Понедельник, Декабря 08, 2025

КУУда мамлекеттик тил боюнча олимпиада болуп өттү (толукталды)

02017-жылдын 6-апрель күнү КУУда “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата мамлекеттик тил боюнча факультеттер аралык VI-студенттик олимпиада болуп өттү. Иш-чараны_мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев_ачып, төмөңдөгүлөргө токтолду:

- Эне тилдин өсүшү үчүн күйгөн киши болсо, эне тилдин өнүгүшү үчүн шарт түзгөн мамлекет болсо – ошол мамлекет башка элдер менен тең ата болуп, жакшы жетишкендиктерге жетет, өсүп-өнүгүүнү камсыз кыла алат.

- Биздин байыртадан, атам-замандан бери келаткан, эл менен кошо жаралган эне тилибиз бүгүнкү 21-кылымда өз баалуулугун жоготпой, кайра арттырып отурат. Тилдин кадырын терең түшүнгөн силердей болгон алып жүрүүчүлөр, силердей болгон сүйүүчүлөр болгондо ал эне тил өсөт жана өнүгөт.

- КУУда 20 миңдей студент бар. Ошолордун ичинен эже-агайлар силердей болгон чыныгы мекенчил, эне тилдин чыныгы күйөрмандарын, билермандарын чоң марага кошуп отурат. Ошол сыноодон ийгиликтүү өтүп, ошол марадан байгеге ээ болушуңарга тилектешмин. Баарыңарга ийгилик!.

Жыйын аяктаган соң, олимпиаданын катышуучулары мелдештин тапшырмаларын аткаруу үчүн дарсканаларга тарашты.

Кыргыз топторунан катышкан студенттер сунушталган тема боюнча дил баян жазып, даярдап келген көркөм окууларын калыстар тобу менен көрүүчүлөргө тартуулашты; орус топтордон катышкан студенттер сунушталган тема боюнча эссе жазып, даярдап келген көркөм окууларын көрсөттү. Мындан сырткары, ар бир факультеттен бирден студент даярдап келген долбоорлорун коргошту.

Олимпиадада курамы беш адамдан турган калыстар тобу иштеп, катышуучулардын даярдыгын баалады.

Жыйынтыгында төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

1. “Мыкты долбоор”

  • Таалайбек кызы Наргиза - башкаруу жана бизнес факультети
  • Алымкулова Салтанат - кыргыз-Кытай факультети
  • Султанов Арсен - журналистика факультети

2. “Мыкты дил баян жана көркөм окуу”

  • Орозбай кызы Майрамкүл - математика жана информатика факультети
  • Кубаталы кызы Акылай - мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети
  • Курманбеков Нурахим - физика жана электроника факультети

3. “Мыкты эссе жана көркөм окуу”

  • Ысмаилова Айтурган - биология факультети
  • Бердигулова Перизат - педагогика факультети
  • Касымалиева Мээрим - эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө тиешелүү даражадагы диплом менен баалуу белек, ал эми калган катышуучуларга тастыктама тапшырылды.

Олимпиаданын ачылыш аземи

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу

press knu 2017

Тема боюнча материалдар: