Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

00

2023-жылдын 1-сентябрында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Институттун директору Алайбек Шамшиев жаңы 2023-2024 - окуу жылынын башталышы менен жалпы институттун жамаатын,  10-11-класстардын окуучуларын жана аларды коштоп келген ата-энелерин кызуу куттуктап, иштерине жана окууларына чоң-чоң ийгиликтерди каалады. Ал о.э. Улуттук университет, институт жана гимназиянын жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Андан соң жыйындын катышуучуларына гимназиянын окутуучулары жана 11-класстардын окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү. Майрамдык салтанатка Кыргыз-жапон борборунун волонтерлору да катышып, жапон тилинде ырларын ырдап беришти.

 

КУУнун проректорлору 1-курс студенттерин Билим күнү менен куттукташты

00

2023-жылдын 1-сентябрь күнү мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан кыргыз филологиясы факультетинин, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун о.э чет-тилдер факультетинин босогосун жаныдан аттаган 1-курс студенттери менен жолугушуп, аларды өлкөбүздө белгиленип жаткан Билим күнү менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Андан кийн проректор 5-окуу имаратындагы факультеттердин жүгүртмөлөрү менен таанышып чыкты. Жолугушууга аталган имаратта жайгашкан түзүмдөрдүн жетекчилери, окутуучулары жана 1-курс студенттери катышты. 

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002023-жылдын 30-августунда башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында 2022-2023 - окуу жылынын жыйынтыгы жана башка ар түрдүү маселелер каралды. Отурумдун башында ректор жыйындын катышуучуларын 31-август - Эгемендүүлүк күнү жана жаӊы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, отурумду ачык деп жарыялады. Андан кийин ал кворумду текшерип, отурумдун күн тартибин добушка коюп, бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

 

Ректор Евразия улуттук университетине жана Урал мамлекеттик экономика университетине окууга кетип жаткан студенттерди кабыл алды

00

2023-жылдын 28-августунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине жана Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономика университетине окууга кетип жаткан мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети менен тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттерин кабыл алды. Ректор студенттердин аталган шаарларга  аман-эсен жетип алышын тилеп, "Силер билим алганы алдыӊкы, мыкты университеттерге бара жатасыӊар. Биздин университетти уят кылбай, жакшы билим алып, өзүӊөрдү жакшы алып жүргүлө. Эӊ негизгиси - кыргыз экениӊерди унутпай, жакшы сапаттарыӊарды көрсөтүп, ар тараптуу студенттерден болгула. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген ата-энеӊерге, деканыӊарга, окутуучуларга жана Саадат эжекеңерге рахмат. Сапарыӊар байсалдуу болсун!", - деди.

 

Кынатбек Сманалиев юридикалык институттун директору болуп дайындалды

00

Бул тууралуу 2023-жылдын 28-август күнү ректор Төлөбек Абдырахманов башкы имараттагы кичи жыйындар залында юридикалык институттун жамааты менен өткөргөн жолугушууда белгилүү болду. Жыйындын башында ал катышуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, буга чейин аталган институтту коомдук башталышта жетектеп келген илимий иштер боюча проректор Назаркул Ишекеев берген арызынын негизинде аталган институттун директорлук кызматынан бошотулганын, анткени ал дайындалган "транзиттик мөөнөт" аяктаганын кабарлап, Назаркул Ишекеевичке чоң ыраазычылык билдирди. Ректор андан ары залда отургандарды 2023-жылдын 25-августунан тартып юридикалык институттун директорунун милдетин аткаруучу болуп аталган институттун юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Сманалиев Кынатбек Мойнокович дайындалганы тууралуу буйрук менен тааныштырды.

 

Ректор КУУнун мүлкүнө кол салган ууруну кармаган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди

0

2023-жылдын 25-августунда ректор Төлөбек Абдырахманов 6-окуу имаратындагы компьютерлердин системалык платасын уурдап бара жаткан У.Э. аттуу кылмышкерди кармап калган КУУнун кызматкерлерин кабыл алды. Күзөт кызматынын башчысы Камчыбек Абелдиев окуянын чоо-жайын айтып берген соң, Төлөбек Абдырахманов "уурдап кеткен эмес, уурдап бараткан кылмышкерди кармап калып, университеттин мүлкүн сактап калгандыктары" үчүн маалыматтык технологиялар борборунун инженерлери Бегимай Искендербек кызына, Асел Нуркалиевага жана күзөт кызматынын кароолчулары Базаркул Маматкуловго, Аман Кабаевге, Асан Дербишалиевге ректораттын атынан чоң ыраазычылык билдирип, аларды Ардак грамоталар менен сыйлады. 

 

Сиз ар качан биздин жүрөгүбүздөсүз, эже...

00Ийне менен кудук казган кыргыз айымдары, кудаага шүгүр, азыр бир топ. Бирок, ошолордун арасында куттуу уябыз Улуттук университеттин гана эмес жалпы эле атпай журттун сыймыгына ээ болгон экономика илимдеринин доктору, профессор, Москванын атактуу окуу жайларынан билим алган кадырлуу эжейибиз Айсалкын Асановна Асанованын орду өзгөчө болчу. Айсалкын Асановна чоң илимпоз гана эмес талыкпас таалимчи, баркы бийик педагог да эле. Өмүр бою эмгек эткен Улуттук университетибизде адистиктердин өзүнчө бир салааларын негиздеген, тикелеген таалыкпас уюштуруучулугу айтып бүткүс аңыз болчу...

 

КУУ менен Эл аралык медицина жана илим университетинин ортосунда өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду

00

2023-жылдын 23-август күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Эл аралык медицина жана илим университетинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Токтокан Имарованы кабыл алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө окуу процесси, илимий-метрикалык иштер жана академиялык мобилдүүлүк боюнча эки университеттин ортосундагы мамилелер талкууланып, соңунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Эл аралык медицина жана илим университетинин өз ара кызматташуусу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Төлөбек Абдырахманов КУУнун жетекчилиги аталган багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, Улуттук университет көп жылдан бери келаткан чоң университет болгону менен, медицина багыты жаңыдан башталып атканын билдирди. 

 

7-окуу имаратындагы жылуулук системасы толугу менен алмаштырылууда

02023-жылдын 11-августунда кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жайгашкан 7-окуу имаратында жылуулук системасын капиталдык оңдоо жумуштары башталды. Көптөгөн жылдардан бери эскирип, айрым участоктору дээрлик чирип калган трубалар менен радиаторлорду алмаштыруу иштери Япониянын эл аралык кызматташтык агентствосу (JICA) тарабынан каржыланып, “Урбан ” курулуш компаниясы тарабынан аткарылууда. Аталган компаниянын бригадири Мухаммед Урсеитовдун айтымында, учурда имараттын бардык кабаттарындагы эски трубалар, радиаторлор демонтаждалып, 2-кабатта жаңылары орнотула баштады. - Жумушту сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз, - дейт курулуш компаниясынын бригадири.

 

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун соңку, 5-туру жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 16-август күнү 6-окуу имаратында Улуттук университеттин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда бюджеттик жана контракттык орундарга абитуриенттерди кабыл алуунун соӊку, 5-туру жыйынтыкталды. Окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев алып барган жыйынга онлайн жана офлайн режимде факультет декандары катышып, интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор, ваканттык орундар тууралуу маалымат берип, өздөрү жетектеген факультеттеги багыттар боюнча өткөрүү баллын сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1989-жылкы бүтүрүүчүлөрү жолугушту

00

2023-жылдын 14-август күнү башкы имараттагы 231-жыйындар залында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1989-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов куттуктоо сөзү менен ачты. Ал өзү да аталган факультетти 1987-жылы аяктаганын айтып, 1989-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн баарын аман-эсен, көӊүлдөрү куунак көргөнүнө кубанычта экенин белгиледи. - Тарых илими кыйын, жашоонун тарыхын, турмушту окутуп, көрсөтүүчү илим, - деп сөзүн улантты ректор. - Тарыхчылар кыйын адамдар болот. Кыргызстанда башы көрүнгөн, коомдун көп маселелерин чечип жүргөндөрдүн баары - тарых факультетин бүтүргөн адамдар. Ушинтип учкан уяӊарды эстеп, келип койгонуӊар үчүн рахмат. Университетти, факультетти унутпагыла. Аман-эсен болгула, ишиӊер ийгиликтүү болсун.

 

Математика жана информатика факультетинин жетекчилиги Султанкул кызы Айнураны куттуктайт!

00Математика жана информатика факультетинин жетекчилиги “Колдонмо информатика” программасынын доценти Султанкул кызы Айнураны билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муунду окутуп, тарбиялоодогу жетишкендиги жана заманбап билим берүү технологияларын колдонуу менен сабак өтүп, аны мыкты өздөштүрүп, санарип чөйрөсүнө зор салым кошкондугу үчүн “Санарип академиясы” тарабынан “Санарип мугалим” төш белгисине ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап,ага чың ден соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт. 

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Астанадагы 65-Туруктуу Эл аралык Алтаистика конференциясында (ПИАК) доклад жасады

00

2023-жылдын 30-июль – 5-августунда Астана (Казакстан) шаарынын Назарбаев университетинде 65-Туруктуу Эл аралык Алтаистика конференциясы болуп өттү. Бул маанилүү иш-чараны 65-жыйындын төрагасы, Назарбаев университетинин Казак тили жана турк изилдөөлорү кафедрасынын башчысы, профессор Юлай Шамильоглу ачты. Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Ш. Мустафаев, Назарбаев университетинин академиялык маселелери боюнча вице-провосту доктор Лоретта О'Донелл, ПИАКтын Генералдык Президенти Оливер Корфф ж.б. куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Гулжамал Жаманкулова Назарбаев университетинин китепканасына «Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы» (1, 2 том), «Байыркы кыргыз тили», «Алтай тектүү элдердин цивилизациясы» аттуу китептерин белекке тапшырды. 

 

Абитуриенттерди кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 9-август күнү 6-окуу имаратында КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда абитуриенттерди кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды. Окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев алып барган жыйынга онлайн жана офлайн режимде катышкан факультет декандары интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор, ваканттык орундар жана өздөрү факультеттеги багыттар боюнча өткөрүү баллын сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Жетекчилери онлайн режимде катышкан түзүмдөр тууралуу маалыматты Эрлан Базарбаев менен кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов беришти. 

 

Улуттук университеттин колледжине абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды

0

2023-жылдын 8-августунда 6-окуу имаратынын 126-дарсканасында гранттык комиссиянын отуруму болуп, Улуттук университеттин колледжине абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Аталган комиссиянын төрагасы, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган отурумда кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов интернет аркылуу абитуриенттерден окууга өтүү боюнча 9-класстын жана 11-класстын базасында келип түшкөн арыздар, ваканттык орундар, контракттын жарымын төлөгөндөрдүн саны жана башка маалыматтарды берген соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Профессор Айсалкын Асанова дүйнөдөн кайтты

00

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети оор жоготууга учурады. 2023-жылдын 3-август күнү узакка созулган оорудан кийин Менеджмент жана бизнес институтунун "Менеджмент" кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги, экономика илимдеринин доктору, профессор Айсалкын Асанова дүйнөдөн кайтты. КУУнун ректораты, кесиптик бирлик комитети жана жалпы эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсү менен жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Профессор А.Асанованын жаркын элеси Улуттук университеттин эмгек жамаатынын эсинде түбөлүккө сакталат. 

 

Абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 2-августунда 6-окуу имаратында Улуттук университеттин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды. Аталган комиссиянын төрагасы, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов  алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, факультеттердин декандары жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты. Декандар интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор тууралуу маалымат берип, аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды. 3-турдун жыйынтыгы менен «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасынан https://2020.edu.gov.kg жана кабыл алуу комиссиясынын атайын стендинен таанышууга болот.

 

Башкы имарат менен 8-окуу имаратынын ортосуна “Боз үй” аталышындагы инсталляция тургузулду

00Улуттук университеттеги жагымдуу өзгөрүүлөр уланууда. Башкы имарат менен 8-окуу имаратынын ортосундагы жолго толугу менен брусчатка төшөлүп, жээктерине гүлдөр отургузулду жана эки имараттын ортосуна “Боз үй” аталышындагы инсталляция тургузулду. Анын оң жана сол капталдарына скамейкалар орнотулуп, студенттердин эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Эскерте кетсек, буга чейин башкы имараттын фойесине студенттер үчүн эс алуу зоналары жасалып, ал жерге ыңгайлуу отургучтар менен журнал столдору коюлган. Ал эми фойеден экинчи кабатка көтөрүлүүчү тепкичтин каршысындагы эски терезелер заманбап, темирден жасалган чоң терезелерге алмаштырылып, терезенин ортоңку бөлүгүндөгү айнекке университет ысымын алып жүргөн Жусуп Баласагындын чоң сүрөтү тартылып, “Кут билимден” алынган учкул сөздөрү жазылган. Мындан сырткары, башкы имараттын чыгыш жана батыш тарабындагы клумбалардын, о.э. алардын каршысындагы кашаа менен тосулган бакчанын ичине орнотулган эстеликтерге алардын аталышы, автору, жасалган жылы, материалы жана QR-коду жазылган тактайчалар орнотулган.

 

Абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды

00

2023-жылдын  26-июль күнү 6-окуу имаратында КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Аталган комиссиянын төрагасы, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов  алып барган жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто, кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Калыбек уулу Марат, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, о.э. факультеттердин декандары жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты. Факультет декандары интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор тууралуу маалымат берип, аталган багыттар боюнча өткөрүү баллын сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Ректор УрФУдагы «Жайкы университет» долбооруна катышып келген студенттерди кабыл алды

00

2023-жылдын 25-июлунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Россиянын биринчи президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети тарабынан уюштурулган «Жайкы университет 2023» долбооруна катышып келген Улуттук университеттин студенттерин жана аларды жетектеп барган жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору Кадыр уулу Алмазбекти кабыл алды. Ректор "Алыскы жолго аман-эсен барып келгениӊер өзү чоӊ олжо. Ал эми байгелүү орундарга ээ болуп, университеттин атын чыгарып келгениӊер үчүн ызаазычылык билдиребиз. Мындан ары да чоӊ форматтагы долбоорлого катыша бергиле. Биз силерден чоӊ ийгиликтерди күтөбүз", - деп студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады.

 

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру башталды

002023-жылдын 24-июль күнү эрте менен саат 8:00дө 6-окуу имаратында абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру башталды. Абитуриенттер имараттын фойесинде орнотулган стенддерден КУУнун түзүмдөрү тууралуу маалымат алып, өздөрү тандаган факультеттин техкатчыларына тактоочу суроолорду берип, толук маалымат алышкан соң, Билим берүү жана илим министрлигинин https://2020.edu.gov.kg сайтына онлайн режимде катталып жатышты. Бул күнү КУУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, ректор Төлөбек Абдырахманов абитуриенттерди кабыл алуунун жүрүшүн текшерди. Факультеттердин техкатчылар тобунун жетекчилери окууга тапшырган абитуриенттердин саны, абитуриенттердин орточо баллы ж.б. маалыматтарды ректорго айтып беришти. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында, 2-турга каттоо 26-июль күнү саат 14:00гө чейин уланат.

 

Ректор абитуриенттерди кабыл алуунун жүрүшүн текшерди

00

2023-жылдын 21-июлунда КУУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, ректор Төлөбек Абдырахманов 6-окуу имаратында жайгашкан кабыл алуу комиссиясына барып, абитуриенттерди кабыл алуунун жүрүшүн текшерди. Факультеттердин техкатчылар тобунун жетекчилери ректорго тапшырган абитуриенттердин саны, бюджеттик жана контракттык орундардын саны, абитуриенттердин орточо баллы ж.б. маалыматтарды айтып беришти. Ал эми быйылкы жылдагы кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу кабыл алуу комиссиянын жооптуу катчысы Изат Усенов маалымат берди. 

 

КУУ менен УИАнын ортосунда илимий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

002023-жылдын 20-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө эки мекеменин ортосундагы илимий кызматташтык тууралуу сөз болуп, жыйынтыгында Улуттук илимдер академиясы менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы илимий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Ректор УИАнын президентин жылуу тосуп алып, саламдашкан соң, “Илим менен билим ар дайым бирге болушу керек, биз сиздер тыгыз кызматташууга даярбыз”, – деп билдирди. Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов илимдин өнүгүү багыттары, илимий ачылыштарды жасоонун жолдору боюнча сөз сүйлөп, - Учурда илимге кызыккан жаштар көбөйүүдө. Эки тарап биригип жаштардан мыкты академиктерди даярдап чыгарабыз, - деди.

 

Улуттук университеттин колледжине абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 19-июль күнү 6-окуу имаратынын 126-дарсканасында гранттык комиссиянын отуруму болуп, Улуттук университеттин колледжине абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталдыКабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган отурумга окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев о.э факультеттердин декандары жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов интернет аркылуу абитуриенттерден окууга өтүү боюнча келип түшкөн арыздар тууралуу маалымат берген соӊ, аталган багыттарга абитуриенттерди кабыл алуу боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Страница 2 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 169 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары