Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кесиптик колледжде “Кыргыз бол!”деген темада таймаш өткөрүлдү

00

2023-жылдын 25-майында кесиптик колледждин котормо иш бөлумунун биринчи курстарынын ортосунда "Кыргыз адабияты" сабагы боюнча “Кыргыз бол!”деген темада таймаш болуп өттү. Иш-чара жаш муундарды кыргыз нарк-дөөлөттөрүн улап кетүүгө үйрөтүү максатында уюштурулуп, "Саламдашуу", "Макалдар", "Элдик салт", "Ч.Айтматовдун чыгармалары", "Элдик бий", "Элдик инструментте ойноо", "Элдик ыр", "Фольклордук чыгармалар", "А.Осмоновдун обондуу ырлары", "Сыноо үчүн суроо" жана "Дастан айтуу" деген тапшырмаларды камтыды. Таймаштын жыйынтыгы менен ИЯ-1-22 группасы биринчи, ПД-3-22 группасы экинчи орунду ээледи.

 

Матфактын жамааты Бакыт Кадыровду Дүйнөлүк чемпионатта коло медалдын ээси болушу менен куттуктайт!

00

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2023-жылдын 20-21-май күндөрү Россиянын Ессентуки шаарында Full Contact Federation версиясы боюнча болуп өткөн Дүйнөлүк чемпионатка 84 кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында 3-орунду ээледи. Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны коло медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт! Улуттук университеттин окутуучулары жана студенттери Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат!

 

Сыйлык берүү боюнча эксперттик комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

00

Ректордун 2023-жылдын 23-январындагы №6-буйругу менен түзүлгөн Улуттук университеттин сыйлык берүү боюнча эксперттик комиссиясынын кезектеги отуруму 22-май күнү саат 11.00дөн 14.00гө чейин болуп өттү.  Комиссия мүчөлөрү 31-май күнү белгилене турган университеттин түзүлгөн күнүнө карата окуу жайдын сыйлыктарына 11 (он бир) номинация боюнча сунушталган талапкерлерди тандашып, аталган процесс Окумуштуулар Кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы отурумунда айрым өзгөртүүлөр менен кабыл алынган Жобонун негизинде жүргүзүлдү. 

 

Математика жана информатика факультетинде волейбол боюнча "Декандын кубогу" ойнотулду

002023-жылдын 22-май күнү 6-окуу имаратынын спорт залында студенттердин ден соолугун чыңдоо жана факультеттер аралык өткөрүлүүчү турнирге курама команданы түзүү максатында математика жана информатика факультетинде волейбол боюнча турнир өткөрүлдү. “Декандын кубогу” ойнотулган мелдешке 6 команда катышып, турнирдин соңунда факультет деканы Изат Усенов оюндар жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, жеңүүчү командага кубокту салтанаттуу түрдө тапшырды. "Мыкты оюнчу", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты коргоочу" номинациясына татыган студенттерге Изат Абдраевич мактоо баракчаларын жана өз эсебинен акчалай сыйлыктарды тапшырды.

 

Улуттук университетте Жедигер Саалаевдин “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” аттуу китебинин бет ачары болду

00

2023-жылдын 19-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында юридика илимдеринин кандидаты, КР Конституциялык сотунун экс-судьясы, белгилүү акын жана журналист, коомдук ишмер Жедигер Саалаевдин “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен салтанаттуу ачылып, фольклордук ансамбль “Маш ботой” күүсүн аткарган соң, жыйындын модератору Кубат Оторбаев КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго сөз берди. Ал жаңы китептин авторун сыйлап, анын чыгармачылыгын сыйлап, о.э. Улуттук университетти сыйлап иш-чарага келип берген конокторго ыраазычылык билдирип, Жедигер Саалаевге Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы чечими менен ыйгарылган "КУУнун ардактуу профессору" наамынын аттестаты менен академиялык мантиясын тапшырды.

 

КУУда “Аң-сезимдеги трансформация жана руханий адеп-ыймандык баалуулуктар” аталышындагы илимий конференция болуп өттү

00

2023-жылдын 19-май күнү санариптик технологиялар борборунда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк  жөнүндө” жарлыктарын турмушка ашыруунун алкагында “Аң-сезимдеги трансформация жана руханий адеп-ыймандык баалуулуктар” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Кыргыз улуттук университети, Улуттук уилимдер академиясы жана “Кыргыз жолу” биргелешкен руханий коому тарабынан уюштурулган иш-чарага белгилүү окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышты. Конференциянын жүрүшүндө технологиялар өнүккөн азыркы замандагы адамдардын аң-сезиминдеги жана руханий адеп-ыймандык баалуулуктардагы трансформацияга байланышкан маселелер талкууланды.

 

Улуттук университетте Д 07.23.671 диссертациялык кеңешинин алгачкы отуруму болду

00

2023-жылдын 19-майында башкы имараттагы конференц-залда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын 2023-жылдын 10-майындагы №18-буйругу менен түзүлгөн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтуна караштуу Д 07.23.671 диссертациялык кеңешинин алгачкы отуруму болуп, аталган кеңештин төрагасы Өскөн Осмонов алып барган жыйындын жүрүшүндө уюштуруу маселелери каралды.

 

КУУда мамлекеттик тилди ЖОЖдо окутуу боюнча илимий-практикалык жана окуу-методикалык семинар болуп өттү

00

2023-жылдын 19-май күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Мамлекеттик тилди жана адабиятты ЖОЖдо окутуу: азыркы абалы, тажрыйбалар, ойлор, көйгөйлөр” аттуу педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу боюнча илимий-практикалык жана окуу-методикалык семинар болуп өттү. Иш-чараны факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Гүлмира Осмоналиева ачып, семинардын максаты жана күтүлүп жаткан натыйжалар тууралуу билдирүү жасап, сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. Ал Улуттук университет өзгөчө статус алгандыгына байланыштуу алдыда чоң өзгөрүүлөр болоорун, ошондуктан бардык нерсеге даяр болуш керек экендигин айтып, "Бүгүнкү отурумда темага коюлган көйгөйлөрдү чечиш үчүн, жагдайларды жакшыртыш үчүн стандарттуу эмес сунуштар айтылып, жакшы жыйынтык болот деген ойдомун", - деди.

 

Башкы имараттагы “байкалбаган” жагымдуу өзгөрүүлөр

00

Ушул жуманын башында башкы имараттын фойесинен экинчи кабатка көтөрүлүүчү тепкичтин каршысындагы тээ имарат курулгандан бери турган эски, жепирейген жыгач терезелерди заманбап, темирден жасалган чоң терезелерге алмаштыруу иштери аяктап, терезенин ортоңку бөлүгүндөгү айнекке университет ысымын алып жүргөн Жусуп Баласагындын чоң сүрөтү тартылып, “Кут билимден” алынган учкул сөздөрү жазылды. Ал эми окуу жайдын түндүк тарабында жайгашкан окуу имараттарынан, жатаканалардан башкы имаратка карай келген жолдун бир бөлүгүнө брусчатка жаткырылып, анын эки тарабындагы какырап, бош жаткан жерлерге арча, туянын көчөттөрү отургузулду жана газон чөбү себилди.

 

Каныбек уулу Ардакбек КУУнун кесиптик колледжинин директору болуп дайындалды

00

Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен Каныбек уулу Ардакбек КУУнун кесиптик колледжинин директору болуп дайындалды. Жаңы жетекчини колледждин педагогикалык жамаатына 2023-жылдын 18-майында окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев тааныштырды. Жыйындын башында ал мурдагы директор Болотбек Байысов арызынын негизинде 2023-жылдын 15-майынан баштап өз каалоосу менен кызматынан бошотулганы жана жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Каныбек уулу Ардакбек 2023-жылдын 16-майынан тартып которуу шарты менен кесиптик колледждин директорлугуна дайындалганы тууралуу ректордун буйруктарын окуп берди.

 

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

00

2023-жылдын 17-май күнү башкы имараттагы конференц-залда Тарых жана чөлкөм таануу институтунун ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жыйынды институттун директорунун м.а. Туратбек Сырдыбаев ачып, өзү жетектеген түзүм тууралуу кыскача баяндама жасап, мурдагы Тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясын түзүү боюнча сунуш киргизди жана сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. Ал убакыт таап жолугушууга келген бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, Улуттук университетти алдыга жылдыруу боюнча ар кандай форматтагы, ар кандай багыттагы, ар кандай мүнөздөгү сунуштар келип жатканын айтып, "Бүгүнкү жыйында айтылуучу ой-пикирлер дагы бери болгондо тарых факультетин, тарых илимин, ары болгондо Улуттук университетти өнүктүрүүгө салым кошот деп ойлойм", - деди.

 

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттери өндүрүштүк практиканын отчетун тапшырышты

002023-жылдын 15-майында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Программалык инженерия» багытынын 4-курс студенттери өндүрүштүк практиканын отчетун тапшырышты. Иш-чарага Карьера жана практика жана борборунун директору Замир Бакалбаев, институттун директорунун м.а Бактыгүл Баратова жана кафедра башчысы Батыйгүл Баячорова катышты. Студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары менен бөлүшүп, отчетторун жогорку деңгээлде жакташты жана татыктуу бааларын алышты. Жыйындын башында Замир Бакалбаев чыгып сүйлөп, мыкты карьера жасаш үчүн кандай окуп, кантип практикадан өтүш керектиги жөнүндө студентерге маалымат берди.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Кашка-Суу эс алуу жайына барып келишти

0

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери 2023-жылдын 14-майында Кашка-Сууга барып эс алып келишти. Окуу жылынын аягында мындай иш-чара студенттер арасындагы ынтымакты, биримдикти күчөтүү максатында уюштурулду. Факультеттин студенттик кеңеши өзүнө жоопкерчилик алып, 1-2-3-курстун студенттерин чогултуп, аталган иш-чараны мыкты деңгээлде өткөрүштү. Студенттер өлкөбүздүн жаратылышы чындыгында аябай кооз экенине дагы бир ирет күбө болуп, бийик-бийик тоолордон дем-күч алып кайтышты. Албетте, иш-чара ыр, бий, оюн-зоок менен коштолуп, студенттер үйлөрүнө жогорку маанайда кайтышты.

 

Педколледждин окутуучулары Жалал-Абад шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык симпозиумга катышты

00Профессор И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин окутуучулары А.А.Эгамбердиева менен Д.С.Жылчиева "Адабий окуу" предметинин негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент  Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин педагогикалык ишмердигинин 40 жылдыгына жана 60 жаш мааракесине карата 2023-жылдын 12-13-май күндөрү Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү, дене-тарбиясы жана жарандык аң-сезими - учурдун өзөктүү маселеси” аттуу XII эл аралык илимий-практикалык симпозиумга активдүү катышып, илимий баяндамаларды жасашты. Иш-чарага Филиппинден, Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, о.э. Кыргызстандын бардык облустарынан мугалимдер, илимпоздор, усулчулар, тийиштүү мамлекеттик кызматчылар, коомдук ишмерлер жана активисттер катышышты.

 

Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери самбо боюнча мелдеште байгелүү орундарды ээлешти

00

Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк менен директордун окуу иштери боюнча орун басары Гүланда Алдашова Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өткөрүлгөн самбо боюнча жаштар арасындагы чемпионатында байгелүү орундарды багындырган Зияпова Айкөл менен Карабаева Айжамалды жараткан ийгиликтери менен куттукташты. Экинчи курстун студенти Зияпова Айкөл 80 килограмм салмак категориясында 1-орунду ээлесе, биринчи курстун студенти Карабаева Айжамал 3-орунга татыган. Жеңүүчүлөрүбүз атайын диплом жана медаль менен сыйланышкан. Институттун профессордук-окутуучулук курамы сыймыктуу студенттеринин окууларына жана иштерине ийгилик каалайт!

 

Кесиптик бирлик комитетинин КУУнун кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрүнө кайрылуусу

00

Урматтуу кесиптештер! КУУнун кесиптик бирлик комитети 2023-жылдын 18-апрелинде болуп өткөн отчеттук-шайлоо конференция менен түздөн-түз байланышкан акыркы окуяларды жана көрүнүштөрдү тынчсыздануу  менен кабыл алууда. Аталган конференциянын жүрүшүндө кесиптик бирлик комитетинин төрагасын жаңы беш жылдык мөөнөткө шайлоо процессинде абсолюттук азчылыкка кирген адамдар тобу негизсиз, эч нерсе менен тастыкталбаган жана жөн эле жалган, провокациялык билдирүүлөрү менен КУУнун кесиптик бирлигинин отчеттук мезгилдеги көп кырдуу ишин дискредитациялоого гана эле эмес, университеттеги моралдык-психологиялык абалды туруксуздаштырууга багытталган максаттуу  иш-аракеттерин жүргүзүп жатышат деген ойдобуз.

 

Ректор кыргыз филологиясы факультети өткөргөн илимий конференцияда мыкты баяндама жасаган студенттерге дипломдорду тапшырды

00

2023-жылдын 13-май күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда “Кыргыз адабияты, котормо иши жана билим берүүсү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-тажрыйбалык конференцияда мыкты баяндама жасаган студенттерге дипломдорду тапшыруу аземи болду. Иш-чараны кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев ачып, аталган конференциянын пленардык отуруму 20-апрелде чоң жыйындар залында, ал эми секциялык отурумдары жагдайга байланыштуу (эвакуация) онлайн түрүндө болуп өткөнүн, бүгүн болсо ошол конференциянын жыйынтыгы чыгарылып жатканын билдирди жана мыкты баяндама жасаган студенттерге дипломдорду тапшырүү үчүн сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. 

 

Химия жана химиялык технология факультетинде бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү

00

2023-жылдын 12-майында химия жана химиялык технология факультетинде бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп, иш-чарага бүтүрүүчүлөр Жумабеков Асан, Исматиллаев Сүймөнкул жана Самакбаева Мадина катышты. Коноктор сөз сүйлөп, студенттер баяндама жасап, концерттик программа көрсөтүлгөн соң, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Сайра Сабыралиева бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык каттарын, ал эми активдүү катышкан студенттерге грамоталарды тапшырды. Иш-чара ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышуу, алар менен студенттердин ортосунда байланыш түзүп, биргеликте илимдин өнүгүшүнө салым кошуу максатында өткөрүлдү.

 

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 2 студенти "Профессор Гульмира Мамбеталиева атындагы стипендияга" ээ болушту

00

2023-жылдын 12-май күнү тарых жана чөлкөм таануу институтунун  3-курс студенттери Баетова Айгерим  менен Бауль кызы Нурият окуу, илимий жана коомдук иштер жаатында активдүү иш алып барып, эл аралык конференцияларга жигердүү катышкандыгы үчүн "Профессор Гульмира Мамбеталиева атындагы стипендияга" ээ болушту. Баетова Айгерим о.э. 2022-жылы "КМШнын мыкты студенти" наамына татыктуу болгон. Сыйлыктарды тапшыруу аземи “Дордой” бизнес борборунда өтүп, сертификат, белектер жана стипендияны белгилүү коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков тапшырды. Ал студенттерге узун өмүр, чың ден соолук, ийгилик каалап, илим жаатында профессор Гульмира Мамбеталиеванын жолун жолдооруна тилектеш экендигин билдирди.

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Астанада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда баяндама жасады

00

2023-жылдын 12-майында кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Астана шаарында болуп өткөн "Евразийский мир: история, культура, ценности" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, "Цивилизация народов алтайского происхождения: общности и взаимодействия языков" аттуу илимий баяндама жасады. Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин илим комитетинин философия, политология жана дин таануу институту жана М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин казак филиалы тарабынан уюштурулган иш-чарага Россия, Казактан, Кыргызстандан окумуштуулар катышты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Жеңиш күнүнө карата уюштурулган ыр сынактын жыйынтыгы чыгарылды

00

2023-жылдын 12-май күнү кыргыз филологиясы факультетинде "Жаш толкундар" адабий ийрими тарабынан Жеңиш күнүнө карата уюштурулган "Аталарга таазим" аттуу факультеттер аралык ыр сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, кыргыз филологиясы факультетинин студенти Алмазбек кызы Сезим 3-даражадагы, география, экология жана туризм факультетинин студенти Таалайбек уулу Нуртилек 2-даражадагы, юридикалык институттун сот адилеттиги, прокурордук  жана укук коргоо ишмердүүлүгү факультетинин студенти Даминбаев Дастан 1-даражадагы диплом менен сыйланды. 

 

Торколуу тоюңуз кут болсун, урматтуу Гульнара Борубаевна!

00

Урматтуу Гульнара Борубаевна! Сизди Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректораты жана окуу башкармалыгынын эмгек жамааты 60 жылдык торколуу тоюңуз менен чын жүрөктөн куттуктайт. Биз Сизди ардактуу кесиптеш эле эмес, иштин көзүн билген жетекчи, кадырман аялзаты катары жакшы билебиз. Сиз университеттин окуу процессине кредиттик системаны киргизүүгө, билим берүү системасында бир катар нормативдик документтерди түзүүгө активдүү катышып, студенттердин билимин баалоонун жаңы системасын киргизүү менен «Студенттердин рейтинги» программасын иш жүзүнө ашырып, университеттин өсүп-өнүгүшүнө зор салым коштуңуз. 

 

Журналистика жана коммуникация институту уюштурган “Мен репортёр” видеороликтер сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

00

2023-жылдын 11-майында башкы окуу имаратындагы кичи жыйындар залында журналистика жана коммуникация институту тарабынан уюштурулган “Мен репортёр” видеороликтер сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланган сынак быйыл USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долборунун жана “Кыргыз Жаш күч” коомдук уюмунун өнөктөштүгү менен уюштурулду. Салтанаттуу иш-чараны журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк ачып, сынактын маанилүүлүгүнө жана актуалдуулугуна токтолуп, кургак учук илдетинин көрсөткүчү жогору болгон өлкөнүн экономикалык, социалдык абалы төмөн дегенди түшүндүрөөрүн, ошондуктан дартты айыктыруу мүмкүн экендигин, калкка, элге туура маалымат жеткирүүдө болочок журналисттердин орду чоң экендигин баса белгиледи.

 

Проректор Гүлбара Сыдыкова менен доцент Назгуль Турдубаева Туркиядагы Эл аралык форумдарга катышты

00

2023-жылдын 3-7-май күндөрү инвестиция боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова менен кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева Туркиянын Анталия провинциясындагы Кемер шаарында өткөн XIV Эл аралык билим берүүнү башкаруу форумуна жана EYFOR-14 мугалимдердин конгрессине катышышты. Гази университети жана Билим берүү администраторлорунун жана эксперттеринин ассоциациясы (EYUDER) тарабына уюштурулган жыйында Гүлбара Сыдыкова Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы билим берүү, КУУнун максаттары жана багыттары тууралу айтып, катышуучуларга ректор Төлөбек Абдырахмановдун видео куттуктоосу менен КУУнун слайдын көрсөттү. Ал эми Назгүл Турдубаева “Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги мугалим жана анын азыркы учурдагы абалы тууралу” баяндама жасады.

 

Страница 6 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 177 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары