Понедельник, Мая 20, 2024

Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасы

1. Кафедранын тарыхы

“Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы”кафедрасы  1937- жылы Тарых факультетиндеги  “Жалпы тарых”  кафедрасынын базасында түзүлгөн. Кафедранын алгачкы жетекчиси болуп, доцент  Г.Г. Куранов  1937-жылдан тарта иштеген. Андан  кийинки жылдары кафедраны  Липович, О.Л.Вайнштейн, Б.М.Зима, Б.Э.Элебаев, И.Е.Семёнов, А.А.Арзыматов, Х.М.Мусин сыяктуу өлкөнүн көрүнүктүү окумуштуулары жетектешкен.

Кыргызстандагы тарых илиминин калыптанышына жана өнүгүшүнө “жалпы тарых” багытында иштеген ленинграддык окумуштуу О.Л.Вайнштейн зор салым кошкон. Ал тарых илиминдеги советтик мектептин көрүнүктүү өкүлү болгон  жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин негизги окуу куралдарына айланган “Историография средних веков в связи с развитием исторической мысли от начала средних веков до наших дней” (“Орто кылымдардын башталышынан тартып, биздин күндөргө чейинки тарыхый ой-жүгүртүүнүнүн өнүгүшүнө байланыштуу орто кылымдардын тарыхнаамасы”).-Л.,1940., “Западноевропейская средневековая историография” (“Батыш европалык орто кылымдардын тарыхнаамасы”).-М.-Л.,1955., “История советской медиевстики. 1917-1966” (“Советтик медиевистиканын тарыхы”.1917-1966”).-М.,1968. ж.б. көптөгөн  эмгектерди жазган. Ошону менен катар эле Кыргызстандык окумуштууларды даярдоого да активтүү катышкан. О.Л.Вайнштейндин жетекчилиги астында анын аспиранты А.А.Арзыматов Кыргызстанда биринчилерден болуп 1954 жылы,  “жалпы тарых” багытында  “30 жылдык согуштун мезгилиндеги орус-швед мамилелери”  деген темада Москва шаарындагы Академия наук СССРинин   Тарых институтунда кандидаттык диссертациясын коргогон.

1977-жылы кафедра экиге бөлүнөт: 1) “Жаңы жана соңку мезгилдин тарыхы” кафедрасы, аны адегенде профессор С.А.Аттокуров, андан кийин М.Н.Оморов жетектеген , 2)”Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы” кафедрасы, жетекчиси доцент М.Б.Джамгерчинов болгон.

1995-жылы  “Жаңы жана соңку мезгилдин тарыхы”, “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы”, “Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы”  кафедралары бириктирилип, кайрадан  “Жалпы тарых” кафедрасы болуп түзүлүп, кафедра башчылыгына доцент С.А.Абдрахманов бекитилет. 1997-жылы Тарых факультетинин курамында “Чөлкөм таануу” бөлүмү ачылгандыгына  байланыштуу, “Жалпы тарых” кафедрасы  “Чөлкөм таануу жана дүйнө элдеринин тарыхы” кафедрасы деп аталат.

1998-жылы Тарых жана чөлкөм таануу факультетиндеги структуралык өзгөрүүлөргө  байланыштуу “Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасы түзүлөт. 1997-жылдан 2003-жылга чейин кафедра башчылыгын доцент А.Э.Жоробекова, 2003-2005-жылдары доцент Н.М.Галкина аткарышкан. 2005-жылдан 2016-жылга чейин  “Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасын т.и.д., профессор А.А.Арзыматова жетектейт.  2016-жылы Кыргыз улуттук университетиндеги структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу Азия жана Африка өлкөлөрүнүн  тарыхы  кафедрасы жана Европа жана Америка  өлкөлөрүнүн  тарыхы  кафедрасы бириктирилип  Жалпы тарых кафедрасы болуп түзүлгөн.  Аталган кафедраны  т.и.д., профессор А.А.Арзыматова жетектейт.

2021-жылы  Жалпы тарых кафедрасы кайрадан  экиге бөлүнүп  Европа жана Америка  өлкөлөрүнүн  тарыхы  кафедрасы түзүлдү. Учурда кафедраны т.и.д., профессор А.А.Арзыматова жетектеп келет. Азыркы мезгилде кафедрада  2 тарых илимдеринин доктору- профессор  Арзыматова А.А.  жана  профессор Карыева А.К., тарых илимдин кандиттары , доцент Жолдошов Р.Ж., доцент Алимова Б.М., доцент   Момошева Н.К., ага окутуучулар Төрөгелдиева Э.Э., Эсенбаева А.С.,  эмгектенишет.  

Кафедрада эки студенттик кружок иштейт: “Актуальная политика” профессор Арзыматова А.А, жектесе ал эми  “Кыргыз элинин этногенетикалык тарыхы”  боюнча доцент Жолдошов Р.Ж. жетектеп келет.   Кафедранын мугалимдери доцент Момошева Н.К. жана профессор Арзыматова А.А.  Летняя школа  для молодых ученых “ Современные методы научных исследований”  деген тренингти өткөрүп келишет. (Бостери, Иссык Көл)

Кафедра мүчөлөрү адис тарыхчыларды даярдоо боюнча окуу процессинде, окуу-усулдук, илимий-изилдөө жана эл аралык конференияларга дагы  активдүү катышышып келе жатышат ( Германия , США, , Венгрия, Япония, Россия , Алжир, Варшава, Туркменистан, Казакстан).

2. Кафедра башчысы

Арзыматова Айнура Атыгаевна

т.и.д. профессор

arzymatova

 

3. Кафедранын окутуучулук курамы

kaf vse

Карыева Анара Карыевна

т.и.д., профессор

karyeva

Алимова Бермет Мурзабековна

т.и.к., доцент

alimova

Жолдошов Рыскул

т.и.к., доцент

joldoshov

Момошева Назира Керимбековна

т.и.к., доцент

momosheva

Төрөгелдиева Эльвира Эсенболовна

ага окутуучу

torogeldieva

Эсенбаева Айгерим Салбаровна

ага окутуучу

esenbaeva

Султангазиева Махабат Сүйөрбековна

лаборант

sultangazieva