Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар

Кесиптик колледждин окутуучусу Саадат Муратова “Элдик салт - баба мурасы” аттуу китеп жазды

0

2022-жылдын 2-март күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында кесиптик колледждин котормо иши бөлүмүнүн окутуучусу Саадат Муратованын “Элдик салт - баба мурасы” аттуу китебинин бет ачар аземи болду. Жыйынды колледж директору Аскар Акматов ачып, китептин кыргыз, орус, англис жана корей тилдеринде жазылгандыгын баса белгиледи. Эмгектин автору Саадат Муратова китептин мазмунуна кенен токтолуп, элдик салт тууралуу кызыктуу кеп курду. Иш чара Манас айтуу, ыр аткаруу жана Мастура Бердибекова жетектеген “Кыргыз көчү” ансамблинин коштоосунда өттү. Аземге котормо иши  бөлүмүнүн башчысы Нурипа Куртубаева, профессор Салайдин Эралиев, о.э. кесиптик колледждин бөлүм башчылары; мугалимдери жана студенттери катышты. 

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин "Аруузат" командасы интеллектуалдык оюнда 2-орунду ээледи

00

2022-жылдын 2-март күнү "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмеси Аялдардын эл аралык майрамына карата «Кана эмесе, кыздар!» аттуу интеллектуалдык оюн уюштуруп, акыл таймашка Бишекек шаарындагы алты жогорку окуу жайдын командалары ат салышты. Улуттук университетинин атынан тарых жана чөлкөм таануу факультетинин "Аруузат" командасы катышып, экинчи орунду ээледи. Жеңүүчүлөр кубок, диплом жана сертификаттар менен сыйланышты. "Аруузат" командасынын мүчөлөрү: Аккошоева Айгерим (РК(б)-1-18), Айбек кызы Айтурган (РК(б)-1-18), Рыскул кызы Айгерим (И(б)-1-18), Сырдыбаева Сезим (РК(б)-2-20) жана Рыскул кызы Айгерим (И(б)-1-18).

 

Кесиптик колледжде эки жаңы лингафондук кабинет ачылды

00

2022-жылдын 2-мартында кесиптик колледжде 2 жаңы лингафондук кабинеттин ачылыш аземи болду. Иш чарага окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров менен административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев катышты. Колледждин директору Аскар Акматов заманбап техника менен жабдылган жаңы кабинеттер чет тилдерин үйрөнүп жаткан студенттерге чоң жардам берээрин белгиледи. Андан кийин, Handi Craft компаниясынын адиси колледждин чет тил мугалимдери үчүн тренинг өткөрүп, мугалимдер жаңы жабдууларды сынап көрүштү. Белгилей кетсек, кабинеттердеги жабдыктар толугу менен кесиптик колледждин кызыктыруучу фондунун эсебинен алынды.

 

КУУда Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Ак калпак күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү

00

2022-жылдын 2-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыэ Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Ак калпак күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Дөөлөт Сыдыков, Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Сабыр Иптаровдун жубайы, Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Бурул Шамбаева катышты. Жыйын Сабыр Иптаров тууралуу видеоролик менен башталып, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахандын сөзү менен уланды 

 

КЕФ доценти Анара Камалова мамлекеттик тилде окулган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагына катышты

002022-жылдын 1-мартында мамлекеттик тилде окулган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагынын алкагында кыргыз-европа факультетинин доценти Анара Камалова 4-курс студенттерине “Эл аралык маркетингде товарды изилдөө” темасында лекция окуду. Сабакка мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова, академиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн адиси Фарида Төлөбаева жана мамлекеттик тил бөлүмүмнүн адиси Роза Жолдошева катышты.

 

Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында докторант Рахат Сулайманованын докторлук диссертациясы талкууланды

00

2022-жылдын 1-март күнү социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында кезектеги отурум болуп, жыйында ушул кафедранын бүтүрүүчүсү, докторанты, п.и.к., доцент Рахат Сулайманованын “Кыргызстанда педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы” аттуу темадагы педагогика илиминин докторлук даражасын изденип алуу учун жазылган диссертациялык иши талкууланды. Жыйынга факультет деканынын м.а. Камчыбек уулу Мырзабек төрагалык кылып, п.и.д., профессор Э.М.Мамбетакунов, п.и.д., профессор Н.О.Мааткеримов, п.и.д., профессор А.С.Раимкулова, п.и.д., профессор Г.Т.Карабалаева, п.и.к., доцент Т.С.Сатыбекова, п.и.к., доцент М.А.Сатыбекова, о.э. докторанттын илимий жетекчиси п.и.д., профессор Н.А .Асипова баш болгон кафедранын жалпы жамааты катышты.

 

Улуттук университетте «Ректордун кубогун» утуп алуу үчүн кичи-футбол боюнча турнир башталды

02022-жылдын 1-мартында 6-окуу имараты тараптагы футбол талаасында «Ректордун кубогун» утуп алуу үчүн кичи футбол боюнча турнирдин ачылыш аземи болдуИш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, бул иш чара Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө»  2021-жылдын 29-январында кол койгон жарлыгын ишке ашыруу багытында өткөрүлүп жатканын айтып, оюнчуларга ынтымак, достук, ийгилик каалады жана калыстардын так мамиле кылаарына ишенээрин билдирди.

 

Матфакта Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу болду

00

2022-жылдын 28-февралында математика жана информатика факультетинде "Ооганстан - айыкпаган жара" аттуу кече өткөрүлүп,  иш чарага Ооган согушунун ардагерлери Кадыр Уметов менен Адылбек Маматов катышты. Жыйынды факультет деканы Изат Усенов ачып, бул жолугушуу студенттердин патриоттук сезимин дагы бир жолу ойготоорун жана тынчтыкты сактоо - жашап жаткан коомдогу эң негизги баалуулук экенин белгиледи. Бишкек шаардык Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Кадыр Уметов аталган органдын аткарган иштери, Ооган жеринде болгон окуялар, о.э. ардагерлердин 1999-жылдагы Баткен окуясында, 2005, 2010-жылдардагы революция учурунда жана Ош, Жалал-Абад окуяларында биринчилерден болуп элибиздин тынчтыгы үчүн тикеден-тик тургандыгы жөнүндө айтып берди.

 

Профессор Г.Жаманкулованын “Байыркы кыргыз тили” аттуу китеби эң ири дүйнөлүк китеп-көргөзмөнүн алтын медалына татыктуу болду

00Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү "Frankfurter Buchmesse" дүйнөлүк ири китеп көргөзмөгө Гүлжамал Жаманкулованын китептери катышып, “Байыркы кыргыз тили” аттуу китеби көргөзмөнүн алтын медалына татыктуу болду жана китептин аннотациясы көргөзмөнүн каталогуна жарыяланды. Аталган көргөзмө китептерди, илимди жайылтуу, автордук укуктарды колдонуу жана лицензияларды алуу боюнча дүйнөдөгү эң маанилүү платформа. 5 күндүн ичинде көргөзмөгө 100дөн ашык өлкөдөн 7 000 экспонент, 300 000 адам катышкан.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде «Манастын уулу Семетей» аттуу драмалык сахна-сабак өтүлдү

002022-жылдын 24-февралында кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти Эмил Акунов КТАОМ-1-19 группасы менен биргеликте “Манастын уулу Семетей” аттуу драмалык сахна-сабагын өткөрдү. Аталган сабак №5-окуу имаратынын Манас өргөсүндө болуп, группанын студенттери актёрдук чеберчилигин көрсөтүштү жана өздөрүнө бөлүнгөн ролдорду жогорку деңгээлде аткарганга аракет кылышты.

 

Экономика факультетинин ага окутуучусу Ж.Шералиева мамлекеттик тилде даярдалган «Мыкты лекция» сынагына катышты

00

2022-жылдын 24-февраль күнү экономика факультетинин финансы кафедрасынын ага окутуучусу Ж.Шералиева мамлекеттик тилде даярдалган «Мыкты лекция», «Мыкты практикалык сабак» сынагынын алкагында “Мамлекеттин бюджеттик системасы” темасында ачык сабак өттү. Ачык сабакка мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), факультет деканы Эркин Кулова, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова жана академиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн адиси Төлөбаева Фарида катышты.

 

Педагогика факультетинин ага окутуучусу А.Жуматаева мамлекеттик тилде даярдалган «Мыкты практикалык сабак» сынагына катышты

002022-жылдын 22-февралында педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу Асылгүл Жуматаева мамлекеттик тилде даярдалган «Мыкты лекция», «Мыкты практикалык сабак» сынагынын алкагында педагогика бвгытындагы 4-курс студенттерине «Башталгыч мектептерде окуу, жазуу жана предметтерди интеграцияланган жана дифференцияланган окутуу» дисциплинасынан «Текст предмет менен тилди интеграциялап окутууда кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн негиз катары» темасында ачык практикалык сабак өттү.

 

Математика жана информатика факультетинин жамааты Бактияр Рахманкуловду куттуктайт

00

Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкуловду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Төш белгисине ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чыӊ ден соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт. Бактияр Зулпукаровичтин бүгүнкү сыйлыгы талашсыз, анткени 1999-жылдан баштап азыркы күнгө чейин, т.а. 23 жыл бою декандын тарбия иштери боюнча орун басары кызматын үзгүлтүксүз түрдө аркалап, факультеттеги иш чаралардын баарын кыргыз тилинде жогорку денгээлде өткөрүп келет.

 

Өмүр – бул кыймыл!

00Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 20-январындагы 50/1 жана Дене тарбия жана спорт департаментинин 2022-жылдын 17-январындагы 4-Н буйруктарынын негизинде жогорку окуу жайлардын кызматкерлери арасында өткөрүлгөн «Ден соолук – 2022» спартакиадасында Улуттук университеттин намысын коргоого активдуу катышкандыгы жана спортко болгон сүйүү менен сергек жашоонун үлгүсүн мыкты көрсөтүп келгендиги үчүн КУУнун волейбол боюнча кыз-келиндер командасы ректордун ыраазычылыгына ээ болуп, грамота менен сыйланды. Алар бул жеңишин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 90 жылдыгына арнашты.

 

№7-жатаканада Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата мырзалар арасында сынак болуп өттү

00

2022-жылдын 22-февраль күнү №7-жатаканада Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата "Мыкты мырза" сынагы болуп, мелдешке ар бир кабаттан 2ден студент катышты. Алар "Дефиле", "Саламдашуу", "Үй тапшырмасы", "Суроо-жооп", "Пародия", "Күтүлбөгөн тапшырма", "Балдар ашканада" жана "Спорттук таймаш" деген тапшырмаларды аткарышты. Сынакты курамына жатаканалар боюнча менеджер Бексултан Шабданов (төрага), жатакана вахтерлору Гүлайым Осмонкулова, Эркингүл Кенешова, жатаканын маданият секторунун башчысы Орозбек Каримов жана комендант Жакшылык кызы Асель кирген калыстар тобу баалашты.

 

СГИФ деканы 1-курс студенти Жусупова Салтанатты «Сабаттуу бол» жат жазуу сынагында 1-орунду алышы менен куттуктады

00Мурда кабарлангандай, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин “Педагогика жана психология” багытынын 1-курс студенти Жусупова Салтанат Эне тилдин эл аралык күнүнө карата мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган «Сабаттуу бол» жат жазуу сынагында англис тили боюнча 1-даражадагы диплом менен сыйланган. 2022-жылдын 22-февралында факультет деканы Камчыбек уулу Мырзабек сынактын уюштуруучуларына жана Жусупова Салтанатка жалпы факультеттин жамаатынын жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирип, өткөрүлгөн иш чара жаштарды китеп окууга, сабаттуу жазууга үндөө максатын көздөй тургандыгын, о.э. жарандардын тилди билүү деңгээли канчалык жогору болсо, коомдун интеллектуалдык жана рухий маданияты ошончолук өсөөрүн белгилеп, Салтанатка ийгиликтерди каалады.

 

Профсоюз комитети КУУнун кызматкерлери менен студенттерин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт!

00 kg23-февраль — Мекенге кызмат кылуунун, аскердик эрдикти, муундардын ажырагыс байланышын жана аскердик духтун уландысын чагылдырган эң сонун  майрам. Бул майрамда туруктуулуктун жана баатырдыктын, аскердик жеңиштердин жана бийик адеп-ахлактык, патриоттук идеалдардын символу болуп, өз Мекенин душмандардын кол салууларынан коргогон бардык жоокерлердин элесине таазим этебиз жана урматтайбыз. Алардын арасында каргашалуу Баткен окуясында мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн, коопсуздугун коргоп, курман болгон аскер кызматкерлери бар. Биз ар бир жылдардагы солдат жана матрос, сержант жана старшина, мичман жана прапорщик, офицер, генерал жана адмирал катары армияда, флотто жана авиацияда ийгиликтуу кызмат өтөп, Мекен алдындагы өз ыйык аскердик милдетин татыктуу аткарышкан мекендештерибиз менен сыймыктанабыз.

 

Матфактын активист студенттери куралдуу күчтөрдүн полковниги Айтбаев Жоошбайды майрамы менен куттукташты

02022-жылдын 22-февраль күнү математика жана информатика факультети №6-окуу имаратындагы 115-дарсканасында Ата Мекенди коргоо күнүн белгилеп, иш-чарага куралдуу күчтөрдүн полковниги Айтбаев Жоошбай катышты. Ал Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшү, заманбап аскердик курал-жарактар менен куралдануусу, аскердик түзүмдөрү, эл аралык кызматташтыгы, окуу жайлары, ошондой эле офицерлерди даярдоо негизинен Россиянын, Казакстандын, Азербайжандын, Түркиянын жана Кытайдын аскер мектептердинде жүргүзүлөрүн айтып берди.

 

Профессор Г.Жаманкулованын китептеринин аннотациялары Испаниядагы китеп-көргөзмөсүнүн каталогуна жарыяланды

00

"Liber Madrid - 2021" китеп-көргөзмөсү Испаниянын билим берүү жана кесиптик даярдоо министрлигинин, маданият жана спорт министрлигинин, о.э. Мадрид шаардык кеңешинин расмий колдоосу менен өткөрүлгөн. Иш чаранын алкагында бизнес жолугушуулар, китеп презентациялары, тегерек столдор, лекциялар, талкуулар оффлайн режимде да, көргөзмөнүн бизнес-платформасын колдонуу менен онлайн режимде да болгон. Көргөзмөнүн стенддеринде коюлган материалдар менен китеп басып чыгаруунун, илим жана билим берүүнүн 10 000ден ашык адистери таанышкан. Көргөзмөнү дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 130дан ашык маалымат каражаттары чагылдырган.

 

23-февраль КУУнун кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп жарыяланды

00КУУнун ректору Канат Садыковдун 2022-жылдын 21-февралында кол койгон №57-буйругуна ылайык 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин негизинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп жарыяланып, административдик-чарба иштери боюнча проректорго майрам күнүндө университеттин өрт коопсуздугун, мүлкүн жана материалдык баалуулуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн атайын кызматтардын нөөмөт жүгүртмөсүн бекитүү тапшырылды.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

00

2022-жылдын 21-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери тарабынан уюштурулган интеллектуалдык оюн жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата факультеттин кыздары тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт өткөрүлдү. Алгач, факультеттин ар бир группасынан түзүлгөн командалар арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча интеллектуалдык оюн болуп, андан соң факультеттин жалпы мырзаларын куттуктап, кыздар жамааты тарабынан уюшулган концерт тартууланды. Иш чара факультет деканы Б.Жайлообаев менен кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекелеринде кафедрасынын башчысы Э.Акуновдордун куттуктоо сөздөрү менен башталды. 

 

Эне тилдин эл аралык күнүнө карата уюштурулган "Сабаттуу бол» жат жазуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

02022-жылдын 21-февраль күнү Эне тилдин эл аралык күнүнө карата мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган «Сабаттуу бол» жат жазуу сынагыны жыйынтыгы чыгарылып, жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) куттуктоо сөзү менен ачып берген соң, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Кутмырза Жакыбалиев математика жана информатика факультетинин деканынын орун басары Бахтияр Рахманкуловго аталган комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисин, ал эми факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу Гүлзина Элтузеровага “Ардак грамотасын” тапшырды.

 

Кесиптик колледждин студенттери орусча мультфильмдерди кыргыз тилине которушту

00

2022-жылдын 18-февралында кесиптик колледждин кыргыз-кытай бөлүмүнүнүн окутуучусу Айнабаева А.К. 2-курстар арасында “Котормонун кыргыз тилине тийгизген таасири” атту темада тегерек стол өткөрдү. Иш чара окутуучунун алгы сөзү менен башталып,  студенттердин көркөм окуу жана баяндоолору менен уланды. Баяндоолордо “Көркөм котормо”, “Кыргыз тилинин коомдогу статусун көтөрүү”, “Синхрондук котормо” жана башка темалар каралды. Жыйындын жүрүшүндө о.э. студенттер тарабынан орус тилинен кыргызчага которулган “Простоквашинодогу кыш” (ПДо-1-20 группасы), “Башкатырма” (ПДо-3-20) жана “Фиксики” (ПДо-2-20) аттуу мультфилимдер көрсөтүлдү.

 

Кыргыз тилчи Гүлзина Элтузерова математика жана информатика факультетинин студенттерине эне тилге арналган иш-чара өткөрдү

00

2022-жылдын 18-февраль күнү кыргыз тилчи Гүлзина Элтузерова математика жана информатика факультетинин 1-курстары менен биргеликте 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрдү. Студенттердин мекен алдындагы жоопкерчилигин арттыруу, атуулдук сезимдерин ойготуу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу жана ар түрдүү шык-жөндөмдөрүн өстүрүү максатында уюштурулган жыйында белгиленип жаткан дата тууралуу маалымат берилди. Иш-чаранын чакырыгы: Келгиле студенттер, баарыбыз биргеликте дүйнөдө теңдеши жок алп “Манастай” дастандарды жараткан эне тилибизди сактоого өз салымыбызды кошолу!

 

Страница 33 из 35

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 351 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары