Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кыргыз филологиясы факультетинде Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди

00

2022-жылдын 18-февралында кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасы №5-окуу имаратындагы Манас өргөсүндө 21-февраль – Эне тилдин эл аралык  күнүнө карата “Эне тил – улуттун көөнөрбөс мурасы” аттуу семинар-тренинг өткөрдү. Иш-чара мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахандын куттуктоо сөзү менен ачылды. Андан кийин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси К.Жакыбалиев факультеттин айрым профессор-окутуучуларына аталган комиссиянын “Төш белгисин” жана Ардак грамотасын тапшырды.

 

Кыргыз-кытай факультетинин ага окутуучусу мамлекеттик тилде даярдалган «Мыкты практикалык сабак» сынагына катышты

002022-жылдын 17-февралында кыргыз-кытай факультетинин ага окутуучусу, PhD доктор Токсоналиева Асель «Мыкты лекция», «Мыкты практикалык сабак» сынагынын алкагында “Кытай диалектилери” темасындагы практикалык сабагын өттү. Иш чарага комиссиянын төрагасы, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), мүчөлөрү: кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаева, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова, академиялык саясат башкармалыгынын билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Бузурманкулова жана окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн адиси Фарида Төлөбаева катышты.

 

Кесиптик колледжде мугалимдердин методикалык даярдыгы боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

00

2022-жылдын 17-феварлында кесиптик колледжде Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) жана CAMP Алатоо коомдук фондунун колдоосу менен «Мугалимдердин методикалык даярдыгы» аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү. Тренерлер К.Джунушалиева менен Г.Шамкановалар педагогика жана социалдык иш бөлүмүнүн окутуучуларына «Туруктуу өнүгүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча билим берүү» темасынын алкагында практикалык сабактарды өтүшүп, курстун аягында ар бир катышуучуга тиешелүү сертификат жана методикалык колдонмолор тапшырылды.

 

Диктор Гүлшан Молдоева журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өттү

002022-жылдын 15-февраль күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында маданияттын эмгек сиңирген ишмери, "Даңк" медалынын ээси Гүлшан Молдоева журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өттү. Кыргыз телевидениесине, радиосуна 40 жылдан ашык өмүрүн арнаган адис дикторлук кесипке кантип келгени, эмгек жолундагы жетишкендиктери, өйдө-ылдый көрүнүштөр тууралуу айтып берди. Жолугушууда студенттер өздөрүнүн суроолорун беришип, татыктуу жоопторду алышты. Гүлшан Молдоева о.э. болочок журналисттерге өзүнүн кеп-кеңештерин берип, мыкты адис болуу талыкпас эмгекти талап кылаарына токтолуп, көп-көп китеп окуш керектигин баса белгиледи.

 

Экономика факультетинде "Билгим келет" интеллектуалдык сынагы болуп өттү

00

2022-жылдын 14-февраль күнү экономика факультетинде студенттик сенаттын демилгеси менен уюштурулган "Билгим келет" интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Студенттердин коомдук иштердеги активдүүлүгүн жогорулатуу жана билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлгөн акыл таймашына 1-курстун студенттеринен түзүлгөн 5 команда катышты. Сынакта “Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикага тийгизген оң жана терс таасири” темасы боюнча суроолор берилип, туура жооп берген командаларга упайлар ыйгарылып жатты. "Үй тапшырмасы" боюнча даярдалган презентацияларга да баа берилди.

 

Мамлекеттик тилде даярдалган «Мыкты лекция», «Мыкты практикалык сабак» сынагы уланууда

00

Мамлекеттик тилде даярдалган «Мыкты лекция», «Мыкты практикалык сабак» сынагы уланууда. 2022-жылдын 10-февралында башкаруу жана бизнес факультетинин доценти, э.и.к. Керимбекова Дуйшекан Осмоналиевна аталган сынактын алкагында “Продукциянын сапатын камсыз кылууга таасир этүүчү факторлор жана шарттар” темасында 3-курстун студенттерине ачык лекция окуду. Сабакка мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова, факультет деканы Меримкуль Керимкулова, академиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн адиси Фарида Төлөбаева катышты.

 

Матфактын студенти бокс боюнча жаштар арасында Кыргызстандын вице-чемпиону болду

0

2022-жылдын 10-февралында математика жана информатика факультетинде өлкөбүздүн жаштар арасында болуп өткөн бокс боюнча мелдештин вице-чемпиону болгон 1-курс студенти Берди кызы Санирабига жана анын машыктыруучусу, дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу, бокс боюнча спорттун чебери Кубаныч Боронбаев менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө факультет деканы Изат Усенов куттуктоо сөзүн айтып, Санирабиганын мындай ийгиликтерге жетишине машыктыруучусу Кубаныч Капаровичтин эмгеги зор экендигин баса белгиледи.

 

Канат Садыков КУУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы менен жолугушту

00

2022-жылдын 10-февраль күнү КУУнун ректору Канат Садыков окуу жайдын Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Бабыржан Төлбаев менен жолугушту. Ректор менен төрага Улуттук университетти өнүктүрүүнүн айрым багыттарын талкуулашты. Бабыржан Төлбаев ректорго буга чейин активист студенттер менен болгон жолугушуулар, ал жыйындарда каралган маселелер тууралуу маалымат берип, өзү менен чогуу келген Лозанна университетинин бизнес жана экономика факультетинин профессору Рустамжан Хакимовду тааныштырды.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002022-жылдын 10-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "КУУдагы илимий-изилдөө иштеринин 2021-жылдагы жыйынтыгы жана илимий-изилдөө иштеринин өнүгүшүндөгү перспективалар", "КУУнун окумуштууларынын доктордук диссертацияларынын темасын бекитүү жөнүндө" жана башка маселелер каралды.

 

Профессор Г.Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык онлайн илимий конференцияга катышты

00

2022-жылдын 9-февралында М.В.Ломоносов атындагы Москва университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институту, Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университети, Ташкент мамлекеттик Чыгыштаануу университети, Мамлекеттик Чыгыш музейи биргеликте Россиядагы Азербайжан Республикасынын элчилигинин, Россиядагы Өзбекстан Республикасынын элчилигинин, Россиядагы Гейдар Алиев фондунун өкүлчүлүгүнүн жана Эл аралык Түрк академиясынын колдоосу менен “От Низами до Навои: времен связующая нить” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны онлайн форматта өткөрүштү.

 

Мамлекеттик тилде даярдалган «Мыкты лекция», «Мыкты практикалык сабак» сынагы башталды

00

Адистиктердин бардык түрү боюнча мамлекеттик тилде билим берүүнүн жана мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жогорулатуу максатында КУУнун мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан 2021-2022-окуу жылынын февраль–апрель айларына окутуучу-профессордук курам арасында мамлекеттик тилде даярдалган “Мыкты лекция” жана “Мыкты практикалык сабак” сынагы жарыяланган. Сынактын графиги Университеттин сайтында жарыяланган, ал эми өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобо ар бир факультетке таратылып, декандар менен окуу иштери боюнча декандын орун басарларына маалымдалган.

 

№7-студенттик жатаканада акыл таймаш оюну өткөрүлдү

00

2022-жылдын 7-февралында №7-студенттик жатаканада "Билим багыты" деп аталган, 4 турдан турган акыл таймаш оюну өткөрүлдү. Калыстар тобунун курамына "Биригели" коомдук бирикмесинин жетекчиси Азамат Баяманов (төрага), жатаканалар боюнча менеджер Бексултан Шабданов, кесиптик колледждин тарых мугалими Бекжан Бейшембаев жана тарбия иштери боюнча координатор Таалайбек кыз Бегимай кирди. Акыл таймашта студенттер өздөрүнүн жигердүүлүгүн, билгичтигин, мыкты даярдыгын көрсөтө алышты. Оюндун жыйынтыгында "Манас" командасы биринчи, "Мурас" командасы экинчи жана "Билим" командасы үчүнчү орунду ээлеп, тиешелүү даражадагы  диплом жана китептер менен сыйланышты. Орун албай калган командаларга дипломдор тапшырылды.

 

Улуттук комиссиянын "КУУдагы мамлекеттик тилдин абалы боюнча маалымат каты" келип түштү

00

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын (мындан ары – Улуттук комиссия) 2021-жылдын 11-ноябрындагы №91 буйругу менен түзүлгөн атайын жумушчу тобу 2021-жылдын 22-ноябрынан 26-ноябрына чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, мамлекеттик тилдеги иш кагаздарынын сабаттуулугу жана жалпы эле мамлекеттик тилдин абалы менен таанышып чыккан. Үстүбүздөгү жылдын 1-февралында Улуттук комиссиянын “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги мамлекеттик тилдин абалы боюнча Маалымат каты” келип түштү.

 

КУУда академик Советбек Жайлообекович Токтомышевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

00

2022-жылдын 3-февраль күнү башкы имаратынын алдындагы аянтчада коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу жана педагог, техника илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, илим жана техника боюнча Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, “Ардак белгиси” орденинин ээси Советбек Жайлообекович Токтомышевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Маркумдун сөөгү аянтчанын ортосундагы секичеге орнотулган соң, КУУнун ректору Канат Садыков аза күтүү митингин ачып, коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу-педагог, техника илимдеринин доктору, профессор, академик Советбек Жайлообекович Токтомышевдин 1-февраль күнү 79 жашында катуу ооруунун кесепетинен жарык дүйнөдөн кайтышы менен мамлекетибиздин илим жана билим берүү коомчулугу, Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамааты чоң жоготууга учураганын белгиледи.

 

Матфакта «Омикрон канчалык коркунучтуу?» деген темада иш-чара өттү

00

2022-жылдын 1-февралында КУУнун эмканасынын врач-гинекологу Айнура Ибраева математика жана информатика факультетинин студенттери үчүн «Омикрон канчалык коркунучтуу?» деген темада лекция өттү. Анын айтымында, үч ай мурда коронавирустун аябай мутация болгон варианты аныкталган. Аны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму «тынчсызданткан вариант» деп белгилеп, ага «Омикрон» деген аталыш ыйгарган. Коронавирустун бул варианты алгач Түштүк Африка Республикасында катталып, мурдагы варианттар грек тамгалары менен «альфа», «бета» деп аталса, бул штамм «омикрон» деп белгиленди.

 

Академик Токтомышев Советбек Жайлообекович дүйнө салды

0Кыргыз Республикасынын илими, билим берүүсү, атпай журт орду толгус чоң жоготууга учурады. Узакка созулган оорудан кийин коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу жана педагог, техника илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, илим жана техника боюнча Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, “Ардак белгиси” орденинин ээси Советбек Жайлообекович Токтомышев 79 жашында көз жумду.

 

Баткендеги "Дөбө" орто мектебине КУУнун эмгек жамаатынын белеги тапшырылды

0

Өткөн 2021-жылы 30-апрелден 2-майга чейин Баткен жергесинде тажиктер менен болгон кандуу кагылышта жапа чеккен элдин социалдык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүү максатында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулар курамы, жалпы эле кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын топтошкон. КР Билим берүү жана илим министри Б.Д.Купешов сентябрь айында Баткен облусуна болгон иш сапарында жардамга муктаж мектептерде болуп, натыйжада, КУУнун кызматкерлери тарабынан топтогон 1 (бир) миллион сом өлчөмүндөгү бир күндүк эмгек маяналарын даректүү түрдө жардам көрсөтүү үчүн Тажикстан менен чектешкен Дөбө айлындагы “Дөбө” орто мектебин окуу жайыбыздын жетекчилигене сунуштаган.

 

Педагогика факультетинин окутуучулары ар кандай иш чараларга катышууда

00Педагогика факультетинин филологиялык жана социалдык экономикалык билим берүү кафедрасынын окутуучулары 2022-жылдын 24-25-январында чет тилдер факультети жана чет тилдер мугалимдеринин ассоцациясы биргеликте уюштурган тренинге, ал эми 26-27-январда мамлекеттик тил бөлүмү уюштурган "Тилдерди кесиптик багытта окутуунун технологиялары" аталышындагы семинар-тренинге активдүү катышып, көп пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды алышты.

 

КУУда “Тилдерди кесиптик багытта окутуунун технологиялары” аттуу семинар-тренинг болуп өттү

00

2022-жылдын 26-27-январында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз улуттук университетинин 90 жылдыгына арналган “Тилдерди кесиптик багытта окутуунун технологиялары” аталышындагы семинар-тренинг  болуп өттү. Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров куттуктоо сөзүн айтты.

 

Улуттук университетте "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу боюнча тренинг башталды

00

2022-жылдын 27-январь күнү эрте мененки саат 10до 8-окуу имаратындагы конференц-залда 2020-жылдын 13-ноябрында президенттин м.а. Садыр Жапаровдун №39-жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети тарабынан уюштурулган "Жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү саясаты жана практикасы" аттуу тренинг башталды. Жыйынга Чүй областынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында иштеген кызматкерлер катышууда.

 

Социологиялык изилдөө борборунда фокус-группалык талкуу өткөрүлдү

00

2022-жылдын 25-январында Асанбек Табалдиев атындагы социо-маданий  социологиялык изилдөөлөр борборунда “Кыргыз коомун социалдык туруксуздуктардын шарттарында чыңдоонун социалдык технологиялары: жаштар мисалында” деген темада фокус–топтук тегерек стол болуп өттү. Иш чарада жаштардын коомдогу көйгөйлөрү талкууланып, өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана маданий  маселелердин коомдун социалдык абалына тийгизген таасирлери эске алынышы керектиги айтылды.

 

№7-жатакананын жашоочусу бокс боюнча жаштар арасындагы чемпионатта күмүш байге жеңип алды

00

2022-жылдын 23-январь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын бокс боюнча жаштар арасындагы чемпионаты аяктады. 20-январда башталган мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 19 салмактык категория боюнча 140 мушкер катышты. Чемпионатка №7-жатаканада жашаган Берди кызы Санирабига  да катышып, 60кг. салмактык категорияда экинчи орунду ээледи.

 

Бабыржан Төлбаев кыргыз-кытай факультетинин активист студенттери менен жолугушуу өткөрдү

00

2022-жылдын 24-январь күнү башкы имараттагы конференц-залда КУУнун көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы, "М Булак" микрокредиттик холдингинин башкы директору Бабыржан Төлбаев кыргыз-кытай факультетинин активист студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Төрага Улуттук университеттин өнүгүүсүнүн айрым багытары жана аларды ишке ашыруунун жолдору тууралуу айтып берди. Бабыржан Лотихановичтин айтымында, Кыргыз улуттук университети - азыркы учурда өлкөнүн көрүнүктүү жогорку окуу жайларынын бири. Биз аны мындан да жакшы, мындан да күчтүү университетке айландырышыбыз керек! Ал үчүн студенттерден жана кызматкерлерден турган "стратегиялык команда"  түзүп, бүткүл "энергияны" бир жерге топтоп, керектүү тарапка багытташыбыз абзел.

 

Матфактын студенттери Т.Сатылгановдун музейинде болушту

00

2022-жылдын 24-январында кыргыз тилчи Элтузерова Гүлзина кышкы эс алуу учурунда матфактын 1-курсунун айылга барбай, шаарда эс алып жаткан студенттери менен бирге маданий агартуучулук максатында Т.Сатылгановдун музейине барып, Токтогулдун башка замандаш акындардан жана комузчу-төкмөлөрдөн айырмасы - ал универсалдуу, б.а. көп кырдуу таланттын ээси болгонуна күбө болуп келишти. Ал теңдешсиз акын, улуу комузчу, шаңшыган ырчы, саясий идиреги өтө күчтүү ойчул, санатчы, төкмө, куудул болгондугун, Токтогулду Токтогул кылган, атын кылымга калтырган чыгармалар - анын дүйнө, өмүр жөнүндөгү классикалык саптары, адам баласынын бу жарык дүйнөдөгү бийик вазипасы, асыл наамы, милдети тууралуу ырлары, эл-жер тууралуу термелери, насыяттары, тууган жердин турпагын сагынгандагы кербездери, ботойлору, кайрыктары экендигин музейдин кызматкери жеткиликтүү баяндап берди.

 

Страница 34 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 345 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары