Педфактын студенттери - коррупцияга каршы!
12.12.2016 14:23
Билим берүү жана илим министрлигинин №01-4/225 билдирүү катына ылайык жана өлкөбүздүн коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында, о.э. «Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөш күнүнө» карата 2016-жылдын 9-декабрь күнү педагогика факультетинде тайпалар арасында “Биз коррупцияга каршыбыз!” аттуу дубал гезиттер сынагы жана тегерек үстөл өткөрүлдү.
Факультет деканынын м.а. Адылбек кызы Гүлназ, тарбия иштери боюнча анын орун басарлары Самат Жолочиев менен Мирлан Шарабидинов жана факультеттин старосталар кеңешинин төрайымы Коконбай кызы Акжолтой студенттерге корупция тууралуу айтып беришти.
Андан соң, студенттер бири-бирине суроолорду беришип, жоопторду айтышып, талаш-тартыш жараткан өз ара талкуу жүрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге төмөндөгүдөй суроолорду камтыган анкета таратылып, чогултуп алынды.
1. Бизде коррупция барбы?
2. Болсо, кандай түрү бар?
3. Коррупциянын чыгышына эмне себеп деп ойлойсунар?
4. Пара берген учурунар болду беле? Болсо кимге?
5. Коррупция менен кантип күрөшсө болот?
6. Коррупциялык иштерге барган окутуучулар болсо, аты-жөнүн ачык жана так жазсаңыз (бардыгы жашыруун) болот.
Коррупцияга каршы күрөш педагогика факультетинде ушуну менен токтоп калбайт, ал жыл бою тынымсыз уланта берет.
Самат Жолочиев, Мирбек Шарабидинов - декандын орун басарлары