КУУнун ректору ТИКАнын программалык координаторун кабыл алды
16.03.2017 14:44
2017-жылдын 16-мартында КУУнун ректору профессор Чынара Адамкулова Түрк эл аралык кызматташтык агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Эврен Рутбил мырзаны кабыл алды. Маектешүү учурунда тараптар Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз-Түрк ресурстук борборун ачуу маселесин талкуулашты.
Жолугушуудан кийин Чынара Адамкулова Эврен Рутбил мырзага аталган борбор жайгашуучу бөлмөнү көрсөттү. Ал жерде КУУ менен ТИКАнын жетекчилери Кыргыз-Түрк ресурстук борборуна_орнотулуучу офистик, тиричилик жана техникалык каражаттардын ар түрдүү варианттарын карап чыгышты.
Материалы по теме: