Ишемби, Апрель 27, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Ректор 1-курстун активист студенттери менен жолугушту

00

2023-жылдын 19-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында ректор Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин 1-курсунун активист студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынды тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Ынтымак Касмакунов алып барып, сөз кезегин ректорго берди. Төлөбек Абдырахманов жолугушууга келген студенттерге ыраазычылык билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду. – Урматтуу биздин кадырлуу, сүйүктүү студенттер! Университеттин ректору катары силерди ушул жерге алып келген ата-энеӊерге, окуткан эже-агайыӊарга чоӊ ыраазычылык билдирем. Жылына биз кабыл алган студенттерге анализ жасайбыз, келген балдарга жараша университеттин деӊгээлин, өнүгүү мүкүнчүлүгүн, өнүгүү динамикасын жана багыттарын аныктайбыз. Быйылкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен биринчи орунга чыктык, ЖРТнын орточо баллы боюнча дагы алдыӊкы орундабыз.

 

Кесиптик колледждин студенттери «Эко Деми» коомдук фонду тарабынан уюштурулган ишембиликке катышты

00

2023-жылдын 16-сентябрында кесиптик колледждин «Котормо иши» бөлүмүнүн студенттери Дүйнөлүк тазалык  күнүнө карата «Эко Деми» коомдук фонду тарабынан уюштурулган ишембиликке катышты. Мугалимдер Эрмекбаева А.Б. жана Юсупова А.Т. менен биргеликте студенттер Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылына жакын жерде орун алган Флагштоктун тегерегиндеги таштандыларды жыйнашты. Ишембиликтин жыйынтыгында 13 кап пластик, 12 кап айнек, 15 кап ар түрдүү таштандыларды чогултушту. Жаш муундун таштандылардын экологияга зыян келтирерине көӊүлүн буруу жана жаратылышка аярлуу мамиле жасоо багытында ишембиликке катышуу чоӊ мааниге ээ.

 

Доцент Назгуль Турдубаева Сергей Есениндин 128 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык илимий конференцияга катышып келди

00

Кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева 2023-жылдын 14-16-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Рязань областынын өкмөтү, Россия илимдер академиясынын А.М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институту, С.А.Есенин атындагы Разянь мамлекеттик университети жана “Радуница” эл аралык есениндик коому биргелешип уюштурган “Сергей Есенин в контексте русской культуры" аттуу эл аралык илимий конференцияга катышып келди. Белгилүү орус акыны жана жазуучусунун 128 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш чаранын алкагында КУУнун доценти “Литературное наследие Есенина в Кыргызстане” аттуу илимий баяндама жасап, Москва, Разянь шаарларындагы жана Сергей Есенин туулуп, өскөн Константиново айылындагы акындын он чакты үй-музейлерине барды.

 

Улуттук университетте “Улуттук тазалык күнүнүн” алкагында ишембилик өткөрүлдү

002023-жылдын 16-сентябрында Улуттук университетте Президент тарабынан жарыяланган “Улуттук тазалык күнүнүн” алкагында ишембилик өткөрүлдү. Окутуучулар менен студенттер түзүм жетекчилери менен биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүшүп, 6А-окуу имараты менен лабораториялык имараттын айланасындагы, Пушкин көчөсү - Турусбеков көчөсү - Жибек-Жолу проспекти - Манас проспекти менен чектелген кварталдагы, о.э. автоунаа жолдорунун жээктериндеги жалбырактар менен таштандыларды жыйнап, чыгарышты. Ал эми жатаканаларда жашаган студенттер имараттардын айланасын тазалашты.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналистика жана коммуникация институтунун студенттери менен жолугушту

00

2023-жылдын 15-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев журналистика жана коммуникация институтунун 1-4-курс студенттери менен жолугушту. Иш-чараны институттун директору Ширин Костюк ачып, болочок журналисттерди даярдоо программасына кыйла өзгөрүүлөр кирип жатканы, анын ичинде балдар-өспүрүмдөр, медициналык, спорттук, саясий, экономикалык журналистика боюнча профилдер ачыла тургандыгы тууралуу маалымат берип өттү. Дастан Бекешев Кыргызстандын ар бир жараны, уюмдун кызматкерлери журналисттик кесиптин жөндөмдөрүнө ээ болуусу заман талабы экендигине, журналисттик кесип эч качан жоголуп кетпесине токтолуп, студенттерди кесипкөй адис болууга чакырды. Ал о.э. саясий журналистикага кызыккан болочок кесип ээлерин тажрыйба өтүүгө чакырып, алар келечекте депуттатын командасына мүчө болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди.

 

Ж.Баласагын атындагы КУУ кафедра башчылык бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт

00

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346-токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында профессордук-окутуучулук курамынын бош орун кызматтарына кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого" жана "Кафедра башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндөгү жобого" ылайык Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 2023-жылдын 15-сентябрынан тартып окумуштуулук даражага ээ талапкерлерге кафедра башчылык бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт.

 

ЖжКИ институтунун окутуучулары Кыргызстандын коммуникаторлор ассоциациясы тарабынан уюштурулган семинарга катышышты

0

2023-жылдын 12-сентябрында журналистика жана коммуникация институтунун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү Кыргызстандын коммуникаторлор ассоциациясы тарабынан уюштурулган журналисттик билим берүү боюнча семинарга катышышты. Анда ЮНЕСКО жана Аль-Фараби атындагы КазМУ тарабынан ачык маалыматтык платформаларга жайгаштырылган, коомдук лицензия берилген онлайн окуу курстары боюнча маалымат алуу, үйрөнүү, талкуу жүрдү. Аталган иш-чарага КУУнун, БГУнун, Ала-Тоо  Эл аралык университетинин жана ОшМУнун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук лицензия  алган программалар  боюнча маалымат менен ЮНЕСКОнун Алматыдагы бюросунун өкүлү Сергей Карпов, Кыргызстандын коммуникаторлор ассоциациясынын башчысы Элира Турдубаева тааныштырды. 

 

Профессор Курманбек Абакировго «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» наамы ыйгарылды

00

Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын жамааты кафедра башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакировду «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам алышы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Курманбек агай, сизге, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, мындан ары да билим берүүдө жана  илимий иштериңизде албан-албан ийгиликтерди жарата беришиңизге тилектешпиз!

 

7-окуу имаратына жылуулук радиаторлору алып келинип, орнотула баштады

00

Мурда кабарлангандай, ушул жылдын август айында Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жайгашкан 7-окуу имаратында жылуулук системасын капиталдык оңдоо жумуштары башталып, трубалар менен радиаторлор толугу менен алынып салынган болчу. Япониянын эл аралык кызматташтык агентствосу (JICA) тарабынан каржыланган жылуулук радиаторлору 2023-жылдын 14-сентябрь күнү имаратка алып келинип, орнотула баштады. Иштин жүрүшү менен ректор Төлөбек Абдырахманов таанышып чыкты.

 

Кесиптик колледждин жамааты Асель Калдиеваны жаңы кызматка кириши менен куттуктайт

00

Ректордун 2023-жылдын 1-сентябрындагы №07/15-615 буйругуна ылайык кесиптик колледждин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Калдиева Асель Николаевна аталган окуу жайдын директорунун окуу иштери боюнча орун басары болуп дайындалды. Белгилей кетсек, А.Калдиева 2006-жылдан бери Улуттук университетте, 2018-жылдан бери кесиптик колледжде бөлүм башчысы болуп эмгектенип келет. Асель Николаевнанын орто кесиптик билим берүү тармагындагы чоң тажрыйбасы жана талыкпаган эмгеги университеттин жетекчилиги тарабынан белгиленип, жаңы кызматка дайындалды. Кесиптик колледждин жамааты Калдиева Асель Николаевнаны директордун орун басары кызматына кириши менен куттуктап, чоң ийгиликтерди каалайт.

 

Амантур Рыспаев КТЖИ институтунун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды

00

Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен ф.-м.и.к.,  доцент, фундаменталдык илимдер институтунун директору Рыспаев Амантур Орозалиевич 2023-жылдын 6-сентябрынан тартып компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу кызматына дайындалды. Жаңы жетекчини институттун жамаатына 2023-жылдын 13-сентябрь күнү окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев тааныштырды. Ал адегенде ректордун буйругун окуп, андан кийин Амантур Рыспаевге "кесиптештериӊиз менен мындан ары креативдүү иш алып барып, институтту өнүктүрүп, келечектин кесипкөй адистерин даярдап чыгаруу үчүн кызматыӊызды жакшы өтөйсүз деген тереӊ ишеничтебиз" деген каалоо-тилегин айтты. Окуу башкармалыгынын башчысы о.э. мурдагы директор Бактыгүл Баратованын да институттун калыптануусунда салымы бар экенин белгиледи.

 

Профессор Керим Бараталиевге "КР илимине эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам ыйгарылды

00

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен "Математикалык анализ" кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Бараталиев Керим Бараталиевичке өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам ыйгарылды. Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты агайды мамлекеттик жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, мындан аркы албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.

 

Төлөбек Абдырахманов кесиптик колледждин жетекчилиги менен жолугушту

00

2023-жылдын 12-сентябрында ректораттын жыйындар залында Төлөбек Абдырахманов кесиптик колледждин жетекчилиги менен жолугушту. Колледждин директору Ардакбек Каныбек уулу ректорго 1-сентябрдан баштап иштеп жаткан экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Бектен Саадабек уулун, маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Мирбек Мамбеталиевди, директордун окуу иштери боюнча орун басары Асель Калдиеваны, тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча орун басары Туйгунбек Касымалиевди жана менеджерлерди тааныштырган соң, Төлөбек Абдырахманов алардын ар бири менен кыскача пикир алышып, кесиптик колледждин жаӊы окуу жылына карата даярдыгы жана келечек пландары менен таанышты.

 

Ректор университеттин түзүм жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү

002023-жылдын 12-сентябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов университеттин факультеттеринин декандары жана институттарынын директорлору менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү. Жыйында абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыктары, жаңы окуу жылына карата аудиториялар менен лабораториялар фондунун абалы, түзүмдөрдүн сметалары жана Университеттин стратегиялык өнүгүү планынын негизинде түзүлгөн бир жылдык өнүгүү пландары, о.э. окуу процессине тиешелүү ар түрдүү башка маселелер талкууланды.

 

Педагогикалык колледжге жетекчи дайындалды

00

Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахмановдун №07/15-592 буйругу менен И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун алдындагы педагогикалык колледждин башчысы болуп буга чейин кесиптик колледждин директорунун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп келген Шарабидинов Мирбек Төлөбекович дайындалды.

 

Улуттук университетте Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгы белгиленди

002023-жылдын 11-сентябрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында көрүнүктүү коомдук ишмер, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, УИАнын академиги Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгынын урматына уюштурулган “Таза өмүрдүн өрнөгү” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан алып барган жыйында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов сөз сүйлөп, бүгүн Кыргызстандагы илим менен билимдин, маданият менен тарыхтын борбору болгон Улуттук университетте легендарлуу адамдын маарекеси өтүп жатышы окуу жайдын жамааты үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, Абдыганы Эркебаевге Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы чечими менен ыйгарылган "КУУнун ардактуу профессору" наамынын аттестаты менен академиялык мантиясын тапшырды.

 

Орус жана славян филологиясы факультетинин 4-курс студенттеринин өндүрүштүк практикасы башталды

00

2023-жылдын 8-сентябрь күнү орус жана славян  филологиясы факультетинде 4-курс студенттеринин өндүрүштүк практикага чыгуусуна арналган конференция өткөрүлдү. Жыйынга карьера жана практика борборунун директору Замир Бакалбаев, башкы адиси Жыпаргүл Шерматова катышып, студенттерге практиканын жаӊы талаптары жөнүндө айтып беришти. Факультет деканы Нурайым Сардарбек кызы менен практика жетекчиси Алмаш Абылова студенттерге өндүрүштүк практиканын күндөлүгүн толтурулушун түшүндүрүп беришти. Иш чарага о.э. жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Дамира Калыбекова менен психология кафедрасынын доценти Гульзира Байгажанова да катышты.

 

КУУда министрдин орун басары Расул Абазбек уулу өзгөчө макам алган 5 университеттин ректорлору менен жолугушту

00

2023-жылдын 8-сентябрында Улуттук университетте Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу өзгөчө макам алган 5 университеттин ректорлору менен жолугушту. Жыйында аталган жогорку окуу жайлардын статусуна байланышкан укуктук-ченемдик актылар тууралуу сөз болуп, аларды тез арада иштеп чыгуу зарыл экендиги белгиленди. - Бул - баарыбыздын кызыкчылыгыбызда. Ошондуктан, бизге сиздердин көмөгүӊүздөр керек, урматтуу ректорлор, - деди министрдин орун басары. Жолугушууга И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Гульмира Джумалиева, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек  Абдырахманов, о.э. министрликтин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев катышты.

 

КУУнун студенти Динмухамед Бигелдиев сурдо грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду

00

Сурдо грек-рим күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан Дүйно чемпионатына компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтнун 4-курс студенти Динмухамед Бигелдиев катышып, мелдештин экинчи куну 67 кг чейинки салмак категориясында алтын медаль утуп алды. Дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 200дөн ашуун балбандар катышкан таймашта алтын медаль тагынып, чемпион болгон Динмухамедди университеттин жалпы жамааты чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалайт. Белгилей кетсек, Дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын курамасы 3 алтын, 1 күмүш, 2 коло медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Ал эми 1-орунду Түркия жеңип алса, 2-орунга Ирандын курама командасы татыктуу болду

 

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

002023-жылдын 7-сентябрь күнү 5-окуу имаратынын жыйындар залында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун бакалавриатынын жана магистратурасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Институттун директору Камчыбек уулу Мырзабек алып барган жыйында инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөрдү диплому менен куттуктады жана ак жол, бекем ден-соолук каалады. - Мындан ары да эч токтобой билим алгыла. Биздин университет көптөгөн чет элдик  окуу жайлар менен келишим түзгөн, алмашуу программасы аркылуу окуп келүү мүмкүнчүлүктөрүӊөр бар. Андыктан, окууну уланткыла, - деди Гүлбара Сыдыкова.

 

Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002023-жылдын 6-сентябрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаев алып барган жыйында юридикалык институт менен юридикалык колледждин жаӊы структурасын, окуу жайдын жаңы окуу жылына карата киреше жана чыгаша сметасын бекитүү маселелери каралды. Күн тартибиндеги маселелер боюнча юридикалык институттун директору Кынатбек Сманалиев, юридикалык колледждин директору Данияр Джумалиев жана пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Эгешова баяндама жасашты. Отурумдун жүрүшүндө аталган маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, соңунда көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Журналистика жана коммуникация институту менен ММУнун журналистика факультетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду

00

Келишимге кол коюу аземи 2023-жылдын 4-сентябрь күнү онлайн форматта ишке ашырылды. Иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов катышып, россиялык кесиптештерди жана журналистика жана коммуникация институтунун профессордук-окутуучулук курамын жаңы окуу жылы менен куттуктады. Ректордун айтымында, эл аралык деңгээлдеги абройлуу М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин  журналистика факультети менен кызматташууга жетишүү - институт үчүн чоң сыймык. ММУнун журналистика факультетинин деканы Е.Л.Вартанова кыргызстандык кесиптештери менен жүз көрүшкөнгө кубанычта экенин белгилеп, бул келишим жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен, албан-албан ийгиликтерди алып келерине терең ишенээрин билдирди.

 

Эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев менен ректор Төлөбек Абдырахманов студенттер менен жолугушту

00

2023-жылдын 4-сентябрында Жогорку Кенештин депутаты Жеңишбек Токторбаев менен КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов 6А-окуу имаратындагы толук оңдоп-тузөөдөн өткөн 100 орундуу лекция окулуучу дарсканада студенттер менен жолугушту. Жыйында сөз сүйлөгөн Жеңишбек Токторбаев билим алууга кадам таштаган ар бир студент үчүн бардык шарттар түзүлүшү зарыл экендигин белгилеп, оңдоп-тузөөдөн өткөн бул аудитория студенттер үчүн белек экенин билдирди. Ал о.э. №7-жатаканадагы эки бөлмөнү да жакынкы күндөрү өз эсебинен толук оңдоп берүүнү убадалады. Төлөбек Абдырахманов студенттердин окууларына ийгилик каалап, окуу жайга жардам бергени үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевге терең ыраазычылык билдирди.

 

И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИде Билим күнү белгиленди

002023-жылдын 1-сентябрь күнү И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды масаттуу даярдоо институтунда Билим күнүнѳ арналган салтанаттуу иш чара болду. Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган кечээки абутриент, бүгүнкү 1-курс студенттерин илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев менен институттун директору Рахат Сулайманова, о.э. кафедра башчылары куттуктаган соң майрамдык чакан концерт коюлду. Иш чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүн эске алып, сөзү А.Акбаровго, обону:А.Иманалиевага таандык  «Алга Кыргызстан»  чыгармасын жалпы студенттер хор менен ырдашты.

 

Страница 1 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 338 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары