Ишемби, Июль 27, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кесиптик колледжде “Котормо иши” бөлүмүнүн 2-курс студенттеринин негизги практикасынын жыйынтыгы чыгарылды

00

2023-жылдын 8-июнунда кесиптик колледжде “Котормо иши” бөлүмүнүн 2-курс студенттеринин негизги практикасынын жыйынтыгы чыгарылып, студенттер практика боюнча отчетторун жакташты. Алар практика учурунда алган билимдери, жетишкендиктери тууралуу бөлүм башчысы Н.К.Куртубаева, методика жана практика боюнча директордун орун басары Р.А.Отонбаева жана жетекчи мугалим Г.А.Жалиловага айтып беришти. Студенттер пайдалуу иш-чараларды, кызыктыруучу мелдештерди өткөрүүдө практика өтүү үчүн бөлүштүрүлгөн мекемелердин арасынан “Эл аралык өнүктүрүү борбору” коомдук фонду менен “Флоренс трэвел” туристтик компаниясын баса белгилеп, кесиптик колледждин директору Каныбек уулу Ардакбек “Florence travel” туристтик компаниясынын директору Ботбаева Акбаян Халиевнага келечекте котормочулук кесипти аркалаган студенттерге котормо жаатында жемиштүү, пайдалуу маалыматтарды жогорку деӊгээлде үйрөтүүдөгү талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык катын тапшырды.

 

Фундаменталдык илимдер институтунда «Жасалма интеллект» илимий-изилдөө борбору ачылды

00

2023-жылдын 8-июнунда 3-окуу имаратынын 3-кабатында Фундаменталдык илимдер институтунун «Жасалма интеллект» илимий-изилдөө борбору ачылды. Борбордун алдына тартылган кызыл лентаны Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков менен КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов кесишти. Андан кийин, аземдин катышуучулары илимий изилдөө борборунун "Прикладдык изилдөөлөр жана робототехника", "Жасалма интеллект жана Big Data", "R&D (Изилдөө жана өндүрүү)" деп аталган лабораториялары менен таанышып чыгышты. Борбордун структурасы, алдына коюлган милдеттер жана аткарылып жаткан иштер тууралуу Фундаменталдык илимдер институтунун директору Амантур Рыспаев айтып берди. 

 

Кыргыз филологиясы факультетинде бүтүрүү кечеси болуп өттү

00

2023-жылдын 7-июнунда кыргыз филологиясы факультетинде «Ак жол сага, филолог!» аттуу бүтүрүү кечеси болду. Иш-чарада мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде адистигинин КТАОМ-1-18 тайпасынын студенттери жана куратору доцент Бешкемпирова Айнура тарабынан чакан концерт көрсөтүлүп, студенттерге билим-тарбия берген окутуучуларга ыраазычылык, жылуу пикирлер билдирилди. Факультеттин коомдук иштерине активдүү катышкан, окууда ийгиликтерге жетишкен айрым студенттерге факультет деканы Бакыт Жайлообаев грамоталарды тапшырды. Иш-чаранын соңунда профессор-окутуучулар бүтүрүүчүлөргө жакшы каалоо-тилектерин  билдирип, жолдору шыдыр, кесипкөй адис болушуна тилектеш экендигин айтышты. Бул салтты алгачкылардан болуп баштаган тайпа кызыл дипломду кийинки курстарга эстафета ирээтинде өткөрүп берди.

 

Көрүнүктүү окумуштуу жана педагог, профессор, тарых илимдеринин доктору Виктор Яковлевич Бутанаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

00

Кыргызстандын билим берүү тармагы, этнография илими оор жоготууга учурады. Орусиялык чыгыш таануучу, хакас элинин заманбап тарыхчы окумуштуусу жана педагогу, профессор, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2002), Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2006), "Теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары" деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу, "Даңк" медалынын,  III даражадагы "Манас" орденинин ээси, Кыргызстандагы айрым  университеттердин ардактуу профессору болгон Виктор Яковлевич Бутанаев 2023-жылы 5-июнда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

 

Улуттук университетте Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленди

0

2023-жылдын 5-июнь күнү Улуттук университеттин башкы имаратынын алдындагы аянтчада жана чоң жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилөөгө байланышкан иш-чаралар болуп өттү. Жусуп Баласагындын эстелигинин алдына боз-үйдү элестеткен арт-инсталляция орнотулуп, башкы имараттын фойесине сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. “Туруктуу келечек үчүн бирге” деп аталган бул күндү белгилөө концепциясынын негизги максаты – ысырапкорчулукту азайтуу жана жаратылыш ресурстарын сактоо аркылуу туруктуу келечекке карата жамааттык иш-аракеттерге дем берүү. Иш-чарага Бишкектеги окуу жайлардын студенттери менен экоактивисттер катышты. 

 

«Философия», «Саясат таануу» жана «Мамлекеттик кызмат» адистиктерин аяктаган бүтүрүүчүлөр 20 жылдан кийин жолугушту

00

2023-жылдын 3-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында «Философия», «Саясат таануу» жана «Мамлекеттик кызмат» адистиктерин окуп аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага ал кездеги мамлекеттик башкаруу жана социалдык изилдөөлөр институтуна 1998-жылы тапшырып, 2003-жылы аяктаган 60тан ашык бүтүрүүчүлөр, аларга сабак берген окутуучулар жана коноктор катышты.  Жыйынды модератор Айтбаев Азамат ачып, өткөрүлүп жаткан жолугушуунун кыскача максаты жөнүндө маалымат берип өттү. Андан соң кезек куттуктоо сөздөргө берилип, алгач КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов чыгып сүйлөдү. 

 

Америкалык тренерлер педагогика институтунун окутуучуларына семинар өтүштү

00И.Исамидинов атындагы Педагогика институтунун филологиялык жана социалдык экономикалык билим берүү кафедрасында семинар-тренинг өткөрүлдү. Чет тили окутуучулары тарабынан уюштурулган иш-чарага Американын Техас штатынан келген Гарри Дарси менен Клифф Дарси жана «Камкордук» коомунун өкүлү Темирлан катышып, кафедранын студенттерине "Ийгиликке жетишүүнүн жолдору жана кандай адам өз кесибинин лидери боло алат" деген темада абдан мазмундуу, кызыктуу жана маанилүү тренинг өтүштү. Семинарга катышкан ар бир студент мазмундуу маалыматтарды алып, келген конокторго жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттери археология, этнография жана музеология боюнча практикадан өтүштү

00Тарых жана чөлкөм таануу институтунун “Тарых жана музеология” багытындагы 1-курс студенттери 15-майдан 3-июнга чейин археология, этнология, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасынын башчысы Темирлан Чаргыновдун жетекчилиги жана кафедранын жооптуу окутуучуларынын катышуусу менен Ысык-Көлдө археологиялык жана этнографиялык практикадан өтүп келишти. Практиканын лагери Бостери айылындагы университеттин пансионатында жайгаштырылып, теориялык билимдерди практика жүзүндө текшерүүгө шарт түзүлдү. Кафедарынын тажырыйбалуу археологдору студенттерди ачык асман алдында жайгашкан петроглифтер менен тааныштырып, алар менен биргеликте чалгындоо иштерин жүргүзүп, археологиялык казуу иштеринин ыкмаларын үйрөтүп, андан соң казуу иштерин жүргүзүштү.

 

Журналистика жана коммуникация институтунун 1993-жылкы бүтүрүүчүлөрү жолугушту

002023-жылдын 2-июнь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында журналистика жана коммуникация институтунун 1993-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болду. Жыйынга мындан 30 жыл мурун ал кездеги филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган 20дай бүтүрүүчүлөр катышты. Алар ЖКИнин азыркы абалы менен таанышкан соң, мындан 30 жыл мурдагы студенттерине профессор Абдыганы Халилов дагы бир жолу "символикалуу сабак" өттү. Жыйындар залындагы иш-чара көзү өтүп кеткен курсташтарды эскерүү менен башталып, студенттик күндөр тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

 

ЖКИнин окутуучулары чек арадагы куралдуу кагылышууларды чечүү жолдоруна арналган кереге кеңешке катышты

00

Журналистика жана коммуникация институтунун профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү КР Коргоо министрлигинин буйрутмасы жана Билим берүү жана илим министрлигинин “Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы аскердик-саясый мамилелердин заманбап көз караштарын жана көйгөйлөрүн изилдөө жана мүмкүн болгон чек арадагы куралдуу кагылышууларды жөнгө салуу» долбоорунун алкагында  мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети тарабынан ѳткѳрүлгөн “Кыргыз Республикасында чек арадагы куралдуу кагылышуулар: көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору” аттуу кереге кеңешке катышты. Иш-чарага инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, журналистика жана коммуникация институтунун, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, магистранттар жана студенттер катышты.

 

ЖКИнин “Телевидение” багытынын бүтүрүүчүлөрүнүн квалификациялык иштери УТРК менен 7-каналдын эфиринде көрсөтүлөт

00

Журналистика жана коммуникация институтунун “Телевидение” багытынын 4-курсунун студенттеринин квалификациялык чыгармачыл иштери мамлекеттик аттестациялык комиссиянын сунушу менен УТРК менен 7-каналдын эфиринде көрсөтүүгө сунушталды. Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен “Телевидение” багыты боюнча 22 квалификациялык иш ийгиликтүү жакталды. Алардын 17си "эң жакшы" деген баага татыса, калган 5 иш "жакшы" деген баасын алышты. 7-каналдын башкы директору Илиязбек Балташев жана журналист, алып баруучу, филология илимдеринин кандидаты Кыял Шаршеева баштаган мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү бүтүрүүчүлөрдүн чыгармачылык иштери профессионалдуулук жактан сапаттуу экендигин баса белгилешти. Албетте айрым иштер боюнча өздөрүнүн пикири менен да бөлүшүштү.

 

Матфакта бүтүрүүчүлөрдүн квалификациялык иш алдындагы практикасы жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 30-май күнү 6-окуу имаратынын 126-жыйындар залында математикалык анализ, дифференциалдык теӊдемелер жана академиик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТжЖМО  кафедраларынан  квалификациялык иш жазышкан 4-курстун бүтүрүүчүлөрү практиканын жыйынтыкталышына байланыштуу өз отчетторун беришти. Жыйынга факультет деканы проф. Изат Усенов, «МА» кафедра башчысы проф. Керим Бараталиев жана «ДУ» кафедрасынын доценти Джылдыс Акерова катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Таалайбекова Айжаркын, Каниетова Нуржаз өз баяндамаларында квалификациялык иштеринин мазмууну, теориялык жана практикалык колдонулушу тууралуу айтышып, ийгиликтүү жактоого даяр экендиктерин билдиришти.

 

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жамааты кесиптештерин юбилейлери менен куттуктайт

00Урматтуу Таалайгуль Бакаевна! Сизди 60 жаш кутман курагыңыз менен чын дилден куттуктайбыз! Сиз ааламдагы эң ардактуу кесиптин ээсисиз! Караңгы түндү жарык кылган Ай сымал, жашоого жарык нур чачып, жер бетине жан киргизген Күн сыяктуу Адам баласынын жан дүйнөсүнө акыл кенчин, мээримин, дилин, дитин арнаган, адамды аруулукка үндөгөн асыл адамсыз! Билим берүү кызматында жана илимде талыкпас эмгек этип, тек гана жакшы жаңылыктын, ийги иштердин күбөсү болуу менен, жалпы жаш муунга, бүтүн кыргыз элине үлгү көрсөтүп, ааламга акыл жарыгын арнап, элге-журтка ак кызмат өтөй беришиңизге тилектешпиз. Сизге чың ден соолук, үй бүлөлүк бакыт-таалай, узун өмүр, ачык көңүл, түгөнбөгөн энергия.

 

Улуттук университетте “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аталышындагы республикалык форум болуп өттү

00

2023-жылдын 30-май күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт департаменти тарабынан уюштурулган “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аталышындагы республикалык жаштар форуму болуп өттү. Улуттук баалуулуктарды, нарк насилди жаштар арасында жайылтуу менен катар алардын илимге, билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана мекенчилдик сезимдерин өнүктүрүү максатында Кыргыз улуттук университети менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, өлкөбүздүн бир катар жогорку окуу жайларынан келген студенттер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Форумдун алдында келген коноктор Ж.Баласагындын эстелигине гулчамбар коюшуп, башкы имараттын фойесинде уюштурулган «Мен сени сүйөм, өмүр» аттуу сүрөт коргөзмө менен таанышты.

 

АГТжЖМО кафедрасынын окутуучулары менен студенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты

002023- жылдын 29–май күнү математика жана информатика факультетинин академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын эмгек жамааты жана студенттери кафедра башчысы Бекболот Канетовдун демилгеси менен «Ата–Бейит» мемориалдык комплексине барышып, 1916-жылкы Үркүн каргашасында каза болгондорго, 1930–1937–жылдардагы репрессияга кабылгандарга, заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айматовго жана 2010–жылы Апрель революциясынын баатырларына куран окушуп, эстеликтерине таазим этип, гүлдестелерди коюшту.

 

Эки министрлик Универсиадада 2-орунду ээлеген КУУнун курама командасын белгилеп, ректорго ыраазычылык билдирди

00

2023-жылы жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн Универсиаданын жыйынтыгы жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чогуу чыгарган буйрукта аталган мелдешке ийгиликтүү катышып, жалпы командалык эсепте 2-орунду ээлегендиги үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин курама командасы белгиленип, Универсиаданын программасындагы спорттун түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүүгө мыкты шарттарды түзгөндүгү үчүн ректор Төлөбек Абдырахмановго ыраазычылык билдирилет. Урматтуу курама команданын мүчөлөрү! КУУнун ректораты, профсоюз комитети жана жалпы жамааты сиздерди аталган мелдеште жараткан зор ийгиликтериңиз менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт. Дене тарбия жана спорт академиясынын кийинки 2-орун биз үчүн биринчидей эле сезилет. Эмки Универсиадада чемпион болуңуздар!

 

СГИИнин доценттери Өзбекстандын улуттук университетинде өткөн конференцияга катышып келишти

002023-жылдын 24-27май күндөрү Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек, социология жана социалдык иш кафедрасынын башчысы Жусубалиев Абдыкайим, илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шайылдаева Асел, социология жана социалдык иш кафедрасынын доценти Кошбакова Батма жана психология кафедрасынын магистранты Усупова Ч.С. Ташкент шаарына барып, Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университетинде өткөн “Заманбап дүйнөнүн социалдык сүрөттөлүшү жана коомдук түзүлүштөрдүн трансформацияланышы” аталышындагы эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияга катышып, баяндамаларын жасап келишти. Иш-чаранын алкагында доцент Жусубалиев Абдыкайим аталган университеттин социология багытында окуган студенттерине конок лекциясын да окуду.

 

Геофактын 1,2-курс студенттери Ысык-Көлгө окуу-талаа практикасына жөнөп кетишти

00

География, экология жана туризм факультетинин "География, экология" жана "Жаратылыш жана туризм" багыты боюнча окуган 1,2-курс студенттеринин окуу жана талаа практикасы башталды. 2023-жылдын 29-майында 6-окуу имаратынын алдында факультеттин жетекчилиги жана карьера жана практика борборунун директору Бакалбаев З.М., башкы адиси Дунганаев Т.С. Ысык-Көлгө 5 жумалык практикага жөнөп жаткан студенттерге жыйын өткөрүп, коопсуздук маселелери, практиканын жол-жоболору тууралуу айтып беришти. Андан кийин студенттер менен жооптуу мугалимдер окуу-талаа практикасына жөнөп кетишти.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде чек арадагы куралдуу кагылышууларды чечүүнүн жолдору талкууланды

00

2023-жылдын 26-майында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде “Кыргыз Республикасында чек арадагы куралдуу кагылышуулар: көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору” деген аталыштагы илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага атайын чакырылган коноктор, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, магистранттар жана студенттер катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө абдан маанилүү баяндамалары менен УИАнын Мамлекет жана укук институтунун саясат таануу бөлүмүнүн башчысы, саяс.и.доктору Мамытов Т.Б., КР Географиялык коомунун президенти Аламанов С.К., КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтунун профессору Мадымаров Т.К., КР Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башкы адиси Жунусалиев Б.К., КР Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министирлигинин коомдук бирикмелер менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Раимбеков Б.Ж. катышты.

 

ЖКИ директору Ширин Костюк Чуваш Республикасындагы эл аралык кинофестивалга катышууда

00

Журналистика жана коммуникация институтунун директорунун м.а. Ширин Костюк 26-майдан 2-июнга чейин Чуваш Республикасынын борбору Чебоксары шаарында өтүп жаткан XVI эл аралык кинофестивалдын документалдуу фильмдер сынагына баа берген калыстар тобуна чакырылган. Аталган топто Россиянын белгилүү режиссерлору, продюсерлери, сценаристери В.Ахадов, С.Лаврентьев, И.Шахназаров, О.Конфедерат, И.Болотников, Г.Сыцко, И.Кудрявцев, А.Васильевдер бар. Масштабдуу кинофестивалга дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен көптөгөн фильмдер келип түшүп, алардын арасында Кыргызстандан 1 кыска метраждуу, 1 документалдуу фильм бар. 

 

КУУда ПКМДИнин негиздөөчүсү И.Исамидиновдун жаркын элесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болду

002023-жылдын 26-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту бул институттун негиздөөчүсү, п.и.д., профессор Исамидинов Искендер Чоңмуруновичтин жаркын элесине арналган «Педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасынын актуалдуу маселелери» аттуу V эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, К.Карасаев атындагы БМУнун, Казак Улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин, М.Х.Дулати атындагы Тараз регионалдык университетинин, Чуваш Республикасынын Билим берүү министрлигинин, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, С.Нааматов атындагы НМУнун, БатМУнун, А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын, Каракол шаарынын №6 ЖОББ ж.б. мектептердин өкүлдөрү катышты.

 

КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин жамааты кесиптик багыт берүү иш-чараларын өткөрүштү

00

2023-жылдын 20-22-май күндөрү КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин жамааты чөлкөмдүн мектептерине барып, 2023-2024-окуу жылына карата кесиптик багыт берүү иш-чараларын өткөрүштү. Алар бүтүрүүчүлөргө Кыргыз улуттук университетинде кайы багыттар жана адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүзүлө тургандыгы, университетте билим алуу менен бирге кандай ийгиликтерди багынтууга болоору жөнүндө, о.э. чет өлкөлөрдө билим алууну улантууга мүмкүнчүлүктөр бар экендиги тууралуу айтып беришти. Келечек ээлерине кесипке багыт берүү иш-чарасы ийгиликтүү аяктады. Абитуриенттер кеӊири маалымат алышып, Улуттук университетке тапшыра тургандыгын билдиришти.

 

Улуттук университетте илим тармагынын абалы, келечеги жана өнүгүү концепциясы талкууланды

00

2023-жылдын 26-майында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда "Илим тармагынын абалы, келечеги жана туруктуу өнүгүү концепциясы” темасында тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, о.э. жогорку окуу жайлардын ректорлору, Улуттук илимдер академиясынын институттарынын директорлору, илимпоздор жана эксперттер катышты. Жыйынды Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу алып барды.

 

КУУнун символдорун кайра жаңылоо боюнча түзүлгөн комиссиянын алгачкы отуруму болуп өттү

00

2023-жылдын 23-май күнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин символдорун (герб, желек, логотип) кайра жаңылоо максатында ректордун 2023-жылдын 17-май күнкү №254-буйругуна ылайык түзүлгөн комиссиянын алгачкы отуруму болуп өттү. Жыйында окуу жайдын символдорун жаңылоонун зарылдыгы жана аны ишке ашыруунун жол-жоболору каралды. Эскерте  кетсек, "Университеттин символикаларын иштеп чыгуу боюнча сынак өткөрүү жөнүндө" буйрукта аталган символдордун эскизин иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамы бекитилип, ал комиссияга сынактын жобосун иштеп чыгуу тапшырылган жана сынакты өткөрүү мөөнөтү аныкталган. 

 

Страница 5 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 170 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары