Среда, Мая 15, 2024

Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 3-бөлүк

Мурдагы бөлүк Кийинки бөлүк

Жарык дүйнө жазмышта кимдин бешенесине эмне жазылган? Ошону айтсаң, кимге эмне буйрулган? Жандырмагын Теңирден башка табалгыс бу жазмышың ар дайыма ошондой. Жана да андан жан адам буйтап кеталбайт. Ошо бешенеге жазылган тагдыр табышмагынын жандырмагын күтүүнүн өзү күндөн күндү жаратып турат. Ал сенин тамырыңдын акыркы кагышына, соңку демиңдин чыгышына чейин бир өзгөрбөй кала берет. Бул түбөлүк өзгөрбөс нерсе.

Мына, кайсы бир жактан кайрадан шамал сокту, бул тагдыр, болгондо да өз милдетин эстей калып, адамдардын жашоо-тиргилигиндеги ойсанаасын, жандүйнө жайын, кылык-жоруктарын, айтор, көрүп-билүүгө тийиш болгондордун бүт баарын жарык дүйнө турмуштан карап чыгууга шашылган тагдыр. Ошо тагдыр ушу саам да жазганынан жазбас иштерине киришип, адатынча алдын ала ойлогону боюнча көктү тиктеп, Теңирдин айткан буйругун өз башынан кечирип, келер күндүн жазганын, кимге эмне болорун, тагдыры кантип кетерин тымызын ичтен даярдап, эмне үчүн, эмнеликтен ушундай болот жана эмне кылуу керек деген чечилмеги чечекейди чеч кылган суроо-талаптарды коюп жатты.

Ооба, шыбырап секин айтсаң да, кыйкырып ыйлап жатсаң да Көк асман деген эч укпайт.

Жазмыш деген ошондой, жада калса тоолордогу жырткыч да алданеге бойбоздоп, ошондон улам ырайым сурап киркиреп, не жаздым деп күркүрөп бу көк асманга муңая карайт, мындай кезде ободогу ай дагы жүрөгүн басып, көз жашын аарчып чыдабай бир туруп булуттарга, бир туруп ак шөкүлө чокуларга жашына берет, не дегенде тагдыр деген ага, мөңгү барсына да, энчисин берип, келер күнүн даярдап салган…

Эркектик намыс талаш кармашында кордоло жеңилген Жаабарс каректерден от жана балкый акактап чагышуу кезге жеткидей үйүгүш жыргалынан, тукум көбөйтүү вазийпасынан алакан жууп, үйүрдөгүлөргө суутумшук болуп басынып, ошол күндөн ушул күн муң-азага муунуп жашап келатат да, көнүмүш табиятына таянып тигиге тайманбай каршылык кылып, багындым дебей, бир кездеги күч-кубаты кайрылып кайра келсе деп самап, анан ошо эңсөөнүн айынан бу тагдырга баш чайкап, нааразы болуп өкүнчү. Анан кантсин, үйүрдөгү көңүлү түшкөн канчыктардын бири менен жыт алыша жакындашууну ичинен түтөй көксөөчү. Көксөгөн менен майнап жок, канчыктардын бүт бардыгы бош эмес, эңсегенин эч капарга алышпайт. Анткен менен ал делебе-кумар күчүнө чыдай албай, атаандашка эч аянбай кол салып, алкымына азуу батырсам деген кармаштар да болду, а бирок андай тең чыгыш ага жан бирге таап берген жок. Кыскасы, кыял-аракет деген түш болуп, канчык илбирстер аны карамак түгүл Жаабарстын бар экенин таптакыр билбей калышкан. Ошондуктан ал олжо болчу алданеге кол саларда да жазгана басынып, барстардан тартына чет жакалай чуркоочу. А мындай абал ага тозоктун азабындай сезилчү. Башка түшсө баарын көрөт экенсиң, кай бирде башкалар ысык каны менен аптыга ашап жаткан олжого калчылдаганына карабай шилекей агыза чыдап, анан алардан калган сөөк-саактарды жалмап-жалмап алчу, анткен менен ал баштагыдай эле көрүнчү; көздөрүнөн жалын күйүп, желкесине жер батып, казанбактай башы бар, куйругу болсо шаа кылыч, женеси аска ташындай айбаттуу, айтор, ал сыртынан сырттандыгын жогото элек, а бирок соңку турмуш аны кордуктун колуна салып берди.

Үйүрдөгүлөр да анын бар-жогун билбей калышты. Жанкумарын кандыр чу үйүгүш маалында жаны бирге болгондор телегейин текши кылган канааттануу жыргалынан улам аны алданеге айыптуу санап, колдон келсе жеп жиберчүдөй карашып, андан четтеп, ал эми анын мурдагы өмүр-тагдыр арнаганы Жаабарстан жаа бою качып тааныбай, көз көрүнөө дене кумарына берилип, кезегинде төшүн сылаган, жыт аңкыган куйругун анны тиктетип туруп тигинисине өйдө көтөрүп, көзүн сүзө, тил сунуп, дүйнө унутар абалга батып, анан анын алдынан көңүлдөшүнө дене тийгизип, көлөкөдөн өткөнсүп өтүп кетчү болду. Мына ушундай чүнчүгөн турмуш жакында эле, атамзамандан бери кар жамынган Теңир-Тоо койнунда, тоолор менен капчыгайларда жашаган барстар арасында, кечээ эле үйүр башында жыргап-куунап жүргөн Жаабарстын тагдырына туш келбедиби. Ошону айтсаң, үйүр жашоосунан кубаланган ал байкуш өз алдынча кашкулак, момолой чычкан, дагы да ушул сыяктуу майда-барат макулуктарды, кээде коён дегенин да баса калчу, айтор, ага сырттандык турмуш сыртын салып койгон. Ооба, мурдагыдай олжого тунуп, оозунан ысык кан кетпей, ооматы ооп турбаса да азырынча ачкалыктан анча жабыр тарта элек.

Ал үйүр турмушунда катарда жок калганы менен азырынча намысарын эч кимге тебелете элек, кыр көрсөткөндүн алдында куйругун кыпчып бүжүрөп да турган жок, абалкы сырттан сынында. Антпесе тигилердин көзүн карап, чөгөлөп жашоо тагдырын тапмак. Ушундан уламбы, айтор, анын ички дүйнөсүндө мындай турмуш мыйзамына багынбоо ишеними күн сайын күчөп, акыры ал анын жырткычтык табиятынын жек көрүүсүнө айланды да, анан ушул сезип-туюлар керт башында кыйчалыш тагдыр турганына карабастан ага буга чейин бир да жолу болбогон кандайдыр бир жеңилгис, өз дилинен өзүнө буйрук, талап берген күч жаралды, ал Жаабарска бул аймакты, мына бул канына сиңген, а бирок буга каргаша-тагдыр тартуулаган тоолор менен кокту-колотторду тезинен таштап, башкалар барып көрө элек бөтөн дүйнөгө кайра кайрылбас болуп житип кетүү сезими эле, а ал эңсеген башка аалам жайынча жетип баргыдай жакын жерде эмес, аскасы асман тиреген, түбөлүк ак кар уктаган тоолордун жылдызга жакын бийик ашуусунун ары жагында, жырткы чтардын буту жете элек жерде болчу. Ал жерге жай толгон кездин белгил үү бир  күндөрүндө гана, ошондо да тобокелге бел байлап барса болот, анткени кыраан учса кайыккан, Үзөңгүлөш тоо каркыраларынын ортосу ошол самаган жер. Аны биякка тагдыры менен диларманына айланган кандайдыр бир ишеним күчү, санаасын жеген кусалык тартып туруп алды, анын үстүнө Жаабарс бир убакта ал жерде болгон эле, мүгдүрөтө мүлжүгөн ушу азыркы трагедиясына ошондо кабылган.

Жаабарс ошо асман тешкен Үзөңгүлөш ашуусунан өтүүгө бир нече жолу аракет кылды, жер өңүтүн жакшы эле алган, а бирок жолу болгон жок. Ашууга барар жол тик жана жалама аска келип, ашууга жеткен кезде түз эле ак булуттардын койнуна кирип кетчү, а андагы бурганак ак дайра болуп атыла агып, түрмөктөлгөн кара булуттарды алдына салып айдап турчу. Анткен менен бул ашуу жакын эле жерде, созгон колуң жетчүдөй эле туюлчу.

Ооба, Жаабарс мунун баарын алдын-ала тактап чыккан, жол алганда да ошентти, күрткүнү жиреп баратып бир бутуна салмагын сала коюп алдыга жылар тараптын өңүтүн издеп жүрүп отурду, кулагынын учуна чейин жеткен карды жиреп, көк жалама муз баскан сеңир аскага жарганатча жармашып, жан тиштеген ажал алар кезеңдерде да устаранын мизиндей жерге болсо да жылып жатты. Алар олжосун алам деп жебе болуп атыла кууп бараткандагыдай болуп бул жерде да аба жетпей, жүрөгүнүн жарылчудай соккону кулагын жарып, анан канчалык тырышса да кыймылдоого келбей, асканын учу арманы болуп, тэ-э төмөндө калган, көзгө илешип-илешпеген, боз чары чыгып кыйраган дүйнөгө кулатып ийер дем кыстууга кабылчу. Мындайда ал жаны чыгып бараткандай абалда калып кыркырап, өлүмдөн коркуп ырылдап жиберчү, жарым карыш жылалбай көзүнөн чар уччу. Көз атым эле аралык калган, ал-күчүн алдырбаганда бир-эки сааттын ичинде каргыш алгыр ашууну багынтмак да, көксөгөн башка дүйнөгө, көктөн түшкөн бейиш жайына жетмек. Эми ошо көк түтүнүн чыгара көксөгөнү ушу жолу ишке ашса, оо, андабы, анда ал өмүрүнүн акыркы тамыр кагышына чейин, эң соңку дем алуусуна дейре ошол жерде калмак.

Жалаң көк мелжиген тоо кыркаларынан турган, алгыр куш менен жырткычтын туйгун сырттаны гана жайдары жайдын бир учурунда Теңири колдоп жеткирер, а негизи тозокко салып ажалын берер ашуунун алдындагы куласа сөөгү табылгыс муз асканын боорунда жанын оозуна тиштеген Жаабарс дем кыстыгуу азабынан улам, ооба, Жараткан ага үн чыгарып ыйлап жиберүүнү бергенде, анда мынабу тоолор солкулдагандай боздоп-сыздап жибермек. Азыркы жайы ошондой.

Ушу арманга салган ашууну ашканга ал бир нече жолу аракет кылган, а бирок ойлогону ордунан чыккан эмес. Бир жолу да деми кысылып, бир буту көрдө жатканда мындай иш болгон, он чакты тоо аркары анны барс экен деп санашпай жанынан өтүп, жайбаракат ашууну ашып кетишкен. Алар аны даана эле көргөн, а Жаабарс болсо таш тиштеп, табияттагдыр жараткан өзүнүн олжо-азыгын көрбөгөнсүп кала беген. Оо, тоолор, бу дүйнөдө ушундай да болобу?! А тоолор болсо тунжурап турду. Оо, кол жетпеген көк асман, бу жалганда ушундай да болобу?! Көк асман да мелтиреп турду… Бакыт издеткен кусадан Жаабарстын жаны чыгып баратты…

Тулпар тушунда дейт, мунун да арааны жүрүп, ойлогону оңунан чыккан кез болгон, башкалар даай албаган таш агызма шаркыратмадан илинбей секирген күндөр да өткөн. А кезде буга туңгуюк да, тоскоолдук да, тик жарлар да жок болчу, ал эми буюктурма бурганак деген аны уялашындай кучактап алчу да, андай учурларда кандайдыр бир сулуу периште ага: «Келчи, жаным, келчи жакын жаныма», – деп чакырып калганда ал үн чыккан жакка аткан ок болуп секирчү, а тигил болсо кайыптай житип, жылаажын үнү башка тараптан угулчу: «Келчи, жаным, келчи жакын жаныма ». Жаабарс ага да жебедей сызчу. Не деген менен бир убак өттү, баралына толуп, келкели келип турганда бу дүйнө ага баш ийчү, бүт баарына үлгүрчү, качканга жетчү, атаандаштан ашчу, айтор, ал жеңиштен башканы билчү эмес. Ал бар жердеги дүйнө жалгыз анын дүйнөсү эле.

Азыр болсо ал кайда, ашууга жетпей тырмышып, өткөндөрдү сагыныч менен азапка батып эстөөдө.

Күн чак түш. Чак түшүң күн сайын болот, а бирок ошол жайдагы чак түш көкөйдөн кеткис түш эле…

А турсун ошо жайдын өзү да эстен кеткис болгон…

Бийиктин бийигиндеги чайыттай тийген күн өз жарыгын аянбай төгүп, жан-жаныбар дегенди ченемсиз ишенимге бөлөйт, түз жерлердегидей куйкалап да жибербейт, көлөкө жайды издетпейт, тоо турмушун жарык нурга бөлөп, кар жанында кылтыйган чөптөн баштап, асманда каалгып жүргөн канаттууларга чейин, жер бетиндегилердин бүт баарынын жашоосун жандантат.

Ошол чак түштө жан бирге канчыгы экөө Үзөңгүлөштүн жалпак тоосунда күн нуру менен тоолордун кереметине демдене салып-уруп, бирине бири ыраазы боло кубанып баратканда жанагыл эстен кеткис иш болгон.

Алар бул жерге жакында эле келген. Жол болгон, түнкү бороонго калбайлы деп күн уясына отурганча бири-бирине дем берген жүрүшүнөн жазышкан эмес. Иш оңунан чыгып, мерчеген жерине мезгилинде жетишкен. Анткен менен эмне деген жол калды, эмне деген күч кетти…

Табийгат да ал күнү кучагын ачып, жол берип колдоду десе болот. Жатар жай издей баштаганда да иш ошондой болду, ашуу аркылуу суу таппай чаңкап келишкен го, он чакты тоо элиги бейкапар жайнап чыкса болобу. Отко тоюп, суусун кандырмак болгон көнгөн жеринде аларды капилеттен кырсык күтүп, ал эми барстарга болсо олжо табылып турганы да табийгат-тагдырдын айтканы окшойт. Ашуу ашып, жол басып чаалыгып келген эликтердин бирин түгөй барстар бурчамга келтирбей эле басып калышты. Кызыл каны булоолонгон жаш эликтин жаңы эти алардын кубатына кубат кошуп, көңүлдөрүн шай кылды. Көктөн жанган жылдыздар да алардын максат-оюна кошулгансып, келер күнүнө келкел тилеп, жакындарындай жадырап жанып турушту.

Эртең менен күн чыккан кезде аркайган аскалуу тоо кырлары менен көк челген бийик чокулар көздүн курчун сындырып, өзүнүн табийгат берген улуулугун жарык дүйнөнүн күчү жана ыйыгы катары көрсөтүп турду.

Жаабарс менен жанын кошкон түгөйү таң эрте турушкан, тоонун керемет ыракатына батып, жандуунун буту тийбеген бадалдарды аралап, шиберди басып, жер кыдырып жүрүштү да, көңүл тоюп, сезим кунак болгондо, күн төбөгө келген кезде, адегенде секирип-ыргып, андан соң далайга чейин тыным албай салып-уруп сызышты. Ушу тоо кабыландарына бу жарыктын Кудайы болгон күн дагы алардын экөө туруп бир болучу өмүр жыргалына жетиши үчүн буга дейре бул ааламда боло элек ашып-ташкан кумар-күч берип, экөөнү бирдей шыктандыра эргитип, демейде болбогон ченемсиз кубатка бөлөп турду. Бул табийгат менен барстардын чанда бир болчу бир дүйнөгө айланышы эле…

Бул ааламда мына бул улуу тоолор менен көктөгү күндөн башка эч нерсени билбеген ал экөө жанаша, бири-бирине дем бере чуркап бара жатышты. Аларга азыр эч нерсенин, жазып-тайып жолунан кайберен чыгып калса да кубана карачудай түрлөрү жок. Анткени алар ушу саам күнгө тоюп, күндү жеп, чабытын жазбай баратып күн жарыгын шимирип, күн жылуулугуна киринип, ошондон улам ого бетер күч алып, чаалыгууну унутуп, ушу азыр бир жаралган жашоонун бир гана болчу жыргалынын жеткен жери чабыт кызыгында деп күчөгөндөн-күчөп бара жатышты. Ооба, ушундай болгон…

Жер шары кең ааламдын кенедей селкинчегине айланып, бу жашоодогу бардык жан-жаныбар аттуулар түбөлүктүүлүктүн көз байкабас айлампасында калып, а тиги экөө болсо чаңкайган тоо кыркалары менен мелмилдеген өрөөндөрдү аралай сызып бара жатышты. Ал эми айкөл күн деген өзү жараткан чак түштөгү бийиктиктен жарк эте өзүнө чакырып, чекиттей араң көрүнгөн көктөгү куштарга теңелүүгө сүрөп, ушу саат, ушул учурда жырткычтар тукумунун периштелерине айланган жан биргелердин бүт денесин аяр сылай эркелетип турду. Ооба, ушундай болгон…

Билинбей жатып, ал жайдын жай күндөрү өтүп кетти, бул жерде жашоонун мезгили соңуна чыгып, көк тиреген чокулардын боорунан күтүүсүз жерден ызырына жинденген бороон-чапкын жан чыдагыс ызгаары менен жан чыгарган бурганак-куясын айдай келет да, асманды кара туман жеп, айлана алай-дүлөй болот, андай кезде кай жашоо, ал экөө Үзөңгүлөштүн кыяматынан качып, жолуна түшкөн. Асманы жакын жерге баргандардын бир далайы тоо силкинте көчкөн кардын алдында калышкан, ал эми таш жарган сууктан чечекейи аккан куштар асмандан муштум муз болуп аскага тийген. Ооба, ушундай болгон…

Мына эми, ошо керемет-сыйкыр күн тийген жакка дагы бир ирет, болгондо да кайып болуп жоголор өзүнүн акыркы күнү үчүн, жүрөгүнүн эң акыркы кагышын ошол жерге бериш үчүн бүт баарына кайыл болуп, бүт баарынан ажырап, бул жолу жападан жалгыз баратат, а бирок анын сапары тозокко тогоп таштады.

Салган жолдун изи жок. Ал жерге барчу жол өңүтүн Жаабарстын жанын сууруп алчу бул ашуу тосуп турат. Аргасын ашуу түгөттү, демигүүсүн бир аз басып, анан ошо замат муңкана кыркырап, күркүрөөгө күчү жетпей уңшуп-уңшуп, ач кене болуп жармашкан тик аскадан жылмышып ылдый түштү да, титиреп жаткан буттарын токтото албай талкаланып кетчүдөй калчылдап турду…

Жаныбар Жаабарстын жазмышы неге тайкы болууда? Балким, ал ошол жакты өзүн өзү жоготор жер деп эңсегенден уламдыр? Мындайдын кимге кереги бар эле? Тагдыр деген чын эле ага кандайдыр бир себеп менен ашууну аштырбай, аны дал ушул жерде, Үзөңгүлөш тоо кыркасынын этегинде жазалап жатабы? Бу тагдырдын тилин билген бар бекен?..

Которгон: Самсак Станалиев