Понедельник, Декабря 08, 2025

КУУда Апрель баатырларын эскерүү кечеси өткөрүлдү (толукталды)

00

2017-жылдын 5-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында Апрель баатырларын эскерүү кечеси өткөрүлдү. Жыйын 2010-жылдын 7-апрель күнү_шейит кеткендерди бир минуталык эскерүү_менен башталып, КУУнун ректору Чынара Адамкулованын сөзү менен ачылды.

Ректор өлкөбүз эгемендикке ээ болгон чейрек кылымдын ичинде зор тарыхый окуяларды башынан өткөргөнүн, президентибиз Алмазбек Атамбаев_белгилегендей, үч ашууну: 2002-жылкы Аксы окуясын, 2005-жылкы Март жана 2010-жылкы Апрель революцияларын, басып өткөндүгүн, кыргыз эли өз азаттыгын баарынан жогору койгон эл экендигин белгиледи.

- Азаттык үчүн болгон элдик күрөштө Улуттук университеттин мыкты окутуучусу, келечектеги мыкты саясатчы жана философ Жолдош Кудайбергенов_жана өз ишин жакшы билген, жалпы жамаатыбызда кадыр-барктуу агайыбыз Мырзабек Жумаев окко учушту. Биз аларды эч качан унутпайбыз. Алардын жашоосу, жасаган эмгектери жаштарга дайым мисал болот. Элибиздин мыкты уулдарынын өмүрү аркылуу келген бүгүнкү турмушубузду барктай билели. Мекенибизде тынчтык жана ынтымак_болсун, - деп сөзүн жыйынтыктады Чынара Адамкулова.

КТРКнын "Ибарат" студиясы тарабынан тартылган "Баатырлар баяны" аттуу даректүү фильм көрсөтүлгөн соң,_7-апрелде окко учкан КУУнун окутуучулары_Жолдош Кудайбергеновдун апасы_Нурия эже, Мырзабек Жумаевдин уулу_Замирбек мырза, о.э. апрель окуясында_жаракат алышкан Данияр Ашырбаев менен Бакыт Турганбаевдер сөз сүйлөштү.

Апрель баатырлары менен чогуу_эмгектенген факультет декандары Камчыбек уулу_Мырзабек (социалдык-гуманитардык илимдер факультети)_менен Рахат Сулайманова (педагогикалык факультет) шейит кеткен агайлардын "желмогуздардын арам огуна учуп кетиши" өте кайгылуу, өтө кейиштүү жана чексиз жоготуу экендигин айтышты.

- Биздин баатыр жигиттерибиз өз өлкөсү үчүн шейит кетишти. Аз жашашса да өмүрү жаштарга өрнөк болду. Алар_окко учпаганда, дагы канча студенттерге билим берип, канчалаган жаштарды Мекенди сүйүүгө, эл-жерди барктоого үндөмөк; дагы уул кыздуу болуп, татыктуу тарбия бермек;_балким Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мыкты мыйзамдарды жазмак; балким журт башкарган өкмөт башчы, Ажо болмок. Ушул тилектер менен кыялдар бырчаланды. Ага өлкөнү кыянатчылык менен пайдалангандар, өз элине ок аттыргандар күнөөлүү._Жолдош Кудайбергенов иним_ошол күндөрү "Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясатына, башкаруу ыкмасына өтө каршы көз карашта экендигин" айтып жүргөн. Ал менин эсимде дайым тыкан кийинип, так жүргөн, илбериңки, жөнөкөй, мекенчил, таланттуу, түйшүкчүл Адам катары түбөлүккө калат. Анын эмгегин жана жашоосун студенттерге айтып берип турам,_- деп эскерди Камчыбек уулу Мырзабек..

2002-жылкы Аксы окуясынын, 2005-жылкы Март жана 2010-жылкы Апрель революцияларынын себептери, жүрүшү жана тарыхый мааниси тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова жана тарых илимдеринин кандидаты, доцент Р.Жолдошев баяндап беришти.

Эскерүү кечесин КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия ишери боюнча проректору Садык Тиллебаев (Садык Алахан) алып барды.

press knu 2017

Тема боюнча материалдар: