Ишемби, Июль 27, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Билим берүүнүн мыктысы, профессор Ажигулов Матал 85 жашында дүйнө салды

00

2023-жылдын 27-апрель күнү Кыргыз Республикасынын илиминин өнүгүшүнө зор салымын кошкон окумуштуу-математик, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Ажигулов Матал 85 жашында дүйнө салды. Кыргыз Улуттук университетинин, анын ичинде математика жана информатика факультетинин өнүгүшүнө 51 жыл өмүрүн арнаган Матал агайыбыздын жаркын элеси кесиптештеринин жана студенттердин жүрөгүндө сакталат. 

 

Профессор Асипова Нурбубу Асаналиевнага "Баткен мамлекеттик университетинин ардактуу профессору" деген наам ыйгарылды

00

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбубу Асаналиевна Баткен областында болуп өткөн “Ааламдаштыруу доорунда коомду, билим берүүнү жана илимди туруктуу өнүктүрүүнүн заманбап, санариптик трансформациялары” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышып, "Баткен мамлекеттик университетинин ардактуу профессору" деген наамга ээ болду. Кафедра жамааты Н.А.Асипованы чын дилден куттуктап, бекем ден-соолук каалоо менен бирге дагы көптөгөн педагогдорду илим жолуна багыттап жүрө беришине тилектештигибизди билдиребиз.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде балдар адабиятына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү

002023-жылдын 28-апрель күнү 5-окуу имаратындагы 218-жыйындар залында “Азыркы учурдагы балдар адабиятынын проблемалары жана аны чечүүнүн жолдору” деген темадагы долбоордун алкагында “Азыркы учурдагы балдар адабияты” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чаранын модераторлук милдетин Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Аскар Медетов аткарды. Жыйындын жүрүшүндө доцент Болот Оторбаев “Учурдагы балдар адабиятынын көйгөйлөрү” деген баяндама жасап, балдар акындары Ысмайыл Кадыров, Өзүбек Абдыкалыковпрофессор Абдыкерим Муратов, балдар жазуучулары Аман Карымшаков, Жыргал Сокурова, Күлсүнбүбү Соорбекова жана Батма Абдулхамидова жарыш сөзгө чыгышты.

 

Тарых жана чөлкөм таануу институтунда Кыргызстандын ШКУ алкагындагы коопсуздук маселелери талкууланды

002023-жылдын 28-апрелинде Тарых жана чөлкөм таануу институтунда Билим берүү жана илим министрлигинин илимий долбоорунун алкагында чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы тарабынан «Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы коопсуздук маселелери» деген темада студенттик тегерек отурум болуп өттү. Иш-чараны аталган кафедранын профессору, т.и.д., профессор Ж.О.Омурова алып барып, эксперт катары т.и.д., профессор А.М. Кылычев  жана Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы т.и.д., профессор А.А.Арзыматова катышты. Студенттик отурумдун жүрүшүндө чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын 2,3-курсунун студенттери  долбоордун алкагындагы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерине арналган докладдары  менен чыгып сүйлөштү.

 

Халал индустрияны өнүктүрүү борборунун жетекчиси МжБ институнун студенттерине конок лекция өткөрдү

002023-жылдын 28-апрель күнү Халал индустрияны өнүктүрүү борборунун жетекчиси, халал стандарттар боюнча эксперт Абдулхамид Шамшидин уулу менеджмент жана бизнес институнун "Сапатты башкаруу" багытынын студенттерине “Халал менеджмент системасы” боюнча конок лекциясын өткөрдү. Лектор адал жана арам азыктардын айрымасын жана кандай кошумчалар халал стандартына дал келбешин айтып берди. Сабактын соңунда студенттер суроо берип, Халал стандартындагы билими жогорулап, жаңы пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

 

Кесиптик колледждин студенттери Жогорку Кеңеште болушту

002023-жылдын 26,27-апрелинде кесиптик колледждин студенттери окутуучу Акылнур Нуралиевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барып келишти. Экскурсиянын алкагында алар Жогорку Кеңештин китепканасына барып, атайын адабияттар, маалымдамалар, сөздүктөр, мезгилдүү басылмалар, о.э. электрондук китепкана менен таанышышты. Андан кийин ЖК депутаты Дастан Бекешев менен жолугушуу уюштурулуп, студенттер парламентарийлердин иши, алардын жеке жетишкендиктери, практикадан өтүү мүмкүнчүлүгү сыяктуу суроолорго жооп алышты.

 

Жаштар саясаты жана спорт департаменти «Поэзия мүнөттөрү» аттуу кече өткөрдү

002023-жылдын  27-апрель күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт департаменти поэзия сүйүүчүлөр үчүн «Поэзия мүнөттөрү» аттуу кече өткөрдү. Иш-чараны департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек ачып, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди. Поэзия кечесине жаш акындар Асылбек Асан менен Жаннат Сабырбекова келип, өз калемине тааандык ырлары менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Кечеде ошондой эле студенттер дагы өздөрүнө таандык ырларын окуп беришти.

 

Программалык талдоо комиссиясы өз ишин жыйынтыктады

00Улуттук университеттин курамдык түзүмдөрүнүн учурдагы билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүн баалоо максатында түзүлгөн программалык талдоо комиссиясынын мүчөлөрү 2023-жылдын 18-апрель күнү физика жана электроника, математика жана информатика факультеттеринде, 19-апрелде И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды масаттуу даярдоо институту менен химия жана химиялык технология факультетинде жана кесиптик колледжде, 20-апрель күнү юридикалык институтта, 24-апрелде мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети менен менеджмент жана бизнес институтунда болушуп, ал эми 27-апрель күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Ош жана Каракол шаарларындагы гуманитардык-табигый илимдер факультеттеринин жетекчилери менен онлайн жана офлайн режимде жолугушуп, аталган түзүмдөрдүн билим, илим, уюштуруучулук жана эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү. 

 

Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институнда “Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?” аттуу тегерек стол болуп өттү

00

2023-жылдын 25-апрелинде 6А-окуу имаратынын 212-дарсканасында профессор И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту менен юридика факультетинин 1-курс студенттеринин катышуусу менен “Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?” аттуу тегерек стол болуп өттү. Филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын профессору, п.и.д. Муканбетова А. С., доценти, п.и.к. Сураналиева К.К., ага окутуучусу Ибраимова Ж.Т. тарабынан уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө эки факультеттин студенттери тарабынан даярдалган видео фильм көрсөтүлүп, баяндамалар окулду. 

 

Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУнун профессору СГИИнин студенттерине конок лекцияларын өттү

002023-жылдын 24-25-апрелинде Казахстандын борбору Астана шаарындагы  Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Калкеева Камарияш Райхановна социалдык-гуманитардык илимдер институтунун студенттерине конок лекцияларын өтүп, жандуу баарлашуу болду. Сабактардын жүрүшүндө педагогика илиминдеги жаңы багыттар, кесиптин актуалдуулугу, коом тарабынан коюлуп жаткан заманбап талаптар тууралуу сөз болуп, студенттердин активдүү катышуусу менен суроо-жооптор аркылуу бекемделди.

 

Мамлекеттик тил боюнча мониторинг жүргүзүү комиссиясынын жыйынтыктоочу отуруму болду

00

КУУнун факультеттеринде мамлекеттик тил боюнча мониторинг жүргүзүү үчүн ректордун буйругу менен түзүлгөн комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болду. Комиссиянын ар бир мүчөсү өздөрү текшерип караган багыттар боюнча кеңири маалымат беришип, ойлорун ортого салышты жана окуу жайда мамлекеттик тилдин абалы, көйгөйлөр менен проблемалар, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу сунуш-пикирлерин ачык-айрым билдиришти. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан дээрлик эки айга созулган мониторингдин учурунда университеттке болгон чыныгы урмат-сыйын көрсөтүшүп, талыкпай иштеп берген комиссиянын мүчөлөрүнө ректораттын, ректор Төлөбек Абдырахмановдун жеке өзүнүн атынан айтылган ыраазычылыгын билдирди.

 

Жаштар саясаты жана спорт департаментинин кызматкерлери студенттик жатаканаларда болушту

00

2023-жылдын 24-апрель күнү жаштар саясаты жана спорт департаментинин кызматкерлери аталган түзүмдүн директору Кадыр уулу Алмазбек менен биргеликте бешинчи жана жетинчи студенттик жатаканаларга барып, ал жерде жашаган студенттердин жашоо шарты менен таанышып келишти. Департаменттин кызматкерлери жатаканалардын коменданттары жана студенттик кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте жашоочулар менен кенен пикир алышып, тарбия жана спорт багытындагы алдыда өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу айтып берди.

 

КУУда акын Өмүрбек Тиллебаевдин чыгармачылыгына арналган адабий-поэтикалык кече болуп өттү

00Башкы имараттагы кичи жыйындар залында Жолон Мамытов жана Курбаналы Сабыров атындагы республикалык сыйлыктардын лауреаты Өмүрбек Тиллебаевдин ыр менен жазылган “Бата жана каргыш” (Эгемендик жылдардын панорамасы)” романынын бетачарына арналган “Мезгил канатындагы поэзия” деп аталган адабий-поэтикалык кече болуп, ыр майрамга баш калаабыздагы чыгармачыл интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү, Улуттук университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты. ТҮРКСОЙдун Генералдык катчысы, КР эл жазуучусу Султан Раев Ө.Тиллебаевдин чыгармачылыгы, азыркы улуттук адабиятыбыздагы орду жөнүндө кеңири сөз сүйлөө менен Абай атындагы алтын медаль менен сыйланганын жарыялап, медалды жана тастыктаманы тапшырды.

 

Кыргыз филологиясы факультети ЖОЖдор аралык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдү

00

2023-жылдын 20-апрелинде кыргыз филологиясы факультети башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Кыргыз адабияты, котормо иши жана билим берүүсү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдү. Кыргызстандагы 17 жогорку окуу жайдын студенттери катышкан иш-чара КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановдун куттуктоо сөзү менен башталып, студенттердин илимий баяндамалары менен уланды. Мыкты докладдар үчүн атайын сертификаттар жана дипломдор тапшырылды. Баяндамалардын ортосунда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери бир катар чыгармаларды аткарып беришти. 

 

Улуттук университет менен УТРКнын ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү

00

2023-жылдын 20-апрелинде КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов менен УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев кызматташтык келишимине кол коюшту. Аталган документтин негизинде журналистика жана коммуникация институтунун студенттерине Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өндүрүштүк практикага акысыз барууга мүмкүнчүлүк түзүлүдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Болотбек Тиллебаев Улуттук макамга татыган эки мекеменин кызматташтыгы байсалдуу болоруна ишенерин жана УТРКнын атайын жаштарга арналган контентин даярдоого КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенттери тартылаарын белгилеп өттү. Ал эми  Төлөбек Абдырахманов аталган институтта жаңы багыттагы, жаңы профилдеги адистерди даярдоого аракеттер көрүлүп жатканына токтолду.

 

КУУда мамлекеттик тил боюнча мониторинг жыйынтыкталды

00Мамлекеттик тилди КУУда жайылтуу жана мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын окуу жылынын аягында ѳткѳрүлүүчү мониторинг жыйынтыкталды. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын тѳрагасы Садык Алахан баштаган комиссия тарабынан физика жана электроника, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, медицина факультеттеринин кафедраларынын, кесиптик колледждин жана мониторинг өткөрүүнүн жүрүшүндө кийинкиге калтырылган кафедралардын ички иш кагаздары, жумушчу программалары, ОМК, протоколдору жана илимий иштер каралды. Жалпысынан алганда, кафедралардын иш кагаздары мамлекеттик тилде жазылып жатканы байкалды.

 

Жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм менен “Enactus-Кыргызстан” командасы кийинки долбоорду талкуулашты

00

2023-жылдын 19-апрель күнү жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн “Enactus-Кыргызстан” командасы өзүнүн кийинки долбоорун жактоо максатында жыйын өткөрдү. Жыйынга бөлүм башчысы Ардакбек Каныбек уулу жана “Enactus" командасынын лидерлери катышып, долбоорду ийгиликтүү деп табышты. Тактап айтканда, жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм жумушсуздукту жоюу максатынды студенттер менен чакан тикмечилик өнөрүн үйрөтүү жана жасалган буюмдарды өткөрүү долбоорун толугу менен иштеп чыгышты. Учурда тигүү машиналарын алуу жана аталган долбоорду массалык түрдө алып кетүү иштери турат. 

 

КУУнун жаштары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту

002023-жылдын 19-апрелинде 6-окуу имаратындагы 2-дарсканада жаштар саясаты жана спорт департаментинин кызматкерлери жана Улуттук университеттин активдүү студенттери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов менен жолугушту. Новатор-педагог КУУнун жаштарына "Өз билимин өркүндөтүү боюнча эффективдүү ыкмалар" деген темада баяндама жасап берди.

 

№5-жатакананын алдына балатынын көчөттөрү отургузулду

00

2023-жылдын 19-апрель күнү комендант Г.Сүйүмкуловнанын иш-аракеттеринин натыйжасында демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген 7 даана балатынын көчөттөрү №5-жатакананын алдына отургузулду. Иш-чарага ботаникалык бактын кызматкерлери жана студенттер катышып, жалпы университеттин, анын ичинде жатаканалардын айланасын жашылдандыруу иштерин активдүү алып барып жаткандыгы үчүн ботаникалык бактын жетекчиси У.Невераевге жана жатаканадагы жашоо-шарттарын жакшыртуунун үстүндө талыкпай иштеп келе жаткан комендант Г.Сүйүмкуловага терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Эдил Байсалов тоолуу аймактарды өнүктүруү боюнча КУУда өткөрүлгөн эл аралык конференцияга катышты

0

2023-жылдын 19-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүруү жана жашыл экономика” деген аталыштагы эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева, КР географиялык коомунун президенти Саламат Аламанов жана башкалар катышты. Конференция башталаар алдында Эдил Байсалов ректор Төлөбек Абдырахманов жана проректорлордун коштоосунда Улуттук университеттин кыргыз-кытай институту, ботаникалык бакчасы, журналистика жана коммуникация институту, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту менен таанышып чыкты.

 

Кубанычбек Жумабеков Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп шайланды

02023-жылдын 18-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун бириккен кесиптик бирлик уюмунун отчеттук-шайлоо конференциясы болуп өттү. Жыйындын күн тартибине "Бириккен кесиптик бирлик комитетинин 2017-2022-жылдар аралыгындагы ишмердүлүгүнүн отчету", "Бириккен кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясынын отчету", "Бириккен кесиптик бирлик комитетинин курамын жаңы беш жылдык мөөнөткө шайлоо", "Бириккен кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясын курамын жаңы беш жылдык мөөнөткө шайлоо" жана "Кесиптик бирлик комитетинин төрагасын жаңы беш жылдык мөөнөткө шайлоо" деген маселелер коюлду. Конференциянын жүрүшүндө жумушчу президиум, катчылык, о.э. мандаттык жана редакциялык комиссиялар түзүлүп, иш алып барышты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде акын Керимбек Кадыракунов менен жолугушуу болду

002023-жылдын 18-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасы белгилүү акын, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Керимбек Кадыракунов менен студенттердин жолугушуусун өткөрдү. Сынчы Аскар Медетов алып барган поэзия кечесинин жүрүшүндө акын Керимбек Кадыракунов өзүнүн ырларынан окуп, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, кызыктуу баарлашуу болду.

 

Жаштар иштери боюнча бөлүм кайрымдуулук өткөрдү

00

2023-жылдын 17-апрелинде жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери окуу жайдын аз камсыз болгон 20 кызматкеринин үй-бүлөлөрүн Кадыр түн алдында тамак-аш менен камсыздашты. Аталган кайрымдуулук акциясына демөөрчүлүктү Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек” фракциясы кылды. Эки тараптуу кызматташуунун негизги максаты - кызматкерлерге аз да болсо жардам берилип, ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү. Бөлүм башчысы Ардакбек Каныбековдун айтымында, быйылкы окуу жыл ичинде эле аталган бөлүм жалпысынанан 60тан ашуун жаш кызматкерлерге жана 200дөн ашуун студенттерге ар кандай материалдык жардамдарын көрсөттү.

 

Кайрат кылыңыз, урматтуу Апал Оморбаевна!

00

2022-жылдын 17-апрель күнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ардактуу кызматкери, медицина илимдеринин доктору, ортопедиялык стоматология кафедрасынын профессору, СССРдин бокс боюнча эмгек сиңирген чебери жана эл аралык судьясы Абдумомунов Абдыкалил Оморбаевич 69 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына жана карындашы ф.и. к., доцент Абдимомунова Апал Оморбаевнага терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Страница 8 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 137 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары