КУУнун окутуучусу - грэплинг боюнча Азия оюндарынын чемпиону!
31.03.2017 15:30
КУУнун дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт 2017-жылдын 25-26-март күндөрү грэплинг боюнча Бакуда болуп өткөн_Азиялык оюндардын чемпиону болду.
Кадыров Бакыт о.э. эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча_2015-жылы Кисловодск шаарында өткөн_Азия биринчилигинин коло медалын, 2016-жылы Батуми шаарында өткөн Дүйнө кубогун утуп алып, Дели шаарында өткөн дүйнөлүк биринчиликтин чемпиону болгон.
Бакыт мырза өзүнүн мындай ийгиликтерге жетишүүсүнүн себептери катары Улуттук университеттин ректоратынын, о.э. математика жана информатика факультетинин мугалимдер жана студенттер жамаатынын колдоосу аябай зор дем бергенин айтты.
Бакыт мырзанын жетишкендиктери КУУнун жаш спортсмендеринин дүйнөлүк аренада_чоң-чоң ийгиликтерди жаратуусуна түрткү берээрине ишенебиз.
Бактияр Рахманкулов - матфак деканынын тарбия иштери боюнча_орун басары_