Понедельник, Мая 20, 2024

Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн 2018–окуу жылындагы жасалган иштери боюнча отчету

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн 

2018–окуу жылындагы жасалган иштери боюнча ОТЧЕТУ

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Аспирантура жана докторантура бөлүмү өндүрүштөн тышкаркы (күндүзгү бөлүм) жана өндүрүштөн үзгүлтүксүз (сырттан окуу бөлүмү) боюнча бюджеттик жана контрактык негизде аспиранттарды, изденүүчүлөрдү жана докторанттарды 15 илимий багытта 73 адистиктерде даярдайт. 01.01.2019 – ж. карата аспиранттардын жалпы контингенти бардыгы болуп 199 адам, алардын 118 и бюджеттик негизде окушат, анын ичинен 28 күндүзгү бөлүмдө ал эми 90 аспирант сырттан окуу бөлүмдө окуп жатышат. Контрактык негизде 81 аспирант бар анын 17 күндүзгү бөлүмдө, 64 сырттан окуу бөлүмүндө окуп илимий иштерин жүргүзүшүүдө. Бардыгы болуп, күндүзгү бөлүмдө, 45 аспирант, сырттан окуу бөлүмүндө 154 аспирант окуйт. Быйылкы жылы (2018-жылга) бүтүп кеткендердин жалпы саны - 39, анын 24 бюджеттик негизде (15 келишимдик негизде) окугандар. Докторанттардын жалпы саны 5, анын ичинен, тарых илимдери боюнча -1, экономикалык илимдер боюнча -1, филологиялык илимдер боюнча-1, юридикалык илимдер боюнча -1, педагогикалык илимдер боюнча -1 докторант бар. Быйылкы жылда докторантураны бүтүп кеткендердин саны -2, жаңыдан кабыл алынгандардын саны -3, докторантураны бүтпөй мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен бирөө.   Изденүүчүлөрдүн жалпы саны – 19, бүтүп кеткендер 20.

01.01.2019 ж. карата күндүзгү бөлүмдөн сырттан окуу бөлүмүнө 2 аспирант которулду, 2 аспирант кайра өз ордуларына калган убактыларына калыбына келтирилип кабыл алынды, 5 аспирантка жаш баласын кароосу үчүн жазган арыздарына жараша отпуск берилди, 70 аспирант окуу акысын өз убагында төлөбөгөндүгүнө, кафедра менен байланышы жок болгондугуна жана окуу мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу аспирантурадан чыгарылды. 11 аспирант өз каалоосу менен аспирантураны улантуудан баш тартышты.

2018 – жылдын сентябрь – ноябрь, декабрь айларында быйылкы жылга 1-курска аспиранттарды кабыл алуу уюштурулуп жүргүзүлдү. Жаңыдан 1-курска тапшырып өтүүчүлөр ноябрь, декабрь айларында атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде, адистиктен, чет тилден, илимдердин философиясы жана тарыхынан, мамлекеттик тилден экзамендерди беришип сыноодон өтүштү. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандар конкурстун негизинде аспирантуранын 1-курсуна кабыл алынышты. Анда бардыгы болуп, 9 илимдердин тармагы жана 20 адистик боюнча 49 адам аспирант болуп, кабыл алынды. Анын 36 (73%), бюджеттик негизде 13 (27%) контрактык негизде кабыл алынышты. Алардын ичинен 10 (20%) аспирант бюджеттик негиздин күндүзгү бөлүмүнө өтүштү алар мамлекет тарабынан стипендия алышат.

Адистиктер боюнча салыштырып карасак, негизинен, педагогикалык, юридикалык, экономикалык илимдердин багыты боюнча адистиктерге келип тапшырышкан аспиранттардын саны башка адистиктерге караганда бир кыйла көп. Б.а. педагогикалык илимдер боюнча - 14, юридикалык илимдер боюнча -9, экономикалык илимдер боюнча -11   өткөн. Бул көрсөткүч быйылкы жылы жалпы аспирантурага тапшырып өткөндөрдүн 69% ын түзөт. Калган илимдер боюнча тапшырып кабыл алынган аспиранттар 31% ды түздү. Салыштырып карасак, былтыркы жылы жалпы - 80 адам аспирантурага тапшырып өтүшкөн болсо, быйылкы жылы 31 адамга аз тапшырып өтүшкөн. Демек, былтыркы жылга салыштырганда аспирантурага кызыгуучулардын саны 39% ке азайган десек болот. Аспиранттардын изденүүчүлөрдүн жана докторанттардын илимий жетекчилери жана кеңешчилери бардыгы болуп 115 анын 70 и бюджеттик негизде 45 и контрактык негизде окуган аспиранттарды жетектешет. Алардын ичинен илимдин докторлору, профессорлор – 103, анын - 62 бюджет (41 контракт) боюнча, 2 КРУИА нын анык мүчө корреспонденти жана 12 илимдин кандидаттары, доценттер жетекчилик кылышат.

Аспиранттар менен изденүүчүлөрдүн кандидаттык минимум экзамендерин тапшырууга даярдануу боюнча: илимдердин философиясы жана тарыхы, чет тилдери (англис, немец, француз, ж.б.) жана мамлекеттик тил боюнча атайын курстар уюштурулуп, сабактар жүргүзүлдү, аларга университеттин тажрыйбалуу педагогдору - илимдин докторлору, кандидаттары сабак берип жатышат. Бул курстарды жүргүзүү үчүн, КР ЖАК на тиешелүү буйруктар чыгарылып, коштомо каттар өз убагында тапшырылып уруксат алынды.

Ар дайым тиешелүү документтер: буйруктар, билдирүүлөр, өтүнмөлөр, справкалар, отчеттор, күбөлүктөр, кандидаттык экзамендердин протоколдору, аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн өздүк документтери өз убагында жасалып турулду. Отчеттук мезгилде адистиктер боюнча 28 диссертанттын адистик боюнча кандидаттык экзамендери уюштурулуп өткөрүлдү.

Ар дайым кандидаттык диссертациялардын темаларын жана илимий жетекчилерин университеттин Илимий Техникалык Кеңешине (ИТК) алып чыгуу үчүн тизмелер даярдалып Илимий Техникалык Кеңеште бекитилди. Жылдын ичинде Илимий Тезникалык Кеңеште жана университеттин Окумуштуулар Кеңешинде бекитилген кандидаттык жана докторлук диссертациялардын темалары ЖАК тын сайтына жана КУУнун сайтындагы реестрге коюлуп турулду.

Диссертациялык кеңештер тууралуу материалдар топтолуп аныкталды. 2017 - жылы университет боюнча 8 адистештирилген диссертациялык кеңештер иштеди:

Диссертациялык

советтердин аталышы

Номери

Төрагасы

1

Физика-математ. илимдер

Д 01.17.560

Борубаев А.А. – д. ф.-м. н., проф.

2

Тарых илимдери

Д 07.18.574

Асанканов А.А. – д.и.н., проф.

3

Тарых илимдери

Д 07.18.578

Арзыматова А.А. –д.и.н., проф.

4

Экономикалык илимдер

Д 08.15.571

Саякбаева А.А. – д.э.н., проф.

5

Филологияк илимдер

Д 10.18.575

Байгазиев С.О. – д.филол.н., проф.

6

Юридикалык илимдер

Д 12.18.567

Исаева К.А. – д.ю.н., проф.

7

Педагогикалык илимдер

Д 13.18.577

Мамбетакунов Э.М. – д. пед.н., проф.

8

Педагогикалык илимдер

Д 13.18.580

Муратов А.А. – д.пед.н., проф.

2018-жылы факультеттерден чогултулган маалыматтар боюнча университет боюнча 4 – докторлук, 21 – кандидаттык диссертация корголгон. 12 адам диссертациясын коргоо алдындагы талкуулоодон өтүшкөн.

Жылдары

Кандидаттык диссертациялардын саны

Докторлук диссертациялардын саны

Жалпысы

2013

20

6

26

2014

16

6

22

2015

19

5

24

2016

21

7

28

2017

17

3

20

2018

21

4

25

Жалпысы

114

31

145

Белгилеп кетсек, акыркы учурларда физ.-мат.и.д., проф. А.А.Чекеевдин, э.и.д., проф. А.А. Саякбаеванын, ю.и.д., проф. К.М. Сманалиевдин, пед.и.д., проф. Н.И. Ишекеевдин, ю.и.к., доц. К.С. Раманкуловдун ж.б. аспиранттары жана изденүүчүлөрү башка илимий жетекчилердин аспиранттарына караганда диссертацияларын бир топ ийгиликтүү коргоп жатышат. Жогорудагы аты аталган окумуштууларыбызга чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Аспирантурада чет өлкөлүк жарандар: Турциядан, Россиядан, Иорданиядан, Кытайдан, Монголиядан, Казакстандан келип окуп жатышат.

Анализ жана келечектеги пландар.

Илим менен алектенген жаштарыбыз айрыкча табигый илимдер боюнча аз себеби, материалдык колдоо жетишпейт, ички мотивация, стимул жокко эсе. Кээ бир илимий жетекчилер аспиранттар менен тыгыз байланышып, жакындан жардам берип иштешпей жаткан учурлар бар.     Аспиранттар диссертациялык иштин темасын тандоо учурунда кыйналышат. Диссертациялык иштердин темалары ар тараптуу жакшы ойлонулуп, факультеттердин, кафедралардын илимий багыттары менен бирдиктүү системада тандалбайт. Аспиранттардын иштерин бирдиктүү көзөмөлгө алуу, аттестация боюнча графиктерди түзүү аны убагында өткөрүү, жакындан жардам көрсөтүү көпчүлүк учурда байкалбайт.

Отчеттун негизиндеги сунуштар:

Бөлүмгө: аспиранттарды аттестациядан белгиленген мөөнөттө өткөрүүнү көзөмөлгө алуу; кандидаттык диссертациялардын өз убагында корголбой калуусунун себебин издеп, анализ жүргүзүү; бөлүмдүн ишин автоматташтырууну улантуу; аспиранттардын, изденүүчүлөрдүн жана докторанттардын, алардын жетекчилеринин базасын түзүп, программага кийирүү; аспиранттарга ар дайым консультация берип, семинарларды уюштуруу ж.б.

Факультеттеги кафедралардын башчыларына: аспиранттарды аттестациялоонун графигин түзүү, окуу процессине, өздүк пландарынын түзүлүшүнө, окуу сабактардын, практикалардын өткөрүлүшүнө көз салуу, текшерип турууну күчөтүү.

Иилимий жетекчилерге: аспиранттардын өздүк пландарынын аткарылышына, аттестациялоонун белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүшүнө, убагында диссертациялык иштин корголушуна катуу көзөмөл кылуу, аспиранттын өздүк окуу пландарын иштеп чыгуусуна жана аткарууга жардамдашуу, диссертациялык иштердин өз убагында корголушун камсыз кылуу сунушталат.

Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы п.и.к., проф. Т. А.Курамаева