Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Жарнама иши жана коомчулук менен байланыш кафедрасы (27.02.2018 жаңыланды)

1. Кафедранын тарыхы

Жарнама иши жана коомчулук менен байланыш кафедрасы 2009-жылы журналистика факультетинин базасында ачылган. Кафедранын ачылышы жана өнүгүүсү PR жана жарнама институттарынын кескин өсүшүнөн, бул институттарга жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана  азыркы учурда эмгек рыногунда жарнама жана коомчулук менен байланыш адистерине муктаждыгы  менен шартталган.

Кафедра алгач “Жарнама” (522521) жана “Коомчулук менен байланыш” (521102 ) багыттагы  адистерди даярдап келсе, 2012-жылдан баштап Мамлекеттик  жогорку билим берүүнүн жаңы муунунун стандартына ылайык “Коомчулук менен байланыш жана жарнама” (530700) бакалавр багытына  кабыл ала баштаган.

Студенттерге билим берүүдө  жарнаманын, менеджменттин, массалык коммуникациянын, копирайтингдин, коомчулук менен байланыштын теориясы жана практикасы сыяктуу сабактар өтүлүүдө. Бүгүнкү күндө кафедра мамлекеттик түзүмдөрдө, коммерциялык  мекемелерде, массалык маалымат каражаттарында иштей ала турган кеңири профилдеги адистерди даярдоодо.

Окутуу формасы жана мөөнөтү:

Бакалавр - 4 жыл,

Магистратура - 2 жыл.

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы: А.А.Арзыматова - профессор, т.и.д., Б.Б.Максутова - доцент, ф.и.к., Ж.Т.Кожомбердиева - доцент, ф.и.к., Р.М.Токсоналиева - доцент, ф.и.к., Р.Б.Маманова - улук окутуучу, А.З.Эралиева - улук окутуучу, Б.Ж.Асанова - улук окутуучу, Т.М.Токторбаева - улук окутуучу, К.Какишев - окутуучу, Р.А.Маткадыров - окутуучу, Э.Абдыгулова  -окутуучу.

Илимий-методикалык жана изилдөө иштери:

Кафедранын илимий иши бүгүнкү күндө талап кылынган багыттар боюнча өнүгүүдө:

  • Жарнамалык  коммуникациялар
  • Жарнамадагы технологиялар жана инновациялык мамилелер
  • Копирайтинг
  • Интернет-жарнама
  • Кесиптик коммуникациялар жана маалымат каражаттары
  • Интернет-коммуникациялар
  • ММК менен өз ара аракеттешүү
  • PR жана интеграциялык маркетингдик коммуникациялар ж.б.

Кафедрада студенттерди окутуунун концепциясы иштелип чыккан:

Коммуникациялык мекемелерде иштөөдө практикалык жөндөмдөргө ээ болуу (жарнамалык жана коммуникациялык агентстволордо, пресс-кызматтарда, маалыматтык агентстволордо, ММК редакцияларда, коммерциялык, мамлекеттик  ж.б. ар кайсы мекемелердеги маркетинг жана коомчулук менен байланыш бөлүмдөрүндө)

Кафедранын курамында “теоретиктер” менен “практиктердин” бирдей  болуусун көзөмөлгө алуу.

2017-жылы кафедра КУУнун илимий изилдөөлөр боюнча грантына катышып, “Ж.Баласагын атындагы КУУнун имиджин изилдөө жана аны Кыргызстандын билим берүү кызматында алга жылдыруу” деген темада иш алып барды.

Кафедранын мүчөлөрү тарабынан “Коомчулук менен байланыш жана жарнама” багыты( бакалавр жана магистратура)  боюнча мамлекеттик билим берүүнүн стандарттары  иштелип чыкты.

Б.Б.Максутова, Т.М.Токторбаевалар тарабынан “Коомчулук менен байланыштын теориясы жана практикасы”аттуу окуу куралы мамлекеттик тилде 2014-жылы, Б.Б.Максутова жана Р.М.Токсоналиевалардын  “Копирайтинг жана тексттин стилистикасы” окуу куралы 2015-жылы басылып чыккан.

 Жарнама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын уюштуруу иштери:

  • 2011-жылы 17-мартта “Жарнама жана коомчулук менен байланыш адиси: билим берүү жана рыноктун талабы” деген темада өткөрүлгөн тегерек столдо  жарнама жана коомчулук менен байланыш  адистеринин өз ара кызматташуусу, аракеттешүүсү тууралуу маселелер талкууланды.
  • Ал эми 2012-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУда алгачкылардан болуп кафедранын базасында медиамектеп ачылган.  Медиамектеп PR жана компьютердик технологиялар чөйрөсүндө адистерди даярдоодо. Окуу программасына бүгүнкү күндүн талабына жооп берген багыттар кирген:  PR менеджмент,  компьютердик дизайн-программалары  Adobe Photoshop, CorelDRAW, Adobe InDesign.
  • 2013-жылы 5-апрелде кафедра тарабынан “Кыргызстандагы жарнама жана PR: билим берүү жана өүгүү тенденциялары” деген темада тегерек стол өткөрүлүп, катышуучулардын макалалары басылып чыгарылган. Ушул эле жылдын 1-ноябрында  Ж.Баласагын атындагы КУУнун 80 жылдык мааракесине карата  студенттер тарабынан “Мааракең менен, университет” аттуу флеш-моб өткөрүлсө, 17-ноябрда  студенттер күнүнө карата“Ученье-свет” акциясы өткөрүлгөн.
  • 2014-жылы  жарнама жана коомчулук менен байланыш багытында окуган студенттер 12-13-сентябрда USAID и ACTED  тарабынан өткөрүлгөн “Мир и согласие” аттуу документалдык кино фестивалына катышышып, “ЖОЖдордогу коррупция” социалдык ролиги калыстар тобунун атайын сертификаты менен сыйланышкан.
  • 2014-жылы 23-октябрда  универститеттин тарыхында алгачкы жолу салтанаттуу түрдө Жарнама күнү белгиленди. Бул кесиптик  майрамга карата студенттер арасында социалдык роликтердин конкурсу өткөрүлдү. Конкурска республикабыздын ЖОЖдорунда жарнама жана коомчулук менен байланыш багытында окуган студенттер катышып, кафедра тарабынан даярдалган сыйлыктарга ээ болушту.
  • Кафедра 2014-жылдан тартып жыл сайын ЖОЖдор арасындагы  “PR жана жарнама учурдун коммуникациялар системасында” деген темада студенттик илимий-практикалык конференцияны өткөрүп келет. Конференция азыркы коомдогу жарнама жана коомчулук менен байланыштын актуалдуу көйгөйлөрүнө арналуу менен “Мыкты социалдык видеожарнама”, “Мыкты социалдык радиожарнама”, “Мыкты социалдык плакат” аталыштарындагы социалдык жарнаманын конкурсу  да каралган.
  • 2016-жылдын 19-26-апрелинде  доцент Максутова Б.Б, улук окутуучу Токторбаева Т.М, окутуучу Какишев К, студенттер Манджиева Алтынай, Кенжебаева Асель, Калыкбекова Айчүрөк Красноярск шаарында өткөн  бүткүл россиялык жарнама жана PR “ЯРПиаР на Енисее” фестивалына катышып келишти. Бул фестивалда биздин студенттер “Видеопрезентация команды” конкурсунан 1- даражадагы диплом, “Аргументированный подход в решении задач” номинациясы боюнча диплом, “За участие в конкурсе СибРек” конкурсу боюнча дипломдор менен сыйланып келишти.
  • Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы 2017-жылы 23-24-мартында “Жоогазын” жарнама жана PR улуттук фестивалын” уюштурушкан. Фестивалдын негизин “Кыргызстандагы жарнама жана PR:теория жана практика” деген аталыштагы студенттик илимий-практикалык конференция,  республиканын алдынкы адистеринин  лекциялары, тренингдери, мастер-класстары менен бирге “Мыкты социалдык видеожарнама”, “Мыкты социалдык радиожарнама”, “Мыкты социалдык плакат” номинациясындагы конкурстар түздү. Фейсбукта “Жоогазын” баракчасы ачылып, иш-чара тууралуу маалыматтар берилип турду. Бүгүнкү күндө да баракча анык, активдүү.
  • 2017-жылдын 20-апрелинен 27-апрелине чейин студенттик команда бүткүл россиялык жарнама жана PR “ЯРПиаР на Енисее” фестивалына катышып келишти. Ж.Баласагын атындагы КУУнун командасын  студенттер- Суванкулов Баяман, Лимарева Настя, Попов Дмитрий, Абдысадыков Эрлан, Олжобай уулу Амангелди, Черемнова Ульяна, Бердигулов Искендер, жетекчилери-Токторбаева Т.М., Маткадыров Р.А. түзүштү. 1-курстун студенти Суванкулов Баяман “Имидж Кыргызстана  в свете политических преобразований”, 4-курстун студенти Лимарева Настя “Всемирные игры кочевников как способ территориального брендинга”, 1-курстун студенти Попов Дмитрий “Нравственно-этические аспекты рекламы в Кыргызстане” деген макалалары менен катышышып 2-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.  М.Ф.Решетнев атындагы  Сибирь аэрокосмостук университетинин атынан улук окутуучу  Т.М.Токторбаевага, окутуучу Р.А.Маткадыровго “Неделя PR и рекламы на Енисее 2017” фестивалын өткөрүүдө кызматташтык көрсөткөндүгү үчүн алкыш айткан кат жөнөтүлгөн.
  • Учурда кафедра жарнама жана коомчулук  менен байланыштар чөйрөсүнө  элеттик  мектептердин   бүтүрүүчүлөрүн кеңири  тартуу максатында кесиптик багыт берүү иш чараларын активдештирүүдө.

2. Кафедра башчысы

Максутова Бегайым Борукуловна

Maksytova

Жумуш тел.: 0 312 465 725

Уюлдук тел.: 0555 914 887

E-mail: bg.zad@mail.ru

3. Кафедра мүчөлөрү

Кожомбердиева Жылдыз Телемишевна

филол. и.к., доцент,

Kogomberdieva

Жумуш тел.: 0 312 465 725

Уюлдук тел.:

E-mail: k.jyldyz@mail.ru

Токсоналиева Роза Мусурапшаевна

филол. и.к., доцент,

(фотосу жок)

  • Р.М.Токсоналиеванын резюмеси

Жумуш тел.: 0 312 465 725

Уюлдук тел.:

E-mail:

Абдимиталипова Гульзар

филол. и.к., доцент,

(фотосу жок)

Жумуш тел.: 0 312 465 725

Уюлдук тел.:

E-mail: gabdimitalipova71@mail.ru

Маманова Рейна Бакиевна

ага окутуучу

Mamanova

Жумуш тел: 0 312 465 725

Уюлдук тел.:

E-mail: mamanova.reina@gmail.com

Токторбаева Татына Мурзабековна

ага окутуучу

Toktorbaeva

  • Т.М.Токторбаеванын резюмеси

Жумуш тел.: 0 312 465 725

Уюлдук тел.:

E-mail: Meri_al@list.ru

Рустамова Динара Кошеевна

ага окутуучу

(фотосу жок)

Жумуш тел.: 0 312 465 725

Уюлдук тел.:

E-mail: drustamova@list.ru

Абдыгулова Элвира Бактыбековна

(фотосу жок)

Жумуш тел.: 0 312 465 725

Уюлдук тел.:

E-mail: elvira_abdygulov@mail.ru

Маткадыров Рустам Алимжанович

Matkadyrov

Жум. тел.: 0 312 465 725

Моб. тел.: +996 555 550011

E-mail: rustam.ali@mail.ru

Эралиева Айнура Закирбековна

Eralieva

Жумуш тел.: 0 312 465 725

Уюлдук тел.:

E-mail: ayar_kg@bk.ru

Какишов Кенжебек Каныбекович

(фотосу жок)

  • К.К.Какишовдун резюмеси

Жумуш тел.: 0 312 465 725

Уюлдук тел.: 

E-mail: