө да студенттердин ичинде патриотторубуз абдан көп, ошондуктан улуу муундун эрдиги унутулбай муундан -муунга өтө берет деп ишенебиз. Бул тынчтык менен жеңиш апаларыбыздын көз жашын, аталарыбыздын канын агызды. Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым  жүрөгүбүздө. Улуу Жеңишти алып келген аталарыбызга түбөлүк даңк. Ар дайым бар болуңуздар, урматтуу согуш ветерандары!

 

Улуттук университет "Азия News" коомдук-саясий басылмасында

00"Азия News" коомдук-саясий басылмасынын 2023-жылдын 4-майындагы санына "КУУда жаңы дем, жакшы идеялар..." деген макала жарыяланды. "УИАнын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор Телөбек Абдрахманов ректорлук кызматка дайындалгандан кийин окуу жайдагы иштин жүрүшү, абалы менен таанышып чыккан эле. «Алдыда чоң милдет турат, иш оор, көйгөйлөр көп экен. Тыным албай иштешибиз керек» деп эмгек жамаатынын алдына чоң-чоң милдеттерди койгон. Ошондон бери административдик, каржы-экономикалык, институционалдык-структуралык езгөртүулөр жүргүзүлүп, бел чечпей иштеген профессордук-окутуучулук курам «университет учун иштейли» деген демилге менен бир топ ийгиликтерди жараткан. Өзгөчө макамга ээ болгон 5 университеттин катарына кирген Улуттук университет жаңы идеялардын, алгы долбоорлордун, стартаптардын очогуна айланып отурат", - деп башталат гезиттеги материал.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2023-жылдын 3-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында  "КУУнун фундаменталдуу илимдер институтунун ишмердиги жөнүндө", "КУУга 2023-2024-окуу жылына кабыл алууга даярдыктар жөнүндө" жана башка ар түрдүү маселелер каралды. Жыйындын башында Төлөбек Абдырахманов Окумуштуулар кеңешинин март жана апрель айындагы чечимдери менен "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылган Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи Айнуру Алтыбаева менен белгилүү фольклорчу-этногрaф, этнолог Сулайман Кайыповго аталган наамдардын аттестаты менен академиялык мантиясын, ал эми УАКтын чечими менен окумуштуу даража жана наам  ыйгарылган КУУнун айрым кызматкерлерине тиешелүү диплом жана аттестаттарды тапшырды.

 

Геофакта эл аралык конвенциялардын принциптерин үйрɵнүү боюнча тегерек стол ɵткɵрүлдү

00

2023-жылдын 2-майында география, экология жана туризм факультетинин экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын профессордук–окутуучулар тарабынан уюштурулган “Жаштардын экологиялык билимин ɵркүндɵтүү максатында эл аралык конвенциялардын принциптерин үйрɵнүү” деген темада тегерек стол ɵткɵрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандагы Орхусс борборунун директору Нурбеков Адил мырза катышып “Кыргыз Республикасында иштеп жаткан эл аралык конвенциялар, келишимдер жана токтомдор” тууралуу кызыктуу баяндама жасады. Ал Кыргызстан мүчɵ болгон 13 конвенциянын ар бирине токтолуп, алардын мааниси жана биздин ɵлкɵдɵ аткарылышы жɵнүндɵ кеӊири айтып берди. Жогоруда айтылган конвенциялардын бири болгон Орхусс конвенциясы, алардын аткарган иштери жана келечектеги аткара турган пландары тууралуу маалымат берип, бул багытта экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасы менен кызматташтыкты уланта бере тургандыгын белгиледи.

 

Академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТ жана ЖМО кафедрасынын окутуучу-профессордук курамы ишембилик өткөрдү

00

2023-жылдын 2-май күнү математика жана информатика факультетинин академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын мүчөлөрү ишембилик өткөрүп, 6-окуу имаратынын күн чыгыш тарабындагы аянтчаны тазалап, эки орундукту, таштанды таштоочу челектерди, жол жээгиндеги бордюрларды сырдап, бак-дарактарды акиташ менен акташты. Кафедра башчысы Бекболот Канетов Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-т тескемесинин негизинде, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык КУУнун айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу максатында "Жашыл мурас" кампаниясын өткөрүү боюнча алгылыктуу иштер жасалып, бүгүнкү ишембиликке окутуучулар менен бирге кафедрага практика өтүү үчүн бөлүнгөн студенттер да катышканын айтып, эки чоң чака водоэмульсиялык сыр, тактайлар үчүн көк жана кара сыр каферданын мүчөлөрүнүн эсебинен сатылып алынгандыгын баса белгилеп кетти.

 

Волейбол боюнча КУУнун кыздар командасы жогорку окуу жайлар аралык Универсиадада 3-орунду ээледи

00

КУУнун кыздар командасы жогорку окуу жайлар аралык Универсиаданын алкагында 2023-жылдын апрель айында болуп өткөн волейбол боюнча мелдеште байгелүү 3-орунду ээлеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментинин 3-даражадагы диплому жана коло медаль менен сыйланышты. Математика жана информатика факультетинин студенттик активи команданын ийгиликтери менен чын жүрөктөн куттуктап, башкы машыктыруучусу ага окутуучу Бакыт Кадыровго мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин 1-курс студенттери бүтүрүүчүлөр үчүн майрамдык кече уюштурушту

00

2023-жылдын 30-апрель күнү кыргыз филологиясы факультетинин 1-курсунда окуган студенттер тарабынан факультеттин бүтүрүүчү курс студенттери үчүн майрамдык кече уюштурулду. Факультеттин босогосун жаңыдан аттаган студенттер марага чыккан бүтүрүүүлөргө өздөрүнүн жакшынакай куттуктоолорун, каалоо-тилектерин айтышып, алардын мындан аркы турмуш жолуна ак жол каалашты. Иш-чара Бишкек шаарындагы "Ак-Бата" ресторанында өткөрүлүп, ыр-бий коштолгон концерттик программа менен коштолуп, сый тамак берилди. Эскерте кетсек, бул иш-чара факультеттин салтына ылайык жыл сайын өткөрүлүп келет.

 

КУУнун Окуу-методикалык кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2023-жылдын 29-апрелинде санариптик технологиялар борборунда КУУнун Окуу-методикалык кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды: "Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун психология кафедрасында PhD базалык докторантуранын 530300 – Психология багыты боюнча негизги жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программасын ачуу", "Биология факультетиндеги магистратура бөлүмүндө эксперименталдык “Биология, лабораториялык иш” багытынын ачуу", "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетиндеги магистратура бөлүмүндө багытты алмаштыруу менен болгон 580900 – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын негизги билим берүү программасын карап чыгуу жана бакалавриат бөлүмүндө эксперименталдык “Саясий башкаруу жана технологиялар” багытын ачуу", "Журналистика жана коммуникация институтундагы магистратура бөлүмүндө жаӊы 571100 – “Телевидение” багытын, бакалаврларды даярдоонун эксперименталдык “Медиакоммуникация” жана “Эл аралык журналистика” багыттарын, ошондой эле Мезгилдик басма сөз кафедрасына тиешелүү “Тармактык журналистика” профилин ачуу".

 

Матфактын студенттери «Бурана» комплексине экскурсияга барышты

002023-жылдын 29-апрелинде математика жана информатика факультетинин студенттери ысымын Улуттук университет алып жүргөн улуу илимпоз Жусуп Баласагын жашаган шаардын тарыхын билүү үчүн «Бурана» архитектуралык музей комплексине экскурсияга барышты. Комплекстин менеджеринен студенттер «Бурана мунарасы» Баласагын шаарында жайгашканын жана Караханийлер дооруна таандык тарыхий-архитектуралык эстелик экенин билишти. 31-май - Улуттук университеттин күнүн майрамдоо алкагында өткөрүлгөн иш чара учурунда студенттер эс алуу менен гана чектелбестен, комплекстин айлана-чөйрөсүн да тазалашты.

 

Юридикалык институтта криминалистика боюнча илимий-практикалык олимпиада өткөрүлдү

0

2023-жылдын 28-апрелинде Юридикалык институттун Г.Гросс атындагы окуу-инновациялык криминалистикалык комплексинин базасында сот адилеттиги, прокурордук жана укук коргоо ишмердүүлүгү факультети менен криминалистика жана соттук экспертизалар кафедрасы тарабынан криминалистика боюнча илимий-практикалык олимпиада өткөрүлдү. Мелдешке юрист студенттерден (тергөөчүлөр, криминалисттер), соттук эксперттерден жана Аскер институтунун курсанттарынан турган 5 команда катышты. 8 сынактан турган Олимпиаданын жүрүшүндө командалар криминалистика боюнча билимди талап кылган "Манжа изин алуу (кол издери)", "Соттук баллистика (ок атуучу куралдар)", Габитоскопия (Фоторобот)", "Жасалма документтерди аныктоо", "Криминалистикалык маселелерди чечүү, тинтүү жүргүзүү" ж.б. тапшырмаларды аткарышты.

 

Жаштар саясаты жана спорт департаменти тарабынан "Ректордун кубогун" жеңип алуу үчүн "Тамашоу" оюну өткөрүлдү

00

2023-жылдын 28-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Жаштар саясаты жана спорт департаменти тарабынан "Ректордун кубогун" жеңип алуу үчүн "Тамашоу" оюну өткөрүлдү. Университеттин студентеринин ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган иш-чараны аталган департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек ачып, таймашка журналистика жана коммуникация институтунун «4 красавчик 1 Арген», 7-жатакананын «7-жатакана», кесиптик колледждин «КеФФтеме" жана кыргыз филологиясы факультетинин «Кара каштар» командалары катышып жатканын билдирди жана аларга ийгилик каалады. Калыстар тобунун курамына жаштар саясаты жана спорт департаментинин директору Кадыр уулу Алмазбек, театр жана кино актёру Жылдызбек Касейинов жана актёр, сценарист Нуркул Адылбеков кирди.

 

КУУнун жаштары Данияр Сүйүндүк уулу жана Мурат Карыпов менен жолугушту

00

2023-жылдын 28-апрель күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт департаментинин кызметкерлери жана КУУнун активдүү студенттеринин “Жаш саясатчы мектебинин” координатору Данияр Сүйүндүк уулу жана “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын координатору Мурат Карыпов менен жолугушуусу болуп өттү. Иш-чараны департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек ачып, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди жана КУУнун ректорунун атынан ыраазычылык кат тапшырды. Студенттер келген спикерлерге суроолорду беришип, кызыктуу жоопторду алышты. Активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге китеп белекке берилди.

 

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттери Кыргыз-Түрк "Манас" университетиндеги акыл таймашка катышып келишти

00

2023-жылдын 28-апрелинде тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттери Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмү тарабынан 18-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эстеликтер жана тарыхый жерлер күнүнө карата уюштурулган акыл таймашка катышып келишти. Студенттер 3 тапшырма аткарышты: 1. Презентация: Кыргызстандагы археологиялык эстеликтерди коргоо маселеси, 2. Интеллектуалдык таймаш (категориялар: "Музыка дүйнөсү", "Хандар жана ханышалар", "К" категориясы", "Визуализация: Кыргызстандагы археологиялык эстеликтер", "Кыргызстандагы жаныбарлар дүйнөсү"), 3. Квест - кенч табуу. Жарыштын жыйынтыгында институттун “Клио” тобу 16 команданын арасынан байгелүү 3-орунду ээлеп, уюштуручуулар тарабынан акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланды. 

 

Страница 7 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 212 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары