КУУга Ош жана Токмок шаарынан 100дөн ашуун бүтүрүүчүлөр келди
28.03.2017 10:52
2017-жылдын 27-мартында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Ош жана Токмок шаарынан келген 100дөн ашуун бүтүрүүчүлөр_кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мурат Соттимкулов менен жолугушту. Жооптуу катчы аларга КУУнун факультеттери, окууга тапшыруунун эрежелери тууралуу айтып, бүтүрүүүлөрдүн көптөгөн суроолоруна жооп берди.
Жолугушуудан кийин КУУнун болочок абитуриенттери башкы имараттын алдында эстеликке сүрөткө түшүштү.