Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

ПКМДИнин окутуучулары педагогикалык жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары үчүн тренинг өтүштү

00

2023-жылдын 26-апрелинен 22-июнуна чейин И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо интитутунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы п.и.к., профессор Адылбек кызы Гулназ менен кафедранын ага окутуучусу Жуматаева А.С. педагогикалык жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары, методист-менторлору үчүн USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында 72 сааттык онлайн-тренинг өтүштү. Аталган тренингдин максаты - ЖОЖдордун, колледждердин окутуучуларын жана методист-менторлорду  башталгыч класстардын окуучуларын окууга жана жазууга дифференциациялап жана интеграциялап үйрөтүү боюнча окутуу.

 

Фундаменталдык илимдер институтунун директору Амантур Рыспаев Стамбулда жасалма интеллект боюнча окуу курсунунан өтүп келди

00

2023-жылдын 12-17-июнь күндөрү Фундаменталдык илимдер институтунун директору Амантур Рыспаев жасалма интеллект боюнча Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы окуу курсунан өтүп келди. Сапардын алкагында ал о.э. Европадагы 2-инкубация борбору деп эсептелген Стамбул техникалык университетиндеги "Arı Teknokent", Түркиянын Силикон өрөөнүндөгү "Bilişim Vadisi", түрк электромобилинин түзүлүшүн изилдөө боюнча "TOGG", коргонуу тармагында технологияны өнүктүрүү боюнча «Baykar Makina», о.э. "Türkiye Teknoloji Takımı Deneyap Atölyeleri", "DD Tech", "Kodris", "Fimple" сыяктуу Туркиянын эң алдыңкы жогоку технологиялык парктары менен таанышты.

 

Кесиптик колледжде 1-курс студенти Кайырбек Конурбаевдин 75 жылдыгы белгиленди

002023-жылдын 23-июнунда Кесиптик колледжде 1-курс студенти Кайырбек Конурбаевдин 75 жылдыгына арналган «Тарыхый-маданий мурастарды коргойлу» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайдын директору Ардакбек Каныбек уулу, анын орун басары Рахима Отонбаева, тарыхчы мугалимдер жана студентер катышты. Колледждин юридика бөлүмүнүн студенттери өздөрүнүн курсташын 75-жылдык мааракеси менен куттуктаган соң, тарых мугалими Таалайгүл Камбарова «Тарыхый-маданий мурастардын билим жана тарбия берүүдөгү ролу» деген темада баяндама жасады. Андан кийин, 75 жаштагы 1-курс студенти Кайырбек Конурбаев өзү чыгып, «Табышмактуу Кум Дөбө» деген кызыктуу презентация сунуштады. Жыйындын жүрүшүндө студенттер менен мугалимдердин ортосунда тарыхый-маданий мурастардын абалы, корголушу, тарых сабагын окутууда жаңы методикалык ыкмаларды киргизүү боюнча кызыктуу талкуу болду.

 

Ректор айтканын аткарып жатат!

00

Июнь айынан баштап 6А-окуу имаратынын биринчи этажында 102 орундуу компьютердик класс ишке берилди. Класс заман талабына ылайык жасалып, интернет, роутер үчүн кутулар, о.э. видеобайкоо камералары орнотулду. Видеобайкоо камералары о.э. мамлекеттик экзамен алынуучу аудиторияларга да орнотулду. Эскерте кетсек, окуу жылынын башында ректор Төлөбек Абдырахманов кесиптик колледж менен педагогика факультетинин эмгек жамааты жана студенттер менен жоолукканда «Азыркы санариптешүү мезгилинде ар бир студент компьютердик сабаттуулугун өнүктүрүшү керек», - деп белгилеп, окуу жылы аяктаганча компьютердик класстар оңдоп-түзөөдөн өтүп, жайкы каникул учурунда окуу имаратындагы жарактан чыккан эшик, терезелерди алмаштыруу иштери жүрөөрүн айткан.

 

КУУда “Педагогикалык маалымат каражаты - кут билим казынасы" аттуу илимий конференция болуп өттү

002023-жылдын 23-июнь күнү санариптик технологиялар борборунда “Кут Билим” гезитинин 70, “Эл агартуу” журналынын 95, “Русский язык в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык мааракесине арналган “Педагогикалык басма сөз-“Куттуу билим казынасы” аттуу республикалык илимий конференция болуп өттү. Совет заманында негизделип, эгемендик доордо да үзгүлтүксүз чыгып келаткан бул басылмалар ондогон жылдар бою билим берүү менен илим тармагынын маалыматтык жүгүн көтөрүп, улуттук педагогикалык акыл-ойдун өзүнчө бир интеллектуалдык казынасына айланды. Кыргыз интеллигенциясынын бүтүндөй муундарын бул басылмаларсыз элестетүү мүмкүн эмес.

 

Математика жана информатика факультетинде бүтүрүүчүлөрдү узатуу аземи болду

00

2023-жылдын 22-июнь күнү 6-окуу имаратынын 2-дарсканасында математика жана информатика факультетинин бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи болуп, жыйынга факультет деканы Изат Усенов, анын орун басарлары Бактияр Рахманкулов менен Фархат Назарбаев катышты. Декан студенттердин 4 жыл бою жакшы билим алышында факультеттин окутуучуларынын эмгеги зор экендигин баса белгилеп, бүтүрүүүлөр да келечекте кыргыз педагогикасына зор салым кошооруна ишенээрин билдирди. Окууну аяктап жаткан 4-курс студенттери Таалайбекова Айжаркын менен Каниетова Нуржаз окутуучу-профессорлор курамына өз ыраазычылыктарын айтышты. 

 

Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында доцент М.А.Сатыбекованын докторлук диссертациясы талкууланды

00

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында окуу жылдын аягы жакшы ийгилик менен коштолуп, п.и.к., доцент М.А.Сатыбекованын «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында биологиялык билим берүүнү модернизациялоонун теориясы жана практикасы» аттуу докторлук диссертациясын талкуулоо болду. Жыйынга педагогика илиминин көрүнүктүү өкүлдөрү: п.и.д., профессор Э.М.Мамбетакунов, п.и.д., профессор Н.А.Асипова, п.и.д., профессор Карабалаева, п.и.д., профессор Субанова М.С., М.Ж.Чоров жана Казахстан Республикасынын Абай атындагы университетинин профессору Ж.Б.Чилдибаев, д.п.н., профессор А.К.Чалданбаевалар катышып, кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында диссертация коргоого сунушталды. Талкууну институттун директору, психология илимдеринин кандидаты, доцент Камчыбек уулу Мырзабек алып барды.

 

Алмазбек Кыдыралиев Окуу башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды

00

Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен Юридикалык институттун экономика жана башкаруу факультетинин деканы, пед.и.к. Кыдыралиев Алмазбек Тойматович 2023-жылдын 21-июнунан тартып Окуу башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды. Жаңы жетекчини башкармалыктын жамаатына 21-июнь күнү окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев тааныштырды. Жыйындын башында ал Алмазбек Кыдыралиев тууралуу ректордун буйругун окуп, жаңы жетекчинин иштерине ийгиликтерди каалады. Алмазбек Кыдыралиев өз сөзүндө жооптуу кызматка дайындаганы үчүн КУУнун ректоруна ыраазычылык билдирип, көрсөтүлгөн ишенимди актоо үчүн талыкпай иштээрин билдирди.

 

6А-окуу имаратында 100 орундуу лекция окулуучу аудиторияны оңдоп-түзөө иштери башталды

00

2023-жылдын 26-майында  Жогорку Кенештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жана проректорлор менен биргеликте 6А-окуу имаратынын абалы жана шарты менен таанышып чыккан. Депутат имарат чындыгында оңдоп-түзөөгө муктаж экенин белгилеп, демөөрчүлүк кылуу менен өз каражатына 100 орундуу лекция окулуучу аудиторияны толук оңдоп-тузөп, андагы стул, парталарды жана досканы алмаштырып берүүнү убадалаган. Эл өкүлү айткан сөзүнө туруп, 2023-жылдын 19-июнунда аталган аудиторияны оңдоп-тузөө иштери башталды. 

 

Кесиптик колледжде видеобайкоо камералары жана коңгуроолор орнотулду

00Студенттер менен кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо жана окуу процессине оперативдүү көзөмөл жүргүзүү максатында кесиптик колледждин имаратына видеобайкоо камералары жана коңгуроолор  орнотулду. Окуу жайдын кире беришине жана ичине орнотулган техникалык жабдуулар кесиптик колледждин директору Каныбек уулу Ардакбектин жеке каражатына сатып алынды. Анын максаты - жаңы окуу жылында видео байкоо камераларын ар бир дарсканага орнотуу. Учурда орнотулган заманбап техникалар толугу менен иштөөдө.

 

Башкы имараттын батыш жана чыгыш жактарына кыргыз жана англис тилиндеги инсталляциялар орнотулду

002023-жылдын 19-июнь күнү кечки саат 18.00дө башкы имараттын батыш тарабындагы кашаа менен тосулган бакчанын ичине "КУУ ❤️ билим бешигим" аттуу инсталляция орнотулду, ал эми эки сааттан кийин "КNU ❤️ alma mater" деп аталган англис тилиндеги инсталляция имараттын чыгыш жагына орнотулду. Орнотулуп бүтө элек жатып студенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн сүрөткө түшүүчү жайына айланган жаңы конструкциялар университеттин көркүнө көрк кошуп, жакшы маанай тартуулап калды. Эскерте кетсек, инсталляциялар айрыкча түнкүсүн, тамгалардын ичиндеги лампочкалар күйүп, жарык бергенде өзгөчө кооз көрүнөт. 

 

Матфактын жамааты Бакыт Кадыровду Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болушу менен куттуктайт!

00

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров Combat ju-jutsu боюнча 2023-жылдын 15-16-июнь күндөрү Алматы шаарында болуп өткөн Азиялык чемпионатка 92 кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында 1-орунду ээледи. Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны алтын медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт! Улуттук университеттин окутуучулары жана студенттери Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат!

 

Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гулжамал Жаманкулова республикалык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады

002023-жылдын 16-июнь күнү кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Кыргыз эциклопедия жана терминология борбору жана Улуттук илимдер академиясы биргеликте уюштурган "Тактыкты талап кылган терминдер" аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияга катышып, «Кыргыз терминологиясы: кечээ, бүгүн жана эртең» деген темада баяндама жасады. Жыйында кыргыз терминологиясына байланыштуу маселелер талкууланып, аларды жөнгө салуу боюнча сунуштар айтылды. 

 

Басма сөз кафедрасынын 3-курс студенттери өндүрүштүк практика боюнча отчетторун тапшырышты

00

2023-жылдын 16-июнунда Журналистика жана коммуникация институтунун басма сөз кафедрасынын 3-курс студенттери өндүрүштүк практика боюнча отчетторун тапшырышты. Жыйынга Практика жана карьера борборунун директору Бакалбаев З.М., комиссия мүчөлөрү: басма соз кафедрасынын башчысы Джумагазиева Н.К., доцент Султаналиева А.С. жана ага окуутучу Мамышева Ж.А. катышты. ПКБ директору З.Бакалбаев студентерге практика - карьерага болгон бир кадам экендигин белгилеп, кесипкөй адис болуш үчүн керек болгон талаптар жөнүндө да айтып берди. Отчет тапшыруу учурунда студенттер практика учурунда алган билимдери, тажрыйбалары менен бөлүшүп, практиканын зарыл экендигин, болочок кесипке чоң мотивация берээрин белгилешти жана суроолорго жооп беришти. Коммисия мүчөлөрү айрым студенттердин кызыктуу отчетторун, алардын жетишкендиктерин белгилеп, кээ бир толуктоолорду сунушташты.

 

Матфакта 2-курс студентеринин өндүрүштүк практикасы жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 16-июнь күнү 6-окуу имаратынын 126-жыйындар залында математикалык анализ жана академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТжЖМО кафедраларынын 2-курс студентери өндүрүштүк практиканын отчетторун беришти. Жыйынга факультет деканынын окуу иштери боюнча  орун басары Фархат Назарбаев, аталган кафедралардын башчылары Керим Бараталиев менен Бекболот Канетов катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Балтабаева Бегимай менен Таалайбек уулу Жапар өндүрүштүк практика белгиленген график боюнча өткөнүн жана коюлган тапшырмалар так аткарылгандыгы тууралуу маалымат беришти.

 

Кайрат Осмоналиевге "КУУнун ардактуу доктору" наамынын диплому жана академиялык мантиясы тапшырылды

00

2023-жылдын 15-июнунда ректораттын жыйындар залында Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиевге "КУУнун ардактуу доктору" наамынын дипломун жана академиялык мантиясын тапшыруу аземи болду. Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Алайбек Шамшиев Элчи мырзага ардактуу наамды ыйгаруу жөнүндө Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 28-майындагы чечимин окуп берген соң, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Кайрат Осмоналиевге "КУУнун ардактуу доктору" наамынын дипломун жана академиялык мантиясын тапшырды. 

 

Илимий китепканага белгилүү илимпоз жана коомдук ишмер Кусейин Исаевдин китептери өткөрүп берилди

00

2023-жылдын 14-июнунда А.Таабалдиев атындагы илимий китепканада белгилүү социолог, педагог, илимпоз жана коомдук ишмер Кусейин Исаевдин “Кыргыз социологиясы” жана “Кыргыз жолу” китептерин китепкана фондуна өткөрүп  берүү аземи болду. Иш-чара Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек жана Илимий китепкананын директору Үмүт Казначиева жетектеген эки түзүмдүн эмгек жамааттарынын катышуусунда өттү. Жыйындын жүрүшүндө мударис агай К.Исаевдин социологиянын өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымы белгиленип, анын “Кыргыз социологиясы” китеби студенттер, окумуштуулар жана Кыргызстанда социологиянын калыптануу, өнүгүү жолуна кызыккандар үчүн маалыматтын баалуу булагы болуп саналаары айтылды.

 

Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2023-жылдын 14-июнь күнү санариптик технологиялар борборунда Улуттук университеттин Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаев алып барган жыйында "Юридикалык институттун жаңы структурасын бекитүү", "Студенттик жатаканалардын абалы жана төлөм акысы", ""2023-2024-окуу жылына билим берүүнүн акы төлөнүучү кызматтарына тарифтердин (баалардын) прейскурантын жана абитуриенттерди тейлөө кызматтары үчүн тарифтерди бекитүү", "КУУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн статусун эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментке өзгөртүү", "Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтундагы кафедраларды программаларга өткөзүү", "И.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда педагогикалык колледж ачуу", "Кыргыз-Кытай институтунун түзүмүндөгү өзгөртүүлөр" жана "Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында Агробизнести өнүктүрүү борборун ачуу" жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. 

 

Башкы имараттагы жагымдуу өзгөрүүлөр уланууда

00Бул жолку өзгөрүүлөр башкы имараттын чыгыш жана батыш тарабындагы клумбалардын, о.э. алардын каршысындагы кашаа менен тосулган бакчанын ичине орнотулган эстеликтерди камтыды. Ал эстеликтерди ары-бери өткөндө баарыбыз эле көрүп жүрчүбүз, бирок, качан, кимге коюлганын, кантип аталаарын жана авторлору ким экенин сырттан келген меймандар эле эмес, университетте иштеген кызматкерлердин да басымдуу көпчүлүгү билбейт болчу. Ушул жагдайды эске алып, Төлөбек Абдырахманов КУУга ректор болуп келгенден кийин эле, 2022-жылдын октябрь айынын башында, университеттин басма сөз кызматына эстеликтердин баарын сүрөткө тартып, окуу жайдын художниги Болот Чегебаевге берүүгө, ал кишиге болсо сүрөттөрдүн жардамы менен эстеликтердин аталышын, авторлорун ж.б.у.с. маалыматтарды тактоо боюнча  тапшырма берген. 

 

Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында Кытай Эл Республикасынан келген докторанттар менен жолугушуу болду

00

2023-жылдын 12-июнунда Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында Кытай Эл Республикасынан келген докторанттар менен жолугушуу болду. Жыйында кытай докторанттарын Улуттук университет менен тааныштыруу жана илимий жетекчилери менен жолуктуруу иштери жүргүзүлүп, жакынкы 3 ай ичинде аткарыла турган иштердин планы тууралуу маалымат берилди. Иш-чарага СГИИнин директоруну м.а. Камчыбек уулу Мырзабек жана ЖМП кафедрасынын башчысы Нурбүбү Асипова катышты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин бүртүрүүчүлөрү 30 жылдан кийинки жолугушту

002023-жылдын 10-июнь күнү кыргыз филологиясы факультетинде КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 1993-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болду. Иш-чараны бүтүрүүчү, кыргыз тил илими кафедрасынын доценти А.Табалдиева ачып, бүтүрүүчүлөрдүн студент кезиндеги  урунттуу учурларына кыскача токтолуп, ошол мезгилдерде Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондугун, кыргыз тилинин мамлекеттик статус алгандыгын жана ошондой эле жаш кездериндеги эсте калган көз ирмемдерди эскерип өттү. Жолугушууга келгендерди факультет деканы Б.Жайлообаев куттуктап, факультеттин тарыхы жана азыркы абалы жөнүндө слайд түрүндө кыскача баяндама жасады. 

 

Улуттук университет "Кыргыз Туусу" гезитинде

00"Кыргыз Туусу" гезитинин 2023-жылдын 9-июнундагы санына "КУУдагы куттуу иштер" деген макала жарыяланды. Анда Кыргыз улуттук университетинде күн сайын ар кандай форматтагы илимий форумдар биринин артынан бири өткөрүлүп жатканы белгиленип, Фундаменталдык илимдер институтунда ачылган "Жасалма интеллект" илимий-изилдөө борбору, тарых факультетинде ачылган “Кең Алтай” алтай таануу жана түрк таануу илимий борбору, о.э. 8-июнда өткөрүлгөн “Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстер” аттуу эл аралык илимий конферен­ция жөнүндө сөз болот. 

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2023-жылдын 9-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "КУУда жаштар саясатын ишке ашыруу жана студенттердин коомдук активдүүлүгүн өстүрүү аракеттери жөнүндө" жана башка ар түрдүү маселелер каралды. Жыйындын башында ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы бар экенин билдирген соң, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң "Мезгилдүү басма сөз" кафедрасынын доценти Жибек Абдикеримовага "доцент" наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, жашыруун добуш берүү боюнча эсептөө комиссиясы шайланды жана аталган комиссия өз ишин баштады. 

 

КУУда «Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий жүрүмдөр» аттуу ЭАИПК болуп өттү

002023-жылдын 8-июнунда Тарых жана чөлкөм таануу институтунун чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы Алтай мамлекеттик университетинин "Кең Алтай" алтай таануу жана түркология илимий билим берүү борбору менен биргеликте уюштурулган «Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий жүрүмдөр» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Аталган эл аралык илимий конференцияга катышууга 5 мамлекеттен, Орусиядан -13, Казакстандан -11, Түркиядан -3, Тажикстандан -2, Өзбекстан – 3 жана Кыргызстандан -35, бардыгы 67 окумуштуу изилдөөчүлөр катышышты. Конференциянын алкагында 4 секция иштеди, ар бир секцияда 14 илимий докладдар окулуп талкууланды. Ошондой эле 1 симпозиум, 2 тегерек стол өткөрүлдү.

 

Страница 4 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 170 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары