"КУУнун периси - 2017"
11.05.2017 14:21
2017-жылдын 10-майында Кожомкул атындагы спорт сарайында “КУУнун периси - 2017” сынагынын финалы болуп өттү. Иш чара саат 18.30да башталып, түн бир оокум болуп калганда аяктады. Калыстар тобунун чечими менен "КУУнун перси - 2017" наамы биология факультетинин 3-курс студенти Жолочиева Эльвирага ыйгарылды.
Спорт сарайынын чоң залы көрүүчүлөргө жана күйөрмандарга жык толуп, орун жетишпей калгандар да көп болду.
Иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев (Алахан) ачып, жоогазындай жадыраган, алмончоктой сулуу кыздар бүгүнкү сынакта жалаң эле тыш келбетин эмес, сабаттуулугу менен билим деңгээлин да көрсөтүшүп, өнөрлөрүн тартууларын айтып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
Бул жылкы "КУУнун периси" чыгармачыл сынагына 9 факультеттен 14 студент катышты:
- Апасова Кызжибек - тарых жана чөлкөм таануу факультета (2-курс)
- Кубанычбекова Камила - башкаруу жана бизнес факультети (1-курс)
- Жолочиева Эльвира - биология факультети (3-курс)
- Атакшиева Гиля -_биология факультети (3-курс)
- Кошмат кызы Асель -_биология факультети (3-курс)
- Кайыпова Алия - эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети (1-курс)
- Нурланова Адэль - кыргыз-кытай факультети (3-курс)
- Абасканова Ализа - кыргыз филологиясы факультети (4-курс)
- Садыбакасова Үмүт -_кыргыз филологиясы факультети (1-курс)
- Асанбекова Ажара - педагогика факультети (3-курс)
- Асылбекова Нурзада_- педагогика факультети_(1-курс)
- Мансурова Малика - педагогика факультети (1-курс)
- Нуржанова Таттыбүбү - физика жана электроника_факультети (1-курс)
- Алыбаева Айдана - химия жана химиялык технология факультети (2-курс).
Белгилүү эстрада ырчысы Юлия Руцкая башында турган сынактын калыстар тобуна дагы бир эстрада ырчысы Ильяз Андаш, моделдер агентчилигинин жетекчиси Рыскуль Намазбекова сыяктуу өлкөбүзгө аттын кашкасындай белгилүү инсандар киришти:
Кеченин жүрүшүндө сынактын катышуучулары "Дефиле", "Кыргыз бийи", "Дал өзү" жана "Кечки саркеч көйнөк" деп аталган тапшырмаларды аткарышты.
Тапшырмалар ортосундагы тыныгууларда Улуттук университеттин талантуу студенттери жана КВН командасы өнөрлөрүн көрсөтүшүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн алышты.
Үч саатка жакын созулган шоу-программанын соңунда кара кылды как жарган калыстар тобу өз чечимин чыгарып, "КУУнун периси-2017" наамын биология факультетинин 3-курс студенти Жолочиева Эльвирага ыйгарышты. Жеңүүчү_Туркияга 7 күндүк жолдомо менен сыйланды.
Мындан сырткары,_башкаруу жана бизнес факультетинин 1-курс студенти_Кубанычбекова Камила_"1-вице мисс" номинациясында жеңишке ээ болуп, Ысык-Көлдөгү "Каприз" эс алуу борборуна 2 адамдык 10 күнгө жолдомо менен сыйланса,_кыргыз филологиясы факультетинин 4-курс студенти Абасканова Ализа_"2-вице мисс"_номинациясында жеңишке ээ болду._Сынактын демөөрчүлөрү калган катышуучуларга да өздөрүнүн сыйлыктарын беришти.
Бул жылкы сулуулар сынагын 2014-жылдагы "КУУнун периси",_журналистика факультетинин магистранты Жамгырчиева Айзада_алып барды.
“КУУнун периси - 2017” сынагынан видео-репортаж: