КУУнун студенттер командасы «Жаштар лигасы» сынагына катышты
17.03.2017 10:08
2017-жылдын 16-мартында КУУнун студенттер командасы_Кожомкул атындагы спорт ордосунда_белгилүү алып баруучу, тамашоучу Урмат Борчинов уюштурган университеттер аралык «Жаштар лигасы» аттуу сынакка катышты.
20 студенттен турган Улуттук университеттин командасы сынактын "Эстрадалык ыр аткаруу", "Бий өнөрүн көрсөтүү" жана "Фристайл" тапшырмаларын ийгиликтүү аткарып, башкалардан кем калбаган өнөлөрүн көрсөтө алышты.
Аталган сынакка КУУнун ректору Чынара Адамкулова студенттерди колдоп, өз чөнтөгүнөн каржы бөлүп берди. Студенттерге ар дайым колдоо көргөзүп келгендиги үчүн Студенттик сенат ректорго ыраазычылык билдирет.
Касмакунов Ынтымак -_КУУнун студенттик сенатынын төрагасы