Дүйшөмбү, Июнь 03, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Профессор Б.Канетовдун макалалары “Web of Science”-те индекстелүүчү журналдарда жарык көрдү

00Алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, физика жана математика илимдеринин доктору, профессор Бекболот Канетовдун “On uniformly Lindelöf spaces” жана “On strongly uniformly paracompact spaces and mappings” деген илимий макалалары (аспиранты М.Жанакунова менен биргеликте жазган) импакт фактору 0,4 болгон америкалык “AIP Conference Proceedings” журналынын ушул жылдын февраль айындагы санында жарык көрдү.

Айта кетчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын январь айындагы маянага университеттин окумуштууларынын 2020 – жылы импакт фактору бар жана Web of Science да индекстелүүчү журналдарда жарык көргөн ар бир илимий макаласы үчүн каражат кошулуп кошумча финансылык жардам көрсөтүлдү. Илимий макалалары жарык көргөн авторлорго финансылык жардам көрсөтүүдө университеттин илимий иштери боюнча проректору А.А.Чекеевдин жана илим жана инновация бөлүмүнүн кызматкерлеринин салымы чоң жана бул илимий жетекчиликтин колго алар иши болуп турат.

* * *

Бахтияр Рахманкулов - ф.-м.и.к., доцент