Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери "Аташовдун стипендиясын" алып жатышат

00

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин бүтүрүүчүсү Аташов Базарбек студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында өзү бүтүп кеткен факультеттин студенттерине ай сайын стипендия берүүнү чечти. Стипендияга талапкерлер профессордук-окутуучулар тарабынан түзүлгөн тесттик иш жазышып, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүүлөр аныкталып, жыйынтыгында 2-курстун студенти Бектурсунов Байман менен 3-курстун студенти Абышкаева Даткайым ай сайын "Аташовдун стипендиясын" алып жатышат. 

 

Эне тилдин эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн жат жазууну мыкты жазган студенттерге сыйлыктар тапшырылды

0

2022-жылдын 11-март күнү башкы имараттагы 344-дарсканада Эне тилдин эл аралык күнүнө карата юридика факультети менен башкаруу жана бизнес факультетинин 1-курс студенттери үчүн окумуштуу-тилчи Жээнбай Муканбаевдин “Эл ичи – өнөр кенчи” деген эмгегинин негизинде өткөрүлгөн “Чечен” темасындагы 197 сөздөн турган жат жазуунун жыйынтыгы чыгарылып, мыкты жазган студенттерди сыйлоо аземи болду. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан аларга адабий китептерди, сөздүктөрдү жана грамоталарды тапшырды. Иш чарага о.э. башкаруу жана бизнес факультетинин доценти Мээримкуль Керимкулова жана жат жазуу ишин жүргүзгөн ага окутуучулар Б.Касымалиев, К.Токтоналиева, К.Жусупкелдиев, А.Аязбекова катышты.

 

Физика жана электроника факультетинин ага окутуучусу Мурзакулова Илимгүл “Мыкты практикалык сабак” сынагына катышты

002022-жылдын 10-март күнү физика жана электроника факультетинин физика кафедрасынын ага окутуучусу Мурзакулова Илимгүл Кыргыз улуттук университетинин окутуучу-профессорлорунун арасында өткөрүлүп жаткан мамлекттик тилде окулган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагынын алкагында "Термодинамиканын биричи башталышынын изопроцесстерге колдонулушу. Ички энергия. Жылуулук сыйымдуулук" деген темада практикалык сабак өттү. Бул сабакка мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова, академиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн адиси Фарида Төлөбаева катышты.

 

КУУнун жетекчилери академик Жайнаков Аманбек Жайнаковичти акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

002022-жылдын 10-мартында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев баш болгон КУУнун өкүлдөрү Улуттук илимдер академиясында болуп өткөн көрүнүктүү окумуштуу жана педагог, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, 2019-жылдан бери КУУнун Камкорчулук кеӊешинин мүчөсү Жайнаков Аманбек Жайнаковичти акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

 

МжМБ факультетинин студенттери Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Кана эмесе кыздар" конкурсун өткөрүштү

00

2022-жылдын 9-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери тарабынан Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Аалам көркү - аялзат" аттуу теманын алкагында "Кана эмесе кыздар" конкурсу өткөрүлдү. Сынакка 5 команда катышып, "Саламдашуу", "Өнөр көрсөтүү", "Чач өрүү", "Бий" жана "Тамак аш" номинациялары боюнча тапшырмаларды аткарышты. Натыйжада, ГСК-2-20 кыргыз группасы биринчи, ГСК-1-18 экинчи, ГСК-2-21 үчүнчү орунду ээлешип, кызыктыруучу сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты. Студенттер өз кезегинде факультеттин окутуучу эжейлерин куттуктап, белектерин тапшырышты.

 

Профессор Г.Жаманкулованын “Байыркы кыргыз тили” аттуу эмгеги Москвадагы китеп көргөзмөнүн алтын медалына татыктуу болду

00

34-Москва эл аралык китеп көргөзмө-ярмаркасы Москва шаарынын «Экспоцентр” борбордук көргөзмө комплексинде 2021-жылдын 27-сентябрында өткөн. Көргөзмө Эл аралык китеп көргөзмөлөрүнүн жана ярмаркаларынын башкы дирекциясы тарабынан Россия Федерациясынын жана Өкмөтүнүн санариптик өнүгүү, байланыштар жана массалык коммуникациялар министрлигинин жана Москва өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлгөн. Көргөзмө-ярмарка иштеген төрт күн ичинде аны көрүүгө 25 миң адам келген. Көргөзмө-ярмаркага 203 басма үйү (россиялык, чет өлкөлүк) өз китептерин коюшкан.

 

КУУнун Камкорчулук кеӊешинин мүчөсү, академик Жайнаков Аманбек Жайнакович дүйнө салды

00

Кыргыз Республикасынын илими, билим берүүсү, атпай журту орду толгус чоң жоготууга учурады. 2022-жылдын 8-март күнү көрүнүктүү окумуштуу жана педагог, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1992), “Манас” орденинин ээси (2006), Кыргыз Республикасынын Эл мугалими (2011), математикалык жана теориялык физика, механика, математикалык моделдештирүү жана компьютердик технологиялар боюнча ири окумуштуу, 2016-жылдан бери Улуттук университеттин Окумуштуулар кеӊешинин, 2019-жылдан бери Камкорчулук кеӊешинин мүчөсү Жайнаков Аманбек Жайнакович 81 жашында көз жумду.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

00

2022-жылдын 7-мартында кыргыз филологиясы факультетинин балдар жамааты факультеттин жалпы айымдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, “Аруусуңар, назиксиңер айымдар; Куттуу болсун 8-мартыңар” аттуу концерт тартуулашты. Концертте кыздар арасында өткөрүлгөн футбол оюну боюнча жеңүүчүлөргө грамота тапшырылды (аталган оюн 3-мартта айымдардын майрамына карата уюштурулган). Концерттин жүрүшүндө балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, факультеттин жалпы айымдарына майрамдык маанай тартуулашты жана өлчөмү 5 квадрат метр болгон күзгү белек кылышты. 

 

7-жатаканада "Жатакана Периси" аныкталды

00

2022-жылдын 7-март күнү 7-жатаканада жашаган кыздар арасында "Жатакана Периси" аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. Сынакка 5 кыз катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Конкурстун жүрүшүндө "Саламдашуу", "Үй тапшырма", "Дасторкон ажары", "Мода - 2022", "Күтүлбөгөн тапшырма" жана "Суроо-жооп" деген тапшырмалар берилип, аларды аткарууга 2-5 мүнөттөн убакыт берилди. Калыстар тобу тарабынан сынактын жыйынтыгы төмөндөгүдөй аныкталды: 1-орун: Нурситилла кызы Каныгүл (ардак грамота жана 3000 сом акчалай сыйлык), 2-орун: Мурзабек кызы Жаркын (ардак грамота жана 2000 сом акчалай сыйлык), 3-орун: Мансурова Альбина (ардак грамота жана 1000 сом акчалай сыйлык).

 

Матфактын 3-курс студенттери педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүп келишти

00

Математика жана информатика факультетинин 3-курсунун МБ-1-19, МБ-2-19 тайпаларынын студенттери Бишкек шаарындагы №1-мектеп-интернатта жана №9-орто мектепте педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүп келишип, 2022-жылдын 7-мартында өз отчеттерин беришти. Практиканы доценттер Мунапысова Г.Т. менен Исраилова Г.Т. жетектешип, студенттер менен дайыма тыгыз байланышта болушту. Педагогикалык практиканын жүрүшүндө студенттер мугалимдик кесиптин ардактуу да, түйшүктүү да жактары менен иш жүзүндө таанышып, тиешелүү кесиптик-методикалык тажырыйба топтоого жетишти. Сабактарын жогорку бааларга өтүү менен бирге, класстан тышкаркы иш-чараларды да кызыктуу уюштуруп, окуучулардын зор сүймөнчүлүгүнө ээ болушту.

 

БжБФ жетекчилиги факульттеттин курама командасын кичи футбол боюнча турнирде 3-орунга ээ болушу менен куттуктайт

00Мурда кабарлангандай2022-жылдын 1-мартында 6-окуу имараты тараптагы футбол талаасында «Ректордун кубогун» утуп алуу үчүн кичи футбол боюнча турнир болуп өткөн. Башкаруу жана бизнес факультетинин жетекчилиги факульттеттин студенттеринен куралган кичи-футбол боюнча командасын аталган таймашта 3-орунга ээ болушу менен куттуктайт жана ушул жетишкендик менен чектелип калбастан, мындан ары да көптөгөн спорттук ийгиликтерди багынтып, Улуттук университеттин чемпиону болушуна тилектеш экендигин билдирет.

 

Башкаруу жана бизнес факультетинде Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына карата ачык сабак өтүлдү

00

2022-жылдын 7-мартында башкаруу жана бизнес факультетинде "Кыргызстан тарыхы" кафедрасынын башчысы Темиркул Асанов Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата ачык сабак өттү. Иш чара салтанаттуу түрдө гимн менен башталып, Кыргызстан желегинин байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы айтылды. Желектин көк түстө болуп кала турганы, көптөгөн үлгүдө каралып жана азыркы желегибиздин кабыл алынышы жөнүндө презентация аркылуу көрсөтүлдү. Башкаруу жана бизнес факультетинин жамааты сабакты жогорку денгээлде өткөргөндүгү үчүн Темиркул агайга терең ыраазычылыгын билдирет.

 

Улуттук университетте Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

002022-жылдын 7-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына КУУнун ректораты жана кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган салтанаттуу жыйын болду. Улуттук университеттин эң сулуу, эң мыкты, иштерман жана иш билги айымдарын ректор Канат Садыков жаздын ажайып майрамы - 8-март - Аялдардын эл аралык күнү - менен жетекчиликтин жана жалпы мырзалардын атынан кызуу куттуктап, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгилик каалады жана мыкты иш алып барган окутуучу айымдарды окуу жайдын ыраазычылык каттары жана ардак грамоталары менен сыйлады.

 

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган кереге кеңеш өткөрүлдү

00

2022-жылдын 4-мартында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын доценти Сатыбекова Майрам менен улук окутуучу Айтымбетова Динара факультеттин окутуучуларына жана студенттерине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган кереге кеңеш өткөрүштү. Жыйында Туунун кабыл алыныш тарыхы, мааниси, авторлорунун өмүрү, чыгармачылыктары жана о.э. кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө маанилүү талкуу болду. Иш чаранын экинчи бөлүгүндө студенттер арасында викторина жана алар даярдап келген дубал газеталардын жыйынтыгы чыгарылып, студенттердин аткаруусундагы ыр-бийлер менен коштолду. Активдүү катышкан студенттерге “Алкоо баракчалары” тапшырылды.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына карата тегерек стол өткөрүлдү

0

2022-жылдын 4-март күнү 5-окуу имаратындагы Манас өргөсүндө кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын ага окутуучусу Г.Абдыкадырова КТАОМ-1-21 жана КТАОМ-1-20 тайпалары менен биргеликте Мамлекеттик туунун кабыл алыныш күнүнө карата тегерек стол өткөрдү. Иш-чара аталган кафедранын профессору М.Жумаевдин куттуктоо сөзү менен башталды. Андан соң студенттер “Көк асаба” жана “Кызыл туу” аталышындагы тайпаларга бөлүнүп, Туунун кабыл алынышы жана ал жөнүндө кеңири маалымат беришип, ар кандай суроо-жоопторду талкуулашты. Тегерек столду обондуу ыр ырдоо менен жыйынтыкташты.

 

Матфактын окутуучулары - "Ден-соолук" спартакиадасынын чемпиону

00

Мурда кабарлангандай, 2022-жылдын январь айында 6-окуу имаратындагы спорт залда футбол, волейбол, тогуз коргоол, шахмат жана стритбол боюнча факультеттердин окутуучуларынын арасында "Ден-соолук 2022" спартакиадасы өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча, жалпы командалык зачетто математика жана информатика факультети 1-орунду ээлеп, "КУУнун чемпиону" аталды. Бул ийгиликке жетишүүдө факультеттин жигиттери стритбол, кыз-келиндери волейбол, теннис, тогуз коргоол жана стритбол боюнча 1-орунду, ал эми футбол боюнча 3-орунду ээлешип, чемпиондук наамды жеңип алууга чоң салым кошушту.

 

Матфактын профессору Бекболот Канетов мамлекеттик тилде окулган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагына катышты

00

2022-жылдын 3-мартында мамлекеттик тилде окулган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагынын алкагында  математика жана информатика факультетинин профессору Бекболот Канетов “Топология предметине киришүү” темасында сабак өттү. Сабакка мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан, математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова, пкадемиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн адиси Фарида Төлөбаева катышты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин кафедраларында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

2022-жылдын 3-март күнү0 кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими, кыргыз адабияты кафедраларында, о.э. түркология жана котормо таануу бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата иш чаралар болуп өттү. Кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучусу Б.Бекнарова КТА(к)-2-21 тайпасы менен биргеликте дубал гезит чыгарса, кыргыз адабияты кафедрасынын доценти С.Исаева КТА(к)-1-21 тайпасына “Кызыл туу - эркиндиктин символу” темада ачык сабак өттү. Ачык сабак кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, профессор К.Абакировдун куттуктоосу менен башталды

 

Матфакта Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндөрү белгиленди

00

2022-жылдын 3-мартында математика жана информатика факультетинин 1-курстарына кыргыз тилчи Гүлзина Элтузерова аябай кызыктуу, таасирдүү иш-чара өткөрдү. Окутуучу эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилердин бири Туунун 4 элементин чечмелеп берди: “туу”, “асаба”, “желек”, “байрак” деген терминдер колдонуларын, асаба - кездеме, ал эми туу – таягы деп түшүндүрдү. “Туу” термини жана анын төрт элементин: асабаны, тууну, түпөктү жана асабанын металлы үчүн –желек - деп да берилерин кошумчалап, "Байрак” – кичирээк туу, кээде түпөктү да түшүндүрөрүн айтып берди.

 

Биология факультетинде Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди

00

2022-жылдын 2-март күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата биология факультети №6-окуу имаратынын 318-дарсканасында 1-2-3-курстар арасында мазмундуу викторина өткөрүп, жеңүүчүлөр аныкталып, аларга сый барактары факультеттин деканы тарабынан тапшырылды. Студенттердин Мекенге болгон кызыгуусун өнүктүрүү, көз карашын кеңейтүү жана студенттердин мамлекеттик символикага болгон урмат-сый менен аяр мамилесин, патриоттук сезимдерин, өз мекенине болгон сүйүүсүн тарбиялоо максатында уюштурулган салтанатта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө билимдерин жалпылаган маалымат берилди.

 

Кыргыз тилчи Рита Абылкасымова чет тилдер факультетинин студенттерине Аялдардын эл аралык күнүнө карата иш чара өткөрдү

0

2022-жылдын 2-март күнү кыргыз тилчи Рита Абылкасымова чет тилдер факультетинин 1-курстары менен биргеликте 8-март - Аялдардын эл аралык  күнүнө карата ”Жашоо жарык сен бар үчүн аялзат” аттуу майрамдык иш-чара өткөрдү. Студенттерге эненин ыйыктыгын даңктоо, балага өмур тартуулаган улуу касиеттерин баалоо менен атуулдук сезимдерин ойготуу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу жана ар түрдүү шык-жөндөмдөрүн өстүрүү максатында уюштурулган жыйында белгиленип жаткан дата тууралуу маалымат берилди. Маалымат энелердин эмгектерин даңазалаган слайдда, сүрөттөр, макал-лакаптар, баяндамамалар, сценкалар менен коштолду.

 

Кичи-футбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүнө "Ректордун кубогу” тапшырылды

0Мурда кабарлангандай2022-жылдын 1-мартында 6-окуу имараты тараптагы футбол талаасында «Ректордун кубогун» утуп алуу үчүн кичи футбол боюнча турнир башталган. Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департамент уюштурган таймаштын жыйынтыгы 2022-жылдын 3-март күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында чыгарылып, КУУнун ректору Канат Садыков турнирдин жеңүүчүлөрүнө "Ректордун кубогун” жана сыйлыктарды тапшырды. III орунду башкаруу жана бизнес факультетинин, II орунду юридикалык факультетинин командалары ээлесе, баш байгени экономика факультетинин футболчулары жеңип алды.

 

Геофактын окутуучулары менен студенттери Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына карата флешмоб өткөрүштү

002022-жылдын 3-март күнү 6-окуу имаратында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын окутуучулары жана 1-курстун Гб-1-21, 2-курстун Гб-1-20 тайпаларынын студенттери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата флешмоб өткөрүштү.............................................................................................................................................................

 

КУУда профессор Жолборс Жоробековдун “Улуттун улуу инсаны Исхак Раззаков” аттуу китебинин бет ачары болду

00

2022-жылдын 3-мартында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган КР билим берүүсүнүн отличниги, саясат таануу илимдеринин доктору, философия илимдеринин кандидаты, профессор Жолборс Жоробековдун “Улуттун улуу инсаны Исхак Раззаков” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Тарых жана чөлкөм таануу факультети тарабынан уюштурулган жыйынга көрүнүктүү илимпоз тарыхчылар жана студенттер катышты. Иш чаранын модератору, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча боюнча проректор Садык Алахан жыйынды ачып жатып, катышуучуларга ректор Канат Садыковдун саламы менен куттуктоосун айтты жана Исхак Раззаков тууралуу бул китеп - көп тараптан жаңылык китеп экендигин белгиледи. Анткени, текст көптөгөн архивдик тарыхый документтер менен коштолгон, ал эми китептин автору Жолборс Жоробеков бийликтеги кишилер менен чогуу жүргөн жана чогуу иштеген белгилүү инсан.

 

Страница 32 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 351 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары