КУУдагы гимназиянын окутуучусу - ММА боюнча дүйнө чемпиону!
16.12.2016 13:22
Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесиптик билим берүү факультетинин алдындагы гимназиянын дене тарбия сабагынын окутуучусу Кадыров Бакыт 2016-жылдын 12-13-декабрында Индиянын Дели шаарында өткөн MMA боюнча дүйнөлүк чемпионатка 85 кг. салмакта катышып, биринчи орунду багындырды жана алтын медалга ээ болду.
Окуу жайдын жамааты Бакыт мырзаны жеңиши менен куттуктап, Кыргызстандын желегин дагы да желбирете беришине тилектеш!




![]()