Среда, Мая 15, 2024

Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 2-бөлүк

Мурдагы бөлүк Кийинки бөлүк

Кээде кайсы бир окуянын болгон жери менен өткөн сааты боюнча да, анан калса башкысы ага катышкан адамдын тагдыр-турмушун ойдо туйбас окуяга арга жок жерден мүгдүрөтө багынткан жагдайлары боюнча да биринен бири жоголбос окуялар болот, анын сыры, жандырмагы табылгыс бойдон кала берет. Бул жолу да дал ошондой обол-мурун ойго илинбеген иш болду. Болору анын санаасында да жок эле. Дилкыйноого салган бул абал акыры акыйкаттын жеңиши менен аяктайт деп ойлогон. Ооба, акыйкат дегендин өлүшү мүмкүн эмес да. Ошондуктан жүрөгүң согуп, тамырың кагып турганда сен ошо акыйкаттык үчүн жашай бил да, сен ошо акыйкаттыкты корго, анткени сени Жараткан жарык дүйнөгө ошол үчүн жараткан. Ушундай, а бирок ошо акыйкаттык деген эмне? Ал өзү кандай? Кептин баары мына ушунда жатыры.

Жума күндөн ишембиге караган түнкү турмуш агымы негедир бүгүн демейдегиден эрте башталды. Арсен Саманчин каш карая баштаган маалда адатынча ресторанга келди да, жанына жагым тартуулаган көнгөн орунуна отуруп, ич жылытар бирдемелерге заказ кылды, анан адатынча маашырлана тамекинин ыракатына кирген жок. Ооба, ал ушу пайдасынан зыяны ашкан чылымды биротоло таштаганы турат. Ошол үчүн өзү менен өзү күрөшүп, өзүнүн эркин өзү сынап отуру. Анткен менен тагдырына бириккен тамекинин кумары анын темирдей эркин талкалап, чылым чегип жаткандагы магдыраткан жанжыргал абалды кайра-кайра эс эңшерип эңсеттире берди. Анын үстүнө бир нерсени көз тешилте зарыга күткөн учурда, көңүлүң чөгүп, көкүрөк күйгөн кезеңде ар дайыма ушундай абал өзүңдөн өзүңдү азгырары айкын иш. Азыр да ошентип туру. Көз байланар маал эле, сырт тарапты карады да, көчөдөгү жарык шамдар жымыңдап, бу калаанын кан жолу менен суудай аккан автомашиналардын жарыгы анын карегинде бирде күйүп, бирде жалп өчүп жатты.

Азырынча бу ресторандын казаны чындап кайнай элек. Жарым-жартылайы бош, болбосо кези келип, сааты чыккан мезгилде эл дегениң батпай чыгат. Дайыма ушундай, буга таң кала турган себеп жок. Жарп жазыша баарлашып, эл шаңында эс алууну каалагандар дал ушул жерге, Эмен сейилбагынын чет жагындагы ханзададан кадырлуу, акчага бай адамдар гана бара алчу, кийин эле мынабу 90-жылдары мурдагы офицерлер үйү аталган жайды Евростилге салып, кайрадан кирген чыккыс кылып оңдоп-түзөп, көз жоосун алгыдай жасалгалаган, анан да геосаясый мааниде өтө айырмаланган «Евразия» аталыш берилген, эң кымбат ресторанга бет алышчу.

Ал мына ушул жерде өзүнүн жылдызы жанар бир кезин күтүп отурат. Аны сыртынан сынай карагандар буга эмне болгон, дайыма келет, келгенде да жалгыз, жан адамга жарыгын чачпай, жылдызын ачпай келет да, кетет деп ойлошор. Кокус ал байлык үчүн эмне болсоң ошо бол деп, башынан аша тобокелдикке барып, анан ошо кумар-оттун айынан бүт баарынан айрылып сормо саздан чыгалбай, жан айласын табалбай сыздап отурган келкели кеткен ишкер болсо анда муну көргөндөр жүлүнү сыздап, жүрөгү ыйлап турганда арманды арак басат деп калган жан тура деп коюшмак. Жо-ок, анын тагдыры таптакыр башка адам эле, жакын досторун күтүп отургандай түр көрсөтүп, кун жетпес кымбат шараптан кайра-кайра кылт эттирип коюп отурган. Дил-көөнүндө күйгөн бир арманга ал каяктан минтип байланып калганын өзү деле анчалык жакшы билчү эмес. Ооба, ар качандан бир качан ала жүргөн кол сумкасынан кандайдыр бир кагаздарды алып чыгып, убакытты бекер өткөрбөгөн адамдарча аларды караган болуп, алдындагы шараптан ууртап коюп, бу жерден күндө жаңырган музыканы тыңдаган тейде көрүнүп, а чынында ал өзү жер көтөрүп, тоо чыдагыс тобокелге көзүн жуумп арга жок бармак болгонун ичинен түтөп түшүндү, а бирок анын алдында мындан башка жол жок калганын, дилиндеги гүлдөй үмүт-күтүүсү күбүлүп бүткөнүн сезип, соңку жолу багын сынап, жазмыш жазганын эртелеп көрмөк болуп туру. Антпесе ал эңсеген бакыттын келмейи кайдан, андыктан ага тартынбай жакын барып, оюнда от болгон сөздөрүн айтыш кажет. Кыз ага кандай мамиле кылар экен? Анын үстүнө билгендер аны өлкөнүн ырчы жылдыздарынын чолпону аташат, болсун деген менен алар бири-биринин ким экенин жакшы билишет. Ошондуктан азыр ага ыңгайды гана өткөрүп жибербөө керек, дагы бир жолу таалайы жанар кез болуп, жанагыл өзүнүн акыйкаттык дегенин сактап калар мүмкүндүк турат. Кашайгырды карасаң, дагы эле баягыл акыйкаттыгын кармайт. Мунусун качан токтотот? Эми эмне болот? Ал азыр аны кандай кабыл алат, жүрөгүнө жетер жылуу сөз айтабы же, айтор, алдын-ала болжолдоп айтуу кыйын. Далай мезгил көөнүндө күйүп от болуп, ишеним-тагдыры болгон, тамчы сууга зар кылган эрме чөлдө азапка батып өлөсүң десе да жүрөгүнүн кагуусуна айланган ал ойлорунан баш тарткан эмес. А заман кыяматы таптакыр башка. Кыз кыялындай романтика дегенди да бу жашоонун чындыгы өчүрүп салган. Мунун болсо аны менен иши жок, ошол учкул кыялды тарамыштай тырыша кармап, ошо менен жашап, ошо менен өмүр сүрүп келет. Акыркы үлгүдө күзгүдөй салынган жол менен карегиңди күйгүзүп, көз отуңа илинбей учкан, баасына башың сайылса да жеткис чет элдик жеңил машиналарга жанталаша кол көтөрүп, а бирок анысынан айла табалбай калган бу кеңкелести ушу азыр аларың адам экен деп карап коёр түрү жоктой. Ошентсе да, дагы бир жолу тобокелге ишенди. Ушундан улам ал эринбей эрте камынып, ресторан ырчысынын көзүнө түз көрүнүп тургудай, аны менен маңдай-тескей жерди атайы тандап алды. Көз учура көздөгөнү ушул эле.

Ал аңгыча сахнага оркестрчилер чыгышты да, ар кимиси өз ордуна отура баштады. Даңазасы таш жарган мындай ресторанда башка жактан чакырылган жана жергиликтүү ырчылардын жылдыздары чыгып ырдай турган азыркынын жандуу рок-музыкасынын жанжыргалын каалашат.

Мурда опера театрынын оркестринде ойногон музыканттардын айрымдарын ал өңүнөн таанычу, кээлери менен жеке тааныштык жайы бар эле. Анткен менен көптөн бери аларга жолукпай, далай мезгил аларсыз өткөн. Ушу азыр ал тигилерге керек болду бекен? Эмне болсо ошол болсун, ал үчүн кеп анда эмес эле. Бир аз гана убакыт калды, музыканын муң козгор үнү жаңырып, ар адамдын кумар-эңсөөсү күткөн дил эргиткен бир керемет кези башталат да, ал сени акырындык менен өмүр бою өксүүдө эңсеп келаткан бир керемет дүйнөгө ээрчитип кирип, жандүйнөңдү кайра жаңы жаратып, көртиргилик көйгөйүнөн арылтып, жалгыз гана көңүл эриткен, көңүл жыргаткан мукам ырдын, назик үндүн ажайып ааламында жашап каласың. Анын үстүнө мунун музыка жандуулугун айта көрбө, жашоодогу анын шору да, жыргал-кумары да ошол болчу. Муну жөн гана кумар-кызыгуу дешке болбос, түшүндүрүүгө да мүмкүн эмес, айтор, бир керемет күч-касиет коштоп жүрчү. Бул боюнча оо мурун бир окуя болгон эле, аны эстеген сайын өзү да күлүп жиберет, анан ошо замат кайрадан өзүн келесоо, музыканын жинди дубанасы деп жемелеп алчу. Азыркыдан жаш чагы, кайра куруу дегениң жаңыдан келген кез эле, журналисттик жумуштар менен Лондондо өтчү бир конференцияга барып, кирсең чыккыс жыргалы бар мейманкананын жарым-жартылай жертөлөсүндөгү кулак кескен жымжырттык баскан дааратканасына киргенде тиги шып жагынын кайсы бир жеринен алданедей сыйкырдуу музыка төгүлүп турганына, ушу кереги тиерде гана эске келер, падышаң да, башкаң да жөө барар жайда бул керемет күнү-түн дебей жаңыра берерине таң калган, бир туруп кыжыры да кайнаган. Ал чыны табарсыгын бошоткону барган. Эл аягы үзүлбөйт экен, бири кирип жатат, бири чыгып жатат, бири заара ушатып, дагы бири ич бошотуп, керектүү кагаз менен артын аарчып, кайсы бири какырынып-түкүрүнүп дегендей, айтор, мында жакшы көрүнүш деле жок, ошондой болсо да мында киргендердин урматына Вагнер же Шопен, болбосо өткөн замандын залкар таланттарынын улам бири керемет музыка ойноп турат экен. Ушундай да болорбу, бок-жини кускуң келтирген түтүктөргө жогору жактан бир ажайып музыка тынымсыз төгүлө берет экен. Ал мындай шумдугу жанды күйгүзгөн, акылга сыйбас айла-амал менен жабдылган тейлөө маданиятына эстен тана таң калган да болчу. Мунусу кандай? Музыка деген Жаратканга жеткирер жалгыз жолдун өзү го?! Ал деген жандүйнө ааламы, ошондуктан актыкка адам келгенде анын жаны каш кагымда космос чегинен чыгып кетет да. Бул ушундай, аны жаралгандын бардыгы билген, бирин бири түшүнө алган, жарык дүйнөнүн жападан жалгыз тили ушул жана Жаратканга жан берип сыйынуу менен ага арналган ыйык махтал ырларын бу музыка жөн гана коштоп турбастан, ал дайыма бийиктикти эңсеткен, ага жеткирген бир касиеттүү учурда гана жаралчу, дүйнө кабылдообуздун чексиздигине чейин угулуп турчу керемет күч экендиги бекеринен эмес. Адам баласы өзүн бүт музыкага берген кезде гана өзүнөн өзүн көкөлөтө Теңирине жакындатат, анын артынан сая түшүп, айла-амал менен алам деп жүргөн азезилдин азгырык башкаруусунан чыгып, ошо кезеңдерде адам эркиндигине жетип, бүт баарын билген көзү ачык абалга жетет. А булардын кылганын кара. Аттигиниң ай, Совет кезиндегидей «Даттануулар жана сунуштар китеби» бул жерде да болгондо ал мына бул беш жылдыздуу мейманкананын кожоюндарынын жетесин жетик таанытар өкүмүн жазып таштамак. Мына эми, ал өйдө көтөрүлүп, мейманкананын далис-жайына барганда ой-санаасын удургуткан бул жагдай жайында тарса-турс айта салды эле, ошо замат таш тиштеп отуруп калды. Ийе, баягы жылдары, батыш империалисттерине каршы элдешпес күрөш жүргүзүүнүн жолдорун үйрөткөн Москвадагы комсомолдун жогорку курсунда окуп жүргөн кезинде жөндөп алган англис тили менен залкарлардын музыкасын дааратканадан жаңыртып кордобоо керектигин айтты эле, андагылардан эгер сизге бул ажаткана жакпаса, анда башкасына барыңыз деген сылык-сыпаа, а бирок жаакка чапкандай жооп алды.

Музыкага кумарын арта берилген бул өзү кээде тамаша-чыны менен эгер бала чагымда жылкы бакпай, музыкалык мектептен окуганымда азыр мен айтылуу композитор болмокмун, а бирок ушу азыр да дилк өөнүмдөн өз алдымча обон чыгарып жүрөм, мунун бардыгы өзүм гана үчүн. Кап, аттиң десең, атайын билимим болгондобу деп калчу.

Тагдырдын жазганын кара, турмушу басма сөздө, музыканын күйөрманы, театр сынчысы катары макалалар жарыялап келет. Деген менен булл тарап деле тынч эмес, кашайтып капкан салгандар да болот.

Ал жөнүндө ойлонуп кереги не. А бирок ал мынабу жерде, француздардын ак сөөктөрүнүн гана, келгендердин чөнтөгүн кагар шарабы толо «Евразиядан» башка кайда бармак, ага ушул жер керек, анын дилоорусуна айланган арылбас санаа бу жайга айдап келген, ошондон уламбы, же таза ичимдиктин күчүнөн каны кызып, көңүлү көчүп, дүйнөсү жайнап отурду да, кагаздарын аңтарып жатып, ооба, жаандан кийинки козу карындардай жайнаган жазмакерлердин бири, болгондо да жининдей жек көргөнү, негизи жалган атак-даңк үчүн жанын саткан жергиликтүү жазарман, аны айрымдар той-топурдун думанасы деп да жүрүшөт, кыскасы ошол кейбир мунун музыка жана музыка маданияты жөнүндөгү бир маегинде айтылган пикирине кайрылып, каратып туруп как жүрөккө канжар уруп, кансыратып: «Кайра куруунун адашкан каркырасы – биздин музыка күйөрманыбыз Арсен Саманчин асманда кыйкуулап жүрөт. Бир кезде ал Горбачевдун тобунда каадалана канат какчу эле. Базар-замандын талабынан таалайына таш тийген өзүнүн «Руханият» гезити аркылуу социализмди жандүйнө менен улам кыйла жаңыртуу керектигине, адамзаттын Кудайы маданият экендигине, айтор, дагы ушуга окшогондорго байма-бай чакырып турчу. Мына эми, ошо Горбачев кана да, оболоп учкан ошо куш-каргалардын катары кана?! Каңгыган кайран каркыра жандүйнөнүн эркиндиги жөнүндө, музыка тууралуу жазып, музыканы эркиндиктин жогорку чеги, ай-ааламдын сулуулугу, ошондуктан бизге мындан башканын кереги жок деп дагы эле кыйкуулап жатат. Баракелде, эгер музыка анын айтканындай болсо, он сегиз миң ааламда андан ашкан эркиндик да жок десек, анда аны ар ким каалаганындай, оюна туура келгендей пайдалана берсе болот экен да: кааласа минип алып чаап кетет, кааласа оңду-солду камчы урат, мейли, күн күркүрөп добул урсун, бүт бардыгын бир чатырдын алдына чогултуп алып, дүйнөнү түгөл дал кылып, келгиле эле келгиле, бийлейли да ырдайлы, кубанычка бөлөнүп, айкалыша алышып, дене кумар жыргалын бир көрөлүк. Бизге ушул гана керекпи?! Эми биз музыканы каалагандай калчайбыз, альбомдорду, дисктерди жайнатып, элге сатабыз, а акчаны болсо мына биз, айбуй дегиче акчага тунганды билген азыркы заман байлары аталгандар, чимирилтип жатабыз, ооба, бүт бардыгы ушундай, боорукер байкуш болгондон көрө жаңы кыргыз байы болгон артык. Бизди эч нерсе токтото албайт. Жалпы элдин шоу-эстрадага акыл таштай арбалып тартылгандыгы кайдагы бир ыйык асылдыктардан, жанагыл классика-млассикадан, жана да фольклор-молклордон алда канча өйдө турат. А тигилер өзүңөргө эле буйрусун. Бизге болсо бизнес-электрондук бакшылык керек. Эркиндик деген мына ушул, ал анткени жандуу ооруга жан берип, арбалаңдана көтөрүлгөн жүз миңдеген колдор, чанактан чыга чакчыйган үкү көздөр күйүп, музыкадан жер көчүп, көк асманың бороондуу добулда калган токой сындуу ары-бери теңселет. Бүтдүйнөлүк электрондук музыка революциясы жашасын! Керек болсо биз деген аба ырайын да өзгөртө алабыз!» – деп жазыптыр. Каргыш тийгирдин айтканын кара!

Мындай калжың сөздү эстебей-ак койсо да болмок. Көңүлү чөгүп, акылы азгандан улам алдындагы мөлтүрөгөн шарапты тартып ийди да, томсоро түшкөн чөйчөгүн кайрадан толтургусу келгенде, анын столуна ресторандын кызматкерлеринин бири келип калды, сыртынан караганда официант эмес. Салабаттуу, бука моюнуна бу евросервиске таандык боз түстөгү көпөлөк-жагоо тагынып алыптыр, алкагы чоң көз айнекчен экен. Ал киши директордун өзү болуп чыкты.

– Кечиресиз, сиз Арсен Саманчинсизби? – деди да, анын алдына «Евразиянын » эн-белгиси түшүрүлгөн дарек кагазын койду.

– Окей! – Адатынча шыр жооп берди. – Ооба, мен Арсен Саманчиндин дал өзүмүн. Жаңылган жоксуз. А сиз «Евразиянын» шеф-директорусуз го? – Ордунан бир аз обдула саламдашайын деген ойдо кол сунуп баратып:

– Демек, сиз бүт Евразия континентинин шефисиз да? – деп азил аралаштырып койду.

– Дал ошондой! – деди тигил кабагын ачпай. Арсен Саманчин ага ошо замат ичинен «Ошондой мырза» деген эң сонун атама ысым берди. Кийин ал бул ишине ыраазы болду. Дилинде калган кашайгырдын бул тамаша сөзү башына тийсе болобу.

Кол алышкан соң, Ошондой аердеги орундукту четке жылдырып, столдун бир бурчуна капталын сала отурду да, көз айнегин сүрткүлөп калды, мунусуна караганда ал олуттуу бир иш жөнүндө сүйлөшүүгө ниет байлап жатса керек.

Шеф-директор Ошондойдун дал өзү капысынан кашына келип калганына бир аз таң кала калган Арсен Саманчин жаркын жүз менен сөзүн уланта берди.

– Урматтуу шеф-директор, колсумкамды мындай алып коюуга ыракым этсеңиз экен, сизге тоскоол болот го. Сиздердин Евразияңар жанга жайлуу, төрт тарабы төп келген сөз жеткис мыкты жай тура, кубанып да, суктанып да отурам, кээде гана келип калам, бирок…

– Билем, билем, – деп жиберди тигил, анткен менен сөз бөлалган жок.

– Маашырланып отурам, – Арсен Саманчин туш-тарапка көз ата сөзүн улады. – Караңызчы, канча эл келген, жалаң гана айдай сулуу айымдар, – деп бапыраңдап жатты, кыязы ичиндеги да кызытып жаткандай. – Ошону айтсаңыз, аялдарсыз ресторан да ресторанбы, өзүңүз билесиз да. – Ал мурдунан чала француздарча сүйлөдү, тигиниси аны түшүнгөн деле жок.

– Ооба, аларсыз ресторан ресторан эмес, театрыңыз, базарыңыз да базар болбойт. Караңызчы, дагы келип жатышат, тим эле чүрөктөр! Ал эми мындагыларды бийиктен караганды каалагандар үчүн балкондон да орун табылат. Ана, оркестр да аспаптарын күүгө келтире баштады! Күткөнүм келди, музыка угайын дегем, чынын айтсам ошол үчүн келгем. А люстраларды айта көрбөңүз, Италияныкы экенин өздөрү эле айтып турат. Маңдайындагы Ошондой башын ийкеп койду.

Ооба, Италияныкы, – деди да, сөзгө конок бериңиз, мен дагы бир нерсе айтуум керек дегендей колун көтөрө ишара кылды. – Мен сизге жөн келген жокмун, тиги… – Үнүн акырын чыгарып, сөзүнүн аягын айтпай калды.

– Оо, андай болсо эң сонун экен! – Эл-журт аны дагы эле унута электигине, ал тургай мындай менеджерлер менен бизнес-шефтер да таанып жатканына ал жетине албай, жарылып кете жаздады. Ошондон улам: – Келиңиз анда, жакшылык үчүн алып коёлу, – деп, тигинин сузунан жанбаган жүзүнө жагалдана жароокер карады. – Сиздердин шарап тим эле таңдайды алат, келиңиз сизге да куюп коёюн, дагы да заказ берейин.

– Жок, жок. – Ошондой анын бөтөлкөгө жеткен колун кармай калды.

– Мен таптакыр башка иш менен келдим, кызмат боюнча. Ырас, сизди эл жакшы билет, анткени сиз белгилүү адамсыз, бул жөнүндө башка жолу жай отуруп сүйлөшөлү. Азыр бир маселе чыгып турат, кырдаал… Кыскасы, бизде бүгүн өтө чоң иш-чара болот, билесиз да, Ак-Суу алтыны боюнча Канаданын биргелешкен ишканасы, чет элдик демөөрчүлөр, бүт бардыгы жакшы адамдар, ошолор чакырылган, аларга арналып атайы сый тамак даярдалган. Алардын аялдары, жансакчылары, айтор, коштогондору көп. Концерт да болот. Меймандар ээн-эркин отурушат экен. Кантип эле калп айтайын, жогору жактан азыр чалышты, бүгүн анда Арсен Саманчин болбосун деген көрсөтмө беришти. Талап ушундай.

– Токтоңуз! Токтоңуз! Ошончолук эле мага камкордук кылган ким экен? – Туталанып кетти. – Ким экен ошол талап кылган, анын кандай акысы бар?!

– Мен деген мага айтылган буйрукту гана айтып жатам! – Бети-башын кан тепкен Ошондой чечмелеп түшүндүрбөй кесе айтты. – Анын ким экени, кимге камкордук көргөнү менен менин ишим жок. Жогору жактан айтылды, мен аны аткарышым керек! Ошондуктан сиз артыкбаш сөз сүйлөбөй, жакшылык менен тезирээк чыгып кетишиңиз зарыл. Азыр жөнөсөңүз эле иш бүтөт. Талап ушундай.

– Талап ушундай дегени эмнеси?! Муну кандай түшүнсө болот? – Ушуга араң үлгүргөн Арсен Саманчин каны качып, кумсарган, анан да билинер-билинбес дирилдеген эриндерин кымтый үн дебей отуруп калды. Болбосо азыр ал күйгөн оттой дүркүрөп, мына бул шайтан алгыр столду көмкөрүп, ичкенинин бүт баарын ичегисинен сыдырып турган, бетинен теке жыт болгон май тамган Ошондойду жүндөй сабап, ылай кылып тепкилеп, ресторандын ичин астын-үстүн түшүрүп жаңжал чыгармак, арнамысына айбанча тийген, өлүгүнө өкүрүк чыкпагырдын сазайын колуна гана карматмак, а бирок ага анын анчейин зарылдыгы жок эле.

Жараткан өзү жар болуп, жалыны жанды чыгара даулдап жанган өрткө айланып кетерде, кан кайнаткан касташын каракурттай чагып, как жерге казык кылып тикесинен кагып жиберерде, жана да көк тиреген байтерек кулап түшкөндөй, таманы турган кара жер калчылдап барып жарылып, октолуу мылтык ортого түшүп мээленип турган мезгилде аны өзүндөгү адамда жок сабырдуулук эмес, кайдандыр жанган чагылгандын жарыгындай жарк эткен кандайдыр бир ой кырк тамырга кызыл канын кайнаткан, үнөө боюн үч көтөрө чыңаган бургу билек чындыгынан, дил түпкүрүндө жан түгөйүндөй жашап, жалгыз гана өзүнүн ички дүйнөсүн үн чыгарбай ырдап турган музыкалык ой жүгүртүүсүнөн жаралган түшүнүгүнөн кыл сууругандай сууруп кетти. Мына ушул дилдүйнөсүн кыйраткан кыяматка ал: «Чын эле ошолбу? Койчу, кантип эле ал ушуга барсын?» – деп ой мүшкүлүн тартты. Ага өзү да ишене алган жок, ошондон улам тагдыр күнүн байлаган жалгыз үмүтү менен сахнаны жалдырай карады эле анысы көзгө көрүнгөн жок, оркестр гана анын чыгышына даярдык кылгандай ар кайсыл обондорду кыска-кыска кайрып жатат. Аргасы күйүп күл болгон байкуш чөнтөк телефонун алды да, жүрөктүн соңку кагышындай абалда анын номерин тере баштады. Манжалары титиреп кетти. Мейли, мунумду көрбөс, үнүм калтырап чыкпаса экен деп коркту. Бул абалын тиги көзгө сайылган көсөөдөй болгон Ошондой сезбесе экен деди. Андан кайда качмаксың, бүт баарын көрүп, көңүлүңдү көзүңдөн окуп отурат. Ал телефонун өчүрүп салган экен, бир аздан кийин: «Мен Айдана Самаровамын. Телефонум убактылуу өчүрүлгөн, байланыша албаймын», – деген кайдыгер, жансыз үн чыкты.

– Жооп бербей жатабы? – Ошондой ага каш серпе, купуя сырды билгендей суроо узатты. Саманчин унчуккан жок. Ал ага эмнени айткысы келди, кимдин жооп бербей жатканын тактады, кимди сурап, кимди билгиси келип жатат, божомолдоп сокконубу, же мунун кимге телефон чалганын билип турубу? Сураган жок. Сыр бергиси келбеди. Мунун аны менен кандай иши бар?! Ансыз да ал чачыладай чачылган оюн жыйнай албай, басып кетип баш бербей баарынан кечип кетүү керекпи, болбосо жанагыдай жанга канжар такаган көрсөтмөнү ким бергенин, ресторандын тартип сакчылары эмес, ага атайын шеф-директордун өзү келип, алды-артына түшүп, майдай-сүттөй мамиле жасап таанышып, сыртка узатууну каалап жатканын чаң чыгара териштирип билиши керекпи?

– Кана, кандай кылалы? – Ошондойдун өтүнүч үнү чыкты. – Туралыбы? Мен сизди узатып коёюн.

– Жо-жок. Мени узатпай эле койгула. – Арсен Саманчин караманча каршы болду. – Эч кабатыр болбоңуз, кетер жолду беш колумдай билемин. – Колсумкасын кыжыры кайнай шарт жапты.

– Андай болсо жакшы экен. Тамак-ашка, ичимдик жана башкаларга эч нерсе төлөбөй эле коюңуз. Ал жагын өзүбүз ырастайбыз. – Кара өрүктөй жылтыраган Ошондойдун бул сөзү чыгар замат ичинен күйүп туталанып турган Арсен Саманчин ок тийгендей жарылып кетти:

– Эй, сен эмне деп жатасың?! – Баятан бери сылык-сыпаа сүйлөшүп сиз деп жаткан, эми болсо буйдалбастан сенге өттү. – Сен мени ким деп турасың? Эмне, мени кайыр сураган байкуш деп турасыңбы? Көзүмө көрүнбөй жогол! Түшүндүңбү? Рестораныңа да, сенин өзүңө да түкүрдүм. Оозуңду ачпай официантыңды чакыргын, бир тыйынын калтырбай төлөп туруп, анан гана кетемин. А сен болсо көзүмө көрүнбөгүн! Бүттү!

– Ал сенин өз ишиң. Азыр келет. Андан кийин мен айткандай иш болсун! – деп эскертти да, Ошондой ордунан жай козголо өйдө туруп, бука моюнун андан буруп кетип калды.

Ушул жерден сиркеси суу көтөрбөй турган Арсен Саманчин арты өкүнүч бир каталык кетирди, каканак болуп жарылганы турган жаңжалга шибеге сайып жиберди.

– Эй, бери карагын! – Столдон кетип бараткан Ошондойду кайра чакырды да, ал ага бурулган кезде бурк эте: – Сен мени желкеден алып кубалап чыктым дебегин, бул кылганыңды ушу бойдон калтырбайм. Менин да өз билгеним бар. Мен деген журналистмин, көз карандысыз журналистмин. Билип койгунуң! – деди. Анын бул сөзү Ошондойдун жарасына камчы чапкандай болду:

– Билип койгондой сен ким экенсиң деги? Сүйлөгөнүн кара. Ким болмоктон ошол бол, түкүрүп да койбоймун. Сени азыр аялдар да жаман көрүшөт.

– Сенин ишиң эмне?

– Менин ишим ошол, сен өзүңдү билип жүр. Азыр журналист дегениң жугунду ичкен иттерден айырмасы жок, кандай тойгузсаң ошондой үрүшөт. Түшүндүңбү? Эми сен беш мүнөттөн кийин бул жерден жоголбосо ң анда, таарынба, өз убалың өзүңө, айбан. Күч колдонуп кууп чыгамын. Бүттү! Оозуңдан бир сөз чыкпасын!

Ошентти да ал көк канчыктын көзүндөй заары чыккан көзүнөн көз айнегин жулуп алып, көчөдө калган аялдар да карап койбогон «көз карандысыз журналисттин» жер тепкилеп чакырганына бир кайрылып койбостон аксак аюунун аяк салышындай эки жагына алмак-салмак оой басып кетип калды.

Арсен Саманчин болсо бул окуянын аягы эмне менен бүтөрүн божомолдоп биле албай дел болуп турду.

Кашына официант келген экен:

– Кечиресиз, эсеп мына, – деди.

Али да болсо өзүнө өзү келелек, ачууга алдырып, алкымын муунткан ызадан чыгалбай турган Арсен Саманчин алакандай эсеп кагазы салынган тарелканы четке какты:

– Сен адегенде арак алып кел.

– Арак?..

– Ооба, арак. Кыргызча түшүнбөсөң – водка!

– Азыр алып келемин. Канча керек?

– Канчаны алып келалсаң ошончо керек! Тез апкел!

– Макул.

Официант арак алып келгени буфет тарапка шыпылдай кетти. Арсен Саманчин болсо ушу тапта негедир азабойдо таш болгон жинине чыдабай айлананы карады. Аны менен эч кимдин иши жок. Ресторан өзүнүн кечки турмушу менен: эл жыкжыйма, балкондон бери көчүк басар орун жок. Көпчүлүктүн уу-дуусу, күлкү, бокалдардын назик шыңгыры… Дубалдын боору менен ары-бери чуркаган ар түркүн жарык нур менен зал шаңына куюлушкан оркестрдин музыкасы көңүлдү көккө учуруп, дилкайгыдан арылтып турду. Мына ушул күржайлоонун төрүндөй көңүл ачкан жайда жалгыз гана ал өзү суутумшук болуп чыкты. Тилегени таш болуп, ошол иштин айынан башы айланып, жер көчүп, жүрөгү сыздап жатты. Ошончодон дал мына ушу бүгүн эл көзүнчө кагуу жеп, каңгыган кейбир саналып куттуу жерден кубаланып калам деп үч уктаса да түшүнө кирген эмес. Мындай баш тебелеген балээни ким чыгарып жатканын так билсе кана, а балким, Айдананын өзүбү, же анын айдама адамдары чыгарып жатабы? Кантип эле ошондой болсун, ал аны душмандарына сатып жиберүүгө дити баттыбы, ал экөөнүн ортосунда гана катылган сырды алар чын эле билип алыштыбы? Экөөнүн жеке иштерине тигилер неге кийлигишет? А кокус жолбунду кубалагандай бул жорук кыздын өзүнөн чыгып жатсачы? Андай болсо ал деген кытай ант уруп, айкары ашкан кайкы мээ. Капырай десең, эл катары эс алып отурган жеринен желкеден алып жерге чаап кубалагандай ал кандай иш кылды эле? Ооба, бир мертебе, мына жакында эле, кырдаалың сыртын салган кез болгон, не экенин өзү да жакшы биле албайт, айтор, алардын мамилелери салкындап, кездешмей кездер кечеңдей берип, акырында кыз кыялын карматып, ар нерсени шылтоолоп жолугушуудан баш тарта баштаган. Ошондо да ал колсумкасын колунан түшүрбөй бул жерге келген, атайын эстрадага жакын, дал анын маңдайында турган. Турганда да бир ирет көчүк баспай, тигини көз оту менен туткундап, тикесинен тик туруп, ошол кечти карыткан.

Улам-улам ал тигиге: «Эй, жалтырак-жултуракка маарыган сулуулардын Кудайы, эсиңе качан келесиң?! Жалгыз гана бир сени жылдыз чачкан жүзүң менен, жалгыз гана бир сенин кубулжуган жылаажынды өчүрөр үнүң менен сахнада жашай турган «Кызкайыпты» биротоло өлтүрүп басып кеттиңби? Ошо «Кызкайыпты» ушу сен касыңдай көрүп какшатып сатып жиберип, адеп-абийирин акчага гана алмашкан инсандардын таборунда тайраңдап жатасыңбы, же сени жин-шайтан уруп кеткенби?! » – деп жер жаргысы келген. Бүткөн боюн бүгүлтүп, бүк түшүрөр какшык айтып, мындай кезде киши уккус сөздөр өзүнөн өзү чыга берет эмеспи, ошонун баарын кыйкыра бергиси келди, а бирок негедир антке алган эмес. Ал ошондо аны жөн гана каккан казыктай карап тура берген, анткени өзү ушундай болот деп, а бирок келер кези кечигип жаткан, азырынча аны бир да жан көрүп билелек талашсыз улуу чыгарма саатын күтүп, багы ачылар күндү самап сумкасында жаткан. Ал күн качан келип, качан коёт, муну менен бир да адамдын иши жок. Бир болсо ушу кыздыкы гана болор… Ошо маалда эстрада дегениң сурайылдай үн салып, безбелдектей безеленген музыка кулакты жара чыкты да, анан анын тулабойду туткундаган алай-дүлөй жаңырыгына жанын берген ырчы кыз жалын болуп кубулуп, андагылардын алдында көз көрүнөө делебени козгогон дене кыймылдарын жасап, музыка ыргактары менен жан кумарына түшүп, карап тургандардын аладеңгилдерин аял коюнуна сала коюп, аларды азыр эстен танар абалга алып барып, а өзү болсо мунун баарын акча үчүн жасап, акча үчүн тагдырын байлап, жер сүзүп ыйынган бульдозердун үнүндөй болгон музыкага периштедей сулуу кыздын күнү түшүп, үнү менен тал чыбыктай денесин берип салгандыгы үчүн арманы ашып жатканын бирөө сезип, бирөө да ойлоп койгон жок. А тигил болсо отургандарга жан кумарына түшүп ырдоо менен каны дүргүп, баарына кайыл болгондордун ызы-чуу түшкөн кол чабууларынын алдында каккан казыктай тик турган Арсен Саманчинди коё бербей, каалаганын жасап жатты. Ал болсо колундагы жансумкасын кармаган абалында кыймылдабай тура берди, нес кишидей не болорун билбей, акыл-эсин жоготкон ызгаар-бороондо калып кайыкпай, бир кездеги жанбиргесин ичтен сагына издеген көздөр бири-бирин улам кайра таап жатканына чексиз бактылуу болуп магдырап турган. А тигил да бул учурда мунун баарын сезип-көрүп жаткан.

Тагдырды карабайсыңбы, мына азыр да андагы абал кайталанмак, а бирок аны көпчүлүктүн көзүнчө көчүккө тээп кубалап чыгып жатышат. Колунда ошондогу сумкасы бар, анда өзүнөн башка биле элек баягыл залкар чыгарма. Үчөөнү тең бул жерден жоготмок болуп жатышат.

Жалгыз бөтөлкө коюлган жайпак табак көтөргөн официант келди.

– Мынакей арак, куюп берейинби? Бокалгабы же стакангабы?

– Стаканга!

– Канча куяйын?

– Толтура куй.

Ал толтура аракты алоолонуп өрттөнүп жаткан түпсүз туңгуюкка куйгансып токтоосуз тартып жиберди. Деми кысылып, маң боло түштү. Ошондон уламбы же… айтор, өзүн өзү өрттөп жибергиси келди.

– Канча берем? – Эсеп кагазын карап жатып кадыресе калбаат сурады да, бир тыйынын калтырбай төлөп, жана бир стакан аракты шарт басып, бою-башын түзөп, өрттөнүп күйүп жатканын эч кимге билгизбөөгө аракеттенип, ошонусу менен тигил официантты да таң калтыра зыңгырап чыгып кетти.

Ал жайдыр-кыштыр шляпачан жүрчү, кийим илгичтен баш кийимин кийди да, сыртка чыкты. Айдана аны Шляпачан жигит дечү. Сырткы эшикти жабарда ошо Айдананын үнү артынан шаңдуу жаңырды. Ресторанды жер жарган кол чабуу көтөрүп кетти. Айдананын керемет, ал сагынып, көптөн бери угалбай кусалык оорусуна батырган бу ааламга бир жолу, бир гана, бир гана жолу ал үчүн гана жаралган керемет үнү жаңырды да, аны жүрөктүн бир кагымында молоташка айлантты. Ресторан өчүп-жанып, анан бир азга бүлбүлдөй калды да: «Айда-на! Ай-да-на!» – деп жалбарып жаткандай болду. Ал меймандардын кубаттоосу болчу. Муну бүт тулкусу менен туйган Арсен артына кылчайбастан, сумкасын бекем кармаган бойдон жай кадам таштап, аладеңгил мастыгын жеңип, жашоо жыргалы деген ушу экен, ал үчүн бу тегеректеги болгон инфраструктура кызмат кылат, бири-биринен бай болууга, ойлогондору эле асмандан жааган акчага тунуп, анан мынабу жылаңач жарнама менен моданын жеткен жерин көрүп, ыракатка көмүлмөй деп ой жүгүрттү да, жыргай бергиле, силердин жашооңор акчага гана байланган деп шылдың аралаш кыжырданып жиберди. Анан кайра азыр акчасыз адам адам эмес деп койду. «Эх, эстрада, эстрада, жыргалсың!» – деди да, алдындагы кара жерди как жара тепкиси: «Ха-ха-ха! Мен эч качан унутпайм! » – деп болгон үнү менен каткыра кыйкырып, бийлегиси келди. Бирок өзүн токтотту. Токтотту да, ошо замат негедир ыйлагысы, болгондо да көк асманды солкулдата муңкана боздоп алгысы келди. Анте турган жөнү бар эле. Ооба, өмүр дегендин бир кезеңи соңуна жакындап келет, тагдырына таштай тиер бир балакетти жасап жибербеш үчүн оң жолун таап, көздөн кайым болуп таптакыр жоголуп кетиши керек.

«Сүйүү жана өлтүрүү! Ушундай да болобу? Ооба, мас болгондо бүт баары болот! Жок, мас болгондо гана эмес, – деп жооп берди ал өзүнө өзү бул ойдон улам бүт денесин муз баскандай болуп. – Сүйүү жана өлтүрүү…өлтүрүү…»

Башы оогон жакка баратып дагы бир ойду таап алды: көр түбүндө жатканда да унутпайм, өлгөндө да кечирбейм…

Которгон: Самсак Станалиев